Сүрөт Гапар Мадаминовдун архивине таандык

Билим баалуулугу түбөлүктүү
1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп менен билимге эч ким көңүл бурбай калган учур баарыбыздын эсибизде. Балдарды окутууга жан сактоо менен алек болгон ата-эненин колу дагы, күчү да жетпей калган эле. Мектептеги билимдин баасы-баркы төмөндөгөндөн төмөндөп эле бараткан. Ошондо билим баалуулугун жоготпоо максатында балдарга өзүнчө мектеп ачып, аларды кызыктыруу максатында жаңы методика менен окутууну баштадым.

Мектепте ысык тамак
Ошол жылдары көпчүлүк үй-бүлөө балдарын багууда, аларга тамак-аш берүүдө да кыйналып калган эле. Ошондо балдарды жаңы ачкан мектеп-гимназияга тартуу үчүн айыл өкмөттөн эки гектар жерди сурап алдым. Жерге завхоз агайдын жардамы менен жазында буудай эгип, аны күзүндө оруп-жыйнап, тегирменге тартып, балдарга ысык тамак уюштуруп баштадык. Ага кошумча дагы эки гектар жүзүм алып, түшүмүн базарга сатып, түшкөн каражатка окуучуларга азык-түлүк сатып алып турдук. Булардын баары окутуу процесстери менен бир учурда жасалды. Керзовый өтүк кийип, эшекке минип, куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып жүрүп иштөөгө туура келди.

«Акыл эмгегинин маданияты»
Жалпысынан мектебибиз башка мектептердей эле. Болгону 2-3 гана айырмасы бар: Биз «Акыл эмгегинин маданияты» деген жаңы сабак киргизгенбиз. Анын программасын жана китеп колдонмосун өзүм жазып чыктым. Ошол сабак аркылуу окуучуларыбызды билим алуунун методикасы жана ыкмалары менен камсыз кылдык. «Билим алуунун баалуулугу» деген системабыз менен балдарды билимге кызыктырып алдык. Андан дагы окуучуларга «Ой өрүшү (кругозор)» деген аталыштагы сабакты өтө баштадык. Бул болсо балдардын билимге болгон ынтызаарлыгын гана күчөтпөстөн, окуган нерселерден тегерегинде ой-жүгүртүп, жадагалса андан дагы ашып ойлонгонду үйрөтөт.

Энелердин таасири
Ошондой эле балдарды окутуу менен катар «Энелер мектебин» ачтык. Энелерди окутуу бир айда бир жолу класс жетекчилер тарабынан жүргүзүлөт. Ал жерде «Энелер мектеби» жана «Акыл эмгегинин маданияты» (АЭМ) деген сабактар өтүлө баштады. Булардын негизинде энелер үй-бүлөөдө балдарды билимге кызыктыруу, билим алууну уюштуруу, көзөмөлдөө, мектеп менен байланышта болууну колго ала башташты. Натыйжада балдардын билимге кызыгып, мектепке тартылуусу күч алып, ийгиликтерди жарата башташты. Мектепти бүтүргөндөн кийин жогорку окуу жайга тапшырган окуучулардын саны арбыды. Азыркы убакты биздин мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен 77 бала медициналык академияда бюджет бөлүмүндө билим алууда. 67 окуучубуз болсо чет мамлекеттерде окуп жатышат. Мындай көрүнүшкө «Энелер мектебинин» таасири абдан чоң болду. Ага катар жаш мугалимдер үчүн ачылган «Устаттык өнөр» мектебинин да натыйжасы зор болду десек болот. «Жалпы республикалык тестке (ЖРТ)» даярдануу биздин мектепте чоң кызыгуу менен ишке ашат.

Педагогикалык чеберчилик
Биз жаш мугалимдердин педагогикалык чеберчилигин дайыма арттырып турууга чоң көңүл бөлөбүз. Мугалимдер алгач өздөрү АЭМ сабагын өздөштүрүшөт. Ошол үчүн сабактар балдарга жугумдуу болууда. Азыркы тапта болсо заманбап технологияларды пайдалануу боюнча мугалимдерибиз атайын окуудан өтүп, аларды өздөрүнүн сабактарына пайдаланууда. Жаш мугалимдер мектебинде мугалимдердин кесипкөйлүгүн, педагогикалык чеберчилигин күчөтүүгө маани берип келебиз. Бул максатта мен канча жылдан бери башка коңшу мектептерге жана алыскы аймактарга барып, улуу-кичүү муундагы кесиптештер менен тажрыйба алмашып, кеп-кеңештер менен бөлүшүп жүрөм.

Максаттар жана тилектер
Мен бул процесстердин башында койгон максаттарымдын бир тобу аткарылды, буга мен кудайга шүгүр деймин. Келечекте дагы ишке аша турган ой-максаттар көп. Билим берүүнү колдогон адамдар көп болсо, мындан дагы жакшы натыйжаларга  жетишебиз. Ал эми министрибиз билим берүүнү реформалайм десе, анда ата-энелерди мектептеги бүткүл процесске аралаштырыш керек. Анткени билимдүү жана «кошо окуган» гана ата-энелер балдарына жакшы колдоо көрсөтө алышат. Андан дагы биз жасаган экперименталдык тажрыйбаларга, адаттан тыш темадагы сабактарга да көңүл бурулса. Эң башкысы дүйнөдө тынчтык болсун дейм. Анан ак ниет адамдардын максаты орундалсын.

Автор: Гапыр МАДАМИНОВ
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Баткен облусунун Лейлек районундагы 3-эксперименталдык гимназиянын директору

Кагазга түшүргөн: Мээрим АСАНОВА

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…

Махабат Садырбек, антрополог: «Акыркы сабак» көркөм тасмасына рецензия

Дүйнөнүн чар тарабынан көрөрмандарды өзүнө тартып, кыргыз коомчулугунда  кызыгуу жараткан «Акыркы сабак»…