Дизайндын автору Айсалкын Мойдунова

Учурда мен өзүмдүн жигердүү жердештерим менен бирге үстүбүздөгү жылдын 12-июлунан 14-июлуна чейин Швейцариянын Луцерн шаарында кыргызстандык активисттердин эл аралык форумун өткөрүүнү пландап жатабыз. Бул форум мазмуну боюнча бир кездеги «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан өткөрүлүп баштаган «Мекендештерге» окшошуп кетет же башкы идеясы ошондон алынды десек дагы туура келет. Анын үстүнө мен өзүм жетектеген «KyrgyzBridgeGlobal» кайрымдуулук уюмуна быйыл он жыл болот. Бул мааракени салттуу түрдө эле чакан кече менен өткөрүп койбостон, аны дүйнөнүн булуң-бурчундагы эң мыкты кыргызстандык активисттердин жолугушуусуна айланткыбыз жана алар менен бирге жаңы чөйрө түптөгүбүз келди. Эмне үчүн?

Форумдун максаты
Биринчиден азыр глобалдашуу заманы. Бири-бири менен байланышы жок учурда дүйнө жүзүндө эч нерсе жок. Анын ичинен санариптик глобалдаштыруу адамдардын ортосундагы баарлашуу жана кызматташуу чектерин жоюп салды. Аны менен бирге алыстанбы, жакынданбы Кыргызстандагы коомдун саясий, социалдык, ошондой эле маданий өсүшүнө түздөн-түз таасир бере алган адамдар жана аракеттер көбөйдү. Айрыкча акыркы эки-үч жылда болуп көрбөгөн мүмкүнчүлүктөр пайда болууда. Гавай аралында, Чикаго шаарында, Дубай мамлекетинде же Жапония аралында жашаган биздин жердештер бир долбоордун алкагында Кыргызстандагы жүздөгөн адамдарга аралыктан билим берип жатканына өзүбүз күбө болуп жатабыз. Маалымат технологиясынын (IT) күчүн биз былтыр кышта Бишкекте Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында «Чырак» окутуу программасын колдоо үчүн өткөн классикалык кайрымдуулук концерти аркылуу дагы сынап көрдүк. Анын натыйжасы ал ишке аралашкан ар бир адамды тамшандырбай койгон жок.
Экинчиден бул жолушууда көптөгөн адамдар менен жүз көрүшүп, бетме-бет отуруп баарлашкыбыз келет. Айрым адамдарды мурун көрүп-билбей эле, бир идея-долбоорлордун алкагында айлап-жылдап, бирге иштедик. Алар менен аралыктан кызматташтыктын жогорку жана интенсивдүү формасын жүргүзө алсак дагы, биз адамдар „социалдык жаныбар“ болгондон кийин, бири-бирибизди жакындан көрүп, таанышып, маектешкенге абдан ынтызарбыз. Бул жолугушуу кызматташууларды келечекте дагы бекемдейт деген үмүтүбүз бар, анткени биз бул форумдан кийин жакшы тааныш, балким дос-курдаш дагы болуп калабыз.
Үчүнчүдөн жогоруда айткандай азыр глобалдашуу заманы. Биз ошого жараша IT-технологияларды мындан дагы акыл-эстүү жана натыйжалуу пайдалансак, идеяларды, долбоорлорду жана позитивдүү күчтөрдү бириктирсек дейбиз. Анткени биздин активист улан-кыздар дүйнөнүн кайсыл гана кычыгында отурбасын, максаты башкалар сыяктуу эле Кыргызстанга жардам берүү экен. Аны ишке ашырууда тилектештерди таап, билим-тажрыйбасын жана болгон потенциялын бир агымга салса, анда эффект дагы ошого жараша болчудай. Ошондуктан бул жолугушууда биз келечекте мындай аракеттерди мындан дагы жакшыраак бириктирүү, түзүлгөн байланыштарды дагы бекемдөө, акцияларды уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана кызматташуу аймактарын дагы чоңойтуу тууралуу баарлашабыз, пикир алмашабыз жана концепттерди иштеп чыгабыз.

Форумдун темасы
Төртүнчүдөн биздин мамлекетибизди жана коомубузду туруктуу өнүктүрүү үчүн азыркы тапта жалгыз гана бир мүмкүнчүлүк менен калгандайбыз. Ал – кыргызстандыктарга билим берүү, болгондо дагы аларды массалык түрдө учурдун талабына ылайык келген IT-адистиктерге жана маалымат технологияларын пайдаланууга үйрөтүү. Бул азыркы күндө бардык аракеттердин жана максаттардын өзөгүн түзүүгө тийиш деп эсептеймин. Мында Индиянын тажрыйбасы бизге үлгү боло алат: Ал жердеги информатика тармагынын өнүгүшү жана IT-технологиялардын азыркы динамикасы Индиялык адистердин салымынын тикелей натыйжасы болуп саналат. Эмгек миграциядагы феминизациянын күч алышын эске алганда дагы аялдардын үй-бүлөөдө жана коомдо жаңы санариптик эмгек рыногуна даярдануусу жана катышуусу абдан маанилүү. Ошол себептен биз форумду «Санариптик кылымдын талаптары Кыргызстандын өнүгүү мүмкүнчүлүгү катары» деген лозунгдун астында өткөрүүнү чечтик.

Форумдун катышуучулары
Учурда биз ич-ара форумдун катышуучуларын аныктап, алар менен четинен байланышып, алардын санын тактап жатабыз. Жалпылап айтканда биздин контингентти Кыргызстандын саясий, экономикалык, экологиялык, маданий, илимий жана көркөм өнөр айдыңында көрүнүктүү орунду ээлеген жаш инсандар, же тагыраак айтканда ментор, блогер, коучер, инфлуенсер, мугалим, психолог, журналист, айтишник, коомдук ишмер, кайрымдуулук ишкер ж.б.у.с. катары жүздөгөн жана миңдеген адамдардын аң-сезимине кеп-кеңеши, жасаган иштери жана долбоорлору аркылуу өзгөчө таасир бере алган жана артынан чоң аудиторияны ээрчиткен активисттер, чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын көрүнүктүү лидерлери жана бейөкмөт уюмдардын жетекчилери түзөт. Балким биз билбеген, көмүскөдө көп иштерди жасаган жердештерибиз дагы бардыр, эгерде сунуштар болсо аларга дагы орун берүүгө аракет кылабыз.

Форумга катышуу талаптары
Жогоруда айтып кеткендей бул форумда биз инновациялык жана ишкер чөйрө түзгүбүз келет. Форумга катышкандар долбоорлорун башкалардыкы менен бириктирүүгө, бирге иштешүүгө, биз жана башкалар менен бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарууга  даяр болушу керек. Форумга чейин келе турган конокторубуз Караан медиа-порталы аркылуу өзүнүн профили (эмгектери, принциптери, идеялары жана видениялары) менен тааныштырып койууга мүмкүнчүлүк берилет. Андан тышкары бул ыктыярчылык негиздеги жолугушуу болгондуктан, катышуучулар өздөрүнүн жол киресин өздөрү каржылашат. Андан тышкары спикерлерден башка катышуучулар форумга белгилүү бир суммада салым кошушат. Визага муктаж болгондорго биздин «KyrgyzBridgeGlobal» уюмдун атынан чакыруу жиберилет. Форум учурунда аларды жатакана жана тамак-аш менен камсыздоо албетте биздин мойнубузда. Жолугушуудагы алгачкы күн ТЕД (TED) форматындагы спикерлердин сөз сүйлөөсү менен өтөт. Аны биз YouTube аркылуу түз берүүгө чыгарсак дейбиз. Андан кийинки күндөрдө негизги долбоорлор менен окутуу программаларды талкуулайбыз жана аларды каржылоо жолдорун тактайбыз.


Автор: Кайрат БИРИМКУЛОВ
Журналист, кинотасма, документалдык фильмдерди жаратуучу жана KyrgyzBridgeGlobal уюмунун төрагасы

2 comments
Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…