Сүрөт envatoelements сайтынан алынды

Германияда ыктыярчы болуп иштөөнүн кызыктуу тарыхы жана коомдо маанилүү ролдору бар. Жергиликтүү жарандарга жана жана чет элдиктерге ыктыярдуу түрдө жумуш чөйрөсү менен таанышуу үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк берген ар түрдүү мамлекеттик программалар Германиянын өкмөтү тарабынан иштелип чыккан. Айрымдары тээ алыскы 1964-жылдары башталган. 50 жылдан ашык убакыттан бери ага жарым миллионго жакын адам катышкан, эң кызыгы алардын 75%га жакыны кыздар.

Кыргызстандык ыктыярчылар
Кыргызстандык жаштар көпчүлүк учурда маданият таануу жана тилди өздөштүрүү максатындагы Au-Pair программасы аркылуу Германияга келишет. Бир жылдын ичинде оперлер (Au-Pairs) жергиликтүү коомго көнүп, тилдерин жакшыртып, айлана-чөйрөдөгү өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып калышат. Кыргызстандык жаштардын Германиядагы негизги максаты – жогорку же кесиптик окуу жайдан билим алуу. Ал үчүн немис тилин кайсыл бир деңгээлде билүү керек жана аларды сертификаттардын негизинде далилдөө зарыл. Тил курстарына катышуу, экзамендерди тапшыруу сыяктуу иштер бир жылдык мөөнөттүн ичинде бюрoкратиялык, организатордук же адамдын өз жөндөмдөрүнүн негизинде ишке ашпай калышы мүмкүн. Айрым учурда оперлер менен кабыл алган үй-бүлөнүн ыркы көп келишпей калат дагы, келишимди мөөнөтүнөн мурда бүтүрүүгө туура келет. Дал учул учурларда бир же бир жарым жылдык ыктыярчылык программаларга өтүп кетүү өтө ыңгайлуу шартты берет. Алардын ичиндеги эң белгилүү программаларга Bundesfreiwilligedinst (BFD), Freiwilliges Soziales Jahr (FSJ) жана Freiwilliges Ökologisches Jahr (FÖJ) кирет.

Ыктыярчылык программалар
Bundesfreiwilligedinst (BFD же Bufdi) – Бундесфрайвиллигендинст 2011-жылы Германиядагы аскерге (Bundeswehr) альтернативдик кызматтын (Zivildienst) жоюлушу менен пайда болгон. Ошондуктан бул программага катышкандардын көпчүлүк бөлүгүн жергиликтүү буфдичилер (Bufdis) түзүшөт. Социалдык, маданий, экологиялык, медициналык, административдик жана спорт тармактарында же табигый кырсык болгон жерлерде өз эрки менен кызмат көрсөтүү – бул программанын максаты. Андан тышкары бул «Өмүр бою үйрөнүүгө» дал келет жана башка программалардан айырмаланып 27 жаштан ашкан адамдарга дагы ачык. Келишим 6, 12, 18 же 24 айга чейин түзүлүшү мүмкүн жана каалоого жараша дагы 5 жылга узартылат. Бул эрежелердин чет элдиктерге тиешеси барбы, аны BFD борборунан сурап билүү керек.

Freiwilliges Soziales Jahr (FSJ) – ыктыярчылык социалдык жыл жана Freiwilliges Soziales Jahr (FSJ) – ыктыярчылык экологиялык жыл болсо жогоруда аталган тармактарда жумуш дүйнөсү менен таанышып, ошол тармактарда үстүртөн билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул чөйрөлөрдө айрымдар өздөрүн сынай алат жана андан ары кесиптерди дагы аркалап кетишсе болот. Кыргызстандык жаштар BFD га караганда бул эки программага көбүрөөк катышат. Айрыкча социалдык тармактарда 16дан 27 жашка чейинки ыктыярчыларга суроо-талап жогору.

Программанын талаптары
Келишимдин негизинде ыктыярчылар үчүн төмөнкүдөй талаптар коюлат:
• күнүмдүк сегиз сааттык жумуш б.а. жумалык 38,5 сааттык активдүү иш;
• милдеттерди кылдаттык жана жоопкерчилик менен аткаруу;
• кесиптик этиканын эрежелерин так сактоо;
• жыл ичинде баш-аягы 25 күндүк беш түрлүү семинарга катышуу. Семинарларга кеткен убакыт жумуш убактысы катары эсептелет жана алар FSJ/FÖJ/BFD билим берүү программасына киргизилген. Катышуучулар иш-чара өтүүчү жерге чейин бекер транспорт, бекер тамак, жатакана жана маданий программага катышуу менен камсыздалат.
•  ошондой эле катышуучуларга жылына 25 күн эс алуу (Urlaub) берилет, аны ыктыярчы өз каалаган убакытта толугу менен же бөлүп-бөлүп колдонсо болот.

Ыктыярчылар тамак-аш жана медициналык камсыздандыруу менен камсыздалат жана 150 евродон ашуун айлык чөнтөк акысын алышат. Айрым жерлерде аларга жатаканадан да орун берилет. Ыктыярчылардын өздүк картасы болот, анын жардамы менен алар коомдук транспортко жана коомдук жайларга билет алууда ар кандай арзандатууларды ала алышат. Программаны аяктагандан кийин ыктыярчыларга жетишкендиктери жана алган билимдери тууралуу сертификат берилет.
Эгерде ыктыярчылыкты мөөнөтүнөн мурда токтотуу зарыл болуп калса, анда келишимдеги талаптарды эске алуу керек. Сыноо мөөнөтүндө көздөгөн жерде иштөөнү жактырбаган учурда эки жуманын ичинде эч кандай себеп көрсөтпөстөн келишимди жокко чыгарууга болот. Сыноо мөөнөтү өткөндөн кийин, жумуштан бошонуу көбүнчө олуттуу себептерден уламм мисалы ыктыярчы аусбилдунг таап же университеттен орун алып калса, иш жердин башкармалыгына түшүндүрмө жазуу аркылуу мүмкүн.

Кошумча маалыматтар
Аталган программаларга Кыргызстандан дагы түз тапшырса болот. Негизги талапка А2 жана B1 деңгээлиндеги немис тили керек. Документтерди жиберүү жана маекке катышуу онлайн аркылуу дагы ишке ашат. Программага кабыл алынгандар Германиянын улуттук D виза категориясын алышат. Виза үчүн текшерүүдөн өтүү бир айдан эки жарым айга чейин созулушу мүмкүн. Керекүү документтерге: резюме, мотивациялык кат, орто билим тууралуу күбөлүк, немис тилин тастыктаган сертификаттар, өздүк документтер жана эмдөө сертификаттары (кургак учук, кызамык, ковид ж.б) кирет.
FSJ жана BFD ар кандай коомдук бирикмелер, кайрымдуулук жана диний уюмдар, мамлекеттик жана жеке иш каналар тарабынан уюштурулат. Алардын белгилүүлөрүнө DJH Jugendherberge, Diakonie, Deutsches Rotes Kreuz, Bethel жана Diakovere кирет. Учурда жүздөгөн кыргыстандык жаштар ар кандай тармактарда бул программаларды өтүшүүдө. Кызыккандар социалдык тармактар аркылуу же BIZ уюмунун мүчөлөрү аркылуу тагыраак маалыматтарды жана суроолорго жоопторду алса болот.

Авторлор: Айканыш РЫСКУЛОВА жана Мээрим КАДЫРБЕКОВА
Редактор: Махабат САДЫРБЕК

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…