Сүрөт жеке архивден алынды

Көпчүлүк адамдардан «Диплом чаң басып жатат, эч нерсеге жарабады, өзүм мынтип кара жумушта иштеп жүрөм» – деген сөздөрдү көп угабыз. Эгер алган билиминизге ишенсениз, жогорку квалификацияңыз болсо, дүйнөнүн эң өнүккөн өлкөлөрүнүн бири болгон Германия Федеративдүү Республикасында иштегиңиз келсе анда бул макалага көңүлүңүздү бурабыз.

Германияда Кыргызстандын жогорку окуу жайынын диплому менен иштей аламбы?
Бул сиздин кесибиңиздин жөнгө салынган кесиптердин катарына киргендиги же кирбегендигинен көз каранды. Жөнгө салынган (регламентированные профессии) кесиптер деген эмне? Германияда жөнгө салынган кесиптер боюнча иштөө укугун алуу үчүн, дипломду Германиянын тиешелүү мекемелери тарабынаn билимди тастыктоо (сынактарынан өтүү) милдеттүү болуп саналат. Жөнгө салынуучу кесиптер мыйзам тарабынан корголгон, мисал катары саламаттыкты сактоо, юридика жаатындагы кесиптерди айтса болот. Германиянын эмгек мекемесинин интернет баракчасынан бул кесиптер кайсылар экенин көрсө болот. Ал эми жөнгө салынбаган кесиптер (не регламентированные профессии) мыйзам тарабынан корголбойт. Сиз жөнгө салынбаган кесипте иштегиңиз келеби? Бул учурда сизге билиминизди тастыктоо кереги жок. Бул учурда кесипти таанытуу жетиштүү. Дипломду таанытуу виза алуу үчүн шарттардын бири болуп саналат. Жөнгө салынбаган кесипти таанытуу үчүн Чет элдик билим берүү боюнча борбордук орган (нем. Zentralstelle für ausländisches Bildungswesen) тарабынан диплом Германиянын диплому менен шайкеш деген аныктамасы (нем. Zeugnisbewertung) керек. Эскертүү: IT кызматкерлери Германияга иштөө үчүн белгилүү бир шарттарда, квалификациясы жана таанылган диплому жок да иштей алышат. Дипломду кесипти таануу же тастыктоо тууралуу кайдан кеңеш алса болот?
Германияда жана башка өлкөлөрдүн дипломдорун таануу же тастыктоо тууралуу боюнча акысыз консультациялык кызматтар бар. Байланышуу үчүн маселен бул шилтемеге кириниз.

Дипломду таанытуу процесси
Жөнгө салынбаган кесиптин дипломун таануу процесси жөнүндө жаза кетсем: Дипломду таанытуу Германиянын тышкы иштер министрлиги тарабынан түзүлгөн Anabin маалымат базасы аркылуу жүрөт. Бул сайтка немистерге белгилүү болгон ар кайсы өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары маалымат базасына киргизилген. Бул базанын ишмердигине Zentralstelle für ausländisches Bildungswesen (ZAB), чет өлкөлүк билимди таануу боюнча борбордук орган жоопту. База ар дайым ЖОЖдор жана дипломдор менен толукталып турат . Алгач чет өлкөлүк жаран дипломун жөнөтөт, базадан документи текшерүүдөн өтөт. Эгерде маалымат базасында мындай диплом жөнүндө маалыматтар жок болсо, дипломду текшерүү процесси башталат. Көпчүлүк учурларда, чет өлкөлүк жаран жумуш визасын алууда Германиянын элчилиги билими таанылды деп эсептеши үчүн Anabin маалымат базасынан H + белгиси менен университет жана адистик жөнүндө маалыматты көрсөтүүсү жетиштүү. Ал эми Anabin базасында сиздин диплом жөнүндө эч кандай маалымат жок болсо, дипломду таанытуу үчүн ZABга тиешелуу документтерди жөнөтүү зарыл. Дипломду таануу процесси үчүн учурда болжол менен 200 евро өлчөмүндө акы алынат. Документтерди текшерүү мөөнөтү эки айдан алты айга чейин созулушу мүмкүн.

ZAB маалымат базасы Anabinде университеттин статусу Н+ же адистик жок болгон учурда дипломду таанытуу боюнча көрсөтмө бере кетсем:
1. Anabin сайтынан анкетаны толтурасыз. Электрондук катка жооп катары сизге ыйгарылган уникалдуу номер жана андан ары эмне кылуу жөнүндө көрсөтмөлөрү менен кат аласыз.
2. Адатта талап кылынган төмөнкү документтерди жөнөтүңүз:
– дипломдун нотариус аркылуу жасалган көчүрмөсү,
– дипломдун түп нускасы жана тиркемесинин немис тилине котормосу нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн болуш керек (дипломдун өзүн жиберүүнүн кажети жок),
– окуу формасын (күндүзгү) жана окуу мөөнөтү көрсөтүлгөн университеттен маалымдама,
– орто билими жөнүндө аттестаттын бардык барактарынын жөнөкөй көчүрмөсү,
– паспорттун көчүрмөсү,
Anabin сайтында толтурган анкетаны кагазга басып чыгарып, ага кол коюп документтерге кошосуз.
– документтер А4 форматындагы айнекчеси бар конвертке салып почта аркылуу жибересиз, анткени Анабиндин анкетасын кагазга чыгарганынызда ZABтын адреси кошо чыгат жана конверттин айнекчесине туура келет, ошондуктан адрести жазуу талап кылынбайт.

Эскертүү:
ZAB документтерди пластикалык файлдарга же папкалар менен жибербөөнү өтүнөт. Ошондуктан документтерди кагаз конвертке салыныз. Документтериниз жеткенде, жеткендиги жана төлөм процедурасы жөнүндө электрондук почтага билдирүү аласыз. Электрондук почтага келген реквизиттер аркылуу акчаны которосуз. Акча жеткенде, жеткендиги жөнүндө билдирүү аласыз, ошол убактан баштап текшерүү процесси башталат.

Автор: Сагындык АБДИРАСУЛОВ

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…