Сүрөт envatoelements сайтынан алынды

Кыргыз жомокторунун биринде атасы баласына керээз калтырып жатып: «Кууганга болушпай, качканга болушуп жүр, балам», –  деп осуят айткан жери бар. Кеңири маанисинде бул кайсы бир чатакта кимиси адилетсиз жабыр тартып аткан болсо, ошого жан тартыш керек деген улуу гумандык принцип. Элемандын Эр Төштүгү Алп Кара Куштун балапандарына болушпай, аларды жегени жаткан ажыдаарды сүрөп кирсе, жомоктун тарбиялык мааниси болот беле? Тилекке каршы, ушул таптагы Украинадагы окуяларга көз салганда, кыргыз этикасындагы ушул эреже унутта калып жатканы көзгө урунат.

Кууган ким?
Украина Орусияга бастырып кирген жок. Тескерисинче Орусия Украинанын аймагында баскынчылык согуш жүргүзүп жатат. Мурда өз аскерлерин киргизип, бирок аны өлүп баратса мойнуна албай жанталашып танган гибриддик согуш болсо, азыр анын ачык түрүнө күбө болуп жатабыз. Крымдагы референдум орус атайын кызматтарынын көзөмөлү менен өткөн. Донбасстагы чатак орус аскерлеринин түздөн-түз кийлигишүүсү менен башталган. Ал жактан орус аскерлери ошондо эле туткунга түшүп, видеосу дүйнөгө тараган. Эгерде ошол жактагы чек араны орус аскерлери ээлеп албаса, жикчилдерге Орусиядан байма-бай курал-жарак, аскердик техника келип турбаса, Украинанын куралдуу күчтөрү аларды эчак эле басып коймок. Азыр да Орусиянын эмес, Украинанын тынч жаткан адамдары ракетанын соккусунан курман болуп, бала бакчалар, мектептер, ооруканалар талкаланууда.

Орунсуз шылтоолор
Кремл «Украинада нацисттер бийликке келип алыптыр, аларды бийликтен кетиришибиз керек» деген шылтоону бетине кармап келет. Бул суу кечпеген шылтоо. Анткени биринчиден Украинанын президенти Владимир Зеленский өзү еврей. Фашисттик өлкөдө башка улуттун өкүлү келип, мамлекеттик эң жогорку кызматта отурушу үч уктаса түшкө кирбеген көрүнүш. Экинчиден украин улутчулдары парламенттик шайлоодо эч кандай алдыңкы орун алган жок. Үчүнчүдөн жана эң негизгиси – ошол улутчулдардын өздөрү деле Украинадан башка жерлерди басып алуу жөнүндө эч качан сөз кылган эмес.
Азыркы жаңыланган, башка мамлекеттердин аймагына ачык көз арткан фашизмдин уюткусу каякта? Так гана Орусияда. Нацисттик, неонацисттик, радикал экстремисттик уюмдардын саны, алардын кылмыштуу аракеттери жагынан Орусия алдыңкы орундарда. Ал го расмий саясат эмес экен дейли десек, орус саясатчылары башка өлкөлөрдүн жерин ээлеп алууга байланышкан дымагын жашырбай деле калышты. Фашисттик дымагы бар саясатчылардын сап башында килейген эле вице-спикер Владимир Жириновский турган болсо, Казакстандын мамлекеттүүлүгүнө шек келтирген Владимир Путиндин сөздөрү расмий позицияны билдирип турат. Эшиктен келип төр талашкан “Орус дүйнөсү” (ор. Русский мир) аттуу долбоор – түздөн-түз башка мамлекеттердин ички ишине кийлигишүүгө багытталган, неофашисттик долбоорлордун бири. Башында орус тилдүүлөрдү көчүрүп барып жайгаштырып, тилине кайсы бир статус алып берип, кийин бир нерсе болсо “бизди кысымга алып атышат” деп Кремлдин кийлигишүүсүн талап кылган бешинчи колонналар чыгарган жыландын башы дал ушул. Муну түшүнбөгөн киши мамлекеттик кызыкчылык тууралуу кеп кылбай эле коюшу керек.
Рашизм
Азыркы орус фашизми өлкөнүн англисче аталышына байланыштуу “Рашизм” деп атала баштады. Рашизм үчүн Орусиядан башкасынын баары күнөөлүү. Рашизм – империячыл орус шовинизмин негиздөөнүн жана актоонун алда канча системалуу, ар тараптуу, кылдат иштелген түрү. Анын жанында Геббелстин үгүтү баланын оюну болуп калат. Рашизмдин долбоорлорунан Кудайдан жөө качкан суу куйду алдамчылардын баары ылгабай пайдаланылат. Атап айтканда, өзүн ДНР деп атап алган жикчилдердин башчысы Денис Пушилин илгери Союз кулаганда Сергей Мавроди деген шылуун түзгөн канчалаган кишилердин акчасын шыпырып алып, канчасынын убалына калган МММ аттуу финансылык пирамиданын функционери болгон. Мен орусчул Янукович менен европачыл Ющенко тирешип турган жылдары Москвада да, Киевде да болгом. Орусияда скинхеддер күч алып турганда Киевдеги кыргыз мирганттары «Байке, бул жакта таптакыр Орусиядагыдай көрүнүш жок, элдин пейили жакшы, улутуңа карап эч ким мамиле кылбайт» деп жооп беришкен эле. Анысын мен өз көзүм менен деле көрдүм жана анын негизинде чыныгы фашизм Украинада эмес, Орусияда деп так айта аламын.

Баскынчылык баарына бирдей
Мунун баарын айтсаң эле, батышчыл деген жыйынтык чыгарчулар четтен табылат. Бул эми Бакиевдин кылмыштарын айтсаң, АШАчыл деген эси жоктордун эле бир түрү. Батыш мамлекеттеринин баскынчылык согуштары толтура. Аларды эч ким танган жок. Ириде Америка Кошмо Штаттарынын Иракка, Ооганстанга, Иранга койгон чабуулдары да баскынчылык мүнөздө болгон. Кайсы гана негизде болбосун, башка бирөөнүн жерине курал менен бастырып кирүү – баскынчылык. АКШ куралдуу күчтөр менен Иракка кирип барып, эгемен мамлекеттин президентин асып өлтүрүшү – баскынчылыктын классикалык формасы болгон. Авганистанга окшогон чоочун мамлекеттин элин ушунча жыл басып турганы – бул да баскынчылык. Улуу Британиянын Индиядагы, Франциянын Алжирдеги жана башка ээликтери – ушулардын баары колониалдык согуштардын жыйынтыгы. Бирок эч качан биринин баскынчылыгы экинчисиникин актабайт жана жокко да чыгарбайт. Батыш мамлекеттери эл аралык укук нормаларын бузса эле, Орусия бузбаган болуп чыкпайт. Орусия да бузуп атат. Бузганда да өтө одоно, калпы чыкканына карабай бузуп атат.
Батышка батпаган гиганттар
Өзүнүн чыныгы күчүн сезе элек өлкөлөр Европага жабышып, сезгенден кийин анын кереги деле жок экенин түшүнө башташты. Илгери Түркия ушунчалык чоң потенциалы, дарамети менен Европа Биримдигине кирүүгө абдан аракет кылды эле, кийин тескерисинче өз алдынча саясат жүргүзсө көбүрөөк утушка ээ болорун билди. Азыр Түркияга негизинен Европа Биримдигинин курамында болуунун зарылчылыгы деле жок. Украина да ошону түшүнө турган абалга келди. НАТО мамлекеттери курал-жарак жагынан жардам бергени менен аскерлерин жиберүүдөн баш тартышты. Албетте, Украина НАТОнун мүчөсү болсо кийлигишүүгө туура келмек, Киев деле ошол кепилдиктерден улам, Орусиянын империячыл дымагын билгендиктен жан аргасы үчүн Түндүк Атлантикалык Альянска умтулган. Бирок ушул тапта НАТОнун бириккен аскердик потенциалына караганда Украинанын өз элинин жана өз аскерлеринин духу, уюшкандыгы, энергиясы алда канча көзгө толумдуу болуп турат. Өзү жалгыз башы менен он НАТОдон күчтүү каршылык көрсөтүп жатат. Демек, мындай мажирөө, чечкинсиз, шылкы бош НАТО Украинага өнөктөш катары канчалык керек болоору Киевдин өзүн деле терең ойлондура турган маселе.
Путин – чыныгы глобалисттердин тактекеси
Конспирологдор кеп кылган глобалист күчтөр Украина сыяктуу эркиндикке умтулган элдерди жаман көрөт, ал үчүн биринчи иретте Орусия сыяктуу империячыл дымагы чоң мамлекеттерди эң мыкты пайдаланат. Владимир Путин баш болуп, Соловьев сыяктуу бульбуляторлордун, Жириновский сыяктуу “энеси орустардын” жетегинде калды. Путинди бул согушка көкүткөндөр өз балдарын Украинага өлүмгө жумшабайт. Көбүнүн укум-тукуму өздөрү жамандаган Европада. Согуштун азабын тартса карапайым орус эли тартат. Орус телевидениесинин 80% ээлеп алгандар, “Орус дүйнөсү” сыяктуу империячыл долбоорлорду иштеп чыккандардын кылы кыйшайбайт. Чындыгында кимдин авторлугу менен болбосун, империячыл долбоорлорду так ошол глобалисттик күчтөр иштеп чыгып, так ошолор ишке ашырат. Алардын максаты кандай? Орус мамлекеттүүлүгү Москва менен Петербургдан башталган эмес. Орус мамлекеттүүлүгү Киевден башталган. Биринчи орус мамлекети Киев Русу болгон. Киев Русу орус мамлекетинин тарыхый тамыры болчу. Союз кулагандан кийин да Украина Орусиянын купуя касиети, башкаларга байкалбай эле катылып турган куту болуп келген эле. Жанагы күчтөр Орусия өз колу менен ошол өз тарыхый тамырына, өзүнүн купуя касиетине балта чабышына жетишти. Өз тарыхый тамырына өз колу менен балта чапкан мамлекет эзели оңолбойт. Бул согуштан утту дегенде да, утулду дегенде да оңолбойт. Эмне үчүн?

Уткан же утулган Украина
Орусия Украинаны уткан күндө да, украин элинин каршылыгы, жек көрүүсү кала берет, партизандык согуштар уланат. Анын баарын көзөмөл астында кармап туруш үчүн эбегейсиз ресурстар кетет. Айталык, Чеченстанда Орусиянын мыйзамдары сакталган деле жок. Ошого карабай эптеп эле Рамзан Кадыров Путиндин атынан туруп бериши үчүн федералдык бюджеттин кыйла бөлүгү Чеченстанга жумшалып атат. Акчанын агымы токтоор замат, бир саткан Рамзан экинчи жолу деле сатат. Азыркы санкциялардын шартында Украинаны көзөмөл астында кармап туруш үчүн алда канча көп каражат кетет. Ансыз деле Орусиянын Украинадагы согушта болгон жоготуулары бир нече жылга созулган эки чечен кампаниясындагы курмандыктарынан ашып түштү. Орус армиясынын 12 миңден ашуун кишиси өлдү. Орус жоокерлери, офицерлери тобу менен туткунга түшүп, күнөөсүн мойнуна алып, ачык маек берип, туугандарына чалып, болгон чындыкты айтып атышат. Кызыл Чырым уюмуна Киев орус аскерлеринин сөөктөрүн алып кетүүнү сунуш кылып атат. Орусия аны кабыл алса, кара кагаздар пачкалап келе баштаса, өз ичиндеги кырдаал кыйла курчуп кетээри турган иш. Андыктан аны мойнуна албай кутулганы оң.
Чоң-кичине кармашы
Украина Орусиядан эли жагынан үч эсе, жери жагынан беш эсе кичине. Украинанын эли 40 миллион болсо, Орусиянын мобилизациялык резерви эле 25 миллион. Демек, уткан күндө деле килейген Орусия кенедей Украинаны эч кандай негизи жок эле басып алганын элдин баары көрөт. Анын үстүнө эгерде Орусия Украинадагы согуштан утса Кремлдеги империалисттердин арааны ого бетер күчөйт. Казакстандын түндүгүн, Днестр боюн, Абхазияны, Түндүк Осетияны биротоло кошуп алуу аракеттери ачык түргө өтөт. Ага “орус дүйнөсү” долбоору эң сонун кызмат кылып берет. Ага каршылык да күчөйт. Анткени Донбасска көчүрүп барып, кыйла жылдан кийин жерин талашкан адаты мында да кармабайт деген кепилдик жок. Ал эми империялардын илгертен келаткан эң чоң көйгөйү ушунда – арааны караанына чак келбей калганы. Башкача айтканда империялар ээлигин улам кеңейте берип, аягында ошону кармап турганга ресурсу жетпей айрылып жүрүп отурган. Байыркы Рим империясын, кийинки Византия империясын, Араб халифатын, Осмон империясын, СССРди карагыла. Отто фон Бисмарк немис жерлерин чогултуп гана тим болгону үчүн тарыхта жакшы ат менен калып, ал эми өз ээлигинен тышкары аймактарды алууга умтулган, аягында ресурстары жетпей калган Гитлердин катасын байкагыла. Алкымын тыя албай чоңураак крокодилдерди жутуп алып ортосунан бөлүнүп жатып калган анакондалардын видеолору эң жакшы түшүндүрмө боло алат.
Ал эми чакан Украина килейген Орусияны кууп чыкса Кремл үчүн андан бетер жаман. Азыр деле моралдык үстөмдүк украиндер тарапта. Анан дагы жашоо бумеранг сыяктуу нерсе. «Бирөөгө ор казсаң кенен каз, бир күнү өзүң түшөсүң» демекчи, жалаң энергоресурстардын эсебинен кармалып турган Орусиянын ыдырашына негиз алда канча көбүрөөк болуп турат. Убагында СССР деле бир күнү кулай турганын айтсам, урушуп кирген агай-эжейлерим өздөрү окуткан диалектиканын мыйзамын, «Өлбөстү Кудай, сынбасты адам жараткан эмес» деген кыргыз жыйынтыгын эске алышкан эмес. Украина утуп чыкса, мамлекеттердин эгемендигин биринчи орунга койгон программа алдыңкы планга чыгып, байыркы Киев Русунун пассионардык энергиясы кайрадан жаңырат. Жаңы цивилизациялык принциптер, эрежелер, тенденциялар пайда болот. Эл аралык уюмдар, согуш блоктору эскирип калганы, керектен чыгып баратканы дагы бир жолу далилденет.

Азиядагы ажыдаар
Бул согуштан ким утуп жатат? Биринчи иретте Кытай. Расмий Бээжин ансыз деле тыйынына чейин эсептеп, орус энергоресурстарын өтө арзан алууга жетишкен. Эми санкцияларга байланыштуу Европага кетпей калган орус энергоресурстарын ала турган башка тарап жок. Мындай шарттагы сүйлөшүүлөрдө өз эркин таңуулай турган тарап – Кытай. Өз товарларын өзү каалаган шартта экспорттошуна жол ачылат. Аскери, күчү, энергиясы кетпейт. Кытай байыртан эле эки тарап тирешип турса эч кимисине жардам бербей, кимиси жеңээрин күтүп туруп, эки тарап тең алсыраганда, жеңгени менен өз шартында иштешип келген. Англосаксондор цивилизациясынын геосаясий долбоор түзгөндөрү болсо, эки тарабына тең жардам берип, кимиси утса ошонусу менен иштешкен, бирок запастагы вариантын да кармап турган. Орус империализми чабал өрдөк мурун учат болуп эч нерсе боло электе эле бир тарабына жан тартып, бирин мактап, экинчисин күнү-түнү жамандап атып акыры ушуга жетти.
Кыргызстан алчу сабактар
Кыргызстан – Орусия же Кытай сыяктуу чоң геосаясий оюнчу эмес, эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн сактап калгысы келген чакан мамлекет. Ошондуктан Бишкек бул согушта мүмкүн болушунча өз аймагын ого бетер кеңейткиси келген, эртедир-кечтир жок боло турган империянын кызыкчылыгын эмес, өз жерин коргогусу келген  эгемен мамлекеттин тагдырын ойлошу керек. Украинанын башында турган мүшкүл бизге да чоочун эмес. Кечээ эле Тажикстандын тажаал агрессиясында расмий Москва ким тарабында болгонун көрдүк. Андан мурунку Ош окуяларында ошол орус армиясы Украинада жүргүзгөндөй гибриддик согуштан Ислам Каримовдун баш тартышы чоң утуш болгон. Экинчи сабак ушундан эле келип чыгат – орус телеканалдары кыргыз аудиториясынын башын канчалык айландырып салганын байкагыдай деле болдук окшойт. Кыргыз окурмандары менен көрүүчүлөрү экинчи тараптын үнүн укпай эле Соловьев сыяктуу бульбуляторлордун абжибине арбалып калды. Бул абжиптен кутулуш керек. Андыктан бир катар депутаттар орус телеканалдарына кыргыз бюджетинен акча бөлүүдөн баш тартууну сунуш кылганы туура. Өзүбүздүн каналдарды өнүктүрүп, дүйнөнү өзүбүздүн көз менен карайлы. Бул тууралуу менин «Медиадагы тенденциялар жана улуттук кызыкчылык» аттуу макаламда кеңири жазылган.
Үчүнчү сабак – кыргыз экономикасын мүмкүн болушунча диверсификациялап, жалаң ЕАЭБ менен Орусияга байлап койбой, ар тараптуу варианттарды карай жүрүш керек экенин түшүнүүгө мезгил жетти. Илгери муну кеп кылсаң мигранттардын абалын айтышчу эле. Алардын тагдыры бул согуш башталганда эле чечилген. Эми алардын кайтып келген агымын кантип иш менен камсыз кылууну ойлонуу зарыл. Анын бир жолу – борбордо эмес, жер-жерлерде, айрыкча чек арага жакын райондордо ачылып жаткан бизнеске беш жылга чейин салык жагынан толук каникул берүү. Салык төлөнбөсө койсун, ушу тапта бизге жумуш орундары болуп турганы утуш. Бул бир эсе мигранттардын кайтышын жумшартса, экинчи жагынан аймактардын абалын оңдоп, элдин баары үйүлүп жаткан Бишкекти аз да болсо жүктөн бошотот.
Төртүнчү сабак – быйыл соода менен эмес, айыл чарбасы менен алектенгендер утат. Андыктан эмитен тоют камдап, жер айдап, мал багып, белди бекем бууп, өз экономикабызды ойлогонубуз жакшы. Айрыкча суу ресурстарына байланышкан маселелер улуттук кызыкчылыкта чечилишин бийликтен талап кылуу быйыл өтө маанилүү.
Бешинчи сабак – ушул тапта кыргыз эгемендигине, кыргыз улуттук кызыкчылыгына үч чоң күч – орус империализми, салт-санаага каршы чыккан Батыш түшүнүктөрү жана ислам фундаментализми – коркунуч келтирип жатканын жазып эле жүргөнбүз. Булар кыргыздын улуттук аң-сезимине, кыргыздын улуттук кызыкчылыгына түпкүлүгүндө каршы, бирок тактикалык жактан бири-бирине атаандаш күчтөр. Ошондуктан орусиячыл долбоорлорго каршы кыргызды пайдалануу менен алар өз идеологиясын ого бетер түртүшү мүмкүн. Ошондуктан алардын чырагына май тамызбастан, алардын куралына айланбастан, кыргыз улуттук кызыкчылыгын илгерилете беришибиз зарыл.
Автор: Жыргалбек КАСАБОЛОТ
Журналист, аналитик

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…