– Саламатсызбы, Канат! Сиздин сейрек кезиккен эл аралык кесиптик билимиңизден улам кеңештериңиз Кыргызстанга пайдасын тийгизип келет. Кыргызстандагы уран маселесин, Бишкектин ыш көйгөйүн талдап, видео аркылуу түшүндүрүп жүрөсүз. Кайсыл тармактан билим алдыңыз эле? Учурда кайда иштейсиз?

– Саламатсызбы, Гүлзат! Биринчиден, ушул интервьюну уюштурганыңызга сизге ыраазычылык билдирем. Менин аты-жөнүм – Канат Ишенбек. Учурда Германияда Герресхаймер Медикал Системс фирмасында улук инженер катары эмгектенем. Кесибим инженер-материаловед, ушул эле тармакта докторлук даражам бар.

– Абдан сонун! Инженер-материаловед деген адам милдеттерине эмнелер кирет?
– Инженер-материаловед – бул материалдар илимдеринин адиси, металл, керамика, пластик же айнек сыяктуу материалдарды изилдеген, өнүктүргөн илимпоз жана инженер.

– Билишимче, сиз уран казууга мораторий коюлушуна активдүү катышып жүргөнсүз. Тагыраак эмнелерди аткардыңыз эле ошондо?

– Ооба, 2019-жылы Балыкчыга жакын Кызыл-Омполдо уран казуу иштери жүрүп баштаганда, бул маселе боюнча илимге негизделген макала жазып, интервью берип, эмне себептен уран казуу кооптуу экенин жана келечекте кандай экологиялык оор кесепеттерге жол ачылаарын түшүндүрүүгө аракет кылгам. Жергиликтүү элдин, экологияга кайдыгер карабаган жарандардын салымы менен уран казууга мароторий жарыяланып, уран казуу иштери токтотулган.

– Акыркы жылдары эл оозуна алынган көйгөйлүү экологиялык маселелердин бири Бишкектин ышы болуп жатат. Борбор калаабыз “Ышкек” атка да конду, дүйнөлүк рейтингтерден абанын кирдеши боюнча биринчи орундарды да ээлеп жатат. Бишкекте пайда болгон кара түтүндүн же ыштын себептери тынбай айтылып да жүрөт. Абаны кантип, качан булгап алдык?

– Негизи ыш маселеси Бишкекте ондогон жыл мурун эле башталган. Бирок акыркы жылдары кадимкидей көзгө көрүнүп, ден соолукка залакасын тийгизип баштаган үчүн жыл сайын талкууга түшүп баштады. Дүйнөдө абасы эң кир шаарлардын арасына кирип, көп учурда биринчи орунду ээлейт. Албетте, мындай жаман акыбалга эң биринчиден коррупциялашкан система алып келди. Паракорлуктун айынан шаардын өпкөсү болгон парктар, жашыл тилкелер кыскартылып, үй курулуштарга бөлүнүп кетти. Абаны тазалоочу бак-дарактар кыйылды, ордуна тигилчү бактарга бөлүнгөн акчалар тонолуп кетти. Архитектуралык көзөмөл иштебей, каалагандай турак жайлар курулуп, Бишкекте аба алмашуу бузулду. Техникалык көзөмөл иштебей, авто-унаалардан, өндүрүштөн чыккан уулуу заттар текшерилбей калды. Таштандыны иштетүү, ТЭЦти жаңыртууга бөлүнгөн акчалар максатсыз сарпталды. Ар кайсы тармактын каталары чогулуп отуруп азыркы абалга алып келди. Бир маселени чечүү үчүн эң биринчи анын себептерин изилдеп чыгыш керек. Тилекке каршы, азыркыга чейин бул темада так анализ жүргүзүлө элек экен.

– Дем алып жаткан абанын булганышы бир гана өпкө ооруларын эмес, жүрѳк-кан тамыр ооруларынын, рак илдетинин көбөйүшүнө да себепкер. Бозоргон, булганган абаны кара түтүн, ыш, көө дейбиз, бирок анын курамында канчалык уулуу заттар бар экенин биле бербейбиз.

– Ооба, ыш абага чачыраган уулуу заттардан түзүлөт. Ага мисалы, көмүртек кычкылы, азот кычкылтектер, күкүрт диоксиди, көмүр кычкылтектер сыяктуу уулуу газдар кирет. Андан башка ден соолукка зыяндуу майда катуу бөлүкчөлөр, ошондой эле озон, суутек кычкылы, пероксиацетилнитрат сыяктуу уулуу заттар кирет. Албетте, бул заттардын абага кошулушуна ЭЖБ (ТЭЦ), көмүр жагуу, авто-унаалар эң негизги себепкер. Андан тышкары, машине дөңгөлөктөрүнөн, асфальт, курулуш, жер иштетүү, таштандыларды жагуу, айыл чарбада колдонулган пестициддерден, май куйуучу бекеттерден да абага уулуу заттар тонналап (!) чыгат.

– Ар кайсы өлкөлөрдө абанын негизги булгоочулары катары ар башка нерселер кирет. Бизде Кыргызстанда азот диоксиди жана монооксиди, күкүрт диоксиди, формальдегид, аммиак деген уулуу заттар бар экенин экологдор жазып жатышат. Инженер катары ышты азайтуунун кандай жолдорун белгилей аласыз, эмнеден башташыбыз керек?

– Айтып кеткендей, эң биринчи эле ыштын себептерин изилдеп чыгыш керек, мониторинг жасап, улам саресеп салуу керек. Ошондо гана кайсыл тармактан башташ керектигин аныктай алабыз. Тилекке каршы, ачык булактардан ыштын себептери боюнча так маалымат таба алган жокмун, ошондуктан өзүм изилдеп, себептерин тактаганга аракет кылдым. Бул чакан анализимде Бишкектин абасындагы PM 2.5 бөлүкчөлөрүнүн булактарын изилдедим. PM 2.5 бул диаметри 2,5 микрометрге чейинки атмосфералык абаны булгоочу катуу бөлүкчөлөр. Бул анализимде ачык маалымат булактарына таянып, Бишкек шаарында канча турак жай барын, алардын канчасы көмүр менен жылытылгандыгын, ЭЖБ (TЭЦ) жылына канча тонна көмүр жагаарын, ал көмүрдүн сапатын, Бишкек шаарындагы авто-унаалар санын, сапатын жана башка техникалык маалыматтарды таап, алар абаны кантип булгайт экенин эсептеп чыктым. Бул анализимдин негизинде PM 2.5 бөлүкчөлөрдүн эң негизги булагы болуп 41% менен турак жайларды көмүр менен жылытуу болуп чыкты. Экинчи чоң себепкер, 21% менен ЭЖБ болсо, үчүнчүсүн 15% менен авто-унаалардан чыккан бөлүкчөлөр түзөт. Калган 23% башка булактардан, мисалы, таштандыларды өрттөөдөн, курулуштан, жер иштетүүдөн, асфальттан келип чыгарын эсептегем. Статистикада Парето принциби деген бар, ал принцип боюнча маселелердин 80 пайызын чечүү үчүн себептердин 20 пайызын жоюу жетиштүү. Бул принцип боюнча ыш көйгөйүн чечүү үчүн башында эң негизги 3-4 себеп менен күрөшүү жетиштүү.

– Ыш маселесин азайтуу бизден көзкаранды экени талашсыз. Ар бирибиз жаран катары жоопкерчилигибизди жогорулатып, ѳз салымыбызды кошо алабыз (коомдук унааларда же жөө жүрүп, таштандыны сорттоп ж.б.у.с.). Ошентсе да бийликтен кандай чечкиндүү кадамдар керек?

– Тилекке каршы, Бишкектин ыш маселеси көп талкууланганы менен чечүүгө кадамдар ташталбай жатат. Бийликтегилер бул маселени өзүнөн өзү эле бир күнү жоголуп кетет деген үмүт менен иштеп жаткандай. Албетте, бул маселени чечүү үчүн чоң каражат, юридикалык жактан жаңы мыйзамдар керек, ошондуктан мамлекеттен башка эч ким чече албайт. Бирок шаар тургундарынын талабы болбосо, эч качан жылыш болбойт. Техникалык жактан чечүү үчүн эң эле биринчиден, көмүр жаккан үйлөрдү газга же башка жылытуу системаларына өткөзүү керек. Энергия үнөмдөгөн үйлөрдү көбөйтүп, эски үйлөрдү жылуулап, аларга шарт түзүш керек. ЭЖБдагы тазалоо системаларын жаңылап, сапаттуу көмүр менен камсыздап, эгер мүмкүн болсо газ менен да иштегендей жаңылоо иштерин жүргүзүү зарыл. Бишкекти авто-унаалардан тазалоо керек, ал үчүн автобус каттамдарын көбөйтүп, газ же электр кубаты менен жүргөн авто-унааларды көбөйтүү зарыл. Өзгөчө мааниге таштандыларды кайрадан иштетип чыгуу маселеси да ээ! Ыш маселесин чечүү үчүн мамлекеттик деңгээлдеги маселелерди чечүү зарыл!

Маектешкен Гүлзат БАЯЛИЕВА

Бул апаатка байланыштуу башка макалаларды төмөнкү шилтемелерден окуй аласыңар:
 Улуу ыш 
Бишкектеги ыш (смог) жана андан арылуу жолдору 
Бишкек абасы булганган шаарлардын катарында 

Абанын булгануусу: себеп жана сунуштар
Абанын булгануусу: себептери менен кесепеттери тууралуу эмне билесиӊер? (тест)

Тѳмѳнкү сайттар менен тиркемелерден абанын сапатын текшерип турсаӊыз болот:

World Air Quality Index
AirVisual
PurpleAir
Lufdaten.info
Кыргыз Республикасынын Ѳзгѳчѳ кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология агенттиги
MoveGreen
aba.kg тиркемеси

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…