Германиянын саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздоо тармактарында жумушчу күч жетишпей жаткандыгына байланыштуу акыркы жылдарда бул тармакта жумуш орун издеген Кыргызстандыктар да көбөйүүдө. Буга карата биздин мамлекетибиз дагы медицина кызматкерлери үчүн башка өлкөгө кесиптик миграция аркылуу кетүү жолдорун женилдеткен. Албетте мындай суроо-талапты канааттандыруу максатында жумуш карагандар менен жумуш орун бергендерге ортомчулук кылган агенстволор да жүздөп саналат.
Бул макалада мен Кыргызстандык билим-тажрыйба менен көп каражат коротпостон жана ортомчуларга алданбастан кантип медициналык кызматкер катары Германияга сапар алса болоорун маалымдап берсем. Албетте, эмгек миграциясындагы эреже-майзамдыр бат-баттан ар кандай өзгөрүүлөргө учурап тургандыктан, башкаларга алып жаткан маалыматтарын улам жаңылап турууну сунуштайм. Мен биринчи кадамдарды интернетте ушул темада керектүү маалыматтарды алуу жана немис тилин үйрөнүү менен баштадым. Медицина кызматкери албетте адамдар менен иштешет, алар менен сүйлөшүп, мүдөөсүн түшүнүп, ага тиешелүү жооп кайтарганды билиш керек. Алардын ден-соолугу биздин ишибизден көз каранды болгондуктан жоопкерчилигибиз чоң. Ошондуктан жумуштан тышкаркы убакытта немис тилине абдан көңүл бурууга далалат кылдым. Б1 же Б2 баскычындагы немис тили бардык эле жерлерде башкы талап болуп эсептелет. Ошол эле маалда Германиянын кызмат агенттигинин (Arbeitsagentur) сайтынан да түз жумуш орундарын карап жүрдүм. Андан тышкары Германиядагы көпчүлүк бейтапканаларынын интернет баракчасында чет элдик кызматкерлер менен иштешүү деген бөлүмү болот. Ал жерде бардык маалыматтар камтылып, айрым учурда ишенимдүү кызматташ эмгек агенстволор да аталат. Ошондой бир жолдор мени аягында RecruitMed компаниясы менен байланыштырып калды.

Даярдануу жана Германияга келүү
RekrutMed компаниясы менин жергиликтүү диплом, иш тажрыйбамды жана немис тил сертификатымды көргөндө, дароо эле ылайыктуу кандидат катары карап, мени жумуш орун табууга даярдай баштады; документтерди котортуу жана текшертүү үчүн кеткен каражаттарды өздөрү моюндады. Көп өтпөй Лейпциг шаарындагы Европанын эн алдыңкы жүрөк, кан тамыр ооруканасы (Herzzentrum Leipzig) менен маек кылдым. Ырас бул маектешүү абдан ийгиликтүү болуп, мен бул ооруканага бардым документтерди жибердим. Ал эми билимдин деңгээлин текшерүү, аны Германиядагы билимге теңдөө, кем-карчын толуктоо үчүн кантип, кайда жана канча мөөнөттө деген суроолордун баарына сунуштар даярдалат экен. Тактап айтканда, кыргыз дипломдогу сабактардын саны эсептелип, кайсыл тармакта канча саат практика же теория жетишпегендиги тууралуу тыянак чыгарылат (Defizitbescheid). Бул эң негизги, эң көп убакытты жана сабырдуулукту талап кылган процесстердин бири экен. Бул үчүн документтин баарын толуктап, аларды тигил-бул мекемелерге (мисалы ZAB) тиешелүү формада жиберүү мен үчүн компаниянын жардамысыз ишке ашпачудай, ичке ашса да көп убакыт-уабара талап кылчудай сезилди. Айтор, бул дефицит маалымдама алгандан кийин, жумушка уруксат келди. Эмгек келишими менен виза алуу бат эле ишке ашты, жогоруда аталган компания болсо документ, нотариус жана виза ж.б.у.с кеткен бардык  чыгымдарды көтөрүп, жол киремдин каражатын дагы төлөп, кыскасы мени толук колдоого алды. Германияга келгенде оорукананын кызматкерлери үчүн тургузулган жатаканасында орун алып, RekrutMed компаниясынын коштоосунда тиешелүү мекемелерге барып, бардык кагаздарымды бүтүрө баштадым. Кыргызстандан алган билимин бул жерде текшерүүдөн өтүп, жетишсиз деп табылган сабактардан менде окуу планы түзүлдү, ошого жараша мен азыр иштеп жана теорияны окуп жатам. Окуунун аягында практикалык жана теориялык экзамендин негизинде менин дипломум толук таанылып (Anerkennung) болуп, кадимки жергиликтүү медайымдардай иштеп баштайм. Немис тилин жакшы билүү окууда жана иште ыңгайлуу шарт түзөөрүн дагы бир жолу белгилеп кетким келет.

Үй-бүлөөнү алып келүү
Германияга кетүү максатын койууда мен албетте ар бир айым сыяктуу үй-бүлөмдү ала кетүүнү ойлонуп, жолдорун издегем. Алган маалыматтардын негизинде эгерде өзүм ийгиликтүү жумушка орношсом, үй-бүлөмдү ала кетүү мүмкүнчүлүгү бар экенин билдим. Менин айлык маянам көрсөтүлгөн эмгек келишимимдин жана жумуш беруучунун бул жактан баш баанек менен камсыз кылуу кепилдигинин негизинде жолдошум жана эки балам үчүн виза алуу кыйын болгон жок. Бир гана жолдошумдан немис тилинин А1 денгээлиндеги сертификатын алуу талабы коюлду. Кесиптик миграция менен келген адамдар үчүн үй-бүлөөсүн көчүрүп келүүдө (Familiennachzug) коюлган негизги талаптар ушулар. Акыркы маалыматтарга ылайык медициналык кызматкерлердин кошо же кийин келген үй-бүлөө мүчөлөрүнө тил билүү талабы коюлбай калыптыр. Бирок тил билүү келген адамдын иш табуусуна, өнүгүүсүнө жана коомго аралашуусуна мүмкүнчүлүк берет.
Кыскасы, учурдагы эмгек миграцияда мүмкүнчүлүктөр жана мыйзамдар мага абдан пайдалуу болду: Өзүмө жаңы өлкөдө жумуш орун таптым, үй-бүлөөмө өзүм менен чогуу виза алдым, жолдошум болсо келээри менен жумуш табуу уруксатын алды, көп өтпөй ишке да орношту, балдарыбызды 2-3 айдан кийин алып келип, убагында мектепке бердик. Азыр Лейпциг шаарынын чет жакасында өз алдыбызча батир алып, тиричилик кылуудабыз. Баарыбыз немис жашоо шартына ылайыкташып, жашоо нугуна көнүп калдык.

Автор: Гүлдана КОЧКОРОВА
Херццентрум Леипциг

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…