Эки өлкөнүн ортосундагы байланыш
Мен өзүмдүн мурунку макаламда кененирээк сүрөттөп кеткендей, Европа континентиндеги чоң жана активдүү кыргыз диаспорасы Германия Федеративдүү Республикасында орун алган. Тагыраак айтканда, немис жергесинде билим алып, эмгектенип жана орун-очок алып калган кыргызстандыктардын саны орто эсеп менен учурда 15 000 дин тегерегин түзөт. Кыргызстанга ар кандай таризде жардам берип, көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн он бешке жакын расмий жана бейрасмий уюмдар бар. Ошого жараша эки өлкөнүн ортосундагы кыймыл-аракеттер, барыш-келиш жана алыш-бериш интенсивдүү десек болот. Германияда отурукташып калган кыргызстандыктардын көбү бери эле дегенде бир жылда бир мекенге каттайт. Арасында жалгыз жолго чыккандар, жубайлар жана бала-чакалуу үй-бүлөлөр бар. Ишке, илимий изилдөөгө же бизнеске байланыштуу дагы сапарга чыккандар аз эмес. Кыргызстандан болсо ар кандай программалар менен агылып келген студенттер менен илимпоздордун саны дагы, алардын ар кандай иш-аракеттери дагы айдан-айга, жылдан-жылга өсүүдө. Германия ушул тапта Кыргызстандык адистердин эмгек миграциясы максатында бет алган өлкөлөрдүн ичинде алтынчы, ал эми Европа биримдигинин ичинде биринчи орунду ээлейт. Чет жердеги бала-бакырага коноктоп келгендер да аз эмес. Албетте каттам жай айларында күч алат, кышында болсо жаңы жылдын айланасындагы убакытты эске албаганда бир аз басаңдап калат.
Көкөйгө тийген транзиттик каттам
Тилекке каршы учурда Германиядан Кыргызстанга түз каттам жок. Ошондуктан бардык барыш-келиш транзиттик жол менен ишке ашат. Эң көп колдонулган учактар «Түрк аба жолдору» менен «Пегасус», айрым учурда болсо «Аэрофлот» авиакомпанияларыныкы. Учкандар бир учакка түшүп, 3-4 сааттан кийин кайра чыгып, бери эле дегенде 3-4 саат күтүп, анан башка учакка отуруп, аны менен дагы 5-6 саат абада болуп, айтор орто эсеп менен 15-18 сааттык сапар карытышат. Мындай узак жана түйшүктүү жол жүрүш балалуулардын жана улуу жашка барып калган адамдардын гана эмес бардык жүргүнчүлөрдүн көкөйүнө көк таштай тийип келет. Айрым учурда ортодо башка өлкөдө учак алмаштырып отурбай, тез арада ата-журтка жетип барыш керек болгон «жамандык-жакшылык» учурлар да болбой койбойт. Айтор, жол азабы – көр азабы дегендей, Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы түз аба каттамынын жоктугу акыркы жылдары орчундуу маселеге айланып бара жатат.
Түз каттамдын мааниси
Германиянын Франкфурт, Берлин, Көлн же Мүнхен сыяктуу ири шаарларынын биринен Бишкекке карай түз аба каттамы ачылса, анда учуу убактысы эки эсе кыскарат. Бул биринчиден Германияда жашаган Кыргызстандыктар, алардын тууган-туушкандары, элчилик менен консулдуктун кызматкерлери, жана ошондой эле кыска жана узак мөөнөткө келип-кеткен студенттер үчүн чоң жеңилдик болот. Андан тышкары түз каттам потенциалдуу жүргүнчүлөрдүн санын арттырышы толугу менен ыктымал. Аларга башка өлкөгө саякаттагысы келген эки өлкөнүн тургундары, илимий, саясий жана бизнес жолугушуулардын жана жарманке-көргөзмөлөрдүн катышуучулары, ошону менен бирге эски мекени менен байланышта калган Кыргызстандык немис тектүүлөр кирет. Журналисттер, илимпоздор, көркөм же документалдуу тасма жаратуучулар жана исскусство адамдары дагы түз каттамдын активдүү колдонуучулары болмокчу. Албетте бул эки тараптуу туризмдүн өнүгүүсүнө, инвестициялык мүмкүнчүлүктүн өсүшүнө, маданий жана илимий алмашууларга түздөн түз салым кошот. Дагы кошумчалай кетчү нерсе – потенциалдуу жүргүнчүлөр эки өлкөнүн гана жарандары менен чектелбестен коңшу өлкөлөрдүн жана ошол региондун дагы жарандарын камтышы мүмкүн.
Мурунку макалада белгилеп кеткендей, Германиядан ар түрлүү уюмдар жана жеке демилге аркылуу Кыргызстанга көптөгөн материалдык жардамдар байма-бай жиберилип турат. Алардын көпчүлүк бөлүгү буга чейин «BPD-Express», «Wenz-Transport» же «Janzen» сыяктуу жүк ташуу кызматтары аркылуу ишке ашып келет. Айрым материалдык жардамдар (мисалы ооруканалардын оор жабдыктары жана башка техникалык шаймандар) транспорт маселесине такалып, ишке ашпай да калганына күбө болуп жүрөбүз. Буга эл-аралык көргөзмөлөргө катышууну максат кылып, бирок чоң көлөмдөгү жүктү транзиттик учак менен алып келе албай калган кол-өнөрчүлөр дагы мисал боло алат. Түз каттам аркылуу мындай маселелер жарым-жартылай чечилип, андан сырткары жөнөкөй почта кызматы дагы ийгиликтүү ишке ашчудай. Немис жергесин байырлаган кыргызстандыктар албетте мекенден келген оокаттарга жана товарларга кызыкдар. Аларга эт-сүт азыктарынан тартып, дары-дармек, кургатылган мөмө-жемиш, ар кандай көлөмдөгү сувенирлер, а тургай жууркан-төшөк, кийиз-килем менен боз үйдүн жабдыктары кирет. Бул кайсыл бир тамак-аштар менен материалдык товарлардын эки өлкөнүн арасында экспорт-импорт болуусуна чоң өбөлгө түзөт.
Түз каттам үчүн кадамдар
Кыргызстандан башка өлкөлөргө ачылган түз учак каттамдар адатта ошол өлкөлөр менен болгон алыш-бериш менен барыш-келиштин жана ар кандай келишимдердин негизинде келип чыгат. Буга эмгек миграциясы менен туризмдин жана экономикалык алакалардын салымы чоң. Ошого жараша эң көп түз каттамдар Орусиянын, Түркиенин жана Казакстандын чоң шаарларына бар. Акыркы жылдарда Индияга, Дубайга жана Кувейтке түз каттамдар ачылды. «Кара тизменин» айынан Европанын өлкөлөрүнө Кыргызстандан түз каттам жокко эсе. Өткөн жылдан бери венгер «Wizz Air» авиакомпаниясы аркылуу ишке аша турган Будапешт-Бишкек түз аба каттамынын ачылышы талкууланууда. Аталган авиакомпания аркылуу Абу-Дабиге дагы түз учуу күтүлүүдө. Жогоруда белгилеп кеткендей, Германия менен Кыргызстандын ортосунда тыгыз жана туруктуу байланыш бар. Анын негизинде түз аба каттамды түзүү зарылчылыгы келип чыгууда. Бул маселени Германия Федерациясындагы Кыргыз элчилиги жергиликтүү кыргыз диаспорасы менен биргеликте бир канча жылдан бери талкууга алып келет. Тиешелүү мекемелер тарабынан кыргыз авиакомпанияларын Евробиримдигинин «кара тизмесинен» чыгаруу аракеттери дагы болгон.
Германиядагы кыргыз элчилигинин жаңы өкүлү менен бул маселе учурда кайрадан көтөрүлүп, ар кандай кадамдар каралууда. Кыргызстандын транспорт, архитектура, курулуш жана байланыш министрлиги тарабынан юридикалык жана каржылык шарттардын түзүлүшү абзел. Германиядагы кыргыз диаспорасы бул маселенин натыйжалуу чечилишине өз салымын кошууга даяр.
Автор: Махабат САДЫРБЕК
Макс-Планк илимий институтунда изилдөөчү