Сүрөт envatoelements сайтынан алынды

Аусбилдуңга чейин
Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair, FSJ/FOeJ/BFD, Logo, Prax, Deutschkurs жана башка программалар аркылуу Германияга сапар алышат. Аталган программалар кыргызстандык улан-кыздар үчүн дагы Германиянын босогосун аттоого чоң мүмкүнчүлүктү тартуулайт. Мунун аркасы менен жаштар Европа өлкөлөрүн кыдырып, алардын маданияты менен таанышып, жергиликтүү коомго интеграция болуп, немис тилин өздөштүрүп, дүйнө таанымын кеңейтишет. Бул программалар үчүн виза 6 айдан 12 айга чейин берилет, айрым учурда дагы 6 айга узартылат. Кыргыз жаштары бул учурда Германиянын жашоосуна ыктап, мыйзам-укуктар менен таанышып, немис менталитетине көнүп, айрыкча дисциплина кармаганды, убакытты туура пайдаланганды, күнүмдүк режимди сактаганды, индивидуалдык таризде окуу-жумушту уюштурганды, маалымат алганды үйрөнүп жана социалдык системадан пайдаланып калган болушат. Бул процесстен өткөн адам өзү үчүн чоң өнүгүү жасаган болот жана андан аркы кадамдарды караштыра баштайт. Мында билим алуудан башка деле чоң тандоо жок, анткени Германияда кара жумуш менен иштөө мүмкүнчүлүгү жокко эсе. Ал эми билим алууну көздөгөндөр үчүн жергиликтүү билим берүү системасы абдан баалуу жана арзан, аны менен бирге немис диплому дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө жылуу кабыл алынат. Болгону билимдин кайсыл түрүн, кайда, кандай шартта жана кандай талаптардын негизинде алуу керек деген суроолор менен алек болуу керек. Кесиптик билим алуу менен бирге акылуу жумушка кирүү мүмкүнчүлүгүн берген Ausbildung программасы чоң “табылга”. Себеби, бул Германияда калуунун эң жөнөкөй, арзан жана эффективдүү жолу.

Ausbildung / Аусбилдуң
Ausbildung
– кесиптик билим берүү, биздин тилде, техникум же колледж; айрым учурда Berufsausbildung деп дагы айтылышы мүмкүн. Ал мектепти (көбүнчө Realschule) аяктаган соң кандайдыр бир кесипке ээ болууну көздөгөн жергиликтүү 20-30 жаштардагы улан-кыздарга арналган. Бирок учурда суроо-талапка ылайык сырттан келгендер үчүн дагы бул орто окуу жайда окуп, бир кесипке ээ болууга уруксат берилген. Андан дагы бул программа Duales Studium деген бакалавр даража менен коштолгон жаңы окуу процесси менен кеңейтилген. Башкы талаптарга немис тилин аз дегенде B1/B2 деңгээлинде билүү, айрым жерлерде маектен, айрым жерлерде атайын тесттен (нем. Eignungstest) өтүү кирет. Окуу мөөнөтү адатта 3 жылга созулат. Теоретикалык окуу процесси мекеме, ишкана же өндүрүштөгү практикалык тажрыйба алуу менен айкалышат. Ошондуктан бул жерде кадимкидей эле жумуш берүүчү менен окуучу же студенттин (нем. Auszubildende, кыскача Azubi) ортосунда келишим түзүлөт.

Аусбилдуңдун артыкчылыктары
Окуу учурунда студентке стабилдүү акы төлөнөт же стипендия берилет (600-1300 евро/айына) жана ал адатта жыл сайын көбөйүп турат. Айрым учурда жумуш берүүчү ишкана ацубилерди жатакана менен камсыз дагы кыла алат. Андан тышкары көпчүлүк учурда коомдук транспортко белет, тамакка талон, ал эми коомдук, маданий, спорттук жайларга скидкалар, же дагы башка мекемеге байланыштуу белектер (мисалы, компьютер ж телефон ж.б.) жана жашоого керектүү жеңилдиктер берилет. Aусбилдуң ийгиликтүү соңуна чыкса, мамлекеттик үлгүдөгү орто кесип тууралуу диплом ыйгарылат. Чет өлкөлүк жаштар орто окуу жайында өткөргөн 3 жылда Европада жашоо үчүн виза, стабилдүү айлык акы жана социалдык пакет менен камсыздоого ээ болот. Андан тышкары окуган жерде жумушка орношуп, иштеп калуу мүмкүнчүлүктөрү да жок эмес. Жумуш орунга ээ болгон адам Германияда туруктуу жашап калууга жана кааласа Германиянын жарандыгын алса дагы болот; андан тышкары билимин жогорку окуу жайларда (Fachhochschule, Universität) улантуу менен өзүнүн жумуш-маяна шарттарын жакшыртып алса болот. Туруктуу иши бар адамга чет өлкөдөн үй-бүлөсүн жана жубайын Германияга алып келүүгө уруксат берилет. Азыркы тапта Ausbildung программасында төмөнкү адистиктер камтылган: отелдеги жана ресторандагы тейлөө адиси, коомдук жайдагы тамак-аш тармагын уюштурган менеджер, технолог, ашпоз, медицина кызматкери, стоматологдун ассистенти, ветеринардын жардамчысы, социалдык ишкер, санитар, навайчы же кондитер, туризм жана эс алууну уюштуруу боюнча менеджер, айыл-чарба адиси, үй куруучу, түрлүү тармактагы сатуучусу-кассир, касапчы, сантехник, айдоочу, электрик, мехатроник, логистикер, айтишник ж.б.
Ausbildung боюнча бардык маалыматтарды камтыган сайттарга AZUBIYO, AZUBI жана Arbeitsagentur кирет. Германиядагы кыргыз активисттери дагы социалдык тармактарда жана жеке видеотасма аркылуу бул окуу программасы тууралуу байма-бай маалымат беришип, суроо-жоопко чыгып турушат.

Авторлор: Айбек ШЕРГАЗЫ жана Махабат САДЫРБЕК

Бул макала маанилүү маалымат катары орус жана немис тилдеринен которулду

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…

Махабат Садырбек, антрополог: «Акыркы сабак» көркөм тасмасына рецензия

Дүйнөнүн чар тарабынан көрөрмандарды өзүнө тартып, кыргыз коомчулугунда  кызыгуу жараткан «Акыркы сабак»…