Сүрөт Jyldyz Academy онлайн программалоону окутуу борборунун негиздөөчүсү Тимур Монеге таандык

Бир айдан берки Орус-Украин согушунда саясий, экономикалык жана санариптик тармактарда бир топ чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Бул согуштун Кыргызстан үчүн кесепеттерди, Орусияда салынган олчойгон санкциялардын бизге келе турган эпкини, экономикалык жана фискалдык өзгөрүүлөр тууралуу ой жүгүртпөгөн адамдар аз болсо керек. Менин жеке пикиримде Орусиянын экономикасы мындан ары ыдырагандын гана ичинде болот. Ошондуктан ага көз каранды болгон биздин өлкөбүз Орусиянын жоготууларынын ордун толуктап, боштуктарды ээлеп, эл-аралык соода-сатык менен акча каражат которууда ортомчулук кылуу жолдорун гана ойлонбостон, болгон күчүн реалдуу жана эффективдүү стратегияларга жумшашы керек. Анткени транзиттик өлкөгө айлануу өлкөбүздүн саясий, экономикалык жана укуктук абалын эске алсак утурумдук эле нерсе. Андан тышкары Орусияга „арткы кириш“ (ор. задний ход) болуп берүү биздин өлкөнүн келечеги үчүн өтө опурталдуу. «Жетимге жөтөлдүн кереги эмне» дегендей, биз чоң санкцияларга жана кендирибизди кескен чектөөлөргө туруштук бере турган акыбалда эмеспиз.

Өлкөнү санарип көчмөндөрдүн бейишине айлантуу керек
Учурда Орусиядан айтишниктердин Кыргызстанга көчүп келип жатканына баарыбыз күбө болуп жатабыз. Орто эсеп менен 10 000ге жакын адамдардын биздин аймактарга жер которуусу (релокациясы) күтүлүүдө. Бул биздин мунайзаты же башка чоң байлыгы жок жакыр өлкөбүз үчүн бирден бир мүмкүнчүлүк! Бул ыңгайлуу жагдайды өлкө максималдуу түрдө пайдаланып, өлкөнү санарип көчмөндөрдүн бейишине айландыршы керек. Эмне үчүн?

Накталай экспорт
Биринчиден, 10 000ге жакын санариптик көчмөндөр (рус. цифровые кочевники; анг. digital nomads) бир жылда өлкөнүн экономикасына 100 миллион доллар пайда келтирет. Бул каражат сатып алына турган чоң мүлктөрдү эске албаганда эле күнүмдүк жашоодо сарпталган оокаттардан, тамак-аштан, дары-дармек менен дарылануудан, жол киреден, сулуулук салону сыяктуу кызматтардан, кийим-кечеден жана башка керектүү нерселерден түшөт. Бул жерде эң эле жөнөкөй математикалык эсептөө жатат: Өзүнүн менчик үйү жана унаасы жок адам Кыргызстанда жашоо үчүн 1000 долларга жакын акча коротот. Бул акча өлкөнүн экономикасынын өзөгүн түзгөн кичи менен орто бизнеске кетет. Ал эми кээ бир келгендердин арасынан үй, батир, жер тилкесин же машине алып баштаса, анда анын жергиликтүү экономикага келтирген пайдасы андан дагы көлөмдүү болот. Жалпылап айтканда, бирөөнүн чет өлкөдөн тапкан акчасын биздин өлкөдө короткону биз үчүн накталай экспорт.

Креативдүү экономика
Экинчиден, санариптик көчмөндөр айрыкча жигердүү коммуникаторлор жана таасир берүүчүлөр (ор. инфлюенсер; анг. influencer) болушат. Алардын жазганын, айтканын жана пост кылган сүрөт-баяндамаларын көрүп, көңүлгө алган дүйнөдө жүздөгөн-миңдеген адамдардан турган алардын аудиториялары бар. Бул биздин өлкөбүздүн имиджин так ушул прогрессивдүү чөйрөлөрдө болуп көрбөгөндөй деңгээлге көтөрүшү мүмкүн жана Кыргызстандагы санариптик кызматты тездетип, кыргыз коомчулугунда бул профессияны даңазалашы мүмкүн. Бул биздин өлкөбүздүн креативдүү экономикага баш урушуна абдан чоң таасир берет, демек, өлкөнү өнүгүү жолуна салат. Негизинен алганда, креативдүү экономика – өлкөнү тез өнүктүрүүнүн жалгыз гана мүмкүнчүлүгү десек болот, анткени башка бизге белгилүү тармактар 10 пайыздан ашык киреше алып келе албайт.

Туризмдин өнүгүшү
Үчүнчүдөн, жеке адамдын капиталы туризм индустриясына салым кошот. Аны менен бирге саякаттоо үчүн инфраструктура жакшыра баштайт, мунун пайдасын баарыбыз көрөбүз. Санариптик көчмөндөрдүн чоң толкуну менен өлкөдө форум, конференция, воркшоп, буткэмп, көргөзмө, фестиваль жана майрамдар көбөйөт. Бул жөнөкөй саякатчыларды да өлкөгө тартат. Ага дауншифтер – пассивдүү кирешеси же топтогон акчасы болуп, чыгашасы аз бирок тиешелүү комфорт жашоо мүмкүн болгон жерде жашагысы келген адамдар дагы кошулушу мүмкүн. Туризм тармагында 12 жыл иштеген адис катары мен биз канчалык жаратылышыбызды даңазаласак дагы учурдагы туристтерден түшкөн киреше эч качан ички дүң өнүмүнүн 10 пайызынан аша албайт жана өлкөнү байыта албайт деп так айта аламын. Анын себеби бизде жолдордун жана дааратканалардын жаманында гана эмес, биздин регионго келүү үчүн учак билеттердин кымбатында, сапаттуу жакшы маалыматтардын жоктугунда, чектелүү камсыздандырууда (страховка), адамдын бүйүрүн кызыткан чыныгы туристтик продукттардын аздыгында. Туризм экспаттар көбөйгөн өлкөдө гана чындап өнүгөт жана киреше берчү булакка айланат.

Иш орундар
Төртүнчүдөн, санариптик көчмөндөр чет өлкөлүк компаниялар менен аралыкта иштешет жана жергиликтүү жумуш орундарга муктаж эмес же жергиликтүү айтишниктерге конкуренция жаратпайт. Анткени алардын туруктуу иштеген жерлери бар. Бирок алар жергиликтүү айтишниктерди жумушка тартып же долбоорлорун жергиликтүү фирмаларга жасаттырышы (анг. оutsourcing) мүмкүн. Бул болсо 3 жылдык тажрыйба алаары менен массалык түрдө чет өлкөгө иштеп кетип аткан айтишник жаштардын өлкөдө калуусуна чоң себеп болот. Анткени мыкты программистер, ири долбоорлор, көлөмдүү маяналар, жакшы продуктар, жаңы челленждер жана өсүп-өнүгүүгө ыңгайлуу шарттары бар чөйрөнү ким таштап кеткиси келет? Же мындай чөйрөгө биздин сыртта жүргөн улан-кыздарыбыз эмне үчүн кайтып келишпесин? Ленинград деген ырда айтылгандай, биз өз жерибиздеги жыргалчылыкты башка өлкөлөрдү көргөндө гана баалай биле алабыз. Ошондуктан жогоруда аталган шарттарда ата-журтка кайтып келүүнү эңсегендер аз эмес.

Креативдүү Индустрия Паркы
Бешинчиден, санариптик көчмөндөрдүн көбү өздөрүнүн компаниясын ачуу үчүн биздеги Жогорку Технология Паркын колдонушат. Бул жергиликтүү айтишниктерге жана башка адистерге жакшы маяналуу жумуш орун түзүү дегенди жана жергиликтүү ресурстарды колдонуу дегенди билдирет. Алар менен жаңы идеялар, долбоорлор жана стартаптар (анг. start-up) жаралат. Ар бир келген IT-адиси өзүнүн канча жылдык иш тажрыйбасы менен келет жана аны жергиликтүү адистер менен бөлүшөт (анг. knowledge sharing). Жогорку Технология Паркынa кошумча айти-индустриясындагы суроо-талап жогорку тармактарды камтыган Креативдүү Индустрия Паркы курулса, анда жогорку айтылган эффекттер эки-үч эселеп көбөйдү дей бергиле…

Жалпысынан санарип көчмөндөрдүн релокациясынын оң таасирлерин дагы деле санай берсек болот, бирок учурдагы биз үчүн пайда болгон баа жеткис мүмкүнчүлүктү түшүнүү үчүн менин айткандарым жетишээрлик деген ойдомун.

Автор: Данияр АМАНАЛИЕВ
Экономист, бизнесмен, Ololohaus коворкинг жана арт-студиялар компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана учурдагы жетекчиси
Которгон: Махабат САДЫРБЕК

 

1 comment
Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…