Журналист Болот Темировтун окуясы мыйзамды сыйлаган, тартипти бузбаган жаранга дагы баңгизатын таштап, мойнуна айыпты коюшу ыктымал экенин көрсөттү (ал окуя тууралуу пикир бул шилтемеде). Андай учурларда журналист катары эмес, Кыргызстандын жараны катары эмнени билип алуубуз зарыл? Бул суроого кыргызстандык юрист Анатолий Сафонов  милициянын мыйзамсыздыгынан кантип сактануу керектигин жана баңгизат тагылган учурда эмне кылуу керектигин жооп берген. Ошол маектин эң негизги жерлерин бул материалда колдонуп, окурмандарды өз укуктарын билип алууга чакырабыз:

Эгер күнөөлүү болбосоң, эмне кылыш керек жана өзүңдү кандай алып жүрүү керек?
Ызы-чуу кылбоо жана паникага алдырбоо. Провокация болсо да, өзүңүздү колго алганга аракет кылыңыз. Эгерде сиз күнөөсүз болсоңуз, эч кандай учурда моюнга албаңыз. Кызматкерлер сизге кысым көрсөтүшү мүмкүн, эгер сиз өзүңүздүн күнөөнү өзүңүзгө албасаңыз, андан да жаман болот деп ишендириши мүмкүн, моюнга албаңыз. Моюнга алуу фактысы сотто сизге каршы ойной турган оор элемент.

Кызматкерлер көчөдө тинтүүгө болобу?
Болбойт, мындайга тыюу салынган. Жеке тинтүү жабык жайларда гана кармалган адам менен бир жыныстагы кызматкер тарабынан жүргүзүлөт.

Кийимден же баштыктан белгисиз буюмду кол менен кармап берсе болобу?
Жок, текшерүү учурунда өз колуңуз менен сизге таштап койгон белгисиз буюмду кармабаңыз. Эгер чөнтөгүңүзгө, сумкаңызга же унааңызга баңгизат салынган болсо, бул буюмдарга колуңуз тийсе, манжа изиңиз далил катары колдонулат. Ошондой эле колуңузда баңгизаттын издери дагы калып калат. Кийин алар сиздики эмес экенин далилдеш абдан кыйын болот.

Адвокаттын келишин качан талап кылса болот?
Камакка алынгандан баштап жактоочуну талап кылгыла. Эсиңизде болсун, сизге каршы олуттуу кылмыш иштери козголушу мүмкүн.

Үйдү же машинаны тинтип баштаганда эмне кылуу керек?
Мыйзамсыз аракеттерге жол бербөө үчүн кызматкерлердин аракеттерин көзөмөлдөөгө аракет кылыңыз. Күбөлөр азыркы кылмыш-процессуалдык кодекстен алынып салынган. Ошондуктан, фото жана видео жазууларына көбүрөөк басым жасалат. Айрыкча баңгизат табылган делген жерлердин видео, фотосун жасап калыңыз.

Протоколго кол коюудан баш тартууга болобу?
Протокол негизги документ болуп саналат, анда сиз өзүңүздүн бардык каршы пикириңизди жана пикирлериңизди, ошондой эле мыйзам бузууларды белгилей аласыз. Эгерде сизге баңгизат ыргытылган болсо, анда сиз муну протоколдо жаздырып калыңыз. Ага кол коюудан баш тартуунун кереги жок.

Мыйзам бузууларды кантип каттаса болот?
Адам өзүн бардык мыйзамдуу ыкмалар менен, анын ичинде видео, фото жана аудио жазуулардын жардамы менен коргоого укуктуу. Эч ким сизге тоскоол болууга укугу жок. Болгону тергөө тобуна съёмка тартып баштаганын эскертиш керек. Үзгүлтүксүз видеолорду тартканга аракет кылыңыз. Тинтүү же текшерүү болгон жерде ар бир адамдын аракеттерин жазыңыз.

Дагы эмнеге көңүл буруу керек?
Эгерде сиз курамында чектөөлөр бар дары-дармектерди ичип жатсаңыз, анда бул тууралуу экспертизада көрсөтүңүз. Ал тургай зыянсыз көрүнгөн Корвалолдун курамында да кошулма заттар бар, алар текшерилгенде канда дарылардын бар экенин көрсөтөт. Сиздин колуңузда сиздин катышууңуз менен бардык протоколдордун жана актылардын көчүрмөлөрүн берүүгө укугуңуз бар экенин билиңиз. Бул көчүрмөлөрдү сөзсүз алыңыз, кийин протоколдор “жоголуп”, алмашылып же бурмаланып калышы мүмкүн.

@КАРААН

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…