Сүрөттүн автору Бегимай Мамытова

Көп тилдүүлүк
Адам сүйлөп чоңойгон түп нуска тил алардын биринчи тили же эне тили катары белгилүү. Эки тилде сүйлөп чоңойгон адамды бир эле учурда эки тилдүү деп аташат. Эгер ал кийинчерээк экинчи тилди үйрөнсө, анда ал ырааттуу кош тилдүү болот. Анын дагы бир нече тилди үйрөнүүсү же көп тилдерде натыйжалуу баарлашуу жөндөмдүүлүгү көп тилдүүлүк деп аталат. Бир нече тилде сүйлөй алган адамды бир тилдүүнүн карама-каршысы катары көп тилдүү же полиглот деп атап жүрөбүз. Алар 4-5 тилден тарта 20-30 тилге чейин өздөштүрүп ала алышат. Андай полиглотторго Египеттин ханышасы Клеопатра, итальян кардиналы Джузеппе Гаспаро Меццофанти, немис философу Фридрих Энгельс, венгриялык котормочу Като Ломб, орус жазуучулары Лев Толстой, Александер Грибоедов жана Иван Крылов сыяктуу тарыхый инсандар кирет. Учурдун белгилүү полиглоттору деп мажарстандык (венгр) Иштван Даби, канадалык Стив Кауфман жана ирландиялык жазуучу Бенни Льюис эсептелет.
Мен кесибим аркылуу буга чейин дипломатиялык жана илимий чөйрөдө эмгектендим. Эки чөйрөдө тең көп тилдүү адамдардын курчоосунда болдум. Айрыкча Еврокомиссияда бир канча адамдардын 10-12 тилде эркин сүйлөгөндөрүнө, анан дагы жаңы тилди үйрөнүп жүргөндөрүнө күбө болдум. Албетте көп тилдүүлүк – дипломатиянын эң маанилүү бөлүгү. Саясий аренада экинчи тарап менен ортодо котормочусу жок түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн мааниси абдан чоң. Академияда болсо, көп тилдүүлүк дипломатиядагыдай интенсивдүү болбосо да Макс-Планк, Фрауенхофер, Лейбниц же Роберт Кох сыяктуу чоң илимий изилдөө борборлорунда изилдөөчүлөрдүн 3-5 тилдүү болушу адаттагы көрүнүш. Бардык эле тармактардай, илимий ачылыштар жана макалалар эң көп англис тилинде жарык көрөт, конференция-воркшоптор англис тилинде өтөт. Англис тилдүү журналдарга илимий макала жазуу ар бир академик үчүн шарт. Жогоруда аталган илимий институтта 5-6 адам чогуу илимий долбоордун үстүндө иштей турган болсо, анда абдан жогорку деңгээлде англис тилинде жазып, сүйлөп, баарлаша билиш керек. Анткени кыска мөөнөттө абдан чоң көлөмдөгү маалыматты алып, анын негизинде изилдөө үчүн теоретикалык жана методикалык базаны түзүп чыгарып, изилдөөнү башташ керек.

Тил үйрөнүүнүн мааниси
Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө көп тилдүүлүккө өзгөчө көңүл бурулуп, билим берүү системаларында мектеп болобу, жогорку окуу жайы болобу көп тилдүүлүктү өнүктүрүү аракеттери жасалат. Буга ар кандай илимий жана идеологиялык себептер, ошондой эле коомдогу түшүнүктөр негиз болот. Алар бизге дагы тиешелүү болгондуктан, аларды жалпылап атай кетейин. Биринчиден, бир гана тилди колдонуу мүмкүнчүлүгү бар адамдын чөйрөсү тар, мүмкүнчүлүгү аз болот, анткени ал ошол гана тилдеги маалыматтарды ала алат, ошол гана тилде пайда болгон булактарга көз каранды жана ошол гана тилде иш алып бара алат. Экинчиден, башка тилди үйрөнүү – мээни өрчүтөт. Анткени адам башка тилди үйрөнүп жатканда, сөздөрдүн жана сүйлөмдөрдүн эки варианты менен алек болуп, мээ бир нерседен экинчи нерсеге которулганга (ор. переключение) үйрөнө баштайт. Натыйжада ал адам стресс учурунда жана адаттан тышкаркы кырдаалдарда (ор. нестандартные ситуации) батыраак ойлонуп, батыраак чечим кабыл алат. Үчүнчүдөн, тил үйрөнүүдө адамдын логикалык ой-жүгүртүүсү жакшырат жана концентрациясы жогорулайт, ошондуктан ал бир нече тапшырманы аткаруу режиминде иштей алат. Төртүнчүдөн, адамдын эске тутуу жөндөмү курчуйт, анткени адам тил үйрөнүүдө жаңы тамга, жаңы сөз, жаңы тилдин структурасы жана грамматикалык эрежелери болуп, абдан чоң маалыматты кабыл алып баштайт. Бул процессте эске тутуу менен кошо бир нерсеге толук көңүл коюу жөндөмү өөрчүп өнүгөт. Бешинчиден, чет тилди үйрөнүү – мээни аракетке келтирет. Бул болсо, окумуштуулар тарабынан изилденип айтылгандай, Альцгеймер (алжып калуу) оорусуна каршы эң таасирлүү профилактикалардын бири. Европада жашы өйдөлөп бара жаткан же пенсияга чыккан адамдар бул оорунун алдын алуу үчүн көп учурда жаңы тилди же башка жумшак жөндөмдүүлүктөрдү (анг. soft skills) үйрөнүп башташат. Алтынчыдан, тил – ар бил элдин маданий казынасы, руханий дүйнөсү жана байлыгы. Башка элдин тилин билбеген адам, ошол элдин дүйнөсүн жакшы таанып, тарыхын жана маданиятын үйрөнүп, тажрыйба топтой албайт. «Канча тил билсең ошончо кишисиң» же «Экинчи тил билгениң, экинчи жанга ээ болгонуң» (анг. To speak a second language is to possess a second soul; нем. Eine weitere Sprache zu sprechen ist wie eine zweite Seele zu haben) деген эл аралык макалдар башка тилди үйрөнүүнүн маанисин таамай ачып беришет. Дагы кыстара кетчү нерсе, Европа Биримдигинде улуттук, маданий жана лингвистикалык көп түрдүүлүккө карабастан, 27 өлкө бири-бири менен саясий, экономикалык жана социалдык тармактарда абдан тыгыз байланышта. 1986-жылдан берки Европа Биримдигинин ичинде товардын, кызматтын, капиталдын жана адамдын тоскоолсуз кыймылдоосуна берилген эркиндиги жана кепилдиги, европалыктарга башка тилдерди үйрөнүү үчүн чоң мотивация берет.

Көп тилдүүлүк – учурдун талабы
Албетте, биздин эне тилибиз мамлекеттик тил катары расмий статуска ээ экендиги биз үчүн чоң жетишкендик. Анын толук жана кеңири колдонулушу натыйжалуу тил саясаты аркылуу камсыз кылынышы керек. Андан тышкары Кыргызстанда билингвизм орун алган. Дүйнөдөгү көп сүйлөнгөн тилдердин катарына кирген орус тили Кыргызстанда расмий статуска ээ. Жаштар орус тилин кыргыз тили менен кошо алып кетүүгө аракет кылыш керек. Анткени орус тили маалымат булагын пайда кылууда англис, кытай, араб, индус, франсуз жана испан тилдеринен эле кийинки орунду ээлейт. Бул тилди билүү менен биз ааламдашуу доорундагы тренддерден, өнүгүүлөрдөн четте калбайбыз. Көп тилдүүлүк – азыркы ааламдашуу доорундагы чакырык. Учурдагы заманбап информациялык технологиялардын убагында дүйнө жүзүндө эмес, бир мамлекетте 1-2 тил менен оокат кылуу кыйындап баратат.

Жогоруда айтып кеткендей, башка өлкөгө жөнөкөй кара жумушка кетсең дагы, ошол өлкөнүн тилин сүйлөгөнгө мажбурсуң. Ошол себептен биз үчүн маалымат технологиянын тили болгон дүйнөлүк тилдердин бирин билүү зарылчылыгы күч алууда. Ага албетте англис, испан, кытай жана башка тилдер кирет. Англис тилин дүйнө тили деп да койсок болот, ал окууда, адистик билим алууда, иште, илимий изилдөөдө, саякатта жана өз алдынча өнүгүүдө керек. Тил – бул ресурс, ал адистердин дүйнөлүк эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болуу мүмкүнчүлүгүн арттырат. Буга жараша көп тилдүүлүк азыр кыргыз жаштарынын арасында да көбөйүүдө. Айрыкча чет өлкөдө окуп, иштеген кыргызстандыктардын көбү кыргыз, орус, англис тилине кошуп, дагы бир же андан көп тилди билет. Мындай полиглоттор Кыргызстанда көп эле деп ишенем.

Тилди үйрөнүүнүн сыры менин өз тажрыйбамда аны өзүнчө бир жумуш же машакат катары кабыл албаганда дейт элем. Жаңы тил – жаңы дүйнөнүн эшиги, ага баш багып, ичинде эмне болсо, аларды карап көрүп, угуп же ойноп, мээнин потенциалын текшерип, эксперимент жасап көрүш керек. Андан тышкары тил үйрөнүү – дин тутуу сыяктуу жеке иш жана тандоо. Ал адамдын каалоосунан, ниетинен, максатынан жана дисциплинасынан көз каранды. Ар бир адам тынымсыз эмгектенүү аркылуу ар кандай тилди эң жакшы деңгээлде өздөштүрүп кетсе болот. Андан дагы кызыгы, ар бир чет тилди үйрөнүүдө эне тилдин баасы-баркы көтөрүлүп, мааниси тереңдейт, ал эми башка тилдер дагы билинбей жакшырат. Демек, тилди билүү – эбегейсиз интеллектуалдык байлыкка ээ болуу дегенди билдирет. Кыргызстанда кош тилдүүлүк дагы, көп тилдүүлүк дагы өнүгө берсин.

Автор: Махабат САДЫРБЕК
Л
ингвист, эл аралык саясат таануучу, юридикалык антропология илимдеринин доктору, Халле шаарында Макс-Планк илимий изилдөө борборунда изилдөөчү

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…