Дизайндын автору Гүлназ Шаршеналиева

21-апрель – Дүйнөлүк чыгармачылык жана инновациялык ишмердик (креативдүү экономика) күнү. Ушул күнү президент Садыр Жапаров «Креативдүү экономиканы өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасын прогрессивдүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Жарлык адамдын чыгармачыл жана интеллектуалдык потенциалын колдоп, ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана жумуш орундарын түзүү максатында кабыл алынып жатат. Президенттин Креативдүү экономиканы колдоо боюнча жарлыгы мен үчүн кубанарлык кабар болду. Анткени токтом 2020-жылдын декабрында эле даяр болгон. Бирок, ушул убакка чейин бекитилбей келген. Жарлыкта Жаратмандык өнөр жай паркы тууралуу да айтылат. Эми бул Жарлыктын арты менен эмнеге жетишебиз, креативдүү экономиканын өнүгүшү эмнеге алып келет жана аны ишке ашыруу негиздери кандай?
Биринчиден, мамлекет жаратман экономиканы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты деп санаарын расмий билдирди. Бул абдан туура нерсе. Экинчиден, өлкөбүздө “креативдүү экономика” (КЭ) термини расмий болуп калды. Мындай баа берүү дагы абдан маанилүү. Үчүнчүдөн, президентибиз Садыр Жапаров министирлер кабинетинин башчысына креативдүү өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгууну жана жаратмандык өнөр жай паркын түзүү жөнүндө мыйзам жазууну тапшырды. Ал долбоор даяр. Болгону аны Экономика министрлиги башка министрликтер менен макулдашуусу керек. Эгер мунун баары президенттин эрки менен ишке ашып жатканын эске алсак, анда тоскоолдуктар аз болот деп ишенем. Төртүнчүдөн, креативдүү индустрия паркы боюнча мыйзам даярдалууда. Бешинчиси, мыйзам Министрлер кабинетинен чыккан соң, парламентте талкууга алынат. Эгер парламент аны бекитип берсе, КИП дирекциясын куруу, анын иштөө жоболору боюнча көптөгөн техникалык иштер болот. Акыркысы, санариптик көчмөндөр үчүн визалар боюнча жобо. Анын алкагында Кыргызстанды акыл эмгеги менен иштегендерге ылайыктуу жерге айлантууга мүмкүн. Эгер, мунун баары 2023-жылдын экинчи жарымында иштеп баштаса, көп компаниялар катталып, салыктын жана социалдык фонддун акылга сыярлык чендерин төлөй башташат деген ойдомун.

Креативдүү экономика
Акыркы жылдары креативдүү экономика дүйнөлүк экономиканын тез өнүгүп келе жаткан тармактарынын бири. Кыргызстанда креативдүү экономиканы “жумшак инфраструктурага” жана билимге негизделген, узак мөөнөттүү капиталдык салымдарды талап кылбаган, калктын кирешесинин өсүшүнө жана калктын жумуш менен камсыз болушуна, экспорттун көбөйүшүнө жана инновациялык ишкердикти өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн экономиканын келечектүү тармагы катары кароого болот. Мен менин өлкөм инновациялык жана стартаптардын өлкөсү болушун каалайм. Ошондуктан креативдүү экономика жана креативдүү кесиптер тууралуу түшүнүктү адамдарга көбүрөөк жеткирүү керек. Ошондой эле мамлекет креативдүү экономиканы колдоо үчүн эмне кыла алаарын так түшүндүрүүсү маанилүү. Анан дагы кесиптерди үйрөнүүгө, стартаптарды ачууга, креативдүү компанияларга ишке орношууга, креативдүү жаратууларга инвестиция кылууга жана аларды сатып алууга (уурдап эмес) мүмкүн болушунча көпчүлүктүн көңүлүн бурдуруу дагы маанилүү кадамдар.

Креативдүү индустриялар паркы
Креативдүү индустриялар паркына карата Алдыңкы технологиялар паркынын (Парк высоких технологий) мисалында мыйзам түзүлүп жатат. Креативдүү индустриялар паркы – бул эркин экономикалык аймак же кандайдыр бир физикалык орду бар өндүрүш эмес. Бул болгону салык жыйноонун жаңы түрү (специальный налоговый режим). Буга чейин креативдүү, жөндөмдүү ишкерлер мамлекетке салык төлөшпөйт. Эгер аларды мамлекет салык төлөөчүлөрдүн катарына киргизсе, анда аларды ачыкка чыгарып, аларга өздөрүнүн «табылгаларын» каттатып алууга жана иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүп берүү керек. Салык төлөө боюнча тескөөлөрдү (отчет) ачык жүргүзүп, бирок кайсы бир мөөнөткө чейин салыктан бошотуп, андан кийин гана аз-аздап салык төлөө режимине ылайыкташып алгандай кылыш керек. Ошондо гана мамлекет биринчиден креативдүү бизнестер боюнча статистика жүргүзө алат, экинчиден салык төлөөчүлөрдүн катарын көбөйтөт. Демек жакшы каражат топтоого мүмкүнчүлүктөр пайда болот жана ачык, таза иштөөнү көздөгөн көптөгөн ишкерлер чыгат. Бул сектордогу ишкерлердин соцфондго болгон төлөмдөрүн жеңилдетип берүү, экспортко болгон талаптарды жою жана аталган паркты жеке ишкерлердин башкаруусуна берүү дагы маанилүү. Башкаруучу топтун негизги бөлүгүн мамлекеттик кызматкерлер түзгөн Алдыңкы  технологиялар паркындагыдай эмес. Мамлекеттик кызматкерлерди тескөө оңойго турбайт. АТПын көпчүлүк алгылыктуу иштери, баардык жетекчилерди бир убакта чогулта албагандыктан аксап жатат. Ооба, креативдүү паркта мамлекеттин катышуусу сөзсүз болушу керек, бирок негизги бөлүгүн жеке ишкерлер түзүшү зарыл.

Кыргызстанга креативдүү экономика эмнеге керек?
Кыргызстанга креативдүү экономика аябай керек, анткени бизде деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк жок. Бизде өндүргөн товарларды тышка арзан жөнөтүүгө дээрлик мүмкүн эмес. Андай мүкүнчүлүк бизде жок. Эгер биз өз өлкөбүздө көйнөк тигип, анан аны Лондонго жөнөтүүнү кааласак, ырас биз аны £3 арзан эле тиге алабыз, бирок жеткизүү үчүн £20 төлөйбүз. Ошондуктан, Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн баардык материалдык продуктылар – мейли ал алма, буудай, же ошол эле көйнөк болсун – тышка жөнөтүү аябай кымбат. Ал эми материалдык эмес нерселердин жөнү башка, аларды дүйнөнүн каалаган бурчуна жөнөтүп жиберүү өтө жеңил. Андан тышкары айыл-чарбада же индустриалдык өндүрүштө, түптөп койсо эле өзүнөн өзү көбөйүп, дүркүрөп өсүп кетүү деген сыяктуу таң калаарлык сыйкырлуу өсүш дагы бизде мүмкүн эмес. Ошондуктан мындай тез ирденип кетүүгө материалдык эмес гана экономика туура келет. Мисалы, Дина Руслан эки IT-компания негиздеди, алардын ар бири $1 млн. жогору бааланат. Бирок, айыл-чарба багытында бир адам $10-15 миң доллар коротуп негиздеген кандайдыр бир чакан эле компания, пайда болгондон бир-эки жылдан кийин миллионго бааланган эки чоң компанияга айланып, ушундай ийгилик жаратат деп элестетүүнүн өзү мүмкүн эмес. Кыргызстанда азыр жалпы куну $1 млн доллардан ашык турган 10 дон ашык креативдүү компаниялар бар. Алардын көпчүлүгү IT-компаниялар. Бизде азыр бир өзгөчөлүк бар: Кыргызстан аябай эркин, жаш өлкө, калктын 57 пайызын 29 жаштан ылдыйкылар түзөт. Бул жергиликтүү экономика үчүн чоң потенциал.

Автор: Данияр АМАНАЛИЕВ
Экономист, бизнесмен, Ololohaus коворкинг жана арт-студиялар компаниясынын тең негиздөөчүсү, Creative Industries Ассоциациясынын Байкоочу кеңешинин төрагасы
Которгондор: Мээрим АСАНОВА жана Айбек ШЕРГАЗЫ

 

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…