Иликтөөчү журналист Болот Темировдун жана аны менен кызматташкан төкмө-акын Болот Назаровдун күч органдары тарабынан орой кармалышы коомдо резонанс жаратты. Заматта уюшулган фейк, троллдор жана жалданма журналисттер бул окуяларды бурмалап, журналист менен төкмө акындын  кесиптик гана эмес, адамдык сапаттарына, жакындарынын абройлоруна шек келтирген маалыматтарды тарата башташты. Бурмаланган тасмалар, чагымчыл маалыматтар коомдук тармактарда терс пикирди түптөп жатканы да байкалат. Маалыматтын бурмаланып тарашына жана эки жаранга каршы ачык коркутууларга бийликтин катыштыгы бар экени дагы айтылууда. Мындай уюшулган чабуулдар сөз эркиндигине, көзкарандысыз маалымат булактарына болгон ишенимге доо кетирет.
Башка кошуна өлкөлөрдөн айырмаланып, Кыргызстанда эгемен болгондон тарта коомдогу негизги жетишкендиктеринин бири – сөз эркиндиги жана жарандык коомдун тилектештиги.   Тилекке каршы, бийлик тараптан кысымга алынган журналист Болот Темировдун жана төкмө акын Болот Назаровдун мисалдарынан сөз эркиндигине системалуу жана уюшулган чабуул болуп жатканы анык. Бул жагдай айтылуу англиялык жазуучу Жорж Оруэллдин “Айбан фермасы” аттуу белгилүү саясий сатирасын эске салат. Бул чыгармадагы камтылган ойлор  учурда Кыргызстандын коомдук-саясыйй шарттарын дагы жакшы түшүндүрүп берет деп эсептейм.

Чексиз бийлик куруу жана “Айбан ферма”

Оруэлл, Жорж. Айбан ферма / Англисчеден котор.: Ынды Кара, Ильяс Каныбек; сүрөттөрдү тарткан Чолпон Аламанова. – Бишкек: MaxPrint, 2020. – Китептин 8-бабындагы түстүү чийме сүрөт.

Жорж Оруэллдин өткөн кылымда жазылган “Айбан ферма” (Animal Farm, 1945) саясий аллегориясы же сатирасы бүгүнкү күндө дагы дүйнө боюнча көп окулган жана актуалдуулугу менен белгилүү. Сатирада революциянын арты менен келген айбан-башчылары чексиз, тоталитардык башкаруу бийлигин түзүп, бийлик тарабынан атайын багылып, колдонгон дөбөттөрдүн жардамы менен расмий маалыматтан айырмаланып турган, башка каршы ойлогондорду, атаандаштарды куугунтуктап, репрессивдүү ыкмаларды колдонуусу чагылдырылган. Сабатсыз айбандарды башкарууда кантип маалыматты бурмалап, алардын көз-караштарын ого бетер тумандата баштаганын дагы сүрөттөйт.

Бир күнү революциянын түпкү максаттарын жана ураандарын унута элек, тамга тааныган бир эмгекчил бээ чексиз бийликти орноткон Наполеон аттуу башчыга  келет. Бийликке, байлыкка мас болуп, чексиз башкаруу бийлигинен көзүн май баскан жетекчисинин маңдайындагы революциянын ураандарын окуса: “Бардык айбандар – тең укуктуу …деген эски ураандын жанына “Бирок кээ бир айбандар Башкаларга караганда Көбүрөөк укуктуу” деген кошумча жаңы ураан түшүрүлгөнүн көрүп, көзү чакчаят. Чыгарманын аягында адамдар менен чочколор аргындашып, алардын бетинин жарымы адамдыкы, жарымы чочконуку болуп, жүздөрү жайылып, өзгөрүп баштайт. Мындай кубулуу адамдын эксплуатациясынан тажап, революция кылып, эркин жана көзкарандысыз айбандардын фермасын курганга максат кылган айбандар акыры ошол эксплуатациялаган адамдын кейпин кийген айбандардын ашмалтайы менен аяктайт.

“Бектер кетип, бел калат, бетеге кетип, эл калат”
Оруэллдин бул сатирасында бийлик элден алыстап же аларды пайдаланып, адам укуктарына, сөз эркиндигине кысым көрсөткөнү даана чагылдырылган. Акыркы отуз жылдан бери дейбизби, ага чейинки убакытты дагы алабызбы, бирок мыйзамды тандалма жол менен колдонуу жана бийликтин арты менен элди кыйноо эмне менен бүтөөрүн өз тажрыйбабызда көрүп келебиз. Бул чыгарма азыркы “Бектер кетип, бел калат, бетеге кетип, эл калат” дегенди унуткан чексиз жана түбөлүк башкаруу бийликти эңсеген, мыйзамды каалагандай калчаган Кыргызстандын саясий башкаруусун жана жетекчилерин жакшы сүрөттөйт. Мыйзамдар жеке кызыкчылык үчүн иштеп, башка пикирде болгондорду садага чабууга колдонула баштаганда, коомдо репрессивдик режим өкүм сүрө баштайт.

“Temirov Live” – Болот Темиров
Болот Темиров Кыргызстандагы абройлуу иликтөөчү журналисттердин бири. Ал 2018-жылдан 2021-жылдын 1-мартына чейин Factcheck.kg сайтынын башкы редактору болгон. Анын эң резонанстуу иштеринин бири журналист Али Токтакунов менен биргеликте жүргүзгөн “Райымбек Матраимовдун бажы империясы” деген иликтөөсү болгон. Ошондой эле, Кыргызстандын экс-депутаты Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунованын кымбат баалуу сааттары, фирмалык сумкалары жана кийимдери тууралуу Factcheck.kg порталы менен Bellingcat биргелешкен иликтөөгө алынып, эл ичинде чоң уу-дуу жараткан. Материал жарыялангандан кийин Factcheck.kg порталы күчтүү Ddos чабуулдарына дуушар болушкан. Кийинчерээк Болот Темировду үч белгисиз адам сабап, жеке телефонун тартып алышканы дагы айтылып жүрөт.

“Ташиевдердин кланы”
Учурда Болот Темиров өзүнүн YouTube айдыңындагы “Temirov Live” каналында журналисттик иликтөөлөрдү чыгарат. Быйылкы жылдын 20-январында ал “Ташиевдердин кланы” аттуу иликтөөсүнүн бир бөлүгүн жарыялаган эле. Анда ал Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсү жана анын жакындары кантип “Кыргыз Петролеум Компани” ишканасынын продукциясын Өзбекстанга экспорттодо “Регион Ойл” компаниясы менен ортомчулук кылып, “Кыргызстандын мунай магнаттарына” айланганын сүрөттөйт. Берүү эфирге чыккандан эки күн өтпүп-өтпөй, 22-январда, кечке маал күч органдарынын кызматкерлери менен беткапчан адамдар Темировдун кеңсесине басып киришкен. Алар тинтүү иштерин жүргүзүп, Болот Темировдун чөнтөгүнөн полиэтилен кутучада күрөң зат “таап алышканын”, экспертиза анын гашиш экенин айтып чыгышты. Атайын кызмат Болот Темировго “баңги затын колдонуу жана жасоо” деген айыпты коюп, убактылуу жайга алып кеткен. Ошондой эле, тинтүү учурунда күч органдарынын кызматкерлери Темировдун иш жеринен бардык компьютерлерди жана үн жаздыруучу жабдыктарды кошо алып кетишкени да маалым.
Эртеси 23-январда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) имараты алдында  медиа кызматкерлердин, активисттердин журналистти колдоо митинги өттү. Чет өлкөдөгү мекендештер дагы интернет-флешмоб жарыялап, сөз эркиндигин жана журналист Болот Темировду колдоп чыгышты. УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев маалымат жыйынын уюштуруп, анда аталган журналисттик иликтөөнүн материалдарын жокко чыгарууга аракет кылды. Айыптын “расмий” версиясы боюнча 2022-жылдын 22-январында А.А. аттуу жаран Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына 2021-жылдын 25-октябрынан бүгүнкү күнгө чейин достору менен аны баңги затын колдонууга көндүргөн Болотко карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Ушул “өтүнүчтүн” алкагында Темировдун кеңсесин тинтип, күч органдары тарабынан аны убактылуу камакка алуу чечими болгон.

МЕН/СЕН – БОЛОТ ТЕМИРОВ
Коомдо канчалык көп карама-каршылыктар болсо дагы, ИИМ алдына чогулган журналисттер менен коомдук активисттердин саны арбын болду. ”Адамга баңгизат таштап, айыптоо – чектен чыгуу!„ “Ак жеринен каралап түрмөгө отургуза албайсың!“ “Сөз эркиндиги үчүн!”, “Мен/Сен – Болот Темиров!” деген чакырыктар виртуалдык жана реалдуу жерлерде айтылганын көрдүк.

Айрыкча “Мен/Сен Болот Темиров” деп кызыл-кара тамга менен жазылган жөнөкөй, кыска жана түшүнүктүү ураан интернетте чилдей тарап, миңдеген аватарларга коюлду. Бул таанымал чакырыктарга басым жасоону орус журналистине карата колдонулган „Мен/Биз Иван Голунов” кыймылынан көрсөк болот (алар болсо француздардын “Je suis Charlie” (Мен Чарлимин) жана #metoo (мендагы) ураанынын аналогиясы). Болот Темиров менен Иван Голуновдун окшош сценарийдеги камакка алынышы саясий куугунтукка жана алардын изилдөөлүк журналисттик ишмердүүлүгүнө байланыштырса болот.

Мен/Биз Иван Голунов
“Медуза” сайтынын атайын кабарчысы, орусиялык белгилүү иликтөөчү журналисттердин  бири Иван Голунов Москвада кармалган. 2019-жылдын 6-июнунда журналистти бир нече ыкчам кызматкерлери тинтүү маалында рюкзактан баңгизат салынган таңгак “табылганын” уюштурушкан. Кийинчерээк Голуновдун батиринде тинтүү учурунда дагы бир боо баңгизат “табылган”. Маркум журналист Улан Сегизбаевдей, Иван Голунов көрүстөндөрдөгү участокторду сатуу, аларга байланыштуу коррупция схемаларын дагы иликтеп келген. Голунов “баңгизат сатууну уюштурган” деп айыпталып, бирок журналисттик тилектештиктин, жарандык коомчулуктун басымынан кийин үй камагына чыгарылган. Голуновдун кесиптештери жана өзү дагы куугунтуктоону анын кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырышкан. Болот Темировдой Голуновдун акыркы жылдардагы тексттеринин негизги темасы коррупция же болсо Москва мэриясында көрктөндүрүү иштерин уюштуруудагы паракорчулук болгон.
Иван Голунов жана Болот Темиров журналистика тармагында иштегендери үчүн буларга болгон кысым коомчулукка тез тараган. Булар таанымал болгону, кесиптештери тилектештикте болгону чоң роль ойнойду, бирок таанымал эмес адамдар ак жеринен кармалганын билбей деле калабыз. Милиция тарабынан уюшулган тинтүү операциялары куугунтуктун, жалган-жалоо жабуунун белгилуу ыкмаларына кирет. Бул журналисттерге каршы колдонулган ыплас иштер жалпы коомдун маалымат алуу, сөз эркиндиги укуктарына залакасын тийгизип жаткан үчүн коом катары биз кайдыгер болбошубуз керек. Ага кошумча ар бирибиздин пикирибиз, жарандык катышуубуз бийликти ашыкча колдонгондорду гана эмес, бурмаланган, фейк маалыматтарды тең салмактап турганга салым кошо алат. Ошондой эле биз ачык коомдогу пикир алмашуу, маалымат бөлүшүү жана сөз эркиндигин да коргой алабыз.

Маалыматты алуу жана чыгаруу эркиндиги
Сөз эркиндиги – бул маалыматты алуу жана чыгаруу эркиндиги. Бул жарандардын саясий укуктарынын бири. Пикирибизди, оюбузду оозеки же жазуу түрүндө ачык айтуу жана маалымдоо каражаттарын колдонуу – ар бирибиздин негизги укуктарыбыз. Эл аралык «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун жылдык глобалдык рейтингинде Кыргызстан 2021-жылдагы басма сөз эркиндигинин абалы боюнча 180 өлкөнүн ичинен 79-сапта турат. Сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде Кыргызстандын рейтинги жакшырганы менен иш жүзүндө басма сөз эркиндигинин абалы начарлоодо. Акыркы бир нече жылдарда Кыргызстанда журналисттерди суракка чакыруу жана түрдүү жалаа коюлган соттук иштердин учурлары көбөйүүдө.
Сөз эркиндигине кысым катары журналисттердин ишмердүүлүгүн чектөө жана жеке коопсуздугуна акыркы 2 жылда болгон кол салууларды эске салсак болот. Мисалы, 2020-жылдын 3-мартында беткапчан белгисиз адамдар “ПолитКлиниканын” кеңсесине киришип, документтерди жана кагаздарды чачып, бир нече хард-дисктерди алып кетишкен. Ошол эле жылдын 7-июнунда Талас шаарындагы “3-каналдын” кеңсесин белгисиз адамдар өрттөп кетишкен. Мындай кысымдар уланууда жана бул көрүнүш жарандардын ар тараптуу, көзкарандысыз булактардан маалымат алууга болгон эркиндигин чектейт..
Жогоруда айтылгандай, сөз эркиндиги ачык, адилеттүү жана мыйзамдуу коом түзүүгө көзкарандысыз жана түрдүү маалымат булактарына муктаж. Эл бийликтин расмий маалымат булактарынан сырткары башка альтернативдүү ой-пикирлерге, маалыматка муктаж. Журналист Болот Темировду жана төкмө акын Болот Назаровду колдоп чыккан жарандык коомдун жана тилектештик топтордун активдүү катышуусу бул окуяны бийликтин расмий маалыматынын чындыкка коошпогонун көрсөтө алды. Мыйзамдуу, адилеттүү жана ачык коом түзүү ар бир жарандын катышуусун талап кылат, чексиз башкаруу бийлигин курууга болгон аракетти көзөмөлгө алат.

 

Автор: Гүлзат БАЯЛИЕВA

Германиядагы Түбинген университетинде мугалим, илимий кызматкер,
Aнтропология илимдеринин докторанты (PhD, Германия), саясий таануучу (Mагистратура, Венгрия),
филолог (Диплом, Кыргызстан)

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…