Сүрөт Турат Алыбаевдин өздүк архивинен

Азыр АйТи тармагына кызыгуу абдан күч болуп тургандыктан «АйТи окуюн дедим эле, эмнеден баштасам туура болот?» деген суроо мага өтө көп келет. Суроо бергендердин ар бирине жооп жаза бербей, бир макала жазып коёюн дедим: Эгерде сиз АйТи тармагын эмнеден баштоону билбей турсаңыз, төмөнкү багыттарга көңүл буруңуз, жана дароо ушул макаладан кийин, Google жана YouTube’дан маалыматтарды издеп баштаңыз. Эң негизги эске ала турган жагдай, АйТи тармагынын жеңил же оңой тармагы жок, эмнеден баштасам оңой болот деп ойлонбой эле коюңуз. Анан да дароо эле курска жазылып акча коротпостон, ошол жазыла турган курстагы маалыматтарды өз алдыңызча, интернеттен карап чыгыңыз, кызыгуу жаратыңыз. Мисалы, биз мобилдик тиркеме жасоону (Dart, Flutter) окутабыз. Сиз биздин курска жазыла турган болдуңуз. Курска жазылганга чейин жок дегенде эки-үч ай Google менен YouTube’дан «Флаттер деген эмне?», «Акысыз Флаттер сабактар» же «Флаттер нөлдөн» деген сыяктуу жазып ар кандай акысыз сабактарды көрүп чыгыңыз. Бул жөн гана Флаттер мисалында болду, а сиз Флаттердин ордуна каалаган нерсени жазсаңыз болот.

АйТи тармагында адистиктер
Негизинде АйТи тармагында адистиктер абдан көп, алар боюнча да Гуглдан издеп тапсаңыз болот. Жалпысынан төмөнкү тармактарды окусаңыз болот: Вебсайт иштеп чыгуу боюнча фронтенд (Frontend) жана бекенд (Backend) деген эки тармактын бирин тандап окусаңыз болот. Же дагы да конкреттүү фронтендди окуп үйрөнүү HTML, CSS анан JavaScript тартибинде кетиш керек. Бекенд үчүн Java же Python деген программалоо тилдерин окуп үйрөнсөңүз болот. Мындан ары дата аналитик, системдик администратор, проект менеджер, скрам мастер, дизайнер ж.б.у.с. болуп тизме улана берет. Мобилдик колдонмолорду иштеп чыгууда да бир топ адистиктер бар. Мисалы Android системасы үчүн колдонмолорду иштеп чыгуу үчүн Java же Kotlin окусаңыз болот. IOS же Айфон телефондорго колдонмолорду иштеп чыгуу үчүн Swift тилин окушуңуз керек.
Oкурмандарга улам-улам айта турганым, бир рекламаны көрүп эле дароо курска жазыла койбош керек, алгач ошол курстагы маалыматтарды интернеттен өз алдыңызча казып чыгыңыз, алардын жардамы менен өзүңүздү туура аныктап аласыз жана чындап кызыккан тармагыңызды гана окуйсуз. Азыр көп нерсени  CODECADEMY, UDEMY, FREECODECAMP, KHAN ACADEMY, W3SCHOOLS же SOLOLEARN сыяктуу бекер онлайн АйТи үйрөткөн мектептерден үйрөнүп, экзамен берип, сертификат дагы алсаңыз болот. Жөн эле курстарга акча коротпоңуз, жакшы ойлонуп, жакшы аракет кылып, өзүңүзгө толук ишенген соң гана барып окуңуз. Өз алдынча окууну, үзгүлтүксүз окууну үйрөнүңүз. Бул АйТи тармагындагы башкы принцип.

Биздин курстар
АйТи тармагында адистерди арттыруу, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө билим менен, жакшы кесип менен, изденген, аракет кылган адамдар менен салым кошуу максатында биз өзүбүз иштеген тармакты башкаларга дагы окутуп келебиз. Окуу онлайн форматта, Зум аркылуу өтүлөт жана өтүлгөн сабактар запись кылынып сакталат. Курс жумасына 5 күн бою 2 сааттан сабак болот, алардын 2 күнү теориялык сабактар менен болот жана алар запись кылынат; 3 күнү практикалык сабактар менен коштолот. Атайын бир күн дем-күчтү арттыруу максатында АйТи жолугушуу өтөт. Бул курста Дарт тилинин базалык деңгээли жана Флаттер фреймворку окутулат. Тагыраак айтканда, бул 6 айлык курста сиз мобилдик тиркеме жасоону базалык деңгээлде үйрөнүп чыгып, програмчы болууга кадам таштап каласыз. Жакшы аракет кылса, бул 6 айлык билим менен жумуш таап кетүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Эгер жумуш табылбай калса, 3 ай биздин компанияда стажировка өтүп турууга, ал учурда жумуш издеп табууга да мүмкүнчүлүк берилет. Флаттерди курска барбай эле өз алдынча эле окуп үйрөнүп алам дегендер, бул шилтеме аркылуу кирип, Флаттердин жол картасы менен толук таанышып чыксаңыз жана биздин Йутуб каналдан акысыз сабактарыбызды көрүп турсаңыз болот. Эгер суроолор пайда болсо, атайын Флаттерчилердин группасы бар, ал жактан да жардам алып туруңуз!

Эгерде өз алдынча окууга ишене албай жатсаңыз анда бизге келиңиз, бирге аракет кылалы, бирге ийгиликтерге жетели, өзүбүздү өнүктүрүп, өлкөнүн өнүгүүсүнө бирге салым кошолу!

Автор: Турат АЛЫБАЕВ, АйТи-окутуучу, программист, активист-агартуучу
Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…