Status (лат.) – бул иштин кайсы таптагы жагдайын билдирет. Кыргызстанда 97% дан ашык аялдардын жагдайы үй-тиричилигинен ажырагыс жана ар бир үчүнчү келин мажбурланган жагдайда. Эмгек мигранттары статусундагы аялдардын саны эркектерге караганда эки эсе көп , ар бир жүзүнчү кыргызстандык аял экинчи, жадакалса үчүнчү аял статусунда.

Заманбап коомдогу аял жөнүндө маекти журналист жана кинопродюсер Кайрат Биримкулов, “Курак” кинодолбоордун сценарийинин автору жана продюсери Эрке Джумакматова жана режиссер Эмиль Атагельдиев алып барышат. (Оригиналы орус тилинде)

“Курак” кинодолбоору жөнүндө кыскача маалымат : заманбап Кыргызстанда аялдардын коомдогу чыныгы абалы жөнүндө бир дагы көркөм тасма тартылган эмес.

Алдыдагы кинодолбоордун өңү (стили) – караңгы, реалдуу жана оор, ошол эле учурда көркөмдүү реалдык, телевизиондук кадрлардын колдонуусу менен документалдык баяндын негизинде.

Драматургия көптөгөн сюжеттик линиянын жана карым-катнаштын түзүмүнөн турат. Тасма Бишкекте, шаардык айлана чөйрөдө , окуя болгон жерлерде тартылат. Мазмуну жана өңү боюнча окшош тасмалар: Сергей Дворцевтин “Айка”, Ульрих Зайдлдын “Импорт, экспорт” жана Алехандро Иньяриттунун “21 грамм”.

Кайрат: Кыргызстанда аялдын абалы жөнүндө талкууну мен Эрке айымга болгон суроом менен баштайын. Кыргызстанда гендердик теңдик маселеси канчалык курч турат , кесиптик өнүгүүгө канчалык таасири бар? Өзүңүздө ушул көйгөйдү сезесизби?

Эрке: Мен бул көйгөйдү өзүмдөн сезбейм, балким мен иштеген чөйрөдө өзүнчө жеке субкультура бардыр, ал жерде биздин улуттук маданияттын жана көркөм өнөрдүн өкүлдөрү бар.

Бирок, албетте, мен Кыргызстанда жашап, иштегеним үчүн жакын арадагы эле аялдардын көйгөйү жөнүндө көп угам. Мисалы, аял киши күйөөсүнө караганда 2-3 жумушта иштеп көп акча табат, ошол менен эле катар, кошумча үй-тиричилиги жана бала тарбиялоо жүгү мойнунда. Бул албетте аялдардын кесиптик өсүшүнө залакасын тийгизет, убакытты алат.

Жалпысынан Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан баштап аялдардын жагдайы барган сайын төмөндөп баратат. Буга билим берүүнүн деңгээли төмөндөшү дагы таасирин тийгизет, билимсиз гендердик теңдик жөнүндө сөз козгобой деле койсо болот.

Дагы маанилүү жагдайды кошкум келет. Бул салыштырмалуу шаардык интеллегенциянын санынын аздыгы. Кыргызстандын негизги жарандарын – такыр башка катмар түзөт, өзүнүн маданияты, консервативдүү салт-санаасы менен болгон өзүнчө дүйнө . Ушул менталдык жактан башка эки дүйнөнүн ортосунда чоң ажырым турат. Жадакалса, азыркы заманбап коомдо, ушул эки тарап бир-бири менен тыгыз иштөөсүү үчүн кандай көпүрө курса болор экенин болжолдоп көрө албайт экенмин .

Кайрат: Эмилге режиссер катары кайрылгым келет: Сиз бул темага кайрылууңузга эмне түрткү болду, эркек катары канчалык ишенимдесиз Кыргызстандагы зомбулуктан, басынтуудан жапа чеккен аялдын жан дүйнөсүн жаңы кинодолбоор аркылуу жеткирип бере аларыңызга? Канчалык деңгээлде ушундай материал менен иштегенге даярсыз?

Эмиль: Айта кетчү нерсе, сиз берген суроого, биз Эрке экөөбүз бул долбоордо сорежиссерлорбуз, аялдардын темасын жакшы жеткирүүдө бул маанилүү. Бизди бир нече долбоор бириктирет. Эркек жана режиссер катары гендердик көйгөй курч экенин көрөм жана бул тема боюнча көптөн бери талкуу жүргүзөбүз. Биз өскөн үй булөөдө гумандык жана либералдык тарбия алганбыз.

Жаңы кинодолбоордун бизди бириктиргенинин бирден-бир себеби – коомдогу тоталдык көз боемочулук, бир жеринен маданиятта жана коомдук жашоодогу аялдардын чоң ролу жөнүндө чоң пропаганда, башка жагынан аялдын укуктарын басмырлоо, үйдөгү зомбулук, акыркысы калп салт-санаа, баалуулуктар менен акталып келет.

Бул дагы эки стандарттуулук. Мындай көйгөйгө кайдыгер карай албаймын жана аларды ачыктап, тактап , түпкүрүндөгү себептерин аныктаганга аракет кылышыбыз керек. Мен бул нерсени ушул долбоордогу негизги маселе катары кабылдаймын. Көркөм метафора тили менен көрүүчүгө мындай көйгөйдү жеткизүүгө даярбыз.

Кайрат: Кыргызстан уникалдуу – параллелдик эки дүйнөнүн өлкөсү . Катуу патриархалдык коомдо дагы айымдар бийиктиктерди багындырып келет. Саясат тарыхында бул, албетте, Курманжан Датка жана Роза Отунбаева. Маданият жана көркөм өнөрдө жеткиликтүү санда өзүнүн салымдарын кошкон айымдардын ысымдары бар.

Эмиль: Бул совет доорунун коомдук саясий түзүлүшү болгон үчүн деп ойлойм. Кыргыздар таланттуу эл катары советтик система учурунда ачыла алды, ошол учурда көп айымдардын аттары маданият жана киноискусство тармагында таанылды. Бул инерция азыркыга чейин күчтүү. Ошол себептен, адам катары советтик доордо калыпталган Роза Отунбаеванын феномени пайда болду . Курманжан Датка статусу – “Датка” болчу, бул наам менен баардык нерсе айтылган, ал өзүнө тарыхый учурда чоң жоопкерчилик жана башкаруу милдетин алган.

Эрке: Кыргызстандын эгемендүүлүктүн тарыхында спорттон тышкары айымдардын аттары тааныла элек, алар эл аралык мелдештерде Кыргызстанга медаль алып келип, чемпион болуп атышат. Аз санда дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде окуган кыздар бар. Менин айткым келгени, Кыргызстандын жаңы жылдыздарды колдоосуз деле эч нерсеге карабастан жанып атат.

Кайрат: Биздин коом тез ылдамдыкта өзгөрүүгө дуушар болуп атат, ал эми өзүнүн шарттарын талап коёт. Жаш замандаштар китепти аз окушат, визуалдык жана электрондук массалык маалымат каражаттарын тандайт. Лениндин айтуусу боюнча, заманбап кино өнөрдүн маанилүүлүгү, кыргыз коомунун патриархалдык аң-сезимин өзгөрткөнгө таасирин тийгизе алабы?

Эрке: Улуттук ( самоидентификация) өзүн-өзү таануу, изденүүдө жана ошол эле учурда исламдын жаралышы биздин өлкөдө кыргыз коомунун жаңы акылын жаратты, бул – жапайы mix. Албетте, жаңы шарттар көп жылдар колдонуп келе жаткан салт-санаа, үрп-адаттарды талдоодо өзүнүн изин калтырды.

Биздин тасманын сценарийинде эки дүйнө бири-бири менен беттешет – салттуу көз караш жана шаардык маданияттын өкүлдөрүнүн көз карашы. Чынында, мен ушул көрүнүштү биздин коомдо аябай сезем. Бул күнүмдүк жашоодо ар тараптан байкалат. Азыркы тапта маданият, музыка, кино тармагында салттуу ой жүгүрткөн адамдар келип атышат, алар өзүнүн “ала-качууга” көз карашын билдирет, феминизм идеяларын жамандайт… Шаардык маданият болсо өз-өзү менен алек, бара-бара жок болуп, аз болгондугу үчүн каршылык көрсөтө албайт.

Эмиль: Аягында биз кыйшыйган(девиантный) жана бузулган баалулуктарды алабыз, алар биздин коомдун күнүмдүк жашоосунда кошуналаш болуп жүрөт.

Бизде азыркыга чейин улуттук өнүгүү жана улуттук идеологиянын моделдери жок. Биз ээрчиме жашоодо жашайбыз. Ошондуктан маал-маалы менен маргиналдык жаңылык жаратуучулар пайда болуп турат, алар үрөй учурган жаңылыктар менен коомду дүрбөлөңгө салып турат. Бул нерселерди байкап отуруп көңүл ооруйт….

Эрке: “Курак” тасмасынын сюжетине кайрылгым келет, ал жерде темалардын бири аялдардын укугуна арналган “Феминалле” көргөзмөсү. Бир үзүндусундө даниялык сүрөтчү залдын ичинен жылаңач өтөт. Бул акт коомдук чуу жаратып, критикалык талкууларга саясатчылар, диний ишмерлер жана аялдар дагы катышты. Орто Азияда Бишкек – секс-индустриянын регионалдык борбору болуп калганын аялдар билбейби? Бизде жаш өспүрүм сойкулар көп. Алар бул жөнүндө билет, бирок, эч кимиси бул нерседен көйгөй жаратпайт. Көйгөй болгон нерсе бул – перфоменске эрдик кылган айым деп билишет жана кыргыз улутунун намысына жана сыймыгына шек келтирүү . Менин оюмча, бул чоң алдамчылык жана биздин өлкөдө эки стандарттуулук экенин билдирет.

Эмиль: Этикалык баалуулуктарга күрөш, тилекке каршы, туура эмес багытта болуп атат. Экономикалык жана социалдык көйгөйлөр менен иштебей эле, “шамал үйлөгөн тегирмендер” менен күрөшүү оңой иш болуп калган, алар маал-маалы менен маданият айдыңында пайда болуп турат. Бизде тасма аркылуу улуттун менталитетин өзгөртүүгө таасир этчү тасма тартканга каалоо жана аракет бар, биз көтөргөн көйгөйлөр коом үчүн маанилүү жана чуу жараткан иш-аракет болуш керек. Башкы максатыбыз – гендердик теңдик темасын коомдук талкуу үчүн ачып берүү. Көркөм өнөрдүн максаты бардык убакытта ушунда. Эгер коомдо мындай көйгөй сөз кылына баштаса, биз үчүн чоң жетишкендик.

Эрке: “Унчукпоо кодексинин” бузулушу, аялдар жана алардын коомубуздагы орду жөнүндө ачык талкууга алып келүүчү прецедентти түзөт, мындай процесс буга чейин болгон эмес жана азыр дагы жок. Буга байланыштуу Россиядагы мигранттардын көйгөйүн мамлекеттик деңгээлге көтөргөн Сергей Дворцевойдун “Айка” тасмасы жөнүндө айта кетейин.

Куру статистиканы берүү – бул  жөн гана сандар, кинематографиядан айырмаланып, аң-сезимге таасир этпейт, адамда эмпатияны жаратпайт жана эмоционалдык жактан таасир этпейт.

Кайрат: Мен сиздердин оюнуздарга кошулам, улуттун изденүүсү, каталарды оңдоого багытталган долбоорлор заманбап Кыргызстанга маанилүү, коом бул нерсеге муктаж. Улуттун өнүгүүсү көп жерден ойлонуп, катаны оңдогондон болот. Маек үчүн ырахматымды айтам жана сиздерге “Курак” тасмасын ишке ашырууда ийгиликтерди каалайм.

Которгон Бактыгул Кожошова
Корректор Жанара Жапарова

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…