Сүрөт ачык интернет булактарынан алынды
“Бала менен сыйкырчы” аттуу жомок эсиңерде барбы? Андагы баланын сыйкырчы досу тулпар атка айланып, “мени базарга алып барып каалаган баага сата бер. Болгону жүгөнүмдү сатпа, ал сенде калса кайрылып келе берем, жүгөнүмдү кошо сатсаң кайрылып келишим кыйын болот” десе да, тигил болбой өтө кымбат акчага азгырылып, жүгөнүн сатып жиберип, досу араң кутулуп келет. Ушуга окшогон дагы бир-эки окуясы бар. Эгерде жердин үстүндөгү объектилерди ошол атка салыштыра турган болсок, анын сыйкырдуу жүгөн – ЖЕР. Кемпир Адаб суу сактагычынын астындагы ЖЕР бардык расмий эл аралык келишимдер боюнча биздики бойдон кала бере турган болсо – демек жүгөн биздин колдо. Жок, кокус астындагы ЖЕР кошо кете турган болсо – анда жүгөндү колдон чыгарганыбыз ошо.
Кемпирабад сыяктуу объектилердин эң баалуу нерсеси – үстүндөгү курулуш эмес, астындагы ЖЕРИ. Кудай жалгап, ал бардык документтер боюнча буга чейин Кыргызстандын гана карамагында болуп келген. Өзбекстан ал жерди пайдаланууга гана алган. “Эчак эле өтүп кетиптир” деп бийлик бетке кармаган бардык документтерде бул объект КЫРГЫЗ ССРинин аймагында экени так, даана жазылып турат. Өзбек тарап бул объектинин жери Өзбекстандын балансына өткөнүн далилдеген бир дагы документти көрсөткөнү эсибизде жок. Болсо эчак эле мурдубузга такап, бардык ЖМКларда дүңкүлдөтүп турмак. “Жаманды Кудай неге албайт, жаткан төөгө мине албайт” демекчи, ушул жүйөнү колдоно албай нымтырап аткандарга таңым бар. Анчалык эле 50/50 кылып пайдалангысы келсе “Кемпирабад суу сактагычынын ЖЕРИ Кыргызстандын карамагында кала берет, үстүндөгү курулушу 50/50 үлүштө чогуу пайдаланылат, коопсуздугун Кыргызстан тарап камсыз кылат” деген эки тарапка тең пайдалуу вариант бар. Ошондо жер ээсинин, уруксат берүүчүнүн позициясы бизде калат. Жери менен кошо Өзбекстанга өткөрүүнүн эч кандай зарылдыгы жок. Кийин сөзүбүз кыска болуп калат. Ал жер оңой аянт эмес.
Анчалык эле суу сактагычтын курулушу өзбек тарапка зарыл болсо, суу сактагычын көчүрүп кетсин, өзгөндүктөр ал жерге бак тигет. Ал жерди пайдалануунун дагы башка толгон-токой варианттары бар. Жок, аны каалабаса, анда ЖЕРИ биздики экенин таанып, үстүн биздин кайтаруу менен чогуу пайдалана берсин, эч ким ал сууну артка буруп да кете албайт. Кыргызстан үчүн бул талаштын бир өзгөчөлүгү – буга чейин чек ара тактоодо жер үстүндөгү объекти менен кошо эсептелген мисал болгон эмес. Эми башыбызга келип отурат. Жомоктогу аңкоо баладай болбойлу. Тулпардын жүгөнү өзүбүздө калсын.
Антпесек биринчиден бул биз үчүн тескери прецедент болуп, кийинки сүйлөшүүлөрдө да биздин позицияга кедергиси тийет. Экинчиден УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпирабаддын тагдырына тынчсызданган адамдарга жолугушууда барганда берген убадасы аткарылбай калат. “Бербейлиби, туугандар? Болду, берилбейт” деген сөз ооздон чыкпашы керек эле. Чыккандан кийин аткарылышы керек. Үчүнчүдөн коңшулар менен мамилебиз белгилүү. Кудай анын бетин нары кылсын, эгер ортодо чатак чыкса, эки облусту байланыштырган жол, ортодогу кыйла маанилүү жер ошолордун колунда калган атат. Тышыбыз кетилгенден да ичибиз оюлуп турганы коркунучтуу эмеспи? Ансыз деле анклавдардын айынан эмне гана болгон жок?
Кемпирабад суу сактагычынын ЖЕРИ эч качан талаш маселе болгон эмес. Ал Кыргызстандыкы экени анык. Демек, аны талаш маселенин предметине айландырбаш керек. Анын ордуна Өзбекстан бизге берди деп аткан жерлер да талаш маселе болбошу керек. Анткени Өзбекстан суу сактагычты пайдаланууга алган, бирок өз милдеттемелерин аткарган эмес. Бул С. Аламановдун “Азаттыктагы” маегинде да айтылган, Т. Усубалиевдин китебинде да фактылары менен далилденип жатат. Суу сактагычтын ордуна берилди деген жерлер ошол төлөнбөгөн зыяндын ордуна биздин балансыбызга өтүшү зарыл. Өзбекстан ушундай шартка макул болот. Ал үчүн эмне кылыш керек? “Кемпирабаддын ЖЕРИ биздики, үстүндөгү объектиден пайда көргөн жокпуз, кааласаң көчүрүп кет, каалабасаң чыгып кет, эми биз башкарабыз, анын ордуна берген жериңди ала бер” деш керек. Өзбекстан үчүн ал участокторго караганда суу сактагыч алда канча маанилүү.
Бийлик бир нерсени түшүнбөй атат. Кемпирабаддын ЖЕРИН Кыргызстандыкы бойдон калтырса, анын рейтинги алда канча көтөрүлөт. Митингге да эч ким чыкпайт. 30 жылдан бери чечилбей келаткан маселени чындап эле чечкен азамат катары тарыхта калат. Болбосо кырдаал чатак. Мирзиеевдин иш сапарына карата эптеп эле тууралай калалы деген ниет болсо, анда ал жакшылыкка алып келбейт.
Ушу тапта тулпардын жүгөнү чындап келсе парламенттин колунда. Бул чакырылыш азыркы даярдалган келишимди ратификациялоодон баш тартса да, жогорудагы жагдайларды эске алып кайра кароого жөнөтсө да утат. А бирок бекитип берип койсо бийлик системасы жалпы утулат. Анда Кыргызстандын балансында расмий болуп келген ЖЕРДИ Өзбекстанга өз колу менен өткөрүп берип койгон азыркы бийлик гана болуп чыгат. Анткени каалайбызбы, каалабайбызбы, азыр андан башка бийлик жок.
Автор: Жыргалбек КАСАБОЛОТ, журналист, аналитик
Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…