Мугалим – экинчи ата-энеби?
Балдарга ким көбүрөөк тарбия берет – ата-энеби же мектеппи? Мен ушул суроону 2012 – 2013-жылдары Кочкордо жүргүзгөн изилдөөмдө көптөгөн ата-энелерге бердим. Арасынан «албетте ата-эне тарбия берет, кантип эле мектеп 4–5 сааттын ичинде балага тарбия бере алсын» деген жоопту алдым. Ал эми Кочкор айылынын молдосу: «Балага тарбияны ата-эне бериш керек эле, ал эми мектеп таалим бериш керек. Бирок ата-энелер бүгүнкү күндө балдарга тарбия берүү милдетин мектепке жүктөп койгон», – деди. Чындап эле, эмгек миграциясынын айынан ата-энелер балдарын чоң ата, чоң энесине же туугандарына таштап кеткен үй-бүлөлөр көп. Ошондой эле, кээ бир ата-энелерден «балдарыбызды багабыз деп эртеден кечке базарда иштеп, кечинде буттарыбызды араң сүйрөп келебиз. Балдарга тарбия бергенге да алыбыз келбей калат» деп айткандар да болду.

Союз учурунда мектеп балдарга негизги билимден тышкары тарбияны да бергенин унутпасак. Орто жана жогорку окуу жайларда көп күч-аракеттер академиялык билим берүүгө гана эмес, советтик баалуулуктарды жайылтууга жана советтик инсанды (новый советский человек) өстүрүүгө жумшалган. Ал доордо калыптанган тажрыйба дагы деле бүгүнкү күнгө чейин колдонулат. Мисалы, Кочкордогу мугалимдер балдарды адеп-ахлактык (моралдык) жактан тарбиялоого чоң жоопкерчилик менен мамиле кылгандыгын байкадым. Чынында эле, Кыргызстанда балдарды өстүрүүдө жана тарбиялоодо мектептердин ролу чоң. Мектеп балдардын толук кандуу өсүшүнө карата көптөгөн иш-чараларды өткөрөт. Мисалы, Кочкордун бир мектебинин 2012-жылдагы окуудан тышкаркы программасына таянсам, балдарды ыймандуулукка, ынтымакка, тартипке жана эмгекке үндөгөн жана кыргыздын салт-санааларын үйрөткөн ар кандай иш-чаралар пландаштырылып өткөрүлүп турат. Андан тышкары тарбияга гана байланыштуу эмес, ден-соолукка байланыштуу маалымдоо жана алдын-алуу иш-чаралары да жүргүзүлөт.

Бир жолу Кочкордо мугалимдер «рейд» тууралуу сүйлөшүп калышты. Эмне болгон рейд деп сурасам, кечки саат сегизден кийин мугалимдер кезеги менен көчөдө жүргөн балдарды текшерип чыгып турушкандыгын айтышты. Мугалимдердин айтымында, балдарынын түнкү жашоосун көзөмөлдөө – бул мугалимдин эмес, ата-энелердин милдети эле, бирок тилекке каршы көптөгөн ата-энелер балдарын көзөмөлгө алышпайт деген нааразычылыктарды билдиришти. Чынында эле, мындай рейддер кечинде гана эмес, күндүзү да жүрүп турганына өзүм да күбө болдум. Бир жолу интернет-кафеде отуруп Германиядагы илимий жетекчиме электрондук кат (e-mail) жөнөтүп жаткам. Жанымда бир кичинекей мектеп окуучусу компьютерде оюн ойноп отурган. Бир маалда ал жерге мектеп мугалими кирип келип калды. Жанымдагы бала аны көрүп, бүрүшө түштү. Көрсө, ал окуучу сабак учурунда «ичинин ооруганына» шылтоолоп суранып, үйүнө барбастан, интернет-кафеге келип, компьютер оюнун ойноп жаткан экен. Ошол жерден мугалим ал баланы сөз менен такалап, алып чыгып кетип калды. Албетте мугалимдердин мындай мектептен сырткары ролдору жана көзөмөлдөрү чоң шаарлардан айырмаланышы мүмкүн. Бирок Кочкордун мисалында бекеринен мугалим – менин экинчи ата-энем деп айтылбаса керек.

«Адеп» сабагы
Мектептин дагы балдарга тарбия берүүсүндө эң маанилүү иш-аракет – бул «Адеп» сабагынын улуттук окуу программасына киргизилиши. 2012-жылдардагы изилдөөм жаңы башталган учурда мектепте окутулган «Адеп» сабагынын 1–2 класстар үчүн китептерин барактап караганымда көп жакшы мазмундагы темаларды байкадым. Мисалга алсак, адептүү жана ыймандуу болуу, ата-энеге, улууларга жана бир- туугандарга карата мамиле, дасторкондо отуруу адеби, жолдо жүрүү эрежелери, жаратылышка болгон мамиле, ж.б.у.с. темалар каралган экен. Менин байкоомдо бул абдан керектүү сабак.

Бул сабак 2000-жылдардын башында окуу планына киргизилип, 1-класстан 11-класска чейин окутулуп келген. «Адеп» сабагынын максаты – өзүнүн коомдогу ордун билген, адамдык сапаттарга ээ болгон, жана салттык баалуулуктарды өздөштүргөн адептүү баланы тарбиялоо. Башында «Ыйман» деген ат менен кирип, бир-эки жылдан кийин «Адеп» деп аталган. Мындай аталыштын себебине, Кочкордогу мугалимдин айтымында, жергиликтүү диний өкүлдөрдүн окутулган сабактардын мазмунуна киришип текшере баштагандыгы болду. Тилекке каршы, мен Кыргызстанга кайра 2021-жылдын аягында келгенимде, «Адеп» сабагы жеке сабак катары окуу программасынан алынып салынганын билдим. Жогорку класстарда канча жылдан бери бул сабак «Адам жана Коом» сабагынын ичине киргизилген экен. Ал эми башталгыч класстарда жакынкы арадан баштап «Мекен Таануу» сабагынын алкагында кыскача өтүлөт экен. Мугалимдер менен маектешкенимде «балдар азыр адепсиз, мугалимди сыйлашпайт, тыныгуу учурунда коридордон сүзүп кетишет» деп бул сабактын окуучуларга тартипти, улууну урматтоону жана өзүн туура алып жүрүүнү үйрөтүүгө керек болгондугун белгилешти. Кээ бирлери президенттин диний сабактарды мектеп программасына киргизүү ниетин айтышып, «бул сабак кайра «Ыйман» деп кирип, диний адамдар тарабынан окутулуп калат го…» деп да чочулашты. Эгер кирип калса, «ал сабакты ким өтөт – диний тармактагыларбы же мектеп мугалимиби? Ошондой эле ал сабак кандай мазмунда өтүлөт – динийби, салттыкпы же …?» деген суроолор дагы эле ачык бойдон калууда.

Туура тарбия деген эмне?
Кыргыздар үчүн «тарбия» – абдан маанилүү түшүнүк. Бардык ата-энелер балдарына тарбия керек экендигин айтышат жана туура тарбия бергиси келишет. Бирок ошол «туура тарбия деген эмне?» деген суроого жооп берүү оңой эмес. Айрыкча биз азыркы учурда көптөгөн сырткы агымдарга кабылып, ар кандай баалуулуктарга туш болгон кезде туура тарбия берүү маселеси өзгөчө курч турат. Антропологияда тарбияга байланыштуу эки түшүнүктү белгилеп кетет элем. Булар – социализация (англ. socialization) жана инкультурация (англ. enculturation).

Инкультурация – бул адам баласынын жашап жаткан чөйрөсүндөгү маданий өзгөчөлүктөрдү, символдорду, баалуулуктарды, ишенимдерди өздөштүрүүсү. Ал эми социализация – бул ошол адамдын коомдун талаптарынын негизинде жеке (англ. individual) жана коомдук инсан (англ. social person) катары калыптануусу болуп эсептелинет. Демек, биз тарбияны кыргыздын салттык баалуулуктарына гана байланыштырбастан, балдарды азыркы учурга керек болгон заманбап талаптарынын негизинде өстүрүүнү көздөшүбүз керек болот. «Адеп» же «Ыйман» деген ат менен киреби, кандай болсо да балдарды максаттуу түрдө тарбия берген сабак негизинен окуу программасына киргизилиши зарыл. Анын ичинде кыргыздын каада-салтын жана баалуулуктарын, Ислам дини жана башка диндерди окуткан, ошону менен бирге жарандык сабаттуулукту жана патриоттук сезимдерди көтөрүүгө багытталган окуу программасы түзүлүп, атайы кадрларды даярдоо максатта тренингдер өтүлүп, керектүү окутуу куралдары түзүлүшү керек.

Балдарды тарбиялоодогу ата-эненин жана мугалимдин (демек, мектептин жана ошондой эле мамлекеттин) ролу канчалык? Балдарга ким көбүрөөк тарбия берет – ата-энеби же мектеппи? деген суроого «бүгүнкү күндө ата-эне мектептин жардамысыз балдарды өстүрүүгө алы келбейт. Ошондой эле мектеп дагы ата-эненин жардамысыз балдарга билим жана тарбия бере албайт» деп айткан Кочкордогу бир мектептин тарбия завучунун (окуу бөлүмүнүн башчысы) сөзүн белгилегим келип турат. Ал ойду Бишкектеги башталгыч класстардын окуу бөлүмүнүн башчысы да бөлүшүп, тарбияны кушка салыштырып: «Мисалы куш эки канаты менен учат. Бир канаты ата-эне болсо, экинчи канаты – бул мугалим», – деди. Чындап эле, куш бир канаты менен уча албайт да! Тарбия – өтө комплекстүү процесс жана аны ата-эне, мугалим, мамлекет, жана коом абдан чоң жоопкерчилик менен кабыл алуусу күтүлөт.

Автор: Бактыгүл ТУЛЕБАЕВА
Франкфурт-на-Майне шаарындагы Гёте Университетинин Антропология факультетинде окутуучу жана изилдөөчү. Докторлук ишин Кыргызстандагы балдар тууралуу жазып, аны Гёте Университетинде 2017-жылы ийгиликтүү жактаган.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…