Сүрөт интернеттен алынды

Ошентип кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алганына бүгүн 33 жыл болуптур. Тилдин абалы кандай? Менимче советтик доордон да абдан кооптуу абалда. Анткени ал учурда айылдын баары таза кыргызча сүйлөп, кыргыз тили дал ошол элетте сакталып турган. Бир гана Фрунзеде орус тилинин басымы байкалып тураар эле. Эгемендүүлүк алганыбыз менен тил маселеси жыргап кеткен жок. Аны оңдоого атайын мамлекеттик тил коммиссиясын да түптөдүк. Кылымдар бою эч кандай бирикме, уюму жок эле кыргыз тилин сактап, кийинки муунга өткөрүп келген касиеттүү кыргыз эли эми мынтип тилди аздектеп алуу үчүн бир мекемеге муктаж болду. Аты улук, супурасы курук болгон ал мекеме да көп нерсени кыйрата албады.

Kөкүрөктү өйүгөн тил маселеси
Учурда борборубуздагы 100гө чукул мектептин арасынан толугу менен таза кыргыз тилинде окуткан 5-6 гана мектеп бар, анын да бирөөсү жеке менчик. Алтымышка жакын мектепте окутуу 2 же 3 тилде жүргүзүлөт, бирок ал жерде да кыргыз тилдүү класстар дээрлик аз, болсо да бала толбойт. Калган 30дай мектепте окутуу жалаң гана орусча, окугандардын көпчүлүгү баягы эле кыргыздар. Ар бир класста 40-45тен окуучу окуп, ата-энелер ал мектептерге баласын шаардын башка бурчунан алып келип окутууга да даяр. Жалпы өлкө боюнча окуучулардын көпчүлүгү кыргыз класстарда билим алып жатат, бирок бул көрсөткүч жалаң региондордун саны менен гана кармалып турат. Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Каракол деген ири шаарларда көпчүлүк окуучулар орусча билим алышат. Бул абал өзгөчө түштүк жергесинде билинет. Шаарга жакын жайгашкан айылдардын тургундары балдарын орус класска бергенге умтулат, анткени келечекте Орусияда иштесе оокаты тың болот деген үмүтү бар. Бул баланын тагдырын алдын ала байлоого жана чектөөгө барабар.
Көп тил билүү жакшы нерсе, бирок эне тилин билбегенден кийин билген чет тилиңден эмне пайда. Билим берүү министрлиги берген маалыматта ар дайым кыргыз тилдүү мектептер көп экендигин айтышат. Бирок мектептин санын эмес, жалпы кыргыз тилдүү окуучулардын санына басым жасаганыбыз оң. Кыргыз тилдүү мектептерде ашып барса 300-500 окуучу, ал эми орус тилдүү мектептерде 1500-3000ге чейин окуучу окуйт. Мамлекет уялбастан эле орус тилинин басымдуулугунан кыргыз тилибизди куткарбаса болбойт. Чырмооктой болуп орогон орус тили эне тилибиздин өсүшүнө тоскоолдук жаратат. Бул орус улутуна же Орусияга каршы аракет катары бааланбашы керек. Эгер маданият, тарых, дин, үрп-адат, каада-салт, нарк-насил жана менталдуулугубузду сактайм десек, анда тилди сакташыбыз керек. Ар бир улутту бир батирге салыштырсак, анын көптөгөн эшиктери бар, бирок ар бирин тил деген ачкыч менен ача аласың. Биз өз батирине өз ачкычы менен кире албаган бечаранын кейпиндебиз.

Орус тилинде айып жок
Мурун орус тилинин экспансиясы анчалык эле айыл жергесинде билинбейт болчу. Соңку интернет өнүккөн жылдарда айылда жүрүп тили орусча чыккан бөбөктөр көбөйдү. Ал эми Орусияда эмгектенип жаткан боордошторубуздун балдарын айтпай эле койсок болот. Интернетте кыргыз тилдүү балдар үчүн пайдалуу контент жокко эсе. Дегеле чоңдор үчүн деле жыргаткан контент аз. Баары эле саясат, шоу, кийим-кече, спорт менен гана чектелет. Илим-техника, маданият,тарых ж.б.у.с. темаларга арналган кызыктуу даректүү тасмалар абдан аз. Көңүл ачуучу гана контент басымдуулук кылып жатат. Мындай кетиште тил өнүкпөйт, жарды жана көчө деңгээлинен көтөрүлбөй калат. Анан биз кыргыздар мамлекетти күнөөлөгөндү жакшы көрөбүз. Ар бирибиз өзүбүздөн баштайлы, же бизди бирөө балабызды орус класска бер деп кыйнап жатабы, орусча сүйлө деп тапанча такаганын деле көрбөдүм. Тээ Теңир-Тоолуктарга чейин “мама-папа” деген жайылып жатса, анда орустардын эмне күнөөсү бар. Мама-папалатпай тарбиялоо биздин ,ата-энелердин милдети эмеспи. Эки жыл мурун туң уулумду окутуусу толук кыргыз тилинде жүргүзүлгөн жана залкар Айтматов негиздеген №68 мектеп-гимназияга бергенмин. Быйыл болсо жаздан бери экинчи уулумду да мектепке жайгаштыруу үчүн электрондук базага баш бактым. Бирок мурункудай тандоо укугу жок эле, аты-жөнүн киргизген соң микроучастокко жараша система автоматтык түрдө №13-орус мектебине каттап салды. Маанайым түшүп, министрликте иштеген тааныш байкеге арыздандым. “Экинчи этапка чейин күтө тур, бирок мектептеги орундар толуп калышы мүмкүн” деп кеңеш берди. Ал ортодо бир айдан кийин №13 мектептин завучу чалып, мектепте окутуу толук орусча, бирок быйыл бир класс ачкыла деген талап бар экендигин билдирди. Кыргыз класска 26 бала катталып туруп, бирок бир ай ичинде алардын ичинен 22 бала орус класска которулуп кетиптир. “Төрт бала үчүн класс ачпайыз, башка мектепке которуп алыңыз” деген сөзү мени кубантты. Кайрадан №68-мектепке катталып, учурда эки балам тең кыргыз класста окуп жатат. Бирок ошол толук кыргызча окуган мектептин короосундагы балдар баары өз ара орусча сүйлөшкөнүн көрүп, абалыбыз оор экендигин байкадым. Быйыл балдарыма мектептен китеп алып жатып, өз балдарын башка орус мектепке которуп жаткандардын көбүн көрдүм. “Кыргызча такыр окуй албай койду. Баланы кыйнабай эле орус класска которолу деп жатабыз” деп актанышат. Бирөөсү болсо “№13-мектепке берейин дегенмин, бирок ал жакка өтпөй калып айласыз ушул мектепке бердим” деп мени таң калтырды. А мен болсо талашып жүрүп кыргыз класска которгонумду угуп, ал да таң калды, жиндиго десе керек. Быйыл мектепке барган баламдын классында кырктай окуучу бар. Алардын 15 чактысы күчүк сымал кыргызча түшүнүп, бирок сүйлөй албайт экен. Арасында 5-6 кыргыз эле бала ныпым кыргызча да түшүнбөйт, эч болбосо “нан”, “суу” дегенди да билбегендери бар экен. Бул улуттук трагедия. Кумтөр же Жерүйдөн да маанилүү болгон кенибиз-бул биздин келечек муун. Ата-энесинин баары эле мага окшоп тоодон томолонуп түшкөн, көзү жымшык, бети тордогон эле кыргыздар. “Ютуб көрүп жүрүп эле орус болуп калды” деп актанышат.

Жүрөктө уюган кыргыз тили
Атам Фрунзеге бир да орусча сөз билбей, дарыгерлик кесип менен орус тилин беш жыл ичинде үйрөнүп, абдан кыйналган экен. Анан өз балдарын орус мектепте окутууну самайт. Төрт бир тууган болсок, ошол төртөөбүз тең орус класста окудук. Алгач 3 жыл бакчада, 11 жыл мектепте, 5 жыл жогорку окуу жайда, жалпысынан 20 жылдай орусча билим алдым. 25 жашка чейин бир кыргызча китеп окуп көрбөдүм. Бирок негедир өзөгүмө кайттым, кыргызча окуп, кыргызча ыр угуп, кыргызча ойлоно баштадым. Ооба, ойлоно баштадым. Көрсө мурун орусча ойлонуп, оюмду кыргызчага которчу экенмин. Адамдын эне тили кайсы десе, “кайсыл тилде түш көрсө, кайсыл тилде ойлонсо” дейт психологдор. Мени тааныган көбү бул кыргыз трансформациясынын сырын сурашат. Көрсө атам бизди орус класска берген менен, уюткубузду, фундаментибизди кыргызча куйган экен. Тээ 90-жылдардын орто ченеминде, Акаевтин доорунда свет өчүп калмай адат бар болчу. Электр жарыгы болсо да, КТР дегени саат алтыдан кийин гана иштейт. Ошол жарыгы жок кыштын узун түндөрүндө атам бизди төшөккө ороп алып “Манас” менен “Семетей” эпосунан, “Эр Төштүк” менен “Курманбек” дастандарынан үзүндү, “Чептен эрдин күчү бек”, “Толубай сынчы” деген чыгармаларды жатка айтып берчү. Мындан сырткары толгон токой жомокторду жана атамдын окуяларын угуп чоңойдум. Көз алдымда укмуштуудай нерселерди элестетип, азыркы 3D-тасмаларды көргөндөй эле сезим жаралчу экен азыр ойлосом. Орус мектепти ийгиликтүү аяктадым, Пушкин менен Бальзак, Шолохов менен Шота Руставеллилерди окуп чоңойдум. Бирок өмүрүмдө китеп окуган сайын бул устундар канчалык көбөйбөсүн, атам колу менен таш сымал тизип чыккан кыргыз фольклору жылдар өтүп, мени кайра кыргыз ааламына тартты. Тилге болгон сүйүүм өзгөчө Исламга кайтуумда ого бетер күчөдү, анткени Ислам дини тил жана маданиятты жээрибей, тескерисинче аны күчөткөн бир фактор. Анын үстүнө айланамда тилине күйгөндөрдүн көбү динин бекем кармангандар экендигин байкадым. Кылымдар бою бизди карманган динибиз, сүйлөгөн тилибиз сактап келген.

Эне тилдеги контент
КТР жөнүндө кеп кылып калдым өйдөдө, дагы бир нерсени айта кетейин. Ошол доордо өзбек каналдарын көп көрчүбүз. Алардын 4-5 каналы бар, ар бир аймактын өзүнчө каналы. Болгондо да түшкү саат 12де эле башталат, биздин кумайык каналыбыз болгон КТР кечки саат алтыдан түнкү саат 11 чейин эле көрсөтчү. Өзбек каналдарында бардык кинолор өзбекче, бири да орусча чыкпайт. Өзбек туугандардын дубляждагы устачылыгын көрүп таң калчуумун. Жадагалса Жеки Чандын тасмаларын өзбекче көрүп, бир болсо бул көзү жымшык киши өзбек го деп ойлойт элем. Орто Азияда дубляж жагынан ошол совет доорунан азыркыга чейин биз аларга жете албадык. Биздин дубляж кылуу дараметибизди өнүктүрүш керек. Кыргызча контент чыгара албасак, эң кеминде жакшы контентти кыргызчага оодаралы. Учурда “Баластан” каналындагы мультфильмдер кыргызчаланып жатат. Бирок ал менин үч жаштагы кызым эмес, түшүнүүдө мен үчүн деле оор тил менен дубляж кылынган. Коңшу Казакстанда бир эле телеканал 3000 бөлүмдөн турган мультфильмди которуп коюптур. Бул деген чоң жумуш, эбегейсиз ири акча коротулганынан кабар берет. Динге, улутка салым кошуу жалаң гана мечит салуу жана ооз ачтыруу эмес. А балким ошол медиа жаатында да инвестиция жасоо. Учурда ютубда жаш балдар үчүн диний контент көп, бирок кыргызчасын табуу кыйын. Негизи эле Актан менен Акылайдан башка жыргаткан мультфильм жок. Аны болсо “Три кота”, “Щенячий патруль” көргөн балдар көргүсү келбейт, анткени динамика жок, графика жана сценарий начар. Бир мечиттин акчасына жүз бөлүмдөн турган мультфильм которсо болот. Аны көрүп, тилин мыкты өздөштүргөн миңдеген балдар келечекте ар бири бирден мечит салса, миңдеген мечит турат. Арканды алыска ыргытканды үйрөнөлү. Таш менен ашка эле инвестиция кыла бербей, жаш менен башка да иштейли.

“Коңшу казактар орус тилин алып салды” деп айгай салып, куру кыйкыргандар көп болду быйыл. Маселе мындай: дүнүйө жүзүнүн көптөгөн өлкөлөрүндө билингвизм, эки тилдүүлүк деген нерсе бар. Бирок өнүккөн Жапон, Скандинавия өлкөлөрүндө баштапкы сыныптарда эне тили гана окутулат. Эне тилин мыкты өздөштүргөн бала кийин башка тилдерди оңой үйрөнөт. Анткени грамматикасын анализдеп, сөз байлыгы аркылуу салыштырат. Анан “чу” дегенде эле биринчи класстан эки же үч тил үйрөтүү бала үчүн оор келет. Өзгөчө эне тилин жакшы билбесе, ого бетер кыйналат. Дал ошол жүктү жеңилдетүү максатында казактар биринчи класста казак тили гана окутулсун, экинчи же үчүнчү тил экинчи класстан окутулсун деген мыйзам кабыл алды. Бизде болсо дагы деле биринчи сыныптан эки тил, үчүнчү сыныптан чет тил кирет. Сунуш катары 4-класска чейин кыргыз тилинде гана окутуп, ал эми англис тилин 5-класстан өйдө жеке менчик тил борборлору менен биргеликте окутууну сунуштайм. Болбосо мага окшоп он жыл англисче окуп, бирок “Лондон ис кэпител оф грeит Британ” дегенден башканы билбегендер толтура. Эмне деген каражат бөлүнөт, китеп басып чыгарылат, же айылдагы эжекең окутуп кыйратпай, кечке пайдасыз топиктерди жаттата берет. Ушул тилге байланыштуу сабактардын реформасы аркылуу балдардын жүгүн түз жана кыйыр түрдө да жеңилдете алабыз.

Аракеттер
Былтыр Телескоп каналы үчүн “Тил жоголсо-дин жоголот” деп макала жаздык, досум Mansur-Bek Kannazar аны келиштире окуп, иним Хайрулла Рахматилла уулу сонун монтаж кылып чыгарды. “Астапырылла, динди Кудай сактайт, тилсиз деле..” деп сындагандар болду. Ой, тууганым, эч талашсыз ошол динди Жараткан сактайт, бирок анын сактоо факторлору да бар экендигин унутпасак. Орусча сүйлөп, орус менталдыгы менен динди карманып, жыргатканын деле көрбөдүм эч кимдин. Динде болсо да, башка бир коомубузга жат болгон жамааттарга мүчө болгондон өйдө көтөрүлө албай жатат алар. Кылымдар бою ата-бабабыз карманган динди дал ошондой кармануу үчүн, дал ошол ата-бабалардын тилинде сүйлөп, ошол тилде ойлонуш керек. Чет өлкөдө эмгектенген кыргыздар “Тил ордо” деген кыргыз тилин өнүктүрүү аянтчасын негиздеп, “Телескоптогу” роликтен кийин мени да кошуп алышты. Арасынан программисттери кыргызча оюн жана тиркеме жасаса, кээ бири мультфильм жана тасмаларды которот экен, дагы бирөөсү жарнамаларды кыргызчалаган менен алек. Кыскасы креативдүү жаштар, бирок бир өзгөчөлүгү бар. Көпчүлүгү кичинесинен орус класста окуган. Анан менде дароо суроо пайда болду “Эмнеге кыргыз тилине орус класста окугандар көбүрөөк күйөт?” Көрсө алар кыргыз тилин кыйынчылык менен өздөштүрүп, анын баркын сезип, башка тилдердин таасирин көрө билет экен. Ал эми айылдан келип, кыргызча түш жооруган чоң курсак байкелер тил комиссиясында иштеп, бирок ошол кыргыз тилинин абалын абалын анчейин эле түшүнө албаганы маалым болду. Ооба, орус класста балдарын окуткандардын көбү дал ошол айылдан кыргызча билим алгандар. “Орусча окуса маданиятуу көрүнүп, интеллигент болот, ишке оңой кирет” деген стереотиптин курманчылыгында калгандар. Кыргыз тилдүү интеллегенциянын, анын ичинде кыргыз тилдүү жаштарды көбөйтүүгө Кыргыз-Түрк “Манас” университтетинин салымы абдан чоң. Орусиядагы согуш, каатчылык албетте биздин ошол жактагы мекендештерибизге кыйынчылык жаратып жатат. Бирок мында да бир пайда бар. Кайткан кыргыздардын балдары эч болбосо ушул жерде кыргыз чөйрөсүндө, кыргыз тилдүү болуп чоңоет. Сүйлөбөсө да, түшүнө турган даражага жетет. Орусиядагы жумушту жана жарандыкты эңсебеген жаңы муун өз тилинде билим алабы деген үмүтүм бар.

Түрк тили курсуна барып, бир кызыктуу жагдайга туш болдум. Эки жыл мурун Кореядан келген бала кыргызча үйрөнө албай, бирок эки жылда орусчаны мыкты өздөштүрүптүр. Түрк тилин окутуу программасы ушунчалык оңой жана кызыктуу болгондугунан улам, ошол корей бала 4 айда биз менен бирдей түркчө түш жооруп калды. Ошондо бизде кыргыз тилди окутуу программасы абдан татаал экендигин байкадым. Көп учурда орустарды кыргызча сүйлөбөйт деп айыптайбыз, бирок алар үйрөнөйүн десе, ошого ыңгайлуу программа, китеп, колдонмо чыгара элекпиз. Учурда кыргыз тили башка улуттар бул жакта турсун, кыргыздар үчүн эң татаал предмет. Мугалим болгондор менин сөзүмдү тастыктайт деп ойлоймун. Кыргыз тилинин грамматикасын, окутуу усулун кайрадан иштеп чыгыш керек. Азыркы грамматика совет доорунда орус грамматикасынын калыбынын жана шовинисттик-регионалдык саясаттын негизинде курулган. Жаңыланган кыргыз тили үчүн латын алфавити, аймактык диалект сөздөр аркылуу тилди байытуу сымал иш-чаралар жүргүзүлүүгө тийиш. Кыскасы кыргыз тили үчүн кыла турчу кызмат көп. Ар бирибиз аракет кыла берсек, акырын өзгөрүү болот. Илимпозу грамматиканы кайрадан иштеп чыксын, тилчи мугалим өз кесибин сүйүп сабак өтсүн, ал эми биз ата-энелер балдарыбыз менен кыргызча баарлашып, көбүрөөк жомокторду окуп бергенге, куурчак театрына алып барганга аракет кылалы. Аракетке берекет!

Автор: Нуриет АБДУЛАЗИЗ

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…