Кайрат Биримкулов туулуп өскөн мекени Кыргызстанда белгилүү тележурналист катары таанымал. Ал өзүнүн теле-көрсөтүүлөрүндө бийликти сындап келген. Дээрлик 14 жыл Щвейцарияда жашагандан кийин өзүнүн кинотасма, документалдык фильмдерди жаратуучу жеке компаниясын негиздеген. Учурда биринчи тасмасы даяр болуп, Люцерн шаарынын кинотеатрларында “Бороон” аттуу толук метраждуу тасмасынын бет ачары өтүп жатат.

Кыргызстанды “Борбор Азиянын Швейцариясы” деп аташат. Анын дарыялары, өрөөндөрү жана бийик тоолору Альп өлкөсүнүн тоолорун абдан элестетет. Бийик тоолордо кыш катаал болуп, жайыттар калың кардын астында калат. Жергиликтүү айылдардын тургундары кышка жай айларында эле кам көрүп, малга жетиштүү тоют камдап алышат. Кадича менен анын он жаштагы уулу Садыр ага өз убагында даярдана албай калышкан. Кыш демейдегиден узакка созулат. Садыр күн сайын,тоо беттериндеги оттоого ылайык жайыт чөптөрү калган жерлерди издеп, жөө кыдырат. Жалгыз бой жесир аялдын жана балдарынын караганы эле жалгыз ую болчу. Бороон башталып келе жатат. Жесир аял айылдаштарынан жардам сурап кайрылат. Бирок алар анын көйгөйүн чечүүгө көңүл бурушпайт.

Мындан 40 жыл илгери болгон бул окуя Кайрат Биримкуловдун Борбордук Швейцарияда кинопродюсер катары жасаган дебюту болгон. Анын социалдык сынга кабылган “Бороон” аттуу көркөм тасмасы, бүгүн кечинде Люцернде өзүнүн катышуусу менен биринчи жолу кино көрүүчүлөргө тартууланат. Биз аны менен кофе үстүндө жолугуштук. Абдан жылуу учурашып кабыл алуудан кийин ал дароо суроолорду талкулоого өтү.

“Тилекке каршы, кыргыз коомчулугунда жесир аялдарга, жалгыз бой энелерге карата жасалган катаал мамиле салт катары калыптанып калгандай. Бүтүндөй айылдарда жана шаарларда гана эмес Борбордук Азияда жана Кавказда дагы аялдардын коомдогу орду жакшы деп айтууга болбойт”, – дейт ал.

Продюсердин бул “Бороон” тасмасында эки көйгөй камтылган жана жарыкка чыгарууга түрткү болгон. Ал бул окуядан өзүнүн тагдыры менен окшоштуктарды көргөн. Апасы каза болгондон кийин, айыл эли күнөөлүүдөй болгон кичинекей Садырды балдар үйүнө тапшырышат. Биримкуловдун айтымында, бул өмүр бою өчпөй турчу кара такты сүрөттөп берүү оңой эмес. ”Биздин коомдо жетим балдар басмырланат”. Кайрат Биримкулов дагы атасыз, бир тууган иниси жана карындашы менен чоңойгон. Бирок ал бактылуураак болчу. Анын апасынын айтымында, атасынын каргашалуу өлүмүнөн кийин, атасынын жакындары бейтааныштардай алыстап кетишкен. Бирок апасынын төркүндөрү тарабынан көп колдоолор болгон.

Кайраттын апасы жергиликтүү эң ири киностудияда үн оператору болуп иштеген. “Мен апамдын жумушуна көп барчумун”, – дейт Биримкулов, бирок жүзүндө сыймыктануунун карааны байкалбайт. Дал ошол жерден, ал кинематография оорусу менен ооруп калган. Эми мына жаңы ишке ашып келе жаткан продюсерлик жолу, азыр гана кокустан башталып калбагандай, өз энчиси сыңары белгидей. Тагдыр аны кандайдыр бир жол менен ушул кезге алып келгендей.

Кайрат Биримкуловдун жүзү ар дайым жарык жана жылуу бойдон калат.
Анын калбаат жана тең салмактуу үнү ишенимдүү баарлашууга өбөлгө түзөт.

“Албетте, коммунизмге чейин баары башкача болгон”, – дейт ал. “Чыгыш маданиятында үй-бүлөлүк байланыштар абдан маанилүү. Атеизм диктатурасынын шартында, кыргыздар көчмөн эл катары ата-бабаларынын руханий баалуулуктарын жоготту”, – дейт Биримкулов. Борбордук Азия өлкөлөрүндө коммунистик партия таңуулаган диктатуранын абалын, Кытайдын таасири астындагы азыркы Тибет менен салыштырууга болот.

“Адам советтик идеологиянын эбегейсиз системасынын куралына айланды, аппаратчыга айланган адамдар бийликти татаал көрсөтүүдө, өз оюнун эркиндигин четке кагуу вирусуна кабылды. Андан кийин биз кайра өзүбүздү таба албай калдык. Эгемендүүлүк алгандан кийинки өзгөрүүлөргө болгон үмүт акыркы 30 жылда таш капты. Кырдаал барган сайын начарлагандан начарлап баратат”, – деп белгилейт ал. Кыргызстанда тасманын акыркы этабын тартуу маалында, турмушка чыгуудан баш тартканы үчүн жаш кыз өлтүрүлгөн коркунучтуу окуя болуп өткөн.

Акырындык менен өз өлкөсүндөгү коррупциялык бийлик аппаратынын сынынан улам, репрессиялык чараларга жана коркутууларга туруштук берүүгө аргасыз болгон бул адамдын кол салуудан кийин комада жатканына көз чаптырасыз. “Мен Кыргызстандагы алгачкы иликтөөчү журналисттердин бири болчумун”, – дейт Кайрат Биримкулов. Швейцарияда миграция боюнча адис катары билим алып, төрт жыл бою Цуг кантонунда качкындар үчүн социалдык кызматта иштеген.

Өзүнүн жаңы миссиясы тууралуу кеп козгогон Кайрат Биримкулов, кино дүйнөнү өзгөртө аларына бекем ишенет.

Автор: Регина Грютер (Regina Grüter)

(Оригиналы орус тилинде)

Которгон Каухар Тайиева
Корректор Жанара Жапарова

1 comment
Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…