Эки мамлекеттин алакасы
Кыргыздар менен түрктөр орток тарыхы, тили, дини, маданияты бар боордош элдер. Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1991-жылдын 23-декабрында түзүлүп, өткөн жылы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы белгиленди; президенттер Жапаров менен Эрдоган буга карата биргелешкен билдирүү жасашты. Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп Түркия тааныган. 1992-жылы апрелде Бишкекте Түркия элчилиги, 1992-жылы октябрда Анкарада Кыргызстандын элчилиги ачылган. Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелер Жогорку Стратегиялык Кызматташтык Кеңеши деп аталган алака-катыш аркылуу «стратегиялык өнөктөш» деген статуска ээ жана эки өлкөнүн боордоштук мамилелери динамикалуу бир туугандык маанайда өнүгүүдө.

Кыргызстан-Түркия мамилелери
Кыргызстан-Түркия мамилелери саясий, соода, экономикалык, маданий, социалдык, илимий, билим берүү жана аскердик-техникалык тармактарда кызматташууну караган 100дөн ашык келишимдерге жана протоколдорго  негизделген. Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин мазмунун жана духун чагылдырган негизги документтерге 1997-жылдын 24-октябрындагы Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы «Түбөлүк Достук жана Кызматташтык жөнүндө келишим», 1999-жылдын 1-июлунда эки өлкөнүн президенттери кол коюшкан «Түркия менен Кыргызстан: 21-кылымга бирге» биргелешкен билдирүүсү  жана 2011-жылдын 26-апрелиндеги «Жогорку Стратегиялык Кызматташтык Кеңешин түзүү жөнүндө Биргелешкен билдирүү» кирет.
Кыргызстан менен Түркиянын аскердик-техникалык кызматташтыгы көп жылдардан бери өнүгүп келе жатат. Тараптар күчүндө турган эки тараптуу келишимдерге ылайык аскердик кадрларды окутуу жана даярдоо жаатында тажрыйба алмашуу боюнча кызматташат. Өлкөнүн приоритети болгон улуттук коопсуздукту чыңдоо максатында коргонуу өнөр жайы тармагындагы кызматташтык уланууда.
Бир уюлдуу дүйнөлүк саясат алсырап, көптөгөн мамлекеттер тышкы саясатын «Кайрадан Азия» ачылышы деген түшүнүк менен калыптандырган мезгилди баштан кечирип жатабыз. Бул контекстте Кыргызстан өзүнүн геосаясий маанисин көбүрөөк баса белгилеп, аймактагы өзүнүн геостратегиялык катышуусун сактап калууда. Бул контекстте Транскаспий эл аралык транспорт коридорунун өзгөчө Түрк мамлекеттери борборлоштурулган потенциалын пайдалануу жагынан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашыруу боюнча иштер уланып жатат.
Кыргызстан Жибек жолунун тилкелеринин бири болгон Транскаспий эл аралык транспорт коридорун өнүктүрүүнү колдойт. 2020-жылы башталган коронавирустук пандемиядан улам өлкөлөр ортосундагы аба жана кургактык байланышынын жабылышы менен Кыргызстан башка түрк мамлекеттери сыяктуу эле тиешелүү транспорт коридорун активдүү колдонду. Учурда аймакты келечекте Түркмөнстан, Иран жана Түркия аркылуу Европа Биримдиги өлкөлөрү жана башка аймактар ​​менен байланыштыра турган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашыруу боюнча изилдөөлөр уланууда.

Түркиядагы кыргыздардын тарыхы
Түрк калктары мындан миң жылдан ашуун убакыттан бери чыгыштан батышты көздөй көчүүнүн негизинде учурдагы Түркия же болбосо Анадолуга (Анатолия) келип жайгашышкан. Алар алдынан чыккан жоону талкалап, элин багындырып өзүнө кошуп отуруп улам кеңейип кете беришкен. Көчтүн экинчи себеби дагы жакшы жайлоо, түшүмдүү жерлерди табуу, элдин камын көрүү болгон. Ал эми түрк калктарынын арасында ошол мезгилдеги кыргыздар дагы көпчүлүктү түзүшкөн. Селжук империясын курган баатырлардын арасында Бозкуш, Токуш, Каратекин сыяктуу кыргыз баатырлары болгон. Селжук империясы ыдырай баштаганда түрк урууларын Осмон Бей бириктирип Осмон империясын түзгөн. Ошондо Византия менен болгон согуштарда кыргыз жоокерлери алдыңкы сапта турушкан. Ошондогу Никосия азыркы аталышы Изник чебинин дарбазасын талкалап өткөн кыргыз жоокерлеринин урматына Орхан Казы «Кыргыздар күмбөзүн» тургуздурган. Изник көлүнө жакын жерге салынган ал күмбөз учурда да сакталып турат.
Айрым тарыхый маалыматтарга караганда, кыргыздар Ооганстандын түндүгүндөгү чыгыш өрөөндөрүндө, Хазре-ти-Имам-Сахибдин түштүк жактарында жана Кичи Памирдин Лянгар, Бозай-Күмбөз, Жүз-Каз деген жерлерин байырлашат. Чектеш жайгашкан Чыгыш Түркстан, Тоолуу Бадахшан (Тажикстан) жана Ооган Памырын кыргыздар эзелтеден мекендеп келишет. 1895-жылдын 27-февралындагы Памирдеги чек араны белгилөө боюнча орус-англис келишиминен улам Түштүк Памырдык кыргыздар менен азыркы Тажикстандагы кыргыздар экиге бөлүнүшүп, бир тарабы Орусияга, экинчиси Ооган хандыгынын бийлигине кошулушту. Ооган хандыгынын, андан соңку королдук Ооганстандын тушунда да кыргыздар борбордон көз каранды эместигин сактап кала беришкен. Ооган кыргыздарынын соңку жаңы тарыхында Рахманкул хандын ордун өзгөчө бөлүп көрсөтүүгө болот. Рахманкул хандын атасы Жапаркул хан эли менен бирге 1917-жылдагы Советтик Революциядан качып, басмачы аталып Памырга көчүп келген, андан Кытай тарапка өтүп кеткен. Кийинчерээк Кытайдын кысымына туш болгон Жапаркул хан эли менен бирге Памыр тарапка кайра көчүп келишкен. Рахманкул хан 1980-жылы АКШнын Исламабаддагы элчилигине кайрылып, жер которууга уруксат берүүчү иммиграциялык виза сураган. Андан соң, Түркиянын өкмөтүнө да кайрылган. Бул суранычты Түркия өкмөтү кабыл алып, 1982-жылдын август айында 1138 адам учактар менен Түркияга өтүп, убактылуу Каракундуз айылына жайгашышкан. 1985-жылы Ван облусунун Эржиш районундагы Алтын-Дарага салынган үйлөр бүтүп биротоло отурукташып калышкан. Ал айылдын атын Улупамир деп атап алышкан. Улупамир айылына жайгашкан кыргыздардын көпчүлүгү Стамбул, Анкара сыяктуу чоң шаарларды байырлап кетишкен. Түркиянын Йозгат облусунун Йенифакылы районуна мамлекеттин массалык турак жай борбору салынып, ал жакка келип отурукташкан 36 түтүн бар. Малатия облусунда 34 түтүн, Анкаранын Чубук районунда 45, Гөлбашы районунда 27 түтүн, Синжан районунда 8, Йенимахалле районунда 2, Полатлы районунда 3 түтүн, Стамбулда 45 түтүн, Ыспарта облусунда 8 түтүн, Кайсери облусунда 5 түтүн, Антакияда 3 түтүн болуп жашап жатышат. Улупамир айылындагы мектептен 8 жылдык билим алууга болот. Түркия мамлекетинин мыйзамдарына ылайык мектепте түркчө окутулуат. Ал эми Кыргызстан менен түзүлгөн протоколдун негизинде кыргыз тили жана музыка мугалими алгачкы убактарда жөнөтөлүп түшүмдүү сабак берип келишкен, кийинчерээк эмнегедир мугалим келбей кыргыз тили жана музыкасы унутулуп бараткансыйт. 8 жылдык мектепти бүтүргөн окуучулар билимин жогорулатуу үчүн Түркиянын ар кайсы жерлериндеги лицейлеринде окушат. Университеттерди бүтүрүп, аскердик академияларды бүтүрүп үзүрлүү кызмат өтөп жаткан кыргыз уул-кыздары бар.

1950-жылдарда Аким Өзгөндүн атасы үй-бүлөсү менен Түркияга көчүп келген. Аким Өзгөн жана Хамит Өзгөндөр Азаттык радиосунун Түркиядагы Кыргыз кызматында эмгектенип келишкен. Азыр алардын неберелери түрк туугандар менен аралашып, жуурулушуп кетишкен.

Эгемендүүлүктөн кийинки кызматташтык

Студенттик программалар жана стипендиялар
Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон кийин Түркия мамлекети «Чоң студенттик долбоорду» баштап, 1992-жылдын күзүндө Советтер Союзунан бөлүнүп чыккан Түрк Республикалары сыяктуу Кыргызстандан да 800дөн ашуун окуучуну Жогорку окуу жайларга жана лицейлерге алып келишкен. Ошол студенттердин алды окууну бүтүрүп кайра кайтышып, бүгүнкү күндө Кыргызстандын ар кайсы тармактарында үзүрлүү эмгектенип жатышат. Айрымдары Түркияда иштеп калышты. Бир канчасы Стамбулда бизнес түзүп, ишкана иштетип, өзүнчө топ болуп чыкты.
Учурда Түркияда 1649 студент жана 19 курсант билим алып жатат. Алар Түркия Республикасынын ЖОЖдорунда  контракттык жана бюджеттик негизде билим алышат. Түркия Республикасынын стипендиялык программалары аркылуу тапшырып бакалавр, магистратура жана докторантура даражалары боюнча акысыз билим алуу мүмкүн. Эң белгилүү программалардын бири Түркия Стипендиялары- Türkiye Bursları. Бул программанын катышуучулары учак билети, айлык стипендия, акысыз дарылануу, бир жылдык акысыз түрк тилин үйрөнүү курсу, акысыз жатакана, эртең мененки жана кечки тамак, академиялык курстар жана семинарлар, маданий жана социалдык иш-чаралар менен камсыз болушат.
Түркиядагы университеттердин көбүндө окуу программасы түрк тилинде өтөт. Ал эми кээ бир университеттер англисче жана башка чет тилдерде билим беришет. Ошондуктан TOEFL жана ушул сыяктуу тил боюнча сертификаттар талап кылынат. Мындан тышкары, кээ бир окуу программалары үчүн GRE, GMAT, SAT сыяктуу тесттердин сертификаты да талап кылынышы мүмкүн. Студент катталып жатканда тапшыргысы келген университеттин талаптарын да текшере алат. С1 түрк тили сертификатына ээ болгон студенттер түркчө даярдоо курсун окубастан автоматтык түрдө окуусун баштайт. С1 түрк сертификатына ээ болбогон студент бир жылдык түрк тилин үйрөнүү курсун окуп, жыл аягында С1 сертификатына ээ болуусу керек.

Башка стипендиялык программалар
Түркияга өз мүмкүнчүлүгү менен келип, академикалык жетишкендиктерге ээ болгон студенттерге Жетишкендик стипендиясы (1 жыл) берилет. Мисалы бакалавриат үчүн 440 лира стипендия берилсе, магистратура үчүн 590 лира, ал эми докторантурага 880 лира бар. Тапшыруу мөөнөтү ар жылы күз айларында башталат. Илимий изилдөөчүлөрдүн жана университет мугалимдеринин өз кесибине байланыштуу изилдөөлөрдү жүргүзүүнү колдоо максатында Илимий изилдөө стипендиясы (3-12 ай) уюштурулган. Ай сайын 3000 лира стипендия берилет. Жылына 4 жолу тапшырууга болот. Чет элдик мамлекеттик кызматкерлер, дипломаттар, университет мугалимдери жана илимпоздор үчүн түрк тилин үйрөнүү үчүн 8-10 айлык 2000 лирадан турган КАТИП стипендиясы бар. Ага катталуу тууралуу жана толук маалымат үчүн чет өлкөлөрдөгү түрк элчиликтерине кайрылуу зарыл. Учак билети, жатакана, түрк тили сабактары акысыз.
Түркиянын бардык шаарларында кыргыз студенттеринин Студенттик кеңештери түзүлгөн. Алар Түркиядагы Кыргызстандык Студенттердин Платформасы деген расмий эмес бирикмеге кошулган. Пандемияга чейин Түркиянын ар кайсы шаарларындагы студенттер бир шаарга чогулушуп, футбол турнирин өткөрүп келишкен. Аны менен бирге берки спорттук оюндар жана улуттук оюн зооктор уюштурулуп турган.

Эмгек миграциясы
Кыргызстандагы жумушсуздуктун негизинде келип чыккан эмгек миграциясы эки өлкөнүн мамилесинде негизги объект болду. Кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны боюнча Түркия Орусиядан кийинки экинчи орунда турат. 90 күндүк визасыз режим жумушчулардан сырткары, Кыргызстандык туристтердин, соодагерлердин жана жеке ишмерлердин көбөйүүсүнө өбөлгө түздү. Учурда Түркия Кыргызстандын инвестиция жана соода жүгүртүү боюнча негизги 5 өнөктөш өлкөсүнүн катарына кирет. Түркиянын Миграция департаментинин 2018-2019-жылдардагы статистикасына таянсак Кыргызстандан жалпысынан 9950 адам келген; анын 2694 эркек, 7256 аял. Алардын негизги бөлүгү кара жумушта, туризм секторунда жана үй кызматында эмгектенишет. Айрыкча жайкы сезондо кыргыз жаштары топ-тобу менен Түркиянын түндүгүндө жайгашкан эс алуучу жайларда иштеп кетишет. Кыз-келиндердин дээрлик көпчүлүк бөлүгү бала багып, оорулуу же кары-картаңдарды карап жеке үйлөрдө кызмат кылышат.

Түркиядагы коомдук бирикмелер жана коомдор
Ар дир диаспорага мүнөздүү болгондой эле Түркияда да ар түрдүү уюмдар бар. Аларга Вандык кыргыздардын коомдору кирет. Маселен алар Улупамирде жашап жатканда «Памир кыргыздарынын колдошуу жана маданият коомун» түзгөн, кийин Стамбулдагы жана Анкарада «Кыргыз түрктөрүнүн көмөктөшүү жана маданият коому» аттуу коом түзүп диаспоранын алгачкы түзүмдөрүн түптөшкөн. Белгилүү күндөрдө чогулуп ар түрдүү иш-чараларды биргелешип өткөрүп келишет. Ордо оюну боюнча мелдештерди уюштурушат, Көк бөрү оюнун ойношот. Эгемендүүлүктөн кийин келген кыргыздар Стамбулдагы «Алга айымдар» коомдук бирикмеси, Измир шаарындагы «Кыргыз айымдары» коому, Анталия шаарындагы «Кыргыз айымдары» жана «Кыргыз эли» коомдорун түзүшкөн. Алар маданий, тарыхый, кол өнөрчүлүк жана спорт иш чараларына активдүү катышат жана жумушчу айымдардын көйгөйлөрүнө жардам берет. Стамбул жана Анкара шаарында иш алып барган «Кыргызстан достук жана маданият коому» Стамбулдагы Айбек Сарыгулов баштаган бизнес менен алектенген кыргыздар тарабынан 2009-жылы расмий түрдө негизделген. Учурда Айбек Сарыгулов коомдун ардактуу төрагасы. Коомдун максаты Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы социалдык, гуманитардык, маданият тармагындагы карым-катнашты чыңдоо жана ошондой эле Түркиядагы кыргыздардын башын бириктирип, маанилүү күндөрдө ар түрдүү маданий иш-чараларды уюштуруу менен кийинки муундарга кыргыздын үрп-адаты менен каада-салттарын үйрөтүү болуп саналат. Алардын жакшы саамалыктарына май айынын башында Түркиядагы бардык кыргыздарды Изниктеги «Кыргыздар күмбөзүнө» чакырып, курмандыкка мал союп, ата-бабалардын арбагына багыштап куран окутуу кирет. Ал жерде ар түрдүү оюн зооктор уюштурулат.

АВТОРУ: АЛМАЗБЕК АСАНБАЕВ
Түркия мамлекеттик радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) Түркия үнү радиосунун Кыргыз кызматынын башчысы
ЖАРДАМЧЫ: ЖАНАРА КАЙЫПБЕКОВА
Түркия бурсларынын стипендияты, журналист

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…