Дүйнөнүн чар тарабынан көрөрмандарды өзүнө тартып, кыргыз коомчулугунда  кызыгуу жараткан «Акыркы сабак» тасмасында (реж. Руслан Акун) саундтрек, музыка-ырлар, Нарын шаарынын жай турмушу, ажайып айлана-чөйрөсү бири-бири менен орундуу айкалышкан. Мазмуну боюнча бул сериал күнүмдүк турмуштун күзгүсү болуптур десем жаңылыштык болбос. Анткени мында учурдагы бардык социалдык көйгөйлөр, одоно адаттар, белгилүү стереотиптер жана жашоого, келечекке, жокчулук-барчылыкка болгон басымдуу түшүнүктөр камтылган. Адамдардын, айрыкча мугалим-окуучу, аялы-күйөөсү, ата-эне менен бала, бир туугандар, достор жана классташтардын ортосундагы мамилелерге ачык жана кыйыр түрдө чоң орундар берилген. Эң маанилүү ролду албетте айры-айры кеткен жолдун кесилишинде турган бир катар өспүрүмдөр ээлешет.

Жокчулук жана социалдык теңсиздик
Тасманын биринчи сериясында эле эмнегедир «Социалдык Дарвинизм» түшүнүгү  эске түштү. Бул термин коомдогу күчтүүнүн үстөмдүк кылышын, социалдык теңсиздикти, расага, этникага, жогорку класска же байлыкка таянган дискриминацияны, жакырлардын эзилишин, күчтүүнүн алсызга карата зулумдугун, адилетсиз атаандаштыкты жана уруш-талашты камтыйт. Муну көптөгөн коомдор басып өтөт, ал учурда кыргыз коомчулугунда да өкүм сүрүүдө. Кайда гана караба чоң-кичиненин кендирин кескен жокчулук, жакырчылык жана кымбатчылык… ар кандай амал менен акча табуунун айласын издегендер: Бири ээлеген кызматынан колунун келишинче пайдаланып жатса, экинчиси кара күчүнө ишенип, ар кайсыл жерде жалданып иштеп жүрөт; үчүнчүсү тагдырдын соккусуна туруштук бере албай, ар шылтоону айтып ичкиликке берилип кетсе, дагы бири башкаларга кыр көрсөтүп, басым жасап, акча өндүрөт; дагы бири бар оокатын түйүп алып, Орусияга жөнөсө, башка бири өзгөчө кырдаалдан чыгыш үчүн (мисалы, ооруга чалдыкканда) кредитке чалынып же карызга малынат. Бул көрүнүштөр бүгүнкү күндө ар бирибиздин жашоого болгон көз-карашыбызды, айрыкча жаш өспүрүмдөрдүн келечекке болгон кыялдарынын пайда болушун же «окууга баары бир акча жок» менен бар кыялдарынын соңуна чыгышын аныктайт. Буга айлана-чөйрөдөгү адамдардын, айрыкча мугалимдердин, айылдаш-достордун жана ата-энелердин дагы түшүнүктөрү кошумча кылат.

Аталар жана энелер
Кыргыз менталитетинде ата-энени алтынга теңеген «ата-энеге акараат айтпа», «эне бейиштин таманы», «карысы бардын ырысы бар»  ж.б. ушул сыяктуу ата-энеге жогорку маани берген таалим-тарбия орун алган. Ата-энелер албетте балдардын эң жакыны, үлгүсү жана багыт (ор. ориентация) берчүлөрү. Ошол эле учурда тасмада даана көрсөтүлгөндөй, алардын да жеке мүнөздөрү, армандары, каалоолору жана «жакшы бала менен жакшы кыздан» күткөн күтүүлөрү бар. Андан дагы бири-бирине болгон таарыныч-ызасын, арыз-муңун балдарына жүктөгөн же ажырашкан жарынын кемчилигин баласына чаптап, аны «энеңди тартып», «атаңа окшошуп» деп басынткан, же «сениң тарбияң» деп бири-бирин айыптаган ата-энелер чыныгы турмушта көп кездешчү көрүнүштөр.

Эң жакшы образдардын бирин эптеп болсо дагы эки баласын чоңойтуп, туура тарбиялап алууга умтулган, өзүнүн ден-соолугуна кайыл болгон Урматтын апасы жараткан. Андан тышкары уул-кыздарынын келечеги тууралуу чечим кабыл алууда «тили кыска», же уулун алып алууга «күчү жетпеген», же уул-кызынын жөндөмүн, кайгы муңун, кандайдыр бир кыйынчылыкка кириптер болгонун байкаган тамырчы апалардын образдарын көрөбүз. Аталардын арасынан эрезеге жеткен уулун басмырлап, анын ар бир кыялын түбүнөн кыйган Айбектин атасы өзгөчө образга ээ. Алардын мамилесинен айрым балдардын ата-энелеринен мактоо угуп, мээримине татып, алардын идеалына дал келиш үчүн эки жүздүүлүккө, алдамчылыкка, чагымчылдыкка, уурулукка, талап-тоноочулукка жана зомбулукка барганына күбө болобуз. Айрыкча бул ата-бала мамилесинен зомбулуктун чынжырын же башкача айтканда мыйзам ченемдүүлүгүн жакшы байкоого болот. Өзүнөн күчтүү адамдын астында адамдык аброю тебелеңген адам, аны башкаларды басмырлоо менен кайра калыбына келтиргенге аракет кылат. Атасынан же энесинен физикалык кыдык көргөндөр, аны бир-туугандарына, жарына же кийин балдарына көрсөтөт. Андай адамдарда уруп-согууда, зомбулук көрсөтүүдө психологиялык жактан тосмо жок. Андан тышкары өз кызынын жөндөмүнөн кабарсыз, анын кыялы менен эсептешпей, «менин айтканымдай болуп, жакшы жерге күйөөгө чыксаң бактылуу болосуң»  – деп өз кызыкчылыгын ойлогон ата дагы жакшы мисал. Башка бир ата болсо, баланы индивидум катары карабай, анын ичиндеги кыжаалат ойлоруна көңүл бурбай, «мында эмне проблема болмок эле» деп тоотпогону баарыбызга таанымал көрүнүш. Эмгек миграцияга сапар алган бойдон «дайын оту менен жок болгон» же башка үй-бүлө куруп кетип, балдарынан бир кабар албаган Урматтын атасындай адамдар канчалардын үлгүсү дейсиңер…

Балдар жана өспүрүмдөр
Бул тасма аркылуу биз учурдагы жаш балдардын, мектеп окуучулардын жана өспүрүмдөрдүн күнүмдүк турмушуна, бири-бирине болгон мамилелерине, сүйлөгөн сөздөрүнө, көз-караштарына, кыялдарына жана баалулуктарына баш багабыз. «Социалдык Дарвинизмдегидей» алдуулар алсыздарга кыр көрсөтүп «салык салуусу», зордук-зомбулук менен «акча өндүрүүсү», айтор рекетчилик айыл-шаардын мектептеринде кеңири тараган. (Чоң шаарлардагы айрым райондорду, интернаттарды, орто же жогорку окуу мекемелер менен аскердик жайларды мындай эле коёлу.) «Бүркүт уядан эмнени көрсө, ошону алат дегендей» эрезеге жетип келе жаткан балдар ата-энелеринен тышкары айланасындагы ошондой «разборка», «движенияларды» адаттагы нерсе же «тренд» катары кабыл алышы, алдуу адамдарды «братан» жана «авторитет» көрүп, алардан үлгү алышы реалдуу нерсе. Көрүүчүлөр тасмадагы перспективанын жоктугун, үмүтсүздүктү же жалгыз мүмкүнчүлүк катары «эптеп, мектепти бүтүп, Россияга барып, акча таап келиш керек» деген түшүнүк басымдуулук кылган атмосфераны жон териси менен сезе тургандай. Албетте андай жерде жаш кыздын «учкуч болуу» калоосу – утопия, бирөөнүн «англисче үйрөнүп алып, алыскы Америкага кеткени»  – жомок, же башка биринин «айтишник болуп, көп акча табуусу»  –  акылга сыйбаган тамаша. Мындай чөйрөдө өспүрүмдөр криминалдык, диний-радикалдык же эстремисттик жолго түшүп кетиши бир нече кадамды гана талап кылышы мүмкүн.

Мотивация, жоопкерчилик жана чакырык
«Акыркы сабак» пайдалуу, позитивдүү жана агартуучу тасма болуптур. Ал коомдун бардык мүчөлөрүнө чакырык таштайт: Ата-энелерден өздүк анализди, калыптанып калган түшүнүктөрдү жана баалулуктарды кайра талдап чыгууну талап кылат; мугалимдерди тарбия берүүнү рефлекция кылууга жана окуучуларга карата сезимталдыкты күчөтүүгө чакырат, мектеп окуучуларына жана башка жаштарга башкы каарман Урмат аркылуу «Жаман болуш бир паста, жакшы болуш аста-аста» деген учкай кепти жашатуу менен чоң эскертүү жасайт, негизги баалулуктарды (достук мамиле, өзүнө ишенүү, изденүү) көрсөтөт жана учурдун талабына ылайык келген кесип боюнча билим алуу жана чет-тилин үйрөнүү менен бирге жашоодогу туура жолду тандоо мүмкүнчүлүгүн көрсөтүп берет. Тасманын соңундагы Кубанычтын чакан таржымалы аркылуу бул тасма убагында өзүнүн туура жолун таап кеткен, өлкөнүн ичи-тышында ар кандай ийгиликтерге жеткен кыргыздын улуураак улан-кыздарына өлкөдөгү айры-айры жолдордун кесилишинде турган миңдеген ини, сиңди, карындаш, айылдаш жана жердештерине карата жоопкерчиликти алууга жана аларга багыт берүү милдетин моюндоого үндөйт. Ушул артыкчылыктардын негизинде мен «Акыркы сабакты» азыр өспүрүмдөрдүн жана жаштардын массалык түрдө маалымат технологиясына кызыгып, туура жолдорду тандап кетүүсүнө түздөн түз салым кошо турган, аларга ориентация, мотивация жана дем-күч бере алган жогорку деңгээлдеги чыгармачылык эмгек катары баалаймын.

Автор: Махабат САДЫРБЕК
Лингвист, эл аралык саясат таануучу, юридикалык антропология илимдеринин доктору, Халле шаарында Макс-Планк илимий изилдөө борборунда изилдөөчү

1 comment
Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…