“Алсыздар” гана өзүн-өзү өлтүрүүгө барат деген пикирлер элдин арасында көп кездешет. Мындай кадамга эмне үчүн барышат?  Aны кандай түшүнүү керек, кантип алдын алууга болот? Ушул жана башка суроолор боюнча психолог Зейне Кудайбергенова менен болгон маегибизди тартуулайбыз. (Оригиналы орус тилинде)

Которгон Жанара Кайыпбекова

– Кутмандуу күн, Зейне! Мен дароо эле суроолорго өтөйүн. Бишкек шаарында жакында жанын кыйган бир жигиттин өлүмү боюнча көпчүлүк ар кандай пикирлерди айтып жатты. Жигиттин дарегине “алсыз”,”коркок”, “манипулятор”, ж.б. деген терс ойлор айтылды. Психологиялык жактан түшүндүрмө берип кетсеңиз.

– Өзүн өзү өлтүрүү адамдын мүнөзүнүн алсыздыгы менен эч байланышпайт! Өзүн өзү өлтүрүү азап чегүүлөр менен байланыштуу. Коомдук психологиялык көз карашта, бул логикалык түшүндүрмөсү бар адилет дүйнөгө ишенүү жана ишенбөөчүлүк менен байланыштырышат. Мындай жаңылыктарды окуган адам баарын логикалык жактан түшүндүрүүгө аракет кылат дагы, жаңылыш пикирге кабылат. Мисалы, бул адам психикалык жактан оорулуу же алсыз деген жыйынтыкка келет. Клиникалык психологиянын көз карашы боюнча, бул өзүн, жанын кыйган адам менен идентификациялоо деп эсептелинет.

– « Жанын кыйган адам менен идентификациялоо» дегенди кандай түшүнсөк болот?

– Мындай жаңылыктарды окуган адам окуяны жакшылап түшүнүү үчүн өзүн жабыркаган адамдын ордуна коюп көрүшү керек. Бирок адам өзүн алсыз сезгиси келбейт жана өзү жөнүндө жакшы ойдо калгысы келет. Ошондуктан, ал өзүн күч-кубаттуу бирөөнүн ордуна коюп,  жабыркаган адамды болсо айыптай баштайт. Жалпыга маалымат каражаттары адамдын ой жүгүртүү деңгээлин жөнөкөйлөнтөт. Тактап айтканда маалыматтын молдугу адамдарды эки багыттуу ой жүгүртүүгө түртөт. Анда баары жеңил, эки гана багыт бар: мээримдүүлүк-зулумдук, жамандар-жакшылар, туура -туура эмес. Мындай тар ой жүгүртүү анын пикирилеринин жыйынтыгын ойлонуудан алыстатат. Пикирлерин билдирүүдө эч кимге эч кандай зыян келбейт деп ойлойт да, терс маанайдагы билдирүүлөрдү жаза баштайт. Смартфондун экраны баарын көтөрөт, каалаганыңды жазсаң болот, жана ал үчүн сен жооп бербейсиң деген маанай пайда болот. Бара-бара жүрүм-турум эрежелерин, сүйлөшүү манераларын унутат. Менимче негативдүү билдирүүлөрдү калтырган ушул эле адамдар жанын кыйган жигиттин ата-энесине, жакындарына бетме-бет келгенде пикирлерин айта албайт, “силердин балаңар алсыз” дей албайт. Негизи биздин жарандар агрессивдүү десем жаңылык деле болбосо керек.

– Мындай агрессивдүүлүк социалдык баракчалардагы билдирүүлөрдө гана эмес, чыныгы жашоодо да бар дегиңиз келеби?

– Бул тенденция биздин өлкөдө гана эмес, башка постсоветтик өлкөлөрдө да байкалат. Мындай агрессивдүүлүк билим берүү менен байланыштуу – бизде балдарды сабап, шылдыңдоо жана жазалоо нормалдуу көрүнүш болуп калган. Мисалы, Европада 3-4 муун алмашкандан бери балдарды сабабай калган. Балдарды катуу уруп, кемсинтүү, күнөөлөө, жазалоо кийин таш боор адам болуп өсүшүнө алып келет. Дагы бир себеби- экономикалык кризис, укуктук көйгөйлөр (адилетсиздик/паракорлук), мамлекеттеги жумушсуздук, эртең эмне болору аныкталбаган, пландаштырылбаган жашоо адамдарды дайыма стресске дуушар кылат. Ал стресс сыртка чыгышы керек, ошондуктан алар терс комментарийлерди жазат. Өзүн өзү өлтүрүү боюнча, ар кандай жаңылыш түшүнүктөр, уламыштар болушу мүмкүн. Бул көйгөй бардык өлкөлөрдө, анын ичинде өнүккөн өлкөлөрдө да актуалдуу болуп саналат. Төлөнбөгөн кредит, жашоонун дүрбөлөңдүү ылдамдыгы же жалгыздык сыяктуу башка себептер да кошулат. Өзүнүн жанын кыюу менен күрөшүүдө коомдук жана маданияттык өзгөчөлүктөрүн эске алуу абдан маанилүү.

– Бул талашсыз! Эң кеңири тараган кайсы стереотиптерди жана мифтерди белгилей аласыз?

– Мисалы, өз жанын кыйган адамды манипулятор деп эсептеген пикирлер бар. Адамдар аны жөн эле коркутуп, өз каалаганын кылуу үчүн ушундай ишке барды деп ойлошот. Дагы бир жаңылыш пикирлердин бири адамдын психикалык жактан оорулуу болуусу. Албетте, психикалык жактан жабыркоо өз жанын кыюуда негизги факторлордун бири болуп эсептелет, бирок, бул жалгыз фактор эмес. Өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылгандардын баары эле психикалык оорулуу адамдар эмес.

– Өзүн-өзү өлтүрүү менен күрөшүүдө, жергиликтүү контекстти жана мурдатан колдонулуп жүргөн практиканы кароого толук макулмун. Сиз буга чейин социалдык жана маданий өзгөчөлүктөрдү баса белгилеп кеттиңиз, бул тууралуу кененирээк айтып берсеңиз.

– Ооба, ар бир өлкөнүн жана коомдун өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Мисалы, Японияны алсак,  сапаттуу иш талап кылган коомдук кысым, урмат, милдет жана уят сыяктуу маданияттык түшүнүктөрдүн алкагы өзүн-өзү өлтүрүүнүн жогорку деңгээлине алып келет. “Романтикалык суицид” деген дагы бар. Коомдун бай жана кедей деп бөлүнүүсүнөн улам чогуу боло албаган жаштар өз өмүрүнө кол салган учурлар кездешет. Мисалы ата-энелер уулу колунда жок кызга үйлөнүүсүнө макул болбой койгондо “Ромэо менен Жульеттадай” болуп чогуу жанын кыйган, же болбосо эки жаштын бири өз өмүрүнө кол салган учурлар болот. Кыргызстанда адатта жаш жигиттер кыздын четке кагуусун көтөрө албай кетет. Бул темада изилдөөлөрдү, макалаларды жана талкууларды көргүм келет. Эмне себептен мындай болуп атат? Эмне үчүн жаш сүйүшкөндөр мамилени ушунчалык ынтызарлык менен кабыл алышат? Эмне себептен жигиттер кыздардын четке кагуусун көтөрө албайт?  Бул темалар жөнүндө сүйлөшүп, талкууларды уюштуруп, бул көйгөйлөрдүн себептерин жана чечимдерин издөө зарыл.

– Толук жетиле элек жаш сүйүшкөндөр үчүн “Ромео жана Жульетта” — бул чындыгында романтика! Мындай учурларда көпчүлүгү “мына чыныгы сүйүү”, “абдан катуу сүйүптүр” -деген жыйынтыкка келишет. Кыргызстанда да мындай өзүн-өзү өлтүрүүнүн романтикалуу каармандары бар, ал тургай, ал жөнүндө “Канат менен Зарина” аттуу китеп жазылган.

– Мындай “романтикалык суицид” адамдын аң-сезиминде жагымдуу себеп катары тандалып алынат. Ал эми чыныгы себептер тереңде көмүскөдө жатат, мисалы,  жетилүү кризистери, социалдык көйгөйлөр, психикалык жабыркоолору, адамдын аң-сезиминин жетиле электиги, сезимдерин башкаруусу, түшүнүүсү, гендердик стереотиптерге байланыштуу көйгөйлөр жана башкалар.  Өз жанын кыюу менен күрөшүү үчүн мамлекеттик деңгээлде план керек.

– Албетте. Бишкек шаарындагы жанын кыйган жигиттин каргашалуу окуясы боюнча көпчүлүк Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жана ошол жердеги эки психологду күнөөлөштү. Бул тууралуу эмне деп айтууга болот?

– Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө эч нерсе айта албайм, бирок кесиптештеримди коргоодо бир нече сөз айтам. Социалдык тармактарда ошол жигитти куткарууга аракет кылган психологдорго ар кандай терс билдирүүлөр айтылган. Кесиптештерим колунан келгендин баарын кылганына ишенем. Кээде сапер бомбаны өчүрө албайт, кээде реанимацияда адамды куткара алышпайт. Балким, жетиштүү квалификация болгон эмес, балким, башка факторлор роль ойногондур. Негизгиси сабак алуу керек. Каталарды аныктоо жана иш ыкмаларын жакшыртуу зарыл. Теория боюнча, сүйлөшүүчү биринчи кезекте полиция кызматкери болушу керек, сүйлөшүүчүнүн психолог болушу зарыл эмес. Ал өзгөчө кырдаалдар боюнча иштөөгө үйрөтүлүшү керек. Бирок, кыязы, бизде өзгөчө кырдаалдар министрлигинде андай практика болбогондуктан алар бул ишке психолог жалдашса керек.  Ошондуктан психологдор эл алдында күнөөкөр болуп чыкты. Негизи сүйлөшүүчү болуу үчүн Ички иштер башкармалыгында атайын билим алуусу керек. Ага полициянын офицерлери, психологдор сабак өткөндөн кийин аталган тармактарда иш алып бара алат. Эл аралык практикасы бар болсо, андан да жакшы.

– Тажрыйба топтоо ар дайым оптималдуу болуп саналат, ал тургай, ар бир өлкө өзүнүн окутуусун, изилдөөсүн жана ыкмаларын иштеп чыкса… Маектешүүнүн аягында активдүү психолог катары кандай ыкманы колдоносуз, бөлүшө кетсеңиз?

– Бизге плюри-дисциплинардык ыкма керек. Суицид менен күрөшүү боюнча алдын алуу чараларын баштоо керек. Полиция, билим берүү министрлиги, психологдор, ооруканалар, мектептер биргеликте кызматташууга тийиш. Бул ишке жарандык коомду да тартып, элге бул тема жөнүндө маалымат берип, суициддик маанайды ажырата билүүгө, аны менен күрөшүүгө үйрөтүү керек. Мындай окуяга дуушар болгон адам чалып, жардам сураганга мүмкүн болгудай кылып ишеним телефондорун уюштуруу керек. Мындай жардам жабыркагандардын санын бир кыйла азайтууга мүмкүндүк берет жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги куткарууга келгенде убакыттан утууга жардам берет. Эмне үчүн жаңы технологияларды пайдаланбайбыз? Мисалы, жабыркаган адамдын телефон номерлерин алып, келген чалууларын, бирөө менен сүйлөшүүлөрүн каттап, акыркы сүйлөшүүлөрүнө көңүл буруп, талдап чыксак, кийин алдын алганга жардам болот да.  Мындай сыноолорду башынан өткөргөн адамдар ал жөнүндө уялбай, алсыз же оорулуу деп күнөөлөйт деп коркпой айтып бере алса. Бул үчүн башканын көйгөйлөрүн шылдыңдабай, айыптабай кабыл алган чыдамдуу, түшүнүктүү коом керек. Жапа чеккендердин туугандары, жакындары да өз башынан өткөргөндөрүн айтып, бирикмелерди, уюмдарды түзсө болот. Болбосо биз ар бир жолкусунда мындай окуя биринчи жолу болуп аткансып, үйрөнчүк мамиле кылып жатабыз.

– Мен Фейсбуктан сиздин жалпы эл үчүн кылган резонанстуу иштериңизди окуп, кайдыгер калбаганыңызды көрөм. Дагы көп маалыматтарды жазып турууңузду күтөбүз.

– Кыргызстанда жашабагандыктан, актуалдуу темалар боюнча өз алдынча жазуу мен үчүн кыйын. Бирок, мен kgpsy.com долбоорун активдүү колдойм, ал жерде биз кыргыз тилинде психологияны популярдаштыруу боюнча иш жүргүзүп жатабыз. Долбоор толугу менен кайрымдуулукка негизделгендиктен, биз шашпай, бирок системалуу түрдө иш алып барып жатабыз. “Кыргыз психологиясы” баракчасына жазылуу менен бизге колдоо көрсөтө аласыздар.

– Зейне, сизге убактыңызды бөлүп биздин окурмандар менен маанилүү маалыматтарды бөлүшкөнүңүз үчүн чоң рахмат айтабыз. Лиондо ийгиликтерге жетишиңизге тилектешпиз.

Маектешкен Гүлзат Баялиева

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…