Алгачкы миграциялык агым
Мен бул макалада «диаспора» деген терминди «өз тарыхый мекенинен сырткары, башка өлкөлөрдө жашаган этностук топ» деген жалпы маанисинде колдономун. Бул түшүнүк боюнча учурда Германия Федеративдүү Республикасындагы кыргыз диаспорасы, орто эсеп менен, 15 000ден ашык кыргызстандыктарды камтыйт. Алардын алыскы немис жергесине сапар алуусу мындан отуз жыл мурда эки элдин ортосунда түзүлгөн дипломатиялык мамилелердин алкагында ишке аша баштаган. Алгачкы миграциялык агымды Кыргыз Республикасында жашаган миңдеген немис тектүүлөр түзгөн. Алардын өздөрүнүн тарыхый мекенине кетүүсү Совет доорунун кулашы жана улуттук кыймылдардын башталышына байланыштуу болгон. Алар менен катар ДААД (DAAD-Deutscher Akademischer Austauschdienst) мамлекеттик программасы аркылуу алгачкы немис тилин окуган жогорку окуу жайдын студенттери Германиянын ар кайсыл университтерине алты айлык жана бир жылдык мөөнөт менен окууга келе башташкан. Алардын катарына Суворов аскердик окуу жайынан жана «ХХI кылымдын кадрлары» программасы менен келген стипендиаттар кошулчу. Ошондогу мен таанып билген ДААД жыл сайын башка окуу жайларга кеңейип отуруп, учурда бардык илимий чөйрөнү камтыган ири программага айланды. Учурда ДААДдан тышкары Конрад Аденауер, Фридрих Эберт, Ханс Зайдел, Фридрих Науман, Герда Хенкел, Роза Люксембург, Фольксваген, Ерасмус ж.б.у.с. саясий жана маданий фонддор каржылаган стипендиянын булактары абдан көп. Тиешелүү программага катышуу изилдеген багытка жана окуган окуу жайга, ошондой эле бакалавр, мастер жана докторантура (бизде аспирантура) деген даражаларга да жараша болот.

Аu-Pair жана FSJ/FÖJ программалары
Токсонунчу жылдардын аяк жагында Кыргызстанда «ау-пэйр» (Аu-Pair) программасы ишке кире баштаган. Бул программа 18-26 жаштагы студенттерге бир жыл же алты ай немис үй-бүлөсү менен жашап, алардын балдарына каралашканча немис тил курсуна барып, тилди өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүн берет. Менин байкоомдо бул көптөгөн кыргызстандыктар үчүн Германияга келүүнүн бирден бир мүмкүнчүлүгү. Ошондуктан бул алгачкы тепкичтен учурдагы кыргыз диаспорасынын басымдуу бөлүгү өткөн десем жаңылыштык болбос.

Ау-пэйр программасына улай, 2005-жылдардан тарта 18-27 жашка чейинки кыргыз жаштары үчүн «Ыктыярдуу социалдык жана экологиялык жыл» (FSJ-Freiwilliges Soziales Jahr, FÖJ-Freiwilliges Ökologisches Jahr) аттуу программалар ачылды. Бул багыт менен келген жаштар алты айдан бир жарым жылга чейин Германияда ар кайсыл социалдык тармактарда волонтер катары эмгектенишет жана немис тилин өздөштүрүшөт. Бул программаларды аяктагандар Германиянын жогорку окуу жайларынан акысыз билим алууга аттанышат. Ал учурда көбүнчө өз арабасын өздөрү сүйрөп, студент катары кошумча жумуштар менен өздөрүн камсыз кылышат же стипендия алууга далалат жасашат. Акыркы он-он беш жылда Германияда айрым тармактарда жумушчу күчү тартыш боло баштагандыктан, чет-элдиктер үчүн училища-техникум сыяктуу орто кесиптик окуу жайларга тапшыруу мүмкүнчүлүгү көбөйдү. Анын негизинде азыр медициналык, техникалык жана тейлөөчү секторлордо окуп-иштеген (Аusbildung кылган) кыргыз жаштары абдан басымдуулук кылат.

EU Blue Card
Бара-бара жергиликтүү жана глобалдык суроо-талапка ылайык, акыркы он жылдын ичинде Кыргызстандан квалификациялык жумуш аркылуу (EU Blue Card) Германияга келгендердин саны көбөйө баштады. Суралган кесиптерге IT-адистиги, инженер, дарыгер, айыр-чарбачы жана башкалар кирет. Алар жогорку билимдеринин жана тажрыйбаларынын негизинде бир кыйла текшерүүлөрдөн (тил сертификаты, апробация, практика ж.б.) өтүшүп, андан кийин тиешелүү тармактарга ишке киришет. Айрыкча эл-аралык компаниялар жумуш орун берүүдө англис тилин жетиштүү деп карашы мүмкүн. ЕU Blue Card өмүрлүк жар жана үй-бүлөө менен Германияга келип, орун-очок алуунун учурдагы бирден бир мүмкүнчүлүгү.

Жалпы мүнөздөмө
Жогоруда айтылган мүмкүнчүлүктөрдүн негизинде окурмандарда Германия Федеративдүү Республикасындагы кыргыз диаспорасы, анын профили, ошондой эле анын башка өлкөлөрдөгү диаспоралардан айырмасы тууралуу маалымат пайда болду деген ойдомун. Жалпылап айтканда Германияга кирүүнүн шарты негизинен билимге, тилге, студенттик статуска жана жогорку квалификацияга байланган. Аталган критерийлер өлкөдө узак мөөнөткө жашап жана иштеп калуу үчүн дагы негизги талаптарга кирет; алар менен бирге активдүүлүк, бюрократиялык тосмолордон өтө билүү жана немис менталитетине ылайыкташуу зарыл. Албетте үй-бүлө мүчөлөрүнүн биригүүсү жана турмуш куруу сыяктуу өзгөчө шарттар да кездешпей койбойт. Дагы бир чакан контингентти сезондук жумушка келген студенттер жана Европанын башка өлкөлөрүнө ар кандай келишимдин негизинде келип, кийин Германияга которулган эмгек мигранттары түзөт. Бирок «билим алуу» немис-кыргыз элинин ортосундагы отуз жылдык мамиледе башкы максат катары сакталып келет жана келээрки жылдары да үстөмдүк кыла бермекчи. Ошого жараша жергиликтүү кыргыз диаспорасы мекенге байма-бай «акча которгон» жана өлкөнүн экономикасына салым кошкон чет элдеги эмгек мигранттарынын катарына кирбейт. Алардын орду көбүнчө билим, экспертиза жана маалымат менен бөлүшүү (анг. knowledge-sharing, нем. Bildungstransfer), башкаларды билимге үндөө жана аларга кеп-кеңеш берүү жаатында десек туура болот.

Германиялык кыргыздардын ичинде өлкөдөгү ар-кандай кырдаалдарда эксперт катары ой-пикири менен бөлүшкөн, эл аралык саясий жана илимий аренада таанымал илимпоздор, ири ооруканаларда бөлүм башчылык кылган дарыгерлер, аудитордук чоң компаниялардын финансы бөлүмүн башкарган экономисттер, банк кызматкерлери, өзүнүн билим берүү институтун ачкан жеке ишкерлер, белгилүү эл-аралык организацияларда жоопту позицияларды ээлегендер, дүйнөлүк кыргыз жаштарынын долбоорлорунда менторлук кылган программист-инженерлер жана окутуучулар бар. Бул көрүнүш «диаспоранын» маанисин толуктаган «транс-улуттуулук» (анг. transnationalism, нем. Transnationalismus) терминине туура келет. Андан тышкары көптөгөн кыргыздар өздөрү жашап жаткан аймактарда улуттук-маданий борборлорду, бирикмелерди жана коомдорду түзүп, кыргыз тилин жана маданиятын сактоо, улуттук салттарды, үрп-адаттарды жайылтуу, ата-журт менен байланышта болуу сыяктуу маданий-агартуу иштерин жүргүзүшөт (анг. transculturalism, нем. Transkulturalität, жана нем. Kulturtransfer).

Уюмдар/бирикмелер
Ушул учурда немис жергесинде Кыргызстан үчүн негизделген он бештен ашуун расмий жана бейрасмий уюмдар бар. Каттоодон өткөн уюмдар иш-чарага расмий мүнөздөмө берип, иш-аракеттерди калыпка салуу менен бирге юридикалык жактан каражат топтоону мүмкүн кылат. Алардын айрымдарын атай кетсем: Deutsch-kirgisischer Kulturverein e.V., Hoffnung für Kirgisien, BIZ e.V., Babushka Adoption, Uplift-Aufwind, Via Kirgisia, Brücke nach Kirgistan, Kyrgyz Academic Network, Deutsch-Kirgisische Gesellschaft Ordo e.V., Кыргыз-немис форуму ж.б. Булардын ар биринин өзгөчө басым жасаган аймактары, максаттары бар, бирок көбү кайрымдуулук долбоорлорун жана билим берүү боюнча программаларды ишке ашырышат. Ошол эле учурда өзгөчө саясий кырдаалдарда, табигый кырсыктарда (маселен пандемияда жана Баткендеги чек-ара жаңжалы учурунда байкалгандай) баарынын башкы багыты – Кыргызстанга жардам берүү! Мындай учурда ар кайсыл уюмдардын жетекчилери, мүчөлөрү жана башка активисттер маселени жалпы чечүүгө киришет: жумушчу топ түзүлөт, сайт ачылат, контент жаратылып, атайын эсеп дареги жарыяланып, каражат топтолуп, ал кызматташ фонддор аркылуу мекенге которулат. Илимий чөйрөдөгүлөр болсо дүйнөлүк массалык медиа каражатында маалымат таратуу, окуяларга анализ жасоо жана эксперттик ой-пикир билдирүү менен алектенишет. Диаспора мүчөлөрүнүн ич-ара коммуникациясы көбүнчө KyrgyzClub Germany, KG in DE жана Deutsch-Kirgisisches Forum сыяктуу чоң социалдык платформалардан тартып кесиптик (Kyrgyz-German IT-Community), уюмдук жана аймактык топтордун Фейсбуктагы өз баракчалары менен бирге максатына жараша ачылган телеграм, инстаграм, ватсап жана зум каналдары аркылуу жүрөт.

Тенденциялар жана жетишсиздиктер
Германиядагы кыргыздардын буга чейинки иш-чаралары жалпы максаттардын жана кызыкчылыктардын бар экенин билдирет. Ири өлчөмдө уюштурулган финансылык жана материалдык жардамдар ич-ара ынтымакты, бириктирүүчү «БИЗ» деген сезимди жана уюштуруучулук жөндөмдү белгилейт. Илимий жана кесиптик жетишкендиктер болсо билимдүү катмардын калыптануусунан кабар берет. Ошол эле учурда диаспораларга мүнөздүү болгон бир кыйла тенденцияларды да байкоого болот. Аларга Германиядагы Кыргызстанга карата жасалган бардык коомдук иштерди координациялоо, иш-чараларды бир нукка салуу, борборлоштурулган башкаруу системасын пайда кылуу жана жалпы (мисалы Германия-Кыргызстан түз аба-каттамын ачуу, кош жарандуулук, кесиптик миграцияны күчөтүү ж.б.у.с.) көйгөйлөрдү-маселелерди биргеликте чечүү аракеттерин байкоого болот. Буга катар кыргыз коомчулугунун чет жердеги бир бөлүгү катары, аталган диаспора кичи мекенинде кайсыл бир тармактарда маанилүү рольго ээ болууга жана кошумча «үн кошууга» умтулуп келет. Буга чейин бир-эки жергиликтүү активист жогорку деңгээлдеги эл аралык жолугушуу-форумдарга катышуу үчүн Германиянын кыргыз диаспорасынын өкүлү катары аныкталган учурлар да болду.

Жергиликтүү немис коомчулугунда кыргыз диаспорасы азырынча диаспора катары тааныла элек. Буга ар кандай себептер бар: биринчиден, кыргыздар башка этностук топторго салыштырмалуу аз санда жана ар кандай жолдор менен «өзгөчөлөнбөгөн», интеграция болууга дилгир мигранттардын ичине кирет. Андан тышкары диаспора катары башкаруу системасы жана саясий структурасы азырынча түзүлө элек. Германиядагы кыргызстандык жарандардын укугун коргоо, аларды ар түрдүү тариздеги өздүк жана нотариалдык документтер менен камсыз кылуу расмий түрдө элчилик менен консулдук бөлүмдөрдүн милдети катары каралат. Өзгөчө кырдаалдарда алардын таламын талашуу же аларга жардам берүү буга чейин жеке демилгелер аркылуу ишке ашып келет жана ачык жарандык/мигранттык «кыргыз лоббиси» жок. Мындан тышкары айрым диаспора өкүлдөрүн мамлекет тарабынан өлкө саясатына тартуу (анг. state-led transnationalism, нем. staatsgeführter Transnationalismus) аракети да азырынча байкалбайт.

Автор: Махабат САДЫРБЕК
Саясат таануучу, юридикалык антропология илимдеринин доктору, Халле шаарында Макс-Планк илимий институтунда изилдөөчү

1 comment
Leave a Reply

Your email address will not be published.

You May Also Like
Uncategorized

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Махабат Садырбек, политолог: «Ангела Меркелдин доору»

«Ангела Меркелдин доору» тууралуу Мен бул макалада «Ангела Меркелдин доору» тууралуу өзүмдүн…

Караанына зар кылган «кадр саясаты»

Караанына зар кылган «кадр саясаты» Акыркы эки айда көп жылдан бери Бириккен…

Махабат Садырбек, юрист-антрополог: Кыргызстан-Германия түз аба каттам маселеси

Эки өлкөнүн ортосундагы байланыш Мен өзүмдүн мурунку макаламда кененирээк сүрөттөп кеткендей, Европа…