Сүрөт envatoelements сайтынан алынды

Саламатсызбы Жыргалбек мырза. Сиз журналист жана аналитик катары сынчыл ойлонуу тууралуу көп пикир бөлүшүп жүрөсүз. Анда сизден ушул суроолорго жооп алсак: Сынчыл ойлонуу деген эмне? Ал адамда тубаса болобу? Же аны адам өзү пайда кылабы?

Сынчыл ойлонуу – эмнеге ишенүү керек же кандай чара көрүш керек деген чечимге багытталган рационалдуу, аңдап түшүнүү менен жүрө турган ой жүгүртүү. Ал жөндөмдүүлүктү да, шыкты да өзүнө камтыйт. Сынчыл ой жүгүртүү маалымат алуудан башталып, чечим кабыл алуу менен аяктай турган татаал ой жүгүртүү процесси болуп саналат. Тагыраак айтканда, сынчыл ой жүгүртүү – айтылган нерсеге ишене бербестен, текшерип көрүүгө ыктаган ой жүгүртүү. Ал болбосо адам алданат. Мындай ой жүгүртүү эми бирөөндө азыраак, бирөөндө көбүрөөк болот, бирок ар бир нерсени машыккан сайын жакшыртса болгон сыяктуу эле, сынчыл ой жүгүртүүнү да өздөштүрүп, тарбиялап алса болот.

Анда ошол сынчыл ой жүгүртүүнү калыптандыруунун жана өнүктүрүүнүн ар кандай жолдорун кененирээк түшүндүрүп бербейсизби. Кантип, кандай тартип менен сынчыл ой жүгүртүүгө жетишсе болот?

Сынчыл ой жүгүртүүнүн ыкмаларына адам өз алдынча үйрөнсө жана аны башкаларга үйрөтсө болот. Анын негизги принциптери боюнча окуу китептери, колдонмолор жана лекциялар бар. Мен билген айрым ыкмаларга маалыматты ар тараптан алып, ортосундагы чындыкты издөө, ар бир маалыматты текшерүү, эч нерсеге жана эч кимге сокур ишенбөө сыяктуу принциптер кирет. Анткени маалымат чыгарууда ар кандай максаттар жана ниеттер болот, адам ошолорду билгенге жана маалыматты сорттоп алганга умтулушу керек.

Социалдык тармактардан бир аналитиктин «“Кыргыздар орусчул анан батышчыл“ деп экиге бөлүнүп калды. Бирок, экөө тең эки жактын ашынган фанаттары экен» деп жазганын окуп калдым. Эгер ушундай пикирлерди мисалга алсак, абдан билимдүү, терең ойлой алат деген адамдар деле сокур ишенүү менен кете берүүсү мүмкүн турбайбы. Анда жөнөкөй адам кимди ээрчиши керек дейсиз?

Тилекке каршы мындай учурлар кездешпей койбойт. Бирок адамдын статусу – (аналитик, окумуштуу, политолог ж. б. деп аталганы) – ага сокур ишенүүгө негиз болбошу керек. Ар бир адам маалыматты ар кайсыл жактан алып, ар бирин текшерип, өзү үчүн жыйынтык чыгарууга тийиш. Бул нерсе маалыматтык сабаттуулук деп аталат жана анын актуалдуулугу тууралуу бүт дүйнөдө айтылууда. Сынчыл ой жүгүртүү кесипке, илимий даражага жана башкаларга карабайт.

Демек, сынчыл ой жүгүртүш үчүн ар бир адам жеке аракет кылып, окуп, үйрөнүп, өздөштүрөт турбайбы?

Албетте. Ар бир адам аны өз алдынча үйрөнүшү керек, анткени ар ким сынчыл ой жүгүртүүгө муктаж. «Сынчыл ой жүгүртүп жатам» деп айткан адамды дагы байкаш керек. Анын артында ар кандай максат же кызыкчылык жаткан болушу мүмкүн. Кыскасы, баардык маалыматка кылдат мамиле жасап, аны абайлап колдонуу керек.

Текшерүүнү эмнеден баштаса болот? Маалыматтын чын-төгүнүн кантип аныктап алуу зарыл?

Жөнөкөй мисал келтирейин: Өткөн жумаларда Украинанын Буча шаарында орус аскерлери тарабынан үйлөр өрттөнүп, көп киши кырылганын украин тарап айтып чыкты. Орус тарап болсо аларды орус армиясы аймактан чыгып кеткенден кийин украин аскерлери өздөрү жергиликтүү элди бутага алганын айтып жатат. Мында эки тараптан тең тастыкталган жыйынтыктар келип чыгып жатат: 1) Украинанын Буча шаарында орус аскерлери болгон. 2) Ал шаарда жай тургундар чын эле кырылган. Эми логикалык ой-жүгүртүүгө өтөлү дагы, ал кишилердин качан өлтүрүлгөнүн билели. Эгерде экспертизанын жыйынтыгы боюнча Бучаны орус аскерлери ээлеп турган убакта кырылган болсо, анда орус аскерлери кырган болот. Буга кошумча окуянын күбөлөрү көргөн, айткан окуяларды дагы эске алалы.
Кыскасы сынчыл ой жүгүрткөн адам жөн эле айтылган нерсеге ишенип албастан, анын тегерегинде ой жүгүртөт, суроолорго жооп издейт. Ал тургай илимий деп эсептелген нерсеге да кылдат мамиле кылат. Анткени илимдин да өнүгүү деңгээли ар кандай болот. Байыркы доордо, мисалы, механиканы жакшы эле билип, пайдаланып калышкан, бирок радио толкундар, электр күчү бар десе ошол кездеги окумуштуулар деле шылдың кылып күлмөк. Бул электр кубаты же радио толкундар ал кезде болгон эмес деген кеп эмес. Болгону ал ачыла элек болчу. «Бул жөнүндө илимде маалымат жок, демек бул болушу мүмкүн эмес» деп кайсы бир факты жүзүндөгү феноменди жокко чыгаруу – илимий мамиле эмес. Факты бар болсо, бирок изилдене элек болсо фактынын бар экенин моюнга алып, изилдене элек экенин айтыш керек.

Бизде көбүнесе бир тараптуу талаштар көп жүрөт эмеспи. Ошол эле орус-украин чатагына тиешелүү ой-пикирлерди мисал кылсак болот. Мындан улам, эмне үчүн  бизде сынчыл ой жүгүртүү али жакшы калыптанган эмес деген суроо жаралат?

Биз мурда совет мезгилинде даяр жана бир гана мамлекеттик маалыматка көнүп калганбыз. Кийин кирген системалардын ар биринин өз маалыматын таратуу жагынан илгертен натыйжа берип келаткан ыкмалары бар. Эл ошону иргеп ала элек. Анын үстүнө ошолордон тараган маалымат өтө эле көп жана башка маалыматтарга үстөмдүк кылат.

Ар кандай негиздер менен маалымат таратуу көп экенин эске алсак, адам маалымат чөйрөсүн дагы иреттеп алуусу кажетпи?

Колдон келсе, ооба. Жок дегенде бири-бирине карама-каршы маалымат берген 3-4 маалымат булагын карап турушу керек. Ошондо биринчиден айрым чындыктарды жогорудагы ыкма менен тааный баштайт, экинчиден ар биринин кызыкчылыгын түшүнө баштайт. Сапаты начар маалымат булактарды жана „арзан“ билдирүүлөр менен азгырган социалдык баракчаларды, жазат десе эле жаза берген блогерлерди адам өзүнүн чөйрөсүнөн алыс кармаганы да туура.

Пикириңизге кошулам. Бизде маалыматтын түрдүүлүгүн тараткан булактар жана тең салмактуу маалыматка ыктагандар арбын элеби?

Бизде тилекке каршы жалпыга маалымдоо каражаттарын (жмк) өз кызыкчылыгына тарткандар көп. Жергиликтүү толук объективдүү маалымат булагын табыш оор, бирок дүйнөлүк массалык каражатарынан жакшыларын ылдап алса болот.

Андай болсо мисалы дүйнөлүк жаңылыктардан кайсыларды сунуштайт элеңиз?

Ар бир тармак боюнча маалымат булактары бар. Экономика боюнча индекстер, рейтинг агенттиктер жана башка дагы прогноздор бар. Саясий маалымат боюнча болсо бир нерсени эске алыш керек. Көп мамлекеттерде маалыматтар ички жана тышкы аудитория үчүн деп бөлүнүп турат. Мисалы Stratfor журналына чыккандар New York Times гезитине чыгышы кыйын жана тескерисинче. Анын үстүнө дүйнөлүк жаңылык көп. Колдон келсе бир теманы алып, ошол боюнча ар кайсы булактарды алган жакшы. Мисалы араб чөлкөмүндө болуп жаткан окуяларды Ирандын, Араб өлкөлөрүнүн, Израилдин, Орусиянын жана АКШнын маалымат булактарынан караган жакшы. Анткени түздөн-түз кызыкчылыгы болгондор негизинен ошолор. Алар бири-бирине карама-каршы келсе да ортосунан так маалыматтар чыгат.

Түшүнүктүү болду окшойт. Эми жалпы ойду кыскача кылып, сиз маалымат алууда колдонгон 2-3 ыкма менен жыйынтыктасак…

Негизги принциптер булар: 1) Ар бир маалыматты карама-каршы ар кайсы булактардан карап, бири-бирине дал келген жерлерин табуу. Айтмакчы, саясий чалгын ушул ыкма менен иштейт. 2) Окуялардын хронологиясын, себеп, натыйжа, байланыштарын аныктоо. 3) Тараптардын кызыкчылыгын алар берген маалыматты кабыл алууда эстен чыгарбоо. Буга кошумча техникалык каражаттар да бар. Алрдын жардамы менен мисалы кайсы бир сүрөт же видео качан тартылганы, анын монтаждалганын же монтаждалбаганын биле алса болот.
Жакшы маалымат саат механизминдей эле так, даана, мыкты иштеши керек. Мисалы, 2х2=4 дегенди баарыбыз күнүмдүк турмушта колдоно алабыз. Маалыматтын тактыгы ошондуктан биринчи ирээтте практикалык жактан баалуу. Экинчи ирээтте ал өзүңдүн кайсы бир фактыга карата мамилеңди иштеп чыгыш үчүн, үчүнчү ирээтте бир темага туура баа жана аныктама берүү үчүн керек. Сөзүм кургак болбош үчүн бир тамсилди айта кетсем. Маселен, орус тилдүүлөр «девушка родила ребенка» деп көп жазчу болушту. Ага мындай жооп бергиң келет: «Если она девушка, она не может родить. Если она родила, значит она не девушка, а молодая женщина».

Пайдалуу маалыматтарыңыз менен бөлүшкөнүңүзгө рахмат. Ишиңизге ийгилик!

 

Маектин коногу: Жыргалбек КАСАБОЛОТ, журналист, аналитик
Маектешкен: Мээрим АСАНОВА, журналист, активист

 
Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…