Бул мерте ЮНЕСКО Институтунун программа жетекчиси Рахат Жолдошалиева менен болгон маегибизде  “өмүр бою үйрөнүү” деген ойду талкууга алабыз.

— Рахат айым, “өмүр бою үйрөнүү” деп каласыз. Ушул темага арналган маек уюштурууну туура көрдүм. Бул өзү жаңы бир ойбу же мурдатан эле таралган түшүнүкпү?

— Өмүр бою үйрөнүү формалдуу түрдө 1970-жылдан бери айтылып келген түшүнүк, концепция. Алгач жолу өмүр бою үйрөнүү саясатын экономикалык шартка зарыл көрүнүш катары карашкан. Мында, маалыматка багытталган экономиканын (knowledge economy) негизги көрсөткүчү – бул адам ресурстарынын сапаты катары карап, ушул ресурсту технологиялык өнүккөн шартта потенциалын канткенде улам жогорулатуу жана күчөтүү керектиги талкууга алынган. Ушул контекстте/шартта өмүр бою үйрөнүү же үзгүлтүксүз билим алуу – бул бирден бир жолу деп эсептешкен. Бул түшүнүктү алгач Европа Кеңеши (Council of Europe) күн тартибинде айтып чыккан. Экономикалык ойдон айырмаланып, адам укуктарына негизделген билим берүүнүн жактоочулары, мисалга ЮНЕСКО, бул түшүнүктү башкачараак сүрөттөйт. Алардын ырастоосунда: өмүр бою үйрөнүү саясаты негизинен өз убагында билим алуусуна шарты жок, билим алуу укугуна ээ болбогон коомдун аярлуу катмардагы адамдары үчүн өмүр бою үйрөнүү шарттарын жана мүмкүнчүлүктөрүн түзүү мамлекеттик органдардын милдети экенин айтып келет.

— Азыр технологиялар өнүгүп, билим шарттары өзгөрүп жаткан учурда  үзгүлтүксүз билим алуу же сиз айткан “өмүр бою үйрөнүү” өзүн-өзү өстүрүүдө чоң ролду ойнойт. Анын талаптары жана мазмуну дагы өзгөрүп турса керек…

— Ооба, 1970-жылдан бери бул түшүнүк өзгөрүүлөргө дуушар болуп, доорго ылайык мазмуну жана себептери кеңейип, аны менен бирге жаңы жана түрдүү тажрыйбалары жайылып келет. Башка дүйнөлүк билим берүү жаатындагы уюмдардан айырмаланып, ЮНЕСКО ушул түшүнүктү адам укугуна байланыштырып, мүчө өлкөлөргө жайылтууда ролу чоң. Азыр Туруктуу Өнүгүү Максаттарынын бири болуп сапаттуу билим жана өмүр бою үйрөнүү болуп эсептелет же тагыраак айтканда, төртүнчү туруктуу өнүгүү максаты эсептелинет. Мурда бир эле формалдуу билим берүү системасына шарт, мүмкүнчүлүк түзүү тууралуу сөз болуп келсе, 2015-жылдан бери дүйнөлүк күн тартибинде сапаттуу, адилеттүү жана баарын камтуу “өмүр бою үйрөнүү” деп айтылат.

Демек, азыркы заманга керектүү түшүнүк жана практика экен да. Бул түшүнүктүн белгилүү мисалдарына токтоло кетсеңиз.

— Бул түшүнүк азыркы тез өнүгүп жана баардык жашоо сферасында кеңейип жаткан санариптик жашоодо, экономикада, туруктуу өнүгүүнүн кызыкчылыгында абдан чоң мааниге ээ. Дүйнө ыкчам, радикалдуу өзгөрүп жаткан учурда, өмүр бою, үзгүлтүксүз үйрөнүү негизги  мамилеге айланды. Мисалы, коомдук санариптик-коммуникациялык өнүгүү жарандардын сынчыл ойлом көндүмдөрүн талап кылат. Маалымат океянына чөмүлгөн коомдогу жаран алардын арасынан толук, ишенимдүү, так маалыматты табуу, серептөө жана колдонуу көндүмдөрүн өздөштүрүүсү керек. Өмүр бою үйрөнүү (lifelong learning) бул жаш чактан өмүр соңуна дейре үйрөнүү. Бул үйрөнүүгө түрдүү багыттагы, сферадагы көндүмдөрдү, жөндөмдөрдү жана маалыматтарды үйрөнүү (lifewide learning) дагы кирет.

— Санариптик доордо кечээ билген нерсебиз бүгүн эле аздык кылат тура, ошондон улам жаңы нерселерге көз салып турушубуз керек экен.

— Ооба, технологиялык өнүгүү тез ылдамдыкта болгонуна байланыштуу ар бир жаран санариптик көндүмдөрдү ар дайым жаңылап, өздөштүрүп туруусу зарыл. Азыр кары-жашына карабай жаңы санариптик көндүмдөрүн өздөштүрүү зарыл болуп калбадыбы. 50 жыл мурда бир кесиптин ээси болуп, өмүр бою эмгектенген болсо, учурда бир жумушта, бир ишканада өмүр бою иштөө азыркы жаш муунга жомоктогудай туюлат.

Өмүр бою үйрөнүү түшүнүгү 1970-жылдан бери формалдуу аталган болсо, арийне, үйрөнүү мамилеси адамзат тарыхында эбактан эле болгон да? Макалдарыбызда да ушул философия камтылган, мисалы “Кызга кырк өнөр аздык кылат”, “Жигитке жетимиш өнөр аздык” дегендей илгери устачылык же аялдарда чеберчилик көндүмү үзгүлтүксүз өнүгүп турган.   Адамзат ар дайым жаңы нерселерди бейформал үйрөнүп, өздөштүрүп келген го…

— Туура байкагансыз, Гүлзат. Адам баласы илгертен эле өмүр бою, үзгүлтүксүз үйрөнүп келген. Бирок көп сөз болуп, изилденген үйрөнүү бул көзүбүзгө даана көрүнгөн, өлчөнгөн, окуу программасы бар: формалдуу билим берүү жана алуу. Мындай билим алуу негизинен бир сызыкка чийгендей түз болот. Мисалы, жаштайынан бөбөк бакчага барып, кийин мектепке кирип, андан кийин орто жана/ же жогорку окуу жайында окуп, жумуш ордуна барат деп эсептеп келгенбиз. Кыргызстанда мына ушул формалдуу билим алуу менен токтойт деп ойлойбуз. Бирок жумушта, жашоодо канчалаган үйрөнүү бул көмүскөдө, бейформалдуу түрдө болуп келет. Ошол көмүскөдө калган үзгүлтүксүз үйрөнүү боюнча көп нерсе белгисиз, көп нерсе айтылбайт. Өзүңүз элестетип көрсөңүз, сиз алган формалдуу билим күнүмдүк жашоодо жетиштүүбү? Жок. Бирок ушундай бейформал жана көмүскөдөгү үйрөнүү тажрыйбасы баардык жарандарга бирдейби? Тегизби? Бирдей сапаттабы? Жок. Ал дагы шартка байланыштуу. Өмүр бою үйрөнүү саясаты – үйрөнүүгө адилеттүү, сапаттуу  шарттарды түзүү, жайылтуу.

Өмүр бою үйрөнүүгө мамлекет кандай жоопкерчилик тартат?

—  Учурдагы салттуу формалдуу билим берүү жана бейформал, формалдуу түрдөгү өмүр бою, үзгүлтүксүз үйрөнүү да мамлекеттик финансы каражатына, ыңгайлуу шартка муктаж. Негизинен Кыргызстанда өмүр бою үйрөнүү саясаты иштелип чыгыш керек. Ал эми өмүр бою үйрөнүүгө бир эле мамлекеттик эмес, бейөкмөт уюмдар дагы салым кошо алат. Учурда жеке менчик санариптик платформалар бекер да, акы түрүндө да окутууда. Мурдагыдай, билим берүүгө бир эле формалдуу мамлекеттик органдар үстөмдүк кыла алышпай калбадыбы.

Бирок мамлекет саясат кабыл алып, каражат бөлсө эле өмүр бою үйрөнүү колго алынат экен да?

— Антип айтуудан алысмын. Мамлекеттик саясат жана каражат керек, бирок ал бул практиканы жайылтуунун бир эле бөлүгү. Ишке ашышы жана өркүндөшү үчүн ар бир адам чоң роль ойнойт. Өмүр бою үйрөнүүгө каражат, шарт менен бирге үйрөнүүгө убакыт да керек. Бирок ушул түшүнүктү практикада колдоно билгенге ар бирибиздин ага карата мамилебиз да зор мааниге ээ. Каражат, убактыңыз болсо дагы, эгер кызыгуу же каалоо жок, муктаждыкты сезбесеңиз, анда аны ишке ашыруу кыйынчылык туудурат.  Жеке пикиримде, үйрөнүүгө үйрөнүү – бул негизи мамиле. Кызыгуу болсо адам баласы көп нерсеге үйрөнөт. Бир эле кыргыз салтына же жашоосуна тийиштүү эмес, бирок жалпы адамзат тарыхына жана практикасына тиешелүү бир касиет – бул үзгүлтүксүз, өмүр бою үйрөнүү.

— Рахат айым, билим алуу, билим берүү менен үйрөтүү, үйрөнүү дегендин маанисине, айырмачылыктарына токтолуп кетсеңиз.

— Учурда “үйрөнүү” деген түшүнүккө бир эле жогоруда айткандай формалдуу билим эмес, бейформал жана капыстан, өзүбүзгө билинбей үйрөнгөн нерселердин баарын камтып кетишет. “Үйрөнүү” деген түшүнүк “билим берүү” дегенден айырмаланып турат. Бул адамдын өзүнүн жеке тажрыйбасы, аракети, жыйынтыгы жана ошол процесстин өзү. Ал эми “билим берүү” – бул сыртта түзүлгөн шарт, программа, окутуучу, күбөлүк жана диплом. Демек, мектептен, орто кесиптик, жогорку окуу жайдан алган билим – бул чоң айсбергдин көрүнгөн эле учу. Жогоруда айтылгандай, канчалаган үйрөнүү бул көмүскөдөгү, шартка же контекстке байланыштуу, кээде өзүбүз байкабай үйрөнгөн маалымат, касиет, сапат, көндүм, жөндөмдөр кирет. Карыганда үйрөнүү натыйжалуу эмес деген ойлор биздин элде көп айтылат. “Эстутум начарлап, унутчаак болобуз”, – дегендерди угуп калабыз. Чынында, жаш улгайган сайын “кыска мөөнөттүү эстутуму” (working memory) начарлайт. Бирок акыркы нейро-когнитив илимий изилдөөлөрдүн негизине таянсак, адам баласынын мээсиндеги синаптикалык байланыш ийкемдүү (synaptic plasticity) келип, жаш куракка эле толук байланып калбайт. Демек, улгайган адамдардын үйрөнүүсүнө жакшы усулдарды ойлоп таап, жакшыртып турса болот дегенди билдирет. Жөнөкөй тил менен айтсак, үйрөнүү эч качан кеч эмес. Улгайганда жаңы кесипке үйрөнбөсөк дагы өмүр бою үйрөнүү сергек, активдүү, акыл-эстүү карыганга өбөлгө түзөт.

— Ошондон улам, ЮНЕСКО ушул айырмачылыктарга маани берип, жөндөмдөрдү ийне-жибине чейин талдап, атайы бир концепцияны иштеп чыккан экен да.

— Бир эле ЮНЕСКО эмес, Дүйнөлүк Банк (World Bank), Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюму (OECD), жана башка изилдөө, академиялык уюмдар да чоң салым кошуп келишет. “Өмүр бою үйрөнүү” түшүнүгү жана саясаты үйрөнүүгө шарттарды түзүү, кеңейтүү, аярлуу катмардагы адамдарга мүмкүнчүлүк түзүү, камсыздоо, ошол бейформалдуу түрдө үйрөнгөн көндүм, шыктарды баалоо, тажрыйба катары эсептей алчу механизмдерди (Recognition, Validation and Accreditation – RVA) иштеп чыгуу болуп эсептелинет. Жөнөкөй эле азыркы шартта көп кездешкен бир маселени мисал кыла кетсем. Канчалаган мигранттарыбыз формалдуу билимсиз, сертификатсыз же кесиптик программалардан өтпөй эле, бирок муктаждыктан улам түрдүү көндүм, шыктарды  миграция тажрыйбасында өздөштүрүп жатышат.

— Аны биздин билим берүү, кесиптик даярдоо жана квалификациялоо механизмдери эске алабы? Ага керектүү кандай нормативдик документтер бар?

— Учурда, менин билишимче, Кыргызстанда тажрыйбасынан үйрөнгөн, бирок аны тастыктаган диплому же күбөлүгү жок үйрөнүүнү тактоо, баалоо үчүн нормативдик укуктук актылар жана инструменттер жок. Азыркы улуттук квалификациялык рама (National Qualifications Framework) мындай билим жана көндүмдөрүн эске албайт.  Ушуга окшогон суроолорду мамлекеттик өмүр бою үйрөнүү саясаты камтыйт жана керектүү нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгууга шарт түзөт. Өмүр бою үйрөнүү боюнча алгылыктуу практикалар учурда Чыгыш Азия өлкөлөрү болгон Япония, Түштүк Корея, Кытай, жана Батыш Европа өлкөлөрү Германия, Франция, Улуу Британия, Түндүк Америкада Америка Кошмо Штаттарында жана Канадада кеңири жайылган.

— Кадыреседей угулган “өмүр бою үйрөн” деген сөз кээсине  татаал нерседей да көрүнүшү ыктымал.

— Татаал деле эмес. 1970-жылдары өмүр бою үйрөнүү түшүнүгү дүйнөлүк билим берүү саясатында абстрактуу философиялык ой болсо, 2000-жылдан баштап бул түшүнүк конкреттүү практикалык иш-аракеттерди пайда кылды. Бир эле өнүккөн Чыгыш Азия же Европа жана Түндүк Америка мамлекеттери эмес,  Африка континенттиндеги бир нече өлкөлөр дагы экономикалык, саясий өнүгүүгө шарт жана рычаг болор адам ресурстарын кантип өмүр бою үйрөнүү саясаты аркылуу ишке ашыруу керектигин талкуулашууда. Орусияда бул түшүнүк массалык маалымат булактарында, жогорку окуу жайларда, жеке менчик ишканаларда айтыла, жайыла  баштады. Жакын арада бул түшүнүк  Кыргызстанда да коомдук талкуу жаратат деп ишенем. Биздин бул талкуубуз дагы өз салымын кошсун.

Маектешкен Гүлзат БАЯЛИЕВА

Гулзат Баялиева – Германиянын Тюбинген университетинде мугалим, илимий кызматкер, антропология илимдеринин докторанты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…