Сүрөттүн автору Махабат Садырбек

Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору (ТДМБ) Бурса шаарында 2022-жылдын 27-31- мартында «Түрк Элдери Диаспораларынын II Форуму» болуп өттү. Аталган форум «Түрк Мамлекеттери Уюмунун» (TМУ) алкагында, Түркийе мамлекетинин «Чет элдеги түрктөр жана бир тууган элдер Башкармалыгы (YTB)» тарабынан уюштурулган. Ага Түрк Мамлекеттеринин Уюмуна мүчө мамлекеттер: Түркийе, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан тышкы иштер министирликтер, миграция боюнча кызматкерлер, диаспора жетекчилери, диаспорадагы бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана диаспора тармагында иштеген окумуштуулар чакырылган. Арасында Венгриядан дагы байкоочулар болду. Баш аягы 12 өлкөдөн 70тен ашык расмий коноктор жана «Түркийе Бурсларынын» студенттери форумга катышты.

Форумдун программасы жана максаттары
Форумдун биринчи күнүндө «Чет элдеги түрктөр жана бир тууган элдер Башкармалыгынын (YTB)» жетекчиси Абдулла Эрен Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандагы диаспора мекемелеринин өкүлдөрү менен жекеме-жеке жолугушуу өткөрдү. Анын айтымына караганда биргелешкен билим берүү программалары жана маданий иш-чаралар боюнча конкреттүү сүйлөшүүлөр болгон. Жакынкы арада лагерь куруу, Лондондогу азербайжан диаспорасы менен биргелешип бөлүшүү программасын уюштуруу пландалып, диаспора жана билим берүү боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү талкууланган.
Түштөн кийинки расмий ачылышта Түрк Мамлекеттери Уюмунун (TМУ) Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым өз сөзүндө уюмдун бирдик түшүнүгүнүн чегинде Кавказда, Орто Азияда, Балкан өлкөлөрүндө жана Жибек Жолунун жолдорунда адамзаттын жыргалчылыгы, инфраструктурасы жана орток келечеги үчүн
соодадагы тоскоолдуктар жоюлган, бажы системалары жөнөкөйлөштүрүлгөн, транспорт, капитал жана адамдардын өтүүсүндө толук эркиндикке ээ болгон моделге жетүү максатын баса белгиледи. Андан тышкары «Уюмдун аймактык жана глобалдык деңгээлде көрүнүктүүлүгүн жана маалымдуулугун жогорулатуу үчүн биз  бардык күч-аракетти жумшашыбыз керек, анткени биздин максатыбыз – акыры уюмду Европа Биримдигинин үлгүсүнө алып баруу» –  деп айтты. Буга Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ, губернатору Йакуп Жанполат кошумча кылышты.

Диаспоралардын учурдагы статусу жана келечектеги перспективалар
Панелдердин биринчи бөлүмүндө Абдулла Эрен менен катар Азербайжан мамлекеттик диаспора комитетинин жетекчиси Фуад Мурадов, Казакстан Отандастар фондунун жетекчиси Магауия Сарбасов, Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин астындагы тышкы миграция боюнча бөлүмдүн жетекчиси Таштанбек Каймазаров жана Өзбекстандын чет өлкөлөр менен улуттар аралык жана достук кызматташтыгы комитетинин жетекчиси Рустамбек Курбанов сөз сүйлөштү. Алар ар бири өз өлкөлөрүнө таандык чет жердеги диаспоралары, алардын учурдагы статустары, айырмачылыктары, көйгөйлөрү жана өлкөгө кошкон салымдары тууралуу жалпы маалыматтар менен бөлүштү. Панелдин аягында суроо-жооптор болду.

Академиялык нота
Бул панелдин биринчи жарымында “диаспора” илимий изилдөөсү жана тарыхый процесстер тууралуу окумуштуулар ой бөлүштү. Панелди Германиялык профессор Ахмет Үналан жетектеп, катышуучуларга профессор Кемал Орак жана тарыхый, саясий, юридикалык илимдердин докторлору Ахмед Сахибов, Калыбек Кобландин, Махабат Садырбек жана Бахром Ирзаев кирди. Мында ар бир өлкөнүн жер жүзүндөгү диаспоралары, алардын келип чыгышы жана потенциалдары тууралуу айтылды. Ар кандай суроолорго жооптор берилди.

Жарандык коом тууралуу
Бул панелдин экинчи жарымында Голландиядагы Түрк Федерациясынын төрагасы Мурат Гедик, Германиядагы Азербайжандар алиянсынын төрагасы Нуран Абдуллаев, Швециядагы казак бейөкмөт уюмдарынын өкүлү Мурат Эрмис, Италиядагы кыргыз коомдорунун өкүлү Назгүл Төлөбаева жана Өзбекстандагы Азербайжан улуттук маданий борборунун жетекчиси Фирдуси Гесейнов сөз алышты. Мында диаспорага мүнөздүү болгон уюмдар, алардын миссиялары жана диаспоралардын түптөлүшү үчүн ролдору тууралуу айтылды.

Диаспоралар аралык тажрыйба алмашуу
Форумдун бул бөлүмүндө «Түрк Мамлекеттери Уюмунун» (TМУ) жана Түркие мамлекетинин «Чет элдеги түрктөр жана бир тууган элдер Башкармалыгы (YTB)» тарабынан жасалып бүткөн, жасалып жаткан жана пландалып жаткан иш-чаралар тууралуу маалыматтар берилди. Түрк Мамлекеттери Уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Багдад Амреев мүчө өлкөлөрдүн дүйнө жүзү боюнча калкынын саны 20 миллиондон ашуун чоң диаспорасы бар экенин белгилеп, «Бул туура багытталган учурда биздин өлкөлөрүбүз үчүн саясий, экономикалык жана социалдык жактан зор пайда алып келе турган потенциал» – деди. YTBнын башчысы Абдуллах Эрендин айтымында түрк дүйнөсү үчүн 150дөн ашык долбоор ишке ашырылган. Арасында 1500дөн ашуун эл аралык студентке Түркийеде билим алуу мүмкүнчүлүгү берилген. YTBнын юридикалык кеңешчиси диаспораларды мекендерине тартуу боюнча иштелип чыккан мыйзамдарды жана (“мекен карты“ сыяктуу) механизмдерди сунуштады. Назиф Гарибагаоглу сырттагы түрк жарандарына каралган жумуш жана социалдык пакеттер тууралуу билдирүү жасады. Билим берүү министрлигинин өкүлү катышуучуларды чет өлкөлөрдө түрк тилин окутуу жана жайылтуу боюнча бир топ программалар жана гранттар менен тааныштырды.
Түркийенин бордордук банкынан эскперт Абдулла Угур Узел диаспоралардын өз мамлекеттерине жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн бири-бири менен акча которуу механизмдери тууралы айтса, Чет өлкөлүк экономика катнаштарынын мүчөсү Мурат Жан Ментеш бизнес өнүктүрүү жана инвестиция кылуу тууралуу бир катар маанилүү учурларга токтолду.

Эпилог
Форум Hilton Bursa Convention Centerде өттү. Катышуучуларды тосуп алуу жана тейлөө жогорку деңгээлде болду десек болот. Англис тилинде уюштурулуп жаткан форумда панелисттердин өз тилинде сүйлөөсү жана ар бир тилде синхрондук котормочулардын иштеши өзгөчө позитивдүү таризде көңүлгө алынды. Форумда түрк диаспоралары жашаган өлкөлөрдө эффективдүү жана активдүү болуу жана ар түрдүү топтордун ар бири менен синхрондуураак иш алып баруусуна шарт түзүү менен бирдиктүү, маалымдуулугу жогору жана уюшкан түрк диаспорасын түзүү башкы максат экендиги ачык-айкын көрүнүп турду. Ушул күндөрдөгү гео-саясий кырдаалда тили, дини жана менталитети жагынан тектеш элдердин Европа Уюмунун моделинде бири-бирине ыкташы, кызматташуусу жана биргеликте өнүгүүсү учурдун талабына ылайык сыяктуу… (ред. 29-мартта Түркийенин президенти Режеп Тайып Эрдоган Украина-Орусия сүйлөшүүлөрүн жүргүздү).
Программанын соңунда Бурса шаарынын тарыхый жерлерине экскурсия болду. 30-мартта форумдун коноктору Бурса шаардык мэриясы менен ТҮРКСОЙ тарабынан уюштурулган Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору Бурсанын ачылыш иш-чараларына катышты.

Автор: Махабат САДЫРБЕК
Макс-Планк илимий институтунда изилдөөчү

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…