Дизайндын автору Бегимай Мамытова

Караңгыда жарык берген чырак
Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул тууралуу кулагы чалбагандар аз болсо керек. Мен бул демилгенин артындагы идея тууралуу бир аз ой жүгүрткүм келди. «Чырак» деген сөздү укканда силерде кандай ойлор, элестер жана ассоциациялар пайда болот болду экен? Мен алгач айылда электр жарыгы өчкөндө күйгүзчү кол чыракты элестеттим. Туруп-туруп эле жарык жалп өчкөндө, бирибиз терезеде турган май чыракка жеткенче, ар ким турган-отурган жеринде былк этпей катып, карайлап калчу элек. Аны ширеңке менен жандырып, ортого алып келгенде анан баарыбыз терең дем алып алып, тиричиликти улантчубуз. Айылда электр жарыгы көп эле өччү. Aйрыкча кечинде мал-салды жайлап келип, тамак ичип отурганда же идиш-аяк жууп бүтүп, жаңы эле мектептин үй тапшырмасын жасайын десең, жарык жалп эле дей түшөт. Анан май чырактын бүлбүлдөгөн жарыгында эжем экөөбүз үңүлүп китеп окуп, жазма иштерди аткарчубуз. А тургай үй тапшырмалардын шылтоосу менен эжем 5-6 бет болсо дагы адабий китебин окуп, мен болсо ыр чыгарып жетишчү элем. Болбосо чоң апабыз «аай, көз майыңарды коротосуңар, чыракты дагы үнөмдөгүлө, майы менен билиги түгөнүп калат» дей берчү. Жарык өчүү көйгөйүн канча жылдан бери билбей калсам да, ошол чырактын жарыгындагы түндөрдү ушул убакытка чейин көп эстеймин. Чырак ошол кездеги абдан керектүү аспаптардын бири эле. Анын шишесин сындырып албайлы деп, жумшак чүпөрөк же кагаз менен ичин аярлап аарчып, өйдө жерге коюп, абдан кастарлап колдончу элек. Кошуна трактористтерден чырак жана үч-биликтер үчүн атайын май сатып алчубуз. Бул азыр деле Кыргызстандагы көп үй-бүлөлөрдүн абалы. Чырак – дагы дале караңгыда жарык бере турган баалуу оокат. А эми «Чырак» долбоору болсо – билимдин туңгуюгунда туруп калган биздин заманыбызда телефонуңда жандырып алып, жөндөмдүүлүктөрдү үйрөнүп алып, жашооңду жарыгыраак жакка жылдырып алчу демилге. Балким анда алган билимиңдин негизинде жаанда, шамалда, бурганакта такыр өчпөй турган жана абдан кубаттуу, жарыгы башкаларга да тийген, башкаларды да жылыткан чыракты өз колуң менен жасап аласың. Эмне үчүн болбосун? Дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүндө эмгектенип жүргөн белгилүү IT-адистери «Чырак» долбоорун мына ушул максатта кыргыздын айым-кыздары үчүн атайын иштеп чыгышкан.

Туннелдин аягында пайда болчу жарык
«Чырак» деген сөз «жарык» деген сөздүн дагы синоними. Ошондуктан мага экинчи орунда эмнегедир немис тилинде айтылып, кээде өзүм дагы колдонуп жүргөн „Licht am Ende des Tunnels“ (англ. „Light at the End of the Tunnel“, ор. “Свет в конце туннеля“) фразасы эсиме түштү. Түпкү мааниси боюнча жердин, көбүнчө тоонун асты менен казып бара жаткан туннелдe качандыр бир кезде жарык көрүнөт дегенди билдирет. Кыйыр маанисинде үзүлбөгөн үмүттү, оптимисттик маанайды жана жарыкка умтулгандыкты билдирет. Анткени туңгуюктун акырында жарык көрүнсө сүйүнүп, эс ала түшөбүз, жакында казуу иштери да соңуна чыгат. Бул жакшы сезим, казууда канчалык чарчасаң да, жарыкты көргөндө күчүңө күч кошулуп, ошол жарыкка жеткиң келет. Ал жарыкты көрүү ниети жок болсо, анда ал туннелди казып кереги эмне? Кыргызстандын учурдагы, билим берүү тармагынын төмөндөгөн шартында, социалдык жана экономикалык каатчылыкта жана саясий туруксуздукта көп адамдар, айрыкча жаштар ошол туннелдеги туңгуюкка кептелгендей, аны арылатып казууну кажетсиз көргөндөй… Руслан Акундун «Акыркы сабак» сериалында мектепти аяктаганы турган жаш өспүрүмдүн «Окууга баары бир акча жок, Орусияга эле кетип акча таап келиш керек» деп айтканы көп адамдын туннелдин аягында жарык көрүү үмүтү өчкөн ой-санаасын сүрөттөйт.

Аял – үйдүн чырагы
«Чырак» долбоору буга чейинки 9-10 айга созулган «Келечек» окутуу долбоорунун уландысы десек болот. Жогоруда белгилеп кеткендей, аталган долбоордун максаты – кыз-келиндерге, айымдарга жана апаларга санариптик билим берүү, аларды заманбап технологиясы менен тааныштыруу, ийкемдүү жөндөмдүүлүктү өздөштүрүүгө колдоо көрсөтүү. Аны менен бирге алардын адистик, экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, чыгармачылык потенциалын жана коомдогу социалдык орундарын жогорулатуу. Эмне үчүн бул долбоор жалаң гана кыздар жана аялдар үчүн деген суроолор дагы байма-бай берилип жатат. Ага жооп катары долбоордун негиздөөчүлөрүнүн оозунан «Аял – үйдүн чырагы», «Аял – үйдүн куту, анан жарыгы баарына тиет», «Аялга берген билим, коомго берилген билим», ошондуктан бул долбоор «кыргыздын чырактары үчүн» деген сөздөрдү айтышууда. Албетте, азыркы кыргыз коому аялдардын жонунда тирелип турат. Үйдөбү, Чүйдөбү, өзүбүздүн өлкөдөбү же журт тышындабы бала-чака, кемпир-чал баккандар, акча тапкандар, ата-энесин карагандар, бир тууганын окуткандар – кыздар менен аялдар. Ошондуктан «Чырак» долбоору окууга дилгир болуп ноутбугу жок болсо дагы HTML/CSS коддорун эрикпей дептерге жазып үйрөнүп жүргөн «Келечектин» бир катышуучусундай кыздар үчүн, бели катый элек кезинде Орусияга кетүүгө бел байлап жүргөн окуучу-студенттер үчүн, жашоосунда жарыгыраак жер издеп, акчалуу адамдын экинчи же үчүнчү жары болсомбу деген бийкечтер үчүн, бир карынын же оорулуунун жанында «байланып» отурганда Whatsappта жазылган ушак-айыңды окуп же Тик-Ток карап отурган жүздөгөн мигрант эже-сиңдилер үчүн, зордук-зомбулукка кайыл болуп, жакшылыктан үмүтүн үзбөгөн аялдар үчүн, «бүтүн адамдык сапатым казан-аяк, тамак-аш, үй жыйнап, бала багуу менен ченелип-чектелбесе» деген келин-кесектер үчүн, балдарына туура багыт, жаркын келечек берсем деген апалар үчүн жана жашоосунда өзүн дагы, ордун дагы тапкан, бирок жаңы дүйнөгө баш багып, комфорт зонадан чыгууга даяр айымдар үчүн! Окутуу программасынын башталышы 8-март аялдардын эл-аралык күнүнө дагы туш келет экен.

«Чырак» долбоору тууралуу
«Чырак» долбоору үч-төрт айга созула турган, акысыз жана аралыктан (онлайн вебинар аркылуу) окутула турган программа. Бул креативдүү, ийкемдүү графиктеги (көбүнчө кечки убактарда) ачык социалдык долбоорго ар бир аялзаты улутуна, жашына, кесибине жана жашаган жерине карабастан жөнөкөй тандоо критериялардын негизинде катыша алат. Көп кырдуу окуу программасы алгач компьютер сабаттуулугу тууралуу түшүндүрмө берип, андан кийин маалымат технологиясындагы учурдун талабына ылайык келген башкы үч-төрт багытта окутуу жүргүзөт. Бул жерде «Жылдыз» академиясынын буга чейинки окутуудагы тажрыйбаларына таянып, катышуучулардын жашоо шартындагы ар кандай кырдаалдар эске алынган жана ошого жараша программа иштелип чыккан. Аларга ноутбук жок болсо дагы телефон аркылуу деле иштеп, үйрөнүп баштай ала алган, адамдын кызыгуусун арттыра турган SMM, проект менеджмент жана UI/UX Design сыяктуу окуу процесстери кирет. Долбоордон кийин бүтүрүүчүлөр башка курстарга жазылып, программалоо тилдери, код жазуу, вебсайт түзүү ыкмалары ж.б. боюнча билимдерин тереңдете алышат. «Чырак» долбоорунун башкы негиздөөчүлөрүнүн бири Айдана Өмүрбаева бул программа боюнча Aidana Tech Talk деген телеграм каналы аркылуу долбоор тууралуу баштан аяк ийне-жибине чейин айтып, түшүндүрмө берип, бардык суроолорго жооп берүүдө. Ага «Келечектен» чыккан модераторлор жардам берип, колдоо көрсөтүүдө. Катталуу үчүн аталган телеграм каналына кошулуу зарыл.

Чыракка май керек!
«Чырак» долбоору Aidana Tech Talk, Чөйрө жана Jyldyz Academy тарабынан түзүлгөндөн бери буга дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүндө иштеген активисттер жана санариптик көчмөндөр колдоо көрсөтүүдө. Алардын баарынын мүдөөлөрү жана максаттары бир: Отуз жылда ордунан очорулуп тура албай жаткан Кыргызстанды бир аз да болсо өргө тартуу. Анткени баарыбызга белгилүү ар кандай себептердин негизинде башка чара калбагандай. Адамдар билим менен өз мүмкүнчүлүктөрүн кеңейте баштаганда гана, өз жашоосун тургуза алганда гана коомдо туруктуу өзгөрүү болушу мүмкүн. Ошондуктан адамдарды жергиликтүү структуралардан, билим системасынан жана мекемелеринен, башка кишилерден жана жашоо шарттарынан көз карандысыз, колунда болгон нерсеси менен билим алып алууга мүмкүнчүлүк берген «Чыракка» окшогон долбоорлор азыр абдан керек. Бул адамдардын фундаменталдуу делген билим алуу укугун берет, социалдык жана гендердик теңсиздикти жоюуга өбөлгө түзөт, сырткы ар кандай факторлордон көз карандылыкты азайтат, эркиндикти кеңейтет. Андан дагы өткөндө «Келечек» долбоорунун жыйынтыктоо жолугушуусунда бир студент кыз «маалымат технологиясы (IT) бизди – ар кандай жаштагы, диний көз караштагы, айылдагы, шаардагы жана чет өлкөдөгү адамдарды бириктирип жатат, бизде канчадан бери издеп жүргөн коомдук идеология пайда болгондой» деди. Биз үчүн билим алдында биригип, билим менен өнүккөндөн өткөн, андан артык, андан жакшы, андан туруктуу идеология барбы, кандай дейсиңер? Ошон үчүн бул «чыракка» жана башка «чырактарга» ар тараптан май куюп, биликтерин улап-жаңыртып, шишелерин тазалап турушубуз керек.

Автор: Махабат САДЫРБЕК
Л
ингвист, эл аралык саясат таануучу, юридикалык антропология илимдеринин доктору, Халле шаарында Макс-Планк илимий изилдөө борборунда изилдөөчү

7 comments
  1. Чоон рахмат долбоордун уюштуруучуларына таазим

  2. Аллахым раазы болсун ушул Чырак долбооруна ж.б. Демоорчулоруно! Баарыбызга ийгилик каалайм! Буюрса тилеген максатыбызга жетели айымдар🙏🙏🙏

  3. Жакшы долбоор экен,долбоордун артында ийгиликке жетишкен айымдар көп болсо экен!

  4. Саламатсынар,кандай сонун мумкунчулук айымдарга. «Чырак» долбоорун тузгонунуздор учун чон таазим 🙏

  5. I am very thankful for Aidana eje .I am going to learn IT and l hope l will learn..

  6. Бул долбоордон коп нерсени кутобуз.Буюрса болгон кучубузду жумшап ,эч талыкпастан,зона комфортадан чыгып,коп нерсени уйронгонго аракет жасайбыз..Уюштуруучуларга терен ыраазычылык.

  7. Алган илимибизби Аллахым берекелуу кылсын🤲 Рахмат сиздерге. Chyrak the BEST👍👍👍

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You May Also Like

Германиядагы кыргыз диаспорасы жана уюмдар

Алгачкы миграциялык агым Мен бул макалада «диаспора» деген терминди «өз тарыхый мекенинен…

Махабат Садырбек, политолог: «Ангела Меркелдин доору»

«Ангела Меркелдин доору» тууралуу Мен бул макалада «Ангела Меркелдин доору» тууралуу өзүмдүн…
Uncategorized

Караанына зар кылган «кадр саясаты»

Караанына зар кылган «кадр саясаты» Акыркы эки айда көп жылдан бери Бириккен…

Махабат Садырбек, юрист-антрополог: Кыргызстан-Германия түз аба каттам маселеси

Эки өлкөнүн ортосундагы байланыш Мен өзүмдүн мурунку макаламда кененирээк сүрөттөп кеткендей, Европа…