– Саламатсызбы, Зарина! Изилдөөчү экениңизди, элге аралашып жаратмандык иштерди жасаганыңызды көрүп жүрөбүз. Кандайсыз, өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз? Учурда эмне менен алексиз?

– Саламатсызбы Гүлзат! Сиз менен кабар алышып жатканыма абдан кубанычтамын! Өзүм антропологмун, коом таануу багытында жол сыяктуу инфраструктуралардын коомдук, материалдык, саясый жашоосун айлана-чөйрө, инсан, капитал, адамзаттан-сырткары жандуулар менен байланышынын изилдейм. Азыркы учурда Швейцариянын Фрибург университетинде докторантурада окуйм.

– Биздин Кыргызстанга окшоштурушкан тоолуу Швейцарияда турбайсызбы. Докторантурага чейин кайсыл окуу жайдан билим алгансыз?

– Бул жакка келгенге чейин, Түркиянын Хажеттепе университетинде Маданий Антропология багытында магистрдик жана Кыргыз-Түрк Манас университетинде Коммуникация багытында бакалаврдык билимге ээ болгом. Магистрдикти Түркиянын Ван аймагында жашаган түбү Вакхандагы Памир тоолорунан болгон кыргыздардын көч тажрыйбасы тууралуу жазгам. Дагы деле мени үй-бүлө мүчөсү катары кабыл алып, эшигин ачкан Айтмамбет Улу чоң ата жана анын бала-бакырасы менен дайыма кабар алышып турам.

– Вандык кыргыздарды азыркы учурда изилдегендер абдан аз. Сиз жыйнаган маалыматтар тарыхта чоң орунду ээлеп калат деп ишенем. Дагы кайсы темаларда кандай долбоорлорду ишке ашыргансыз?

–Ар кандай жергиликтүү жана эл аралык уюмдар менен коомдук изилдөө долбоорлорун ишке ашырып, тажрыйба топтодум. Кыргызстандын баардык аймактарын кыдырып, көптөгөн кызыктуу жана биз билбеген жактар бар экенин көрө алдым. Алардын кээ бирине кыскача токтолуп кетсем БУУнун Аялдар түзүмү “Коомдогу гендер түшүнүгү” темасында масштабдуу изилдөө долбоорун ишке ашырганда, жаштар арасындагы гендер түшүнүнгүн изилдөөгө катышкам. Андан сырткары, 2016-жылдан бери “Шаар Демилгелери” Коомдук Фондунун мүчөсүмүн. 2019-жылы фонддун негиздөөчү жактарынын бири болуп эсептелем.

– Бул уюм жөнүндө кулагым чалып калган. Шаардын өнүгүшүнө арналган абдан кызыктуу долбоорлорду уюштарган иш-чараларын байкадым. Окуучуларды дагы катыштырып, көп жөндөмдөрүн өнүктүрөт экен.

– Ооба, бул фонддо шаар таануу багытында изилдөөлөрдү жана эң башкысы ошол изилдөөлөрдүн негизинде практикалык сунуштарды иштеп чыгабыз. Андан сырткары, шаар тургундарын шаардын жана өздөрү жашаган райондордун маселелерин талкуулоого, чечүүгө жигердүү катышуусу үчүн колдон келишинче тартууга аракеттерди көрүп келебиз.

– Бул уюмдун Бишкектен башка шаарларга багытталган иш-чаралары болду беле?

– Биз Бишкектен башка шаарлар менен дагы иштешкенге аракет кылып келебиз. Мисалы, 2017-жылы ар башка тармактардын адистеринен турган мультидисциплинардык командабыз менен Кыргызстандын кичи шаарларынын табиятын түшүнүүгө алгачкы аракетибизди кылганбыз. Ошондо Советтер кулагандан кийин унутта калган кичи шаарларга кандай көңүл буруу керек деген ой менен Токмок, Балыкчы, Нарын, Баткен жана Исфана шаарларында жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары, жаштар, коомдук уюмдар, китепкана жана маданий борборлор, окуу жайлар, бизнес өкүлдөрү менен баарлашып, ал шаарлар тууралуу мультимедиялык материалдарды даярдаганбыз. Саясат Өнүктүрүү Институту чыгарган Муниципалитет журналынын атайын санына изилдөөбүздүн табылгалары тууралуу материалдарды чыгарганбыз. 2017-жылы болуп өткөн КРнын шаарлар форумунда дагы кичи/аймактагы шаарлардын өнүгүүсү жана маселелерин ал шаарлардан келген өкүлдөр менен талкууга алынган.

– Керектүү иштер жасалыптыр! Жалпысынан алганда, Кыргызстанда изилдөөчүлөрдү кандай кабыл алышат?

– Изилдөөчү катары Кыргызстандын ар кайсы аймагына барып жүрөм. Кабыл алуу ар кандай. Албетте ар бир изилдөөчүнүн өзүнүн тажрыйбасы болот. Менин жеке тажрыйбама таянып баамдасам, калк изилдөөчүлөрдү көпчүлүк учурда кооптонуу жана шектенүү менен карайт. Бир нече себеби бар деп ойлом. Биринчиден, акыркы жылдары саясый трибуналарда, медиа мейкиндикте “чет өлкөлөрдүн агенттери” деген түшүнүк жаңырып эле келатат. Бул түшүнүк менен кайсы бир коомдук уюмдар, кээ бир инсандар, медиа каражаттары аталып, көп учурда негативдүү мааниде көрсөтүлүүдө. “Чет өлкөлөр” кайсы өлкөлөр экени дагы так эмес же “Батыштын” агенттери деп дагы коюшат, кайсы “Батыш” экени дагы белгисиз. Ошондой эле “ярлык” этнографиялык ыкма менен иштеген изилдөөчүлөрдүн ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылып, калк арасында чоочулоо жаратат. Экинчиден, изилдөө деген түшүнүк иликтөө түшүнүгүнө айкалышып кабыл алынгандай сыяктанат. Акыркы жылдары биздин өлкөдө иликтөөчү журналисттик ишмердүүлүктүн негизинде чуулгандуу материалдар чыкты. Ошол жагынан караганда, журналисттер сыяктуу укуп-чукуп жиберет дейби айтор изилдөөчүлөрдү кабыл алуу оңой болбойт.

– Чын эле, кээ бир колдонгон усулдарыбыз журналисттерге окшоп кетет эмеспи. Илимий же журналистикалык иликтөө дегендин аырмачылыктарын калың журт биле бербейт.

– Антропологдор журналисттерден айырмаланып, изилдөөсүн өткөрүп жаткан жерде узак мөөнөт жашайт. Мындай ыкманы этнографиялык талаа изилдөөсү деп атап коюшат. Максаты, ошол жердин, калктын күнүмдүк турмушуна сүңгүп кирүү аркылуу эл менен жакындан таанышып, жергиликтүү маданиятты, түшүнүктөрдү, коомдук жашоону ичинен көрүп, талдап, аңдоого болгон аракет болуп саналат. Ошол учурда дагы, жөнөкөй калктын арасында таң калууну жаратат. Себеби, алыскы айылдарды алалы, ал жактарга текшерүү же командировкага шаар жактан бирөөлөр келсе, эң узак бир жума гана жүрүшөт жана конок болгон соң кетип калышат. Ал эми антропологдор жарым жылдап же бир жылдап жүрөт. Мындай учурларда, кээде АКШдан келген ыктыярчыларга (Peace Corps волонтерлору) окшоштурган дагы учурлар болот.

– Биздин өлкөдө илим менен алек болгондор талаа иштерин көп жүргүзүшпөгөндүктөн, карапайым калк илимпоздордун ишмердүүлүгүнөн кабары аз болсо керек.

– Туура, изилдөөчүлүк, өзгөчө жогоруда айтылган узак мөөнөттүү, этнографиялык изилдөөнүн жалпы жумурай журтка анча белгилүү эмес. Биздин өлкөдө илим тармагы аксап турат. Илимий изилдөөлөргө көңүл бурулуп, жалпыга маалымдоо каражаттарынан дагы байма-бай маалымат таратылып турганда, балким, башкача мамиле болмок. Ошондой эле илимди, изилдөөнү жана изилдөөчүнүн максаттарын карапайым калкка түшүнүктүү тилде жеткирүү маанилүү экенин билдим. Бирок азыр Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдөн чыккан, эл аралык деңгээлде, дүйнөнүн алдынкы өлкөлөрүнүн окумуштууларынан кем калбаган илимпоздор толтура. Чөлкөмдү жана өлкөнү талдоодо калктын тилин, дилин, маданиятын жана табиятын билген, жакшы түшүнгөн, өзүбүздөн чыккан изилдөөчүлөрдүн болуусу абдан жакшы көрүнүш деп эсептейм. Мурдагыдай болуп, биздин коомдорду колониалдык саясаттарды жүргүзгөн борборлордон келип изилдеп, өздөрүнүн дүйнө таанымынын чегинде талдап, илим жазган көрүнүштөр азайып, кылдаттык мамиле кылынып жатат. Азыр жергиликтүү түшүнүктөрдүн негизине таянып талдоого дарамети жеткен өзүбүздүн мыкты адис-окумуштуулар бар. Ошондуктан, кооптонуу же чоочулоонун ордуна, көмөктөшүү абдан туура кадам болот.

– Кыргызстандагы изилдөөлөр тууралуу кызыктуу маегиңизге ыраазычылык билдирем. Биз менен дагы кызматташып, элге билимиңизди тартуулай бериңиз!

Маектешкен Гулзат Баялиева

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…