Азыркы заманда бизде эмне күчөдү – сөз менен зомбулук көрсөтүү күч алды. Соцтармактардын жайылышы менен айрым бугуп жаткан агрессиялар пост, комментарий, мем ж.б. болуп интернет бетин бербей жайылып эле жатат. Муну медиа адистери кастык тили, душмандашуу тили деп баса калып изилдешүүдө. Ар бир комментарий, постту скрин кылып, архивге сактап… Ошону менен коомдун, өлкөнүн абал-жагдайын иликтеп… Бүгүн мен сиздерге зомбулуксуз мамиле же коммуникация куруу тууралуу азыноолак сөзгө токтолмокчумун. Белгилүү болгондой, коммуникация – бул байланыш, алака-катыш дегенди билдирет.
Зомбулуксуз мамиле же коммуникация
Зомбулуксуз мамиле же коммуникция деген түшүнүк Махатма Гандинин философиясынын өзөгүнөн өнүп чыккан. Индиянын улуу даанышманы бул түшүнүккө философиялык маани берип, аны жеке өзүнүн жашоосунда да, элинин жашоосунда да эреже катары ишке киргизген. Гандиден таасирленип, 1960-жылдары америкалык психолог, жазуучу, педагог жана медиатор Маршалл Розенберг “Зомбулуксуз коммуникация – жашоонун тили” аттуу олуттуу эмгегин жазган. Анда коомдогу жана эки адамдын ортосундагы чыр-чатакты чечүүнүн жана алдын алуунун, ошондой эле натыйжалуу кызматташуунун жолдорун көрсөтүп берген. Клиникалык психология боюнча илим жактаган М.Розенберг мектептерди изилдеп, балдар окууда туш болгон зомбулук коммуникациясына байланыштуу бир катар көйгөйлөрдү аныктаган. Андан тышкары ал чыр-чатактардын, басынтуунун айынан психологиялык жараат алган адамдарга жардам берип жүрүп, практика жүзүндө зомбулуксуз пикир алышуунун негизин түзүүгө жетишкен.  Чындыгында зомбулуксуз мамиле куруу мектептерде, жогорку жана орто окуу жайларында, ооруканаларда, элди тейлеген мекемелерде жайылтылса, коом болуп көрбөгөндөй өзгөрүүгө мүмкүнчүлүк алат. Коомдук агрессия да алда канча азаят. Себеби ал жашоонун бардык тармагына тиешелүү зарыл көндүмдөрдү үйрөтөт.
Эмне үчүн коомдо зомбулукка негизделген мамилелер күчөйт?
ЗомбулукСУЗ коммуникация тууралуу сөз козголгондо, сөзсүз зомбулуктун келип чыгышы тууралуу айтуубуз зарыл. Себеби, зомбулук – бул жугуштуу илдет сыяктуу. Зомбулук сөздөрүн окуу, угуу кишини эмоционалдык ууланууга дуушар кылып, агрессиялуу болушуна алып келет. Натыйжада сезимдери ууланган киши сиркеси суу көтөрбөй, башкаларга барып бир тиет. Эң кооптуусу – зомбулук сөзүнүн уусу көпкө чейин таркабайт.
Сөздүн уусу
Кээде “сенин мээң иштейби деги, эч андай эмес, мындай да” же “сен бир өнүгөйүн, өсөйүн, бир нерсе үйрөнөйүн дебейсиң, ушунча да жалкоо болосуңбу?!” деген сыяктуу сөздөрдү балп эттире айтып салмайыбыз бар. Бул зомбулук сөздөрүнүн байкалбаган мисалдары эле. Бирок ушундай баамга алынбаган сөздөрдүн өзү эле көпкө чейин тигил адамдын көңүлүн кирдетет, сезимдерин ууландырат. Сөзүн минтип баштап, бирок, акыры жакшы кеңеш берген адам да жек көрүндү болуп калат.
Басынтууга кабылган адам
Ал эми басынтууга кабылган адам өзү жаман мамилеге ууланганы аз келгенсип, жакындарына же али эч нерсе түшүнө элек балдарына катуу тийип, болбогон нерсе үчүн аларга кол көтөрүшү да мүмкүн. Бирөөнүн жүрөгүндөгү жараатты сыйрып, ага тийиштирип ар кайсыны айтуу да зомбулукка жатат. Балалуу боло албай жаткан адамдын жанында бала темасын одоно сүйлөө, турмушка чыга элек, жашы жогорулап бараткан кызга, жигитке “сен эле калдың турмуш кура элек, деги качан той жейбиз?” деп, аны башка теңтуштары менен салыштыруу да көңүл ооруткан басынтуунун бир түрү.
“Кошунаңдын көзү кыйшык болсо, бир көзүңдү жуумп өт”
Кыйналган адамдын жанында жыргаганыңды айтпа, колунда жок адамдын жанында байыганыңды айтпа деген сөз бар элде. “Кошунаңдын көзү кыйшык болсо, бир көзүңдү жуумуп өт” деп бекеринен айтылбаса керек. Психологиялык зомбулукка кабылган адамдын көңүлү чөгүп кирдейт, жакшылыктан үмүтү үзүлөт, өзүн бактысыз сезет. Ал да ачуусун башкалардан – өзүнөн алсыздардан чыгарат. Психологиялык зомбулуктун бул түрүн көбүнчө барк албай коюушубуз да ыктымал. Биз качан гана адамдын башы-көзү көгала болуп, физикалык зомбулукка учураганда гана ага көңүл бурабыз. Укук коргоо органдарына да адамдар көбүнчө физикалык зомбулук көргөндө гана кайрылышат. Ал эми адамдын көңүлүн ооруткан психологиялык зомбулук боюнча кайрылуу көп адамдын оюна да келбейт. Менимче, “мага ушундай деп айтып, көңүлүмдү дайыма оорутат, мага психологиялык зомбулук көрсөтүп жатат” деп кайрылган учурда да, “урбаса-сокпосо, эмнеге арызданат?” деп, укук коргоо органдарынан деле түшүнбөгөндөр чыгышы мүмкүн.
Эмоционалдык уулануу иммунитеттин түшүшүнө алып келет
Менин бүгүн бул темага кайрылып жатканымдын себеби, эгерде зомбулукка негизделген мамиленин жайылышына бөгөт койбосок, анда психологиялык саламаттыгы жакшы коомду түзүүгө, дегеле жашообузду жакшыртууга мүмкүн эмес. Чындыгында, элес алынбаган көмүскө түрдөгү зомбулук окуучунун, студенттин билимге умтулуусуна, инсан катары калыптанышына, бейтаптын бат сакайып кетишине, үй-бүлөлөрдүн ынтымакта жашашына, ошондой эле жалпы коомдун, өлкөнүн өнүгүшүнө бөгөт коюп, өтө чоң кедергисин тийгизет.
Зомбулук коммуникациясы жайылган коомго кандай гана күчтүү эл башчысы келбесин, нааразычылык азайбайт, конструктивдүү сын эмес, зомбулукка негизделген уу сөздөр агытыла берет, гендерлик, улуттук, аймактык, айыл-шаардык ж.б. боюнча элди экиге бөлүп козутуу тыйылбайт. Зомбулук коммуникациясынын жайылышы менен өзүн бактысыз сезген адамдар көбөйөт. Себеби зомбулуктун уусуна чалдыккан адам да ачуулуу болуп, башкалар менен ымалада жашай албай калат.
Оозун ачканда эле кекээрленип сүйлөп, бирөөнүн көңүлүн атайын оорутуп, анысын эрдик көрүп, ошондон көксөөсүн кандырган, корстон болгон адам түк бактылуу боло албайт. Себеби ыплас, жүрөккө тикенектей сайылган сөздөн биринчи кезекте ошол сөздүн ээси өзү жабыркайт, эмоционалдык жактан ууланып, элге жек көрүндү болот. Өзү да башкалардан жылуу сөз укпай жапа чегет. Мындай жагдайга түшүп калган адам айрыкча, көңүлүн жибитер сөзгө муктаж боло баштайт. Анан албетте, ден соолугу кескин начарлайт. Себеби эмоционалдык уулануу иммунитеттин түшүшүнө алып келет.
Эмне кылуубуз керек?
ЗомбулукСУЗ мамиле же коммуникация – бул өзүнчө чоң ИЛИМ. Адам өмүр бою жаңы билимге УМТУЛУП, турмушун жакшырта турган жаңы көндүмдөрдү ӨЗДӨШТҮРҮП турганда гана жашоодон ЫРАХАТ ала алат. Адамдын айбанаттан айырмалаган эң орчундуу ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ ушул эмеспи. Мындай инсандык өнүгүү көз ирмемдик ушул кайталангыс өмүрүбүздө адам катары ТАТЫКТУУ жашообуз үчүн маанилүү. ЗомбулукСУЗ коммуникация карьера курууда, партнерлор менен кызматташууда, алтургай, соодалашууда да маанилүү роль ойнойт. Ушундан улам, зомбулукСУЗ коммуникацияны жашоонун тили дешкени да жөн жерден эмес. ЗомбулукСУЗ мамиледе Махатма Ганди беш нерсени карманууга чакырат. Булар:
1. Сөздү эмес, сезимдерди угуп, адамды ТҮШҮНҮҮ,
2. башка кишинин көңүлү менен эсептешип, ЭМПАТИЯ куруу,
3. башкалардын СЫЙЫНАН КЕТПЕЙ мамиле түзүү,
4. башка адамды КАБЫЛ алуу,
5. топук кылып, ЫРААЗЫ болуп жашоо.
ЗомбулукСУЗ коммуникацияда ар бир сөздү айтарда ойлонуп сүйлөө өтө маанилүү. Алтургай, мугалимдер окуучуларга кандай сүйлөгөндө, жоопкерчиликке чакырып, өзүн сыйлоого үйрөткөн болот деген суроого да жоопторду бул илимден таба алабыз. Адам эң алды өзүн сыйлаганды билбей туруп, башканы кантип сыйламак эле?
ЗомбулукСУЗ мамиле
Доктурлар бейтаптарына кандай сүйлөгөндө, анын тез айыгышына жардам бере алат деген суроолорго да зомбулукСУЗ коммуникация жооп берет. Айрыкча, зомбулукСУЗ мамиле жаңы баш кошкон жубайларга абдан зарыл эреже. Мисалы, жубайлар араздашып калышса, аларга милициясы да, дос-тууганы да жардам бере албайт. Бири-бирин түшүнүп, ынтымакта жашоо алардын өздөрүнүн гана колунда. Бизде турмуш куруу маданиятын жаштар негизинен ата-энесинен үйрөнүшөт. Мектепте, жогорку окуу жайларда бул тууралуу сөз деле болбойт.
Маршалл Розенберг. Ненасильственное Общение (2003)
Америкалык аалым Маршалл Розенберг зомбулукСУЗ коммуникация куруунун төрт компонентин белгилеген:
1. Байкоо. Сынтакпай, жалпылап баа бербей, жасаган ишин байкап, фактылар менен сүйлөө. Мисалы, “сен жалкоосуң, дегеле тапшырма аткарбайсың,” деп окуучуга сын-сыпат бергендин ордуна: “тапшырманы аткарбагандыктан, теманы түшүнбөй калдың. Тапшырманы сөзсүз аткарып теманы түшүнүп ал” деген фразаларды колдонгон оң. Мында биринчи фраза окуучуну аргессиясын чакырса, экинчиси аны жоопкерчиликке тарбиялайт.
2. Сезимдерди билдирүү. Мисалы, “Сен мени жактырбай жаткандайсың же мага таарынгандайсың” дегендин ордуна: “Эки жумадан бери жакшы саламдашпай калдың, ушунуңа кыжаалат болуп жатам” деп ал адамдын мамилеси сизди кандай конкреттүү сезимдерге дуушар кылганын айтуу натыйжалуу. Мындай конкреттүү эмоцияны туура жеткирген сөздөр мамилени ачык түзүүгө жол ачат.
3. Муктаждыктарды айтуу. Өзүңдүн же башканын муктаждыгын, эмне каалаганын так түшүнмөйүн, мунасага келүү, ымала түзүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, бир нерсе бизге жакпай калган учурда, көңүлүбүздү кирдетип, тынчыбызды алса, анда дароо эмне жакпай жатканын, бизди эмне санааркатканын аныктап алып, ошону жайынча түшүндүрүп айтышыбыз керек. Мисалы, жубайынын “сен жумуштан келгенден кийин такыр эле үй менен ишиң жок, үй урап түшсө да сага баары бир” деген сөзүнө жолдошу ачуусу келип, жардам бермек турсун, уруш чыгарышы да ыктымал же аялынын сөзүн тоготпой басып кетиши мүмкүн. Мындай сөздүн ордуна жубайы: “үч күндөн бери жумуштан келгенден кийин жакшы эс алдың, эми күн өтүп жатат, ушу күндөрү помидор көчөтүн эгип албасак, бат эле убактысы өтүп кетет. Кел, бүгүн ушул ишти бүтүрөлү” деп ишке чакырса, жолдошун ишти баштоого шыктандырат. Мындай жол менен муктаждыктарды так жеткирүү жубайлардын ортосундагы келишпестиктерди жоет. Алтургай, үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алат. Мында эмоцияга алдырбай, факты менен муктаждыкты билдирүү зарыл.
4. Өтүнүчтөр. Ачуу менен эмоцияга алдырып кыйкыруудан эч жыйынтык чыкпайт. Сураныч, өтүнүч да натыйжалуу коммуникациянын күчтүү куралы. Мисалы, балаңыз бөлмөсүн такыр жыйнабайт дейли. Сиз ага “бөлмөңдү эч жыйнабайсың, жалкоосуң” деп ачууланганыңыз, агрессияны гана чакырат. Мындайда, бала бөлмөсүн жыйнагысы да келбейт, каяша да айтышы мүмкүн. Анын ордуна: “балам, үйдү таза кармайлы, сен өзүңдүн бөлмөңдү эле дайыма иретке келтирип турсаң. Эгер башка бөлмөлөрдү да, сенин бөлмөңдү да мен жыйнай турган болсом, мага аябай күч келет” деп өтүнүү иретинде түшүндүргөн оң.
Булардын ар бири өзүнчө чоң тема. Бул компоненттер адамды күнөөлөп, басынтып, уяткарып, айыптап, мажбурлап же коркутуп-үркүтпөстөн, ийге келтирип чогуу иш алып барганга түртөт. Аталган компоненттер конфликттерди чечкенге, башка адамдар менен мамиледе адам өзүнүн жана алардын чынында эмнеге муктаж экенин жана ага жараша аң-сезимдүү мамиле жасоого, бир келишимге келүүгө жардам берет. Демек, зомбулукСУЗ коммуникация СИЗГЕ жашоо сапатын жакшыртканга, адамдар менен мамиле түзүү маданиятын өнүктүргөнгө, инсан катары да, кесипкөй адис катары да өсүүгө тепкич болуп бере турган ИЛИМ.
“Күнүгө адам болуу” 
Бул макаламда зомбулукСУЗ коммуникация тууралуу учкай гана маалымат бердим. Даанышман жазуучубуз Ч. Айтматовдун: “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” дегениндей, зомбулуксуз коммуникациянын компоненттерине ылайык жашоо оңойго турбайт. Кээде ачууга алдырып, эмоцияларды башкара албай калабыз. Кыргызда буга байланыштуу “ит болдум”, “иттик менден кетти” деген сөз да бар эмеспи. Зомбулуксуз коммуникация бул ошол “ит болуудан” сактаган, Айтматов айткан “күнүгө адам болуунун” жол-жобосун үйрөткөн илим. Мунасалуу мамиле түзүүнүн сабырдуу, так жана натыйжалуу жолу.
СӨЗДҮ СЕЗҮҮ 
Зомбулуксуз коммуникациядагы кыраакылыкка адам терең аңдоо сезими, ички маданияттын бийиктиги, турмуштан алган сабагы жана билими менен жетет. Бирок, бир адамдын колунан келген нерсени башка бир адам жасай албай калбайт. Бардык нерсени үйрөнсө, адатка айландырса болот. Болгону аракет, каалоо гана керек. Зомбулуксуз коммуникациянын өзү СӨЗДҮ СЕЗҮҮ илими болгондуктан, сөз менен иштегенди окутуп жүргөн мага бул тема жакын туюлуп, көңүлүмө кыттай уюп, сиздер менен бөлүшүп отурам.
Гүлзада СТАНАЛИЕВА – Кыргыз-Турк Манас университетинин ага окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты
Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…