– Саламатсызбы, Нурзада? Сиз жолдошуңуз менен Жапонияда көптөн бери жашап келесиз, балдарды карап эле чектелбестен онлайн соода жүргүзөсүз. Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз, Жапонияга кетүүнү кантип чечтиңиз?

– Биз жолдошум экөөбүз чыгыш таануу факультетинде билим алып, Бишкектин ар кайсы жогорку окуу жайларында жапон тилин үйрөндүк. Экөөбүз тең БГУде окутуучу болуп калдык, бизди кесибибиз табыштырды. Биринчи жолу Жапонияга 2004-2005-жылдары алмашуу программасы аркылуу жалгыз баргамын . Анда мен Хоккайдогу педагогикалык университетте окуп жаткам. Экинчи жолу жолдошум менен 2007-жылы, ал Жапония университетине магистратурага тапшырганда келдим. Баса, мен жолдошумдун фамилиясын алганмын, азыр Нурзада Горевмин. Горева эмес Горев болгонум, жапон бюрократиясына ылайык келет. Ким чет элде жашаса, бул көйгөйлөр менен тааныш деп ойлойм. Мурда мен өзүмдүн фамилиямда жүргөндө эмне үчүн балдарымдын фамилиясы бөлөк экенин далилдеп бергенге туура келчү. Ал тургай, документте фамилиямдын акыркы мүчөсү “а” менен аяктаарын далилдегенге аргасыз болчумун. Чет элде жашагандарга маалым, көптөр бир үй-бүлөдө бир фамилия колдонушат.

– Балким, биздин окурмандардын көбү ойлошкондур, эмнеге Нурзада Горева эмес деп. Сиз алгач билим берүү программасы аркылуу барып, ошол убактан бери ал жакта жашап келе жатасызбы?

– Ооба, биз экөөбүз тең Жапонияда ар кандай багыттар менен ар башка жылдарда болгонбуз. Жолдошум магистратураны окуп жүргөндө биздин үй-бүлөдө толуктоолор боло баштады. Биз балалуу болдук. Балдарыбыз экөө тең Жапонияда төрөлдү (уул, кыз) . Ошентип, бул жерде жашап калдык. Биз экөөбүз тең Бишкектен болобуз. Жайкысын өз мекенибизге барып турабыз, Кыргызстандагы тууган-урук, достор менен ар дайым байланышта болуу үчүн.

– Жапонияга биздин мекендештер дагы кандай миграция жолдору аркылуу кетишет?

– Эң кеңири тараган жолу бул – биздикиндей билим алуу багытында. Ким жапон тилин жана маданиятын окуп, үйрөнүп жатса, ал Кыргызстанда жапон тилинен окутуучу болот же Жапонияга окууга кетүүгө аракет кылат. Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлери үчүн 2 жылдык программа бар. Автобизнес менен алектенген мекендештерибиз дагы арбын. Ал эми жапондорго турмушка чыккандар көп эмес. Биздин көптөгөн кыздарыбыз жолдошу менен келишет, бирок тааныштардын арасында турмушка чыга элек, жапон компаниясынын карьералык өсүүсүнө убактысын арнагандар да бар.

– Жапонияда формалдуу эмес кыргыз жамааты кандай уюштурулат, мисалга, майрамдарда, маанилүү даталарда чогуласыздарбы? Кайсы шаарларда жолугасыздар? Логикалык жактан карасак, жолугушуулар жердештер көп жайгашкан райондордо болобу?

– Пандемияга чейин чоң жолугушуулар жылына жок дегенде 1 жолу, а ыңгайы келсе 2-3 жолудан кем эмес өткөрүлүп, 100гө жакын адам барчу. Ноорузда болсо сөзсүз эс алуу багынан чогулат элек. А жайкысын ири пляждарда же көл жээгинде. Жапонияда көбүнчө активдүү кыргыздар батышта жашашат – Осакеде , Киотодо, Кобеде чыгышка (Токиого) караганда. Ал жакта биздин жарандар көп. Бирок чынында, биз өзүбүз деле пландарыбызга дал келбей калганы үчүн, кээде гана катышып калабыз.

– Жапониядагы кыргызстандыктардын эмгек рыногунун абалы жана өзүңүздүн кичи онлайн бизнесиңиз тууралуу айтып берсеңиз? Сизге интернет-дүкөн ачуу идеясы кайдан келди?

– Чынын айтсам, мен бул темага өзгөчө аралашкан эмесмин, бирок пандемияга чейин Жапон мейманканаларында жапон тилин билген кызматкерлерди кабыл алуу болорун билчүмүн. Жапонияда акыркы курста окуп жатканда, кийин ишке орношуу үчүн ар кандай компанияларга резюмесин тапшырса болот. Кыздарыбыз өз жумуш ордун сактап калуу үчүн узак мөөнөттөгү декреттик өргүүгө сейрек чыгышат, балдарын алты айында же бир аз кечирээк бала бакчага беришет. Жапонияга кыздарыбыз жолдошу менен келип, үйдө жөн отурганын көргөн жокмун, бардыгы жапон тилин жакшы билбесе да иштешчү. Кыздар Макдональдста, официант болуп, ашканада ж.б. жумуштарда иштеп кете алышат. Ошону менен алар жапон тилинде күнүмдүк тиричиликте пикир алышууну үйрөнө алышат жана кичине болсо дагы финансы жактан жолдошуна көз карандысыз болушат. Менин таржымалым башкачараак, Жапонияга жолдошумдун визасы аркылуу келгем, жапон тилин жакшы деңгээлде билгендиктен, башында эле компаниялардын жакалуу, ак көйнөкчөн кеңсе жумушчусу болгум келген эмес. Ошол себептен улам, котормочулук менен, гид болуп, машыгуу залында инструктор болуп жана жарым жылдай кеңсе жумушчусу да болуп иштегенге жетиштим, тажрыйба алдым. Жолдошум жакшы маркетинг компанияга орношуп туруктуу айлык акысы болгондуктан, мен балдарыма көп убакыт бөлүүнү туура көрүп үйдө отурдум, 4 жаштан кийин гана бала бакчага бердим. Балдар менен үйдө отурганда убактылуу жеке жумуштарга иштөөгө да мүмкүнчүлүк болбогондуктан, бир гана интернет аркылуу онлайн жумуш кылуу жолу бар эле. Анан онлайн соода-сатык кылуу оюма келди.

– Сиздин интернет-дүкөнүңүз кандай сатып алуучуларга багытталган?

– Эгерде мен буга чейин социалдык тармактарда баракчалар аркылуу иштесем, 3 жыл мурун биз өзүбүздүн сайтыбызды ачып, анда бизнесибизди локалдаштырууга жетишкенбиз. Болжол менен менин кардарларымдын 90% – орустар, 1% – кыргыздар жана калганы Европа, Америка тургундары. Биздин товарларыбыздын арасында жапон сулуулук каражаттары, бет майлары жана ар кандай кошумчалар бар. Биз жарнама бербейбиз, кардарларыбыз бизге жазылган сын-пикирлерден жана баарлашуулардан улам келишет. Бизнес ачардын астында, кандай алек тандоо керектигин тактап, атаандаштарыңдан кандай өзгөчөлөнүү жолун табышың зарыл. Ошол багыт тууралуу кенен маалымат билими болуп, кардарларга жогорку деңгээлде чынчыл болуу зарыл.

– Кантип баштаганыңыз тууралуу айта кетсеңиз, кантип тажрыйба топтодуңуз, же атайын бир курстарга бардыңызбы?

– Онлайн сатуу же интернет-дүкөн, бул салттык түшүнүктөгү кадимки дүкөн эмес, ал үчүн атайын диплом, билим керектелбейт деп айтсак болот. Мен эч жерден эч кандай билим алган жокмун, өз алдынча үйрөндүм. Иш үстүндө жасап жатып каталарымдан сабак алдым. Баарын жыйыштырып салгым келген убактар да болгон. Түнү бою чарчаганыма карабай отуруп кылган эмгегим күйүп кеткен убактар болду. Бул жерде терең ойлонууну талап кылат, сөз акча гана туурасында болуп жаткан жок, тейлөөдө товар тууралуу түшүндүрмөнү орус тилине которуу, продукциянын сапатын текшерүү, сайтка кошуу кызматтарын жасоо керек! Кардарлар менен пикир алышуу, буюртма алуу, аны дарегине жөнөтүү көптөгөн жөндөмдү, убакытты, энергияны талап кылат. Мен азыр мурунку өткөн тажрыйбама карап отуруп, өзүмө атайын жалпы маркетинг курстардан өтүүнү, акча тууралуу билим алууну туура көрүп калдым. Мисалга алсак, инстаграм баракчаны кантип туура жүргүзүү, ошол инстаграмда соода сатыкты жакшыртуу ж. б. у.с. Covid-19га байланыштуу чек аралардын жабылышынын себебинен 2022- жылдан баштап онлайн сатуу өнүгөт. Алек болуучу нерселер өтө арбын, улам жаны мүмкүнчүлүктөр пайда болууда.

– Туура, азыркы жана кечээки билим эртеңки ишти башкарууга жетишпестиги бул чындык. Буга чейинки алган дипломдорду жаңы билим менен толуктап туруу керектелет. Азыр чыгармачылык жөндөм, жана ийкемдүү (Soft skills) жөндөмдөр өтө зарыл. Интернет аркылуу сатууну каалагандарга кандай кеңеш берет элеңиз?

– Биздин кыздарга, айымдарга, апаларга өзүлөрүнүн күчтүү жактарын табууну, ар кандай тармакта өздөрүн сынап көрүүнү жана өздөрү каалаган жумушта акча табууну өздөштүрүшсө деп кеңеш берет элем. Өзүңөргө ишенгиле жана эч качан жеңилбегиле! Азыркы учурда көптөгөн бекер онлайн үйрөнүү жолдору бар, ошолорду өз алдынча окуп үйрөнүү менен артыкчылыктарын байкап, аны менен бирге ден-соолукка дагы кам көрүүнү унутпоо керек. Ал тургай декреттик өргүүдө отурган убакта дагы каржылык жактан көз карандысыз болуунун жолун табыңыз. Бул адамдын өзүнө болгон ишенимди жаратат, ал күнүмдүк турмушка аралашуу менен өздүгүн жоготуп алуудан коргоону жана эң негизгиси акча табуудан тышкары өзүн-өзү сыйлоо сезимин жогорулатат, бул дагы жашоонун жаңы динамикасында маанилүү ролду ойнойт.

– Нурзада, өзгөчө түшүнүктү берген кызыктуу маегиңизге чоң ырахмат! Сизге жана сиздин үй-булөңүзгө, онлайн бизнесиңизге ийгилик каалайм.

(Оригиналы орус тилинде)

Которгондор: Каухар ТАЙИЕВА, Нурзат ИЗАКАНОВА
Корректор: Жанара ЖАПАРОВА

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…