Сүрөт Динара Русландын өздүк баракчасынан алынды

Мен 2016-жылы Америкадан мекениме кайтып келгенден кийин мага Zensoft компаниясында иштөө сунушу түштү. Мен ойлонуп, ал жерде бир жылча иштеп көрөйүн дедим. Анын үстүнө менин АКШга ачык визам бар болчу, каалаган убакта кайра кетип калмакмын. Ошол убакта Zensoftтун мыкты командасы бар эле. Жалпы аракет менен биз аны эки жылдын ичинде алдыңкы компанияга айланттык. Бирок мен продукт менеджерлердин, IT-менеджерлердин жана айти системалык аналитиктердин жетишсиздигинен бир топ көйгөйлөргө дуушар болдум. Ал убакта кардарлар менен разработчиктер менен тим-лидерлери гана түз иштешчи. Мындан улам, кардарларды түшүнүү жагында бир топ кемчиликтер болчу. Америкада болсо мен так ушул тармактарда иштеп, тажрыйбаларды топтогон болчумун.

Идея пайда болду
Жогорку маселелердин негизинде менде IT-продукттарды, IT-долбоорлорду башкаруу жана IT-аналитиктердин бөлүмүн ачуу идеясы пайда болду. Адегенде бул идеяма жанымдагылар бир аз ишенбөөчүлүк менен мамиле кылышты. Бирок акырындап эгер долбоор менеджерлеринин болушу менен, долбоорлордун узактыгы жана баасы өсөөрүн түшүнүштү. Ошентип биз 17 адамдан турган бөлүм түздүк. Бирок, бул жаатта тиешелүү адистер жок болгондуктан, мен жөн гана англис тилин жакшы билген, бизнес жагында, менеджментте, каржы тармагында кандайдыр бир тажрыйбасы бар адамдарды алып, аларды окутуп баштадым. Башында көп эле адамдар тандалчу жана көбүнчө алардын үчөө стажировкадан өтүшчү. Бирок алардын бирөө гана иштеп кете алчу. Бизге киргиси келгендер, менин аларга бул тармакты үйрөтүүмдү сурангандар көп эле болчу, бирок убакыттын тардыгына байланыштуу алардын баарын окута алчу эмесмин.

Курс үйрөтүү чечими
Жүрүп-жүрүп мага IT-долбоорлорду башкаруу боюнча кыска мөөнөттүү багыт берүү курстарын уюштурууну суранышты. Мен бул боюнча көпкө ойлонуп жүрдүм. Ошондо Данияр Аманалиев мага “аракет кылып көрбөйсүңбү” деген сунушун берди. Анан мен фейсбукка бул ойлорумду жарыя кылдым. Бир күндүн ичинде постко бир топ комментарийлер түшүп, бир-эки саатта 15 кишиден турган топ чогулду. Чогулгандарга сабактарды өткөрүүчү жерди Ололохаус уюштуруп берди. Биринчи курс өткөргөн соң, суроо-талап күчөдү. Бир аз убакыт өткөндөн кийин, студенттер IT-продуктуларын тестирлөө программасы, front-end жана графикалык дизайн бюнча курс ачууну суранышты.

Codify lab
Азыркы башкы кеңсеси Сингапурда жайгашкан IT-компаниялардын тобу – Codify академиясынын иши ушундайча башталды. Чынын айтсам, мындай ийгиликти күткөн эмесмин. Окууну каалагандар ушунчалык көп болгондуктан, бир нече топторду уюштуруп, ар кандай программаларды ачууга туура келди. Codify академиясындагы курстардын өзгөчөлүктөрүнүн бири ай сайын төлөнүүчү төлөм жана алгачкы 2 айды арзандатуу менен үйрөтүү мүмкүнчүлүгү болду. Бул студенттерге өз күчүн сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындан алар өздөрү үчүн бул багыт жагабы же жокпу деген суроого жооп ала алышат. Мен эмнеге мындай өзгөчөлүктү түздүм? Анткени кээ бирөөлөр курска 1000 доллар алышып, курс аяктагандан кийин 2-3000 доллар маяна убада кылышат. Анан студенттердин жарымы экинчи же үчүнчү айда сабакты таштап коюшса, акчасы күйүп кетет. Ал эми айлык төлөм менен окуу студенттин өзүн өзү сынап көрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк берет.

Багыттар
Бизде айтинин ар түрлүү багыттары бар. Тандоо мүмкүнчүлүгү адамдын өзүндө. Эгер сиз back-end иштеп чыгуучу боло албасаңыз, анда front-end тарабына өтүңүз. Ал дагы болбосо, дизайнды көрүп көрүңүз, эгер сизге веб-дизайн дагы жакпаса, графикалык дизайнга, эгер ал дагы окшошпой жатса, анда IT-долбоорлорунун башкаруучусуна өтүңүз. Биздин курстардын өзгөчөлүгү ушунда – адам өзүн ар кандай багытта сынап көрүшү керек. Анткени, мен өзүм программистке окуп, бул менин ишим эмес экенин түшүнгөм.
Идеяга бай, чыгармачыл адам үчүн кээде бизнес процессти жана өзгөчө финансылык компонентти системалаштыруу кыйынга турат. Ошондуктан, менин бизнесим бир нече убакытка чейин менин жана тең негиздөөчүм Адилеттин каражаттарынын эсебинен жүрүп жатты. Мен финансист эмесмин, бирок долбоордун продукт менеджери катары мен бюджетти эсептей алам. Бирок компания киреше, өзн-өзү актоо ж.б.у.с. нерселердин баарын текшериши керек. Мен болсо аларга көз жумуп койчумун дагы, көп учурда академияга кайрымдуулук уюм сыяктуу эле өз акчамды жумшап жүрө берчүмүн. Кийинчерээк академиянын өзүнө акча жумшабайм деп чечтим. Азыр академиядан кудайга шүгүр эле каражат түшөт. Бирок мен ал акчаны өзүм үчүн колдонбостон, инвестициялайм же тактап айтканда продукцияны иштеп чыгууга жана ар кандай долбоорлорго жумшайм. Бул продуктыларды Кыргызстандын ичинде чыгарып, анан дүйнөлүк рынокко чыгарууну көздөйм. Андан тышкары биз бул каражаттарды кошумча менторлорго, кошумча программаларга, автоматташтырууга, кеңсе сыяктуу кадимки окуу шарттарын түзүүгө жумшайбыз. Ал эми менин консультациялардан тапкан акчам жашоом үчүн жетиштүү.

Менин долбоорлорум
Мен жалгыз гана IT-курстарын берүү менен алектенбейм, менин бир нече бизнес долбоорлорум бар. Башкача айтканда программалоо курстарын IT-адисттиктин жаңычыл (инновациялык) академиясына трансформация кылдык. Натыйжада бизде үч башка продукты иштеп чыгуу жана кызмат көрсөтүү бар: Мисалы, Codify Аcademy – тажрыйбалуу программисттерди карьералык жетекчиликке даярдайт, Codify Consulting – компанияларга консультацияларды берет, Codify Solutions – IT-өнүмдөрүн иштеп чыгат. Бирок мен үчүн акча биринчи орунда эмес экенин белгилей кетсем. Мен аутсорсер болуп иштеп, айына 5000 доллардан өйдө акча таап жүрдүм. Албетте бир топ кыйынчылыктардан өттүм, күндүз кадимкидей эле иштеп, түнкүсүн кардарлар менен ар кандай продуктылардын үстүндө иштечүмүн. Ошонун аркасы менен бир канча кыймылсыз мүлктүү болдум. Ал эми мен жараткан продуктылардын баары Кыргызстанда эмес дүйнөнүн башка жерлеринде колдонулат. Буларды көрүп, анан бара-бара бардык шартка, эңсеген нерселерге жана каалаган жашоого жеткенден кийин жашоонун чыныгы мааниси кайда экенин издеп баштайсың, эмнегедир ошол продуктылардан өз мекендештериңдин пайда көрүшүн каалайсың..

Биздин миссия – IT-социалдык тармактарын дүйнөгө чыгаруу
Ушундай ойлордон улам кандайдыр бир социалдык долбоорлордун үстүндө иштегим келди. Натыйжада IT-медицина, IT-билим берүү сыяктуу социалдык тармактарды дүйнөгө алып чыгууну өзүмө миссия катары аныктадым. Ал эми адамдарга IT-социалдык долбоорлорду кызыктуу, кирешелүү, технологиялык жактан мүмкүн жана популярдуу кылып берүү керек. Азыр Кыргызстанда бир дагы холдинг билимге, изилдөөгө же медицинага акча салбайт. Алар анткени киреше алып келбейт. Ошондуктан, биз IT-адистери социалдык блокту технологиялык жактан өнүктүрүп, популярдуу кылышыбыз керек. Биз азыр ички рынокко бир нече долбоорлорду киргиздик. Аларды сыноодон өткөрүп, бүткүл дүйнөгө чыгаруу планыбызда бар.

Автор: ДИНАРА РУСЛАН
IT-адиси, Программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүнү иштеп чыгуучулардын кыргыз ассоциациясынын (KARPOU) жетекчиси, Codify lab академиясынын негиздөөчүсү
КӨМӨКТӨШКӨН: МЭЭРИМ АСАНОВА, журналист

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…