Мугалимге эмгек жолунда ар түрдүү окуучулар менен иштешкенге туура келет. Айрыкча, мугалим өспүрүм курактагы балдар менен иштешкенде түрдүү терс окуяларга туш болушу ыктымал. Кесипкөй мугалим агрессиялуу окуучу менен иштешкен учурда баланын ар бир сөзүн, иш-аракетин талдап, ага кылдат мамиле жасоого өтүшү абзел. Себеби баланын агрессиясынын артында көп нерсе жатышы мүмкүн. Алсак, бала өзү да зомбулукка кабылып же ата-энесинин мээримине таңсык болуп жүргөн болушу да ыктымал, өзүнө болгон ишеними жок болуп, башкалардын көлөкөсүндө калып, лидерликке жетүүнүн жолун агрессия деп түшүнүп жүрүшү же жетишпеген турмуштун айынан теңтуштарынан басынып жүргөн болушу мүмкүн. Кээде балага чоң кишилер намыска тийген сөздөрдү айтып, басынткан учурларында ал да каяша сүйлөп, каршылык көрсөтүүгө мажбур болот.

Кандай болгон күндө да мугалим агрессиянын себептерин талдап түшүнүүгө аракет жасаганы туура. Ошондо гана ал кырдаалдан чыгуунун жолдорун көрө алат. Педагогикада агрессиялуу окуучу менен иштешүүнүн түрлүү-түмөн жолдору бар. Алардын ичинен бул учурлар өзгөчө белгиленет:

  • Мугалим эч качан окуучунун агрессиясына каршы кайра агрессиялуу мамиле жасабашы керек.
  • Кол көтөрүүгө дегеле болбойт!
  • Мындайда окуучунун намысына тийип сүйлөө да тескери натыйжасын берет.
  • Курулай акыл-насаат айтуу, башкаларга салыштыруу да бул учурда жардам бербейт. Мындай мамиле окуучуну, тескерисинче, ого бетер кыжырлантып, досторунун көзүнчө басынтып, агрессиясын күчөтөт.
  • Мен мугалиммин, мени угушуң керек деп авторитетине таянуу, буйрукчул тон менен сүйлөө да кырдаалды кайра чыңалтат.

Кесипкөй мугалим балага эң биринчи кезекте жардам колун суна турган асыл адам. Көчөдөгү киши сөгүнгөн баланы уруп-сабап кетиши мүмкүн, ата-эне да баласын түшүнбөй чыр-чатакты ырбатып алышы ыктымал. Бирок, мугалим – бул жогорку окуу жайдан атайын билим алган, педагогиканын, психологиянын теориялары менен куралданган адис болгондуктан, анын профессионалдык психологиялык жардамга муктаж болуп турган бала менен тирешип, чыр-чатакты ырбатууга барганы туура эмес. Эгер окуучунун агрессиясынын тамыры тереңде болсо, анда мугалим аны адис психологдорго жибериши керек. Илдетти өз учурунда байкоо, анын алдын алууга жардам берүү да кесипкөй мугалимдин гана колунан келе турган иш. Айрыкча өткөөл курч мезгилдеги өспүрүм балдар менен иштөөдө мугалимден баланы уга билүү чеберчилиги талап кылынат. Уга билүү үчүн эмпатиялык мамиле, баланы түшүнө билүү абдан маанилүү. Ушундай жол менен гана мугалим окуучунун ишенимине кире алат.

Окуучунун ишеним артуусу – бул мугалим үчүн эң чоң жетишкендик. Уруп-согуу менен эч качан маселе чечилбейт. Токмок жеген бала зомбулукка кабылган бала. Балага зомбулук көрсөтүү менен кайра аны башкаларга зомбулук жасоого түртөбүз. Биз дайыма окуучу мугалимди сыйлаш керек дейбиз. Бирок, сый көргөн киши гана сыйлаганды билерин эске ала бербейбиз. Ошондуктан, мугалим да окуучусун сыйлаганды билгени оң.

Окуучуну сыйлоо – бул анын сөзүнө кулак төшөө, баарлашуу менен түшүнүшүү, айткан пикирин сыйлоо, калпыс пикир айткан учурда, ар түрдүү окуяларды, көйгөйлөрдү чогуу талкуулоо менен туура чечим чыгарууга багыт берүү дегендик. Мугалимдин ушундай сый мамилесин көргөн окуучу өзүн сыйлаганды үйрөнөт. Өзүн сыйлаган окуучу сүйлөгөн сөзүнө, жүргөн-турганына көңүл бура баштайт. Башкалардын сыйынан кетип калбайын деген жоопкерчилиги пайда болот.

Мугалим менен окуучунун ортосундагы сый-урматтын үстүндө күндө иштөөгө туура келет. Ар бир сабакта темага байланыштырып балага орток жалпы баалуулуктарды сиңирүү, анын көз карашын, ички маданиятын өстүрүү мугалимдин эң башкы милдети. Кесипкөй мугалим болуу оңой эмес. Анүчүн бийик адамгерчилик, терең билим, күчтүү методика, сабырдуулук сыяктуу сапаттар болушу керек.

Автор: Гүлзада СТАНАЛИЕВА
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин улук окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…