Арсланбек Кенжетегин – социолог, дин таанучу

Арсланбек Кенжетегин – социолог, дин таанучу

Кыргызстанда коом жана дин

Адам баласынын тарыхы канчалык терең болсо, диндин да адам баласынын тарыхы менен тамырлаш жана терең болуп, бирдей тарыхый жолду басып өткөндөй. Адамзат тарыхына көз чаптырып көрсөк, динсиз жана ишенимсиз адам болсо да, динсиз жана ишенимсиз бир да коомду көрө албайбыз. Демек, инсан коому динге негизделгенин көрүүгө болот. Муну биз адамзаттын тарыхый жолун изилдеген учурда адамдардын коомдук жана маданий турмушунда диндин адам баласындагы таасирин ачык көрө алабыз. Мисалы, алгачкы адамдардан баштап, жергиликтүү адам ууруларынын, Шумерлер, Мая, Азтек, Инка маданияттарынын, Австралия, Жакынкы Чыгыш, Африка, Азия чөлкөмдөрүндө жашаган адамдардын өзүлөрүнө тиешелүү дин жана ишенимдери бар болгону талашсыз. Жада калса Советтик мезгилде расмий түрдө дин жана башка ишенимдерге катуу тыюу салынып, системалуу илимий атеисттик ой-пикир түптөлүүгө аракет кылынса да, адамдар жашыруун түрдө диний ритуалдарын аткарып келишкендери белгилүү. СССРдин кыйроосу менен эгемендүүлүктү алган өлкөлөрдүн жарандары тутунуп келген дин жана ишенимдерине массалык түрдө кайта башташкан.

Бул маселени Кыргызстандын мисалында карай турган болсок, Кыргыз өлкөсү көз карандысыздыкты алуусу менен эл аралык коомчулукка өзүн демократиялык, укуктук, жана светтик өлкө боло тургандыгын жарыялаган. Бул жараяндын арты менен мамлекет өлкө жарандарына бир топ укук жана эркиндиктерди таанып, мунун башында сөз, дин жана ишеним эркиндигин кепилдеген. Бул жараян Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн Исламий жана Христиандык багыттагы ар кандай диний агымдар, жамааттар, уюмдар, топтор, миссионерлердин ж.б. келүүсүнө жол ачкан. Албетте ошол учурда мамлекеттин диний чөйрөсүн тейлеген мекемелердин кызматкерлери да, коомубуздун да диний сабаттуулугу төмөн болуп, өлкөбүздүн мамлекеттүүлүгүнө, улуттук коопсуздугуна, бүтүндүгүнө жана жарандардын салттуу динине, ишенимине, улуттук иденттүүлүгүнө, дүйнө таанымына жада калса каада-салт, үрп-адаттарына чейин коркунуч алып келе турган зыяндуу диний агымдар да кирип кеткени маалым. Мамлекет дин саясатын эгемендиктин алгачкы жылдарында чабал жүргүзүп, ошол эле убакта билимдүү дин адистери да жок болгону диний чөйрөнүн чаржайыт өнүгүүсүнө алып келген.

Күнүбүздө диний чөйрөдөгү бул сыяктуу ирээтсиз өнүгүү коомубузда маселе жаратып, мамлекеттин дин чөйрөсүндөгү негизги маселесине айланган. Маселен, диний билим берүүдөгү ар түрдүүлүк, элибизге чет элдик/чоочун диний/сектанттык көз-караштардын жайылуусу болуп, жарандарыбыздын салттуу диний турмушуна залакасы тийе турган радикалдуу жана экстремисттик идеологиялар болуп саналат. Бул менен катар өлкөбүздө диний/сектантык ар/көп түрдүүлүк (плюрализм) түзүлүп, бирок, ошол эле убакта коомубузда диний сабаттуулук, диний сабырдуулук жана диний эмпатиянын өнүкпөгөндүгүн да айтууга болот. Алсак, коомубуздун динчил катмарынын да жана секуляр катмарынын да диний маалыматтары жетишсиз болуп же туура эмес багытта өнүккөн. Алардан коомубуздун секуляр катмары диндар жарандардын кийим-кечеси (аялдардын хиджаб кийүүсү, кара өңдөгү кийимдер, бети-колдорун жабуусу ж.б.), эркектердин узун кийинүүсүн, сакал коюуусун, сырткы көрүнүштөрүн мазактап, жээришип, коомубузда эки ача пикир жаратып, талаштуу маселелердин чыгышына себеп болууда. Ал эми динчил катмар болсо, мамлекеттин светтик принциптерин четке кагып, ошол эле убакта диний билимдеринин төмөн болуусу, диндин ички маңызын эмес сырткы көрүнүшүн гана алуусу жана диний сабырдуулукту сактабай секуляр катмар менен радикалдуу/экстремисттик талаш-тартышка кирүүсүн айтсак болот. Жыйынтыганда коомубузда светтик жана динчил эки тараптуу радикал-экстремисттер пайда болду.

Албетте бул маселелер терең изилдөөнү жана кеңири талкууну талап кылат. Ошентсе да кыскача айта турган сөз: дин – кыргыз коомунун коомдук жана маданий турмушунда өзгөчө ролду ойнойт. Бирок мамлекет дин саясатын туура багытка салбаса, диний билим берүүнү колго албаса, коомдогу диний ар түрдүүлүктүн маанисин түшүндүрө албаса, өлкөбүздөгү диний абал туура эмес багытта да өнүгүп кетүүсү толук мүмкүн. Андыктан дин чөйрөсүнө дыккат көңүл бурулуп, эксперттик группа түзүлүп, жарандык коом менен биргеликте диний агартуу боюнча атайы иш план түзүлүүсү керек. Тагыраак айтканда, диндин диний гана маңызы айтыла бербестен, анын тарыхый, коомдук, маданий, илимий, философиялык, психологиялык, антропологиялык ж.б. арткы планы да түшүндүрүлүүсү абзел. Бул менен коомдун диний агартуусу максатталып, жарандардын логикалык, диний салыштарма жана критикалык ой жүгүртүүсүнө өбөлгө түзүлмөкчү. Ал үчүн коомдогу диний актуалдуулугу бар академиялык китеп, журналдардын мамлекеттик жана расмий тилдерде басылып чыгышы, ММКтарында академиялык деңгээлде дин талкууларынын уюштурулуусу жана мамлекет өлкөнүн диний тармагын жөнгө салуусуна бардык шарттарды түзүүсү жана системдүү түрдө иш алып баруусу кажет. Болбосо Кыргыз өлкөсү Афганистан, Сирия, Ирак, Ливия, Ливан, Йемен, Судандын ж.б. кейпин кийип, жаңы экстремисттик, террористтик уюмдардын уюгуна айланып кетүүсү толук мүмкүн жана буга эч ким кепилдик бере албайт.

Арсланбек Кенжетегин

Ондокуз Майыс Университетинин Коомдук Илимдер Институнун Философия жана Дин Билимдери бөлүмүнүн докторанты (PhD). Самсун шаары, Түркия.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…