2024-жылдын 27-28-майында, Түркия Республикасынын Анталия шаарында «Миграциядагы аялдардын жүзү» аталышында эл аралык форум болуп өттү. Екатеринбург шаарындагы белгилүү активист Гүлшан Долонбаева тарабынан негизделген жана мигранттардын профсоюз уюмунун жетекчиси Гүлнара Дербишеванын жигердүү колдоосуна алынган бул долбоор «Тилектештик» борбору тарабынан каржыланды. Ал эми форумду «Анталия кыргыз коому» Түркиянын бермети болгон Анталия шаарынын борборунда, Акдеңиздин жээгиндеги «Су» беш жылдыздуу мейманканасынын конференция залында жогорку деңгээлде өткөрдү. Форумга Анталия шаарынын мэринин орун басары Дурмуш Али Аслан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Камила Талиева, Эльвира Сурабалдиева, Медер Алиев,  Кыргызстандагы «Тилектештик» Борборунун директору Лола Абдукадырова, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигин кызматкери Эркин Каримов, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская, Кыргыз Республикасынын Чехия Республикасындагы ардактуу консулу Даминова Саадат, Шотландиядагы кыргыз диаспорасынан Жусупова Рахат, Англиядагы кыргыз диаспорасынан Акималиева Айгүл, Германиядагы кыргыз диаспорасынан Махабат Садырбек жана диаспора маселелери боюнча эксперт Хикмет Кенан Йозгатлы, жергиликтүү шаардык кеңештин кызматкерлери менен кырктан ашуун кыргызстандык активисттер катышты.

Форумдун биринчи күнүндө Кыргыз Республикасындагы эмгек миграциясын диверсификациялоо процессинде мигрант аялдардын эмгек укуктарын коргоо боюнча диаспоралык уюмдардын ролу тууралуу тегерек үстөл болсо, экинчи күнү аял мигранттар үчүн эмгек укуктарын коргоо боюнча тренинг менен кеңири маектешүүгө орун берилди. Жогорку Кеңештин депутаттарына берилген суроолордун жана көйгөйлөрдүн көпчүлүгү виза алуу, пенсия, социалдык жана медициналык камсыздоо жана мигранттардын балдарына эне тилди маданий мурас катары калтыруу менен байланыштуу болду. Бардык чет өлкөлөрүндөгү кыргыз диаспоралары сыяктуу эле Түркиядагы эмгек мигранттары юридикалык жана психологиялык жардамга абдан муктаж. Бул жердеги кыргыз жарандары айрыкча үй кызматтарында оор шарттарда эмгектенишет жана байма-бай укук бузууларга дуушар болушат. Кыргыз коомдорунун маданий иш-чараларын колдоо, кыргыз тилин окутууга колдоо көрсөтүү, укуктук жана жан соолук кызматтарын уюштуруу боюнча бир катар сунуштар кезектеги парламенттик жыйындарда талкууга алынып, тиешелүү чараларды көрүүгө жана жаңы мыйзамдарды кабыл алууга түрткү болмокчу.

Аталган форум Кыргыз Республикасынын жана Түркийя Жумуриятынын улуттук гимндери менен башталып, эки өлкөнүн байланышын баса белгилөө максатында гимн менен аяктады. Форум мындан ары дагы уланып, аны өткөрүү милдети эми Чехия Республикасындагы кыргыз мекендештерде.

Жергиликтүү маалымат каражаттары бул эл аралык жолугушууну байма-бай чагылдырып, жергиликтүү калктын жана бийлик өкүлдөрүнүн көңүлүн миграция маселелерине гана бурдурбастан, чет өлкөлүк кыргыз диаспораларын, коомдорун жана алардын маанилүү иштерин абдан позитивдүү өнүттө көрсөттү. «Анталия кыргыз коомунун» жетекчиси Шерикбек Акимовдун жыйынтык сөзүнө караганда мындай жогорку деңгээлдеги иш-чара бул өлкөдө эмгектенген Кыргызстандыктарга бир тарабынан мамлекет тарабынан өз жарандарына көрсөтүлгөн камкордуктун белгиси катары кабыл алынса, экинчи тарабынан аларга миграциядагы укуктар жана макулдашуулар тууралуу маанилүү маалымат бере алды.