Мен айланамдагы бардык жаш-карыларга жана сабак берчү каналдарымда «АйТи (IT) оку» – дей бермей жайым бар. Жакында дагы бирөөнө дагы ошентсем, «Эмнеге намаз оку деп айтпай, ушуну айта бересиң?» – дейт бирөө. Ага мен «Ооба, намаз оку! Айти оку деп айтуу, намаз окубай кой деген сөз эмес, чаташтырба!» – деген жооп узаттым. Бирок бул тууралуу ойлонуп калдым. Байкашымча минтип айтып койуу жетиштүү эместей сезилди. Андан дагы менин телеграм каналымдын катталуучуларына жана башка айлана-чөйрөмдөгү адамдарга «АйТи оку» – деп какшай бергеним, мени дин душманындай көрсөтө баштаганы мени терең ойго салды. Ошондуктан ушундай тыянакка кептелген же кыска ойду ээлегендердин баарына кененирээк жооп берип койууну туура көрдүм. Намаз окуу дагы, айти окуу дагы бизди жараткан Кудайыбыздын бизге берген милдети, парзы жана мүмкүнчүлүгү деп айтмакчымын. Намаз кандай парз болсо, билим алуу да ошондой парз.
Бири экинчисин чектебейт
Диндар болуу, динге терең ишенүү жана аны бекем тутууу бизге көп нерселер үчүн эч кандай чек койбой. Мисалы, бир адам койчу дейли. Ал кой багуудан абдан ырахат алат, тиричилик кылып, бала-бакырасын багат. Анын дини анын кой багуусуна эч кандай каршы келбейт. Динин туура туткан адамдын жүрөгү тынч болуп, бейпил жашоодо өмүр сүрөт. Тескерисинче деле ошол сыяктуу: Койлоруңду багуусу начарлап, өлүм-житимге учураса, туткан диниң сени чоң сар-санаадан толук арылта албашы мүмкүн, бул жерде акыл менен иш кылып, кеп-кеңеш алып, койлордун багуусун жакшыртуу амалын издешиң керек. Бул жашоодо ар ким ар нерсе менен тиричилик кылат: Бири такси айдап, жан бакса, дагы бири окутуучу болуп эмгектенет, дагы башкасы багбанчылык кылат, дагы бир адам медицина окуп, адамдарды дарылоону каалайт, дагы бир адам ветеринар болуп, мал карагысы келет, дагы бир адам молдо болгусу келет, дагы бир адам бизнесмен болгусу келет, мага окшогон бир топ адам айти адиси болгусу келет. Алардын ар кимисинин ишенген дини, бирок сүйгөн кесиби же кылган иши бар. Алардын ортосунда мен эч кандай чектөөлөрдү же кандайдыр бир карама каршылыктарды ушуга чейин байкай элекмин.
Бири экинчисин толуктайт
Кудай Таала эч кимибизге балп этип асмандан ырыскы бербегени дагы баарыбызга белгилүү. Бизди жараткан Кудай Таала, биз сүйгөн Мухаммед пайгамбарыбыз жана Ислам дини биз аркалаган кесиптердин эч бирисин туура эмес дагы дебейт. Бир улут катары, бир эл катары биздин каада-салттарыбыз да, элибиздин маданияты да буга каршы чыкпайт. Тескерисинче «Ар бир кесип ардактуу», «Билеги күчтүү бирди, билими күчтүү миңди жыгат» деген макал-лакаптар бар элибизде, же болбосо динибизде «Илим алуу бешиктен кабырга чейин парз» деп айтылат. Биз ушул тапта Ыйык Рамазан айында отурабыз, ушул ыйык айда түшкөн Алла Тааланын сөзү болгон Куран дагы “Оку” деп түшкөн. Жөн гана окуп кой деп эмес, буйрук кылынып, “ОКУ!” деп түшкөн. Эгерде жогорку мисалдарга кайрадан кайта турган болсок, эгер кой баккан койчу, койду жөн эле жайытка жайып коё бербей, малчылыктын илимин алса, койду туура бакса жана диний милдеттерин туура аткарса, бул адам кой багуудан ырахат алат жана ошол билим менен мээнет кылып багып жатканы үчүн Кудайга да жагат, ийгилик дагы табат. Жетим-жесирге да жардамын тийгизип, алардын сообуна калат. Мындай нерсе башка ар бир кесипте жана ишке таандык.
Мажбурлап окутуу жок
Эми жакшылап карап көрсөк, биз эч кимди мажбурлап Намаз окута албайбыз, анткени ал жеке адам менен Жараткандын ортосундагы мамиле, дин аркылуу ага ишеним көрсөтүү ичтен чыккан каалоо. Анын сыңарындай биз эч кимди маалымат технологиясына мажбурлап окута албайбыз, ал дагы ар бир адамдын жеке тандоосу жана ыктыяры.
Мен өткөндө мага айтылган пикирге ушундай кененирээк макала жазганы жатам деп каналымда бөлүшсөм, абдан кызыктуу пикирлер келиптир. Бир катталуучум «Намаз оку деп айта турган өзүнүн адиси бар» деп жазыптыр. Муну мен эң туура пикир деп эсептеймин. Мен дагы сөздүн ток эте турган жерин айта турган болсом, анда «Мен молдо эмесмин, Намаз оку деп айтсам, аны туура жеткире албашым мүмкүн» – дээр элем. Бирок мен айти адиси катары айтинин артыкчылыктарын сизге туура жеткирип айта алам. Анткени мен бул кесипти ийгиликтүү аркалап, бирок ошол эле учурда диний милдеттеримди калтырбай аткарып, толук кандуу мусулман кандай жашаса болот экенин сөз гана эмес, өз жашоом менен да көрсөтүп бере алам. Мен сыяктуу биздин көп кесиптештер беш маал намаз окушат, орозо кармашат, башкалардан керек болсо көбүрөөк зекет-садакасын бере алат. Алардын эч бири бечара болуп бирөөнүн колун карабайт. Мусулманчылыктын эң негизги өзгөчөлүгү бирөөдөн жардам күтүү эмес, тескерисинче башкаларга эң көп жардам берүү эмеспи.
Ушул таризде баарыңарда «Кармаган орозоңор кабыл болсун, жашооңор берекелүү жана ийгиликтүү болсун! Өзүңөрдү өнүктүргүлө, өлкөнүн өнүгүүсүнө жана өзгөлөрдүн да өнүгүүсүнө салым кошкула!» деген каалоо айтмакчымын.
Автор: Турат АЛЫБАЕВ
Айти-окутуучу, программист, активист-агартуучу