Учурда Германия Федеративдүү Республикасындагы кыргыз диаспорасы орто эсеп менен он-он беш миңден ашык кыргызстандыктарды камтыйт жана алардын саны акыркы мезгилде ай сайын өсүүдө. Бул бир жагынан гео-саясий кырдаалга байланыштуу болсо, экинчи жагынан Германияга окууга же иштөөгө келүү мүмкүнчүлүктөрдүн көбөйгөнүнө жараша жаралган көрүнүш. Адатта Германияга келген ар бир Кыргызстандык жарандын өздүк документтеринен тартып, үй-бүлөлүк абалын, билимин жана иш-тажрыйбасын тастыктаган расмий кагаз-кугаздары болот. Алардын баары адамдын максатына жараша жергиликтүү тигил же бул администрациялык органда, окуу жайларда же мекемелерде суралып, алардын немис тилине котормосу талап кылынат. Ал котормо «Жергиликтүү жогорку соттун текшерүүсүнөн өткөн, соттун алдында ант берген, ыйгарым укуктуу коомдук котормочунун» (нем. Allgemein vereidigte, beeidigte, ermächtigte, öffentlich bestellte Übersetzer) колунда жасалып, анын мөөрүн камтышы абзел. Ошондуктан Бишкек калаасындагы котормо кеңселерде жасаткан котормолор бул жерде көп учурда жараксыз болуп калышына күбө болуудабыз.

Котормочулук
Германияда «Коомдук же ыйгарым укуктуу котормочу» атайын (geschützt – корголгон) титул катары ыйгарылат жана аны алуу үчүн атайын жогорку окуу жайда «Котормочулук» факультетин бүтүрүү, котормо жүргүзө турган тилдерди жогорку деңгээлде билүү жана канча бир жылдык тажрыйба топтоо зарыл. Айрым учурда атайын экзамен-тестирлөөдөн да өтүү керек болот. Андан тышкары жазма жана оозеки котормочулардын мисалы, медицина, техника, айти же юриспруденция ж.б.у.с. өзүнүн иштеген сферасы болушу мүмкүн. «Ыйгарым укуктуу котормочу» Германиянын коомдук котормочулар маалымат базасына катталат; ал которгон иш-кагаздар жана документтер федералдык бардык окуу жайларда, мамлекеттик органдарда жана мекемелерде (атайын талап кылынбаса) нотариалдык тастыктоосу (же апостили) жок кабыл алынат, анткени котормочу документти (анын көчүрмөсүн) күбөлөндүргөн жагынан нотариус менен тең укуктуу болуп эсептелет. Же башкача айтканда «Коомдук котормочу» жергиликтүү сот системасынын карамагындагы кызматкер катары каралат.

Котормо акысы
Германиядагы «Коомдук котормочунун» акысы укук тутумундагы эксперттер, жазма жана оозеки котормочулар, соттук бийликтин функциясын аткарган бейадис соттор, күбөлөр жана башка үчүнчү жактардын эмгегин баалоо үчүн «Юстициянын акы төлөө мыйзамы» (нем. Justizvergütungs- und Entschädigungsgesetz (JVEG)) менен төлөнөт. Ага жараша негизги гонорар катары которула турган тексттин ар бир (болжол менен 55 белги жана боштуктан турган) сабы 1,30 еврону түзөт. Бул баштапкы баа которула турган тексттин оорчулугуна, берилген убактысына же Германиядагы сейрек кездешчү тилге (ага мисалы кыргыз тили кирет) карата 3,00 еврого чейин көтөрүлүшү мүмкүн.
«Коомдук котормочулардын» көпчүлүгү айрым «Туулгандыгы тууралуу күбөлүк» же «Жалпы орто билим тууралуу аттестат» сыяктуу стандарт же көп суралган документтер үчүн белгилүү бир төлөмдү аныктап, аларды тизмелеп коюшат. Бул буюртма бере турган адамдар үчүн дагы жакшы ориентация болуп берет. Дагы кошумчалай кетчү нерсе: Жогоруда аталган котормочулардын мыйзамына жана жеке ишкерлик эмгек кодекстерине ылайык котормонун акысына 19 пайызды түзгөн жергиликтүү кошумча нарк салыгы (КНС) (нем. Umsatzsteuer) жана почта кызматына кеткен төлөмдөр (нем. Portogebühren) дагы кошулат. Которула турган документ адатта кыска макулдашуудан кийин электрондук почта аркылуу котормочуга жиберилет, ал эми которулган документ анын көчүрмөсүнүн тиркемеси менен документтин ээсине почта аркылуу тапшырылат.

Котормосу керек болгон документтер
Өзүмдүн жеке баамымда жана буга чейинки суроо-талаптардын негизинде учурда эң көп которулуп жаткан документтерге «Туулгандыгы тууралуу күбөлүк», «Жалпы орто билим тууралуу аттестат», «Дипломдор» жана «Маалымдамалар» кирет деп айта аламын. Бул Германияга каттаган миграциялык агымдын негизги максаттары менен байланыштуу. Аларга ар кандай ыктыярчылык программалар, жогорку окуу жайларга тапшыруу, орто кесиптик билим алуу (нем. Ausbildung), дарыгерлик кесипти аркалоо үчүн уруксат кагазына (лицензия же апробация) ээ болуу жана ошондой эле жогорку квалификациянын негизинде жумуш орун табуу кирет. Мисалы жогорку окуу жайга тапшыруу uni-assist.de системасы аркылуу ишке ашат жана ал жерге «Жалпы орто билим тууралуу аттестат» менен мекендеги жогорку окуу жайдан алган дипломдордун «күбөлөндүрүлгөн котормосу» (нем. beglaubigte Übersetzung) талап кылынат. Ушул эле кагаздар орто кесиптик билим алуу үчүн орун издөөдө, айрым окуу жайларга түз тапшырууда, жогорку билимди «Чет өлкөлүк билим боюнча борбордук мекемеде» (нем. Zentralstelle für ausländisches Bildungswesen (ZAB)) таанытууда же теңдөөдө керек болот. Акыркы аталган мекеме менин маалыматыма караганда «Ыйгарым укуктуу котормочунун» күбөлөндүргөнүнө кошумча дагы дипломдун жергиликтүү нотариус аркылуу күбөлөндүргөн көчүрмөсүн (нем. notariell beglaubigte Kopie) жана ЖОЖдон «күндүзгү (ор. очный) тартипте окуган» деген маалыматты талап кылууда.

Котормочулар
Кыргыз Республикасында кыргыз жана орус тили расмий статуска ээ болгондугуна байланыштуу расмий документтердин жана кагаздардын дээрлик көпчүлүк бөлүгү эки тилде түзүлөт. Ошого байланыштуу Германиаяга келген кыргызстандык жарандар орус жана немис тилдери менен иш алып барган «Коомдук котормочуларга» кайрыла алышат. Алардын бардыгы байланыш даректери менен «Котормочулар маалымат базасында» (нем. Dolmetscher- und Übersetzerdatenbank) орун алган (учурда 25596 котормочуну камтыйт). Издөө терезеси аркылуу кардарларда каалаган тили боюнча, котормочулуктун каалаган түрүндө, алыс-жакын жерден бир катар керектүү котормочуларды таап алууга мүмкүнчүлүк бар. Бул жерде өзүбүздүн орус-немис тилинде котормочулук кылган Айпери Боронова (Ылдыйкы Саксония облустук сотунан өткөн), Индира Өмүрбекова (Майндагы Франкфурт жергиликтүү сотунан өткөн) жана Алмаз Тойматов (Берлин шаардык сотунан өткөн) деген жердештерибизди тизмеде таба алабыз. Ал эми кыргыз-немис (жана орус) тилдеринде болсо учурда мени менен катар дагы эки котормочу чыгат. Алардын бири ортомчу катары кыргыз тил котормо кызматын сунуштайт. Бул сыяктуу ортомчу фирмалар Германияда көп эле кездешиши мүмкүн жана албетте ошого жараша кошумча төлөмдү талап кылышат. «Өзүбүздүн» котормочулардын артыкчылыгы албетте орус жана кыргыз тилин билгенинде жана бул котормонун (айрыкча жер-суу, мекемелердин аттары) так болушуна түрткү берет. Жогоруда аталган жердештерибиздин бири – Indira Omurbekova – учурда Кыргызстанда жашап эмгектенгендиктен Германияга сапар ала турган жердештер келе жаткан максатына ылайык тиешелүү документтерин мекенден эле котортуп ала келсе болот.

Автор: Махабат САДЫРБЕК
Илимий изилдөөчү жана котормочу

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…