Арсланбек Кенжетегин – социолог, дин таанучу

Дин жана диний темалар талкууга жабыкпы? Бул маселеде теологтордун орду кандай?

Бүгүнкү күндө биздин коомдо “теолог, дин таануучулар элди адаштырып, динди бузуп жатат” дегендердин саны аябагандай көбөйдү. Бул сындар анча-мынча диний билими бар жана ошондой эле динден эч түшүнүгү жок катардагы эле адамдар арасында да күндөн-күнгө жайылып бара жатат.

Кээде ар кандай соцмедиалык платформаларда Жаңы Жыл, Нооруз майрамдарын диний өңүттөн талдап, калыптанган туура эмес диний түшүнүктү сындап же башка бир диний темаларда өз ой-пикирин жазып, жарыялап келген ага-ини теологтор бар. Алардын постунун алдындагы ой жорумдарын окусаң, жакаңды кармап тообо дейсиң. Мектепти араң бүткөн, диний билими жок,  болсо да кенен ой жүгүртө албаган, кайсы бир жамааттын же жергиликтүү бир таксырдын таасиринде/жетегинде калып кеткен “кыйындар” оңду-солду карабай эле урдуруп жаткан болот. Антейин десең анча-мынча арапча окуп-түшүнүп калганы деле, аты атпай журтка таанылган “шейх-ажыкелер” деле тигилерден кем эмес экен. Мисалы “дабдыр, келесоо, дин бузар, акылга салба, арапчаң жок динди сүйлөбө, сен кимсиң, баланчадан да кыйын болуп кеттиңби, тиги шейхтин бо.уна да тең келбейсиң же теологдор дин душмандарынын агенттери, ошолорго кызмат кылышат ж.б.” самтырак сөздөрдү көп эле көрдүк.

Мен бул айтылган “сын ушактардын” артында динден кабары жок, болсо да кайсы бир жамааттын, тарикаттын же жеке адамдын пикирине таянган маани-маңызы жок сындар деп айтаар элем. Теолог же дин таануучулар булардын (жамаат, тарикат же жергиликтүү диний лидер) бирине да ортоктош эмес, алардын таасиринде, жетегинде калган эмес. Теологтордун бирден-бир өзгөчөлүгү критикалык ой жүгүртүүсүндө, маалыматты ар тараптуу карай билүүсүндө. Себеби окуу программасында диний билим менен катар дүйнөбий (светтик) делген билимдер да окутулат. Мына ошондуктан динди же диний маселелерди кароодо ар тараптуу кылып, анын философиялык, социологиялык, психологиялык, педагогикалык, тарыхый, этикалык ж.б. аспектилери менен кошо карайт, талкуулайт, ой жүгүртөт, жыйынтык чыгарат. Анан да теологтор тарабынан түзүлгөн, иш алып барган бир дагы активдүү диний уюму же бирикмеси жок. Болсо да аты бар, заты жок. Анткени көбү ар биринин көз карашы, академиялык тармагы, эркин жана эгемен пикири бар. А бул өз кезегинде тигил же бул топтун же бир лидердин жетегинде болгусу келбей эркиндикти, эркин ой жүгүртүүнүн тарапкери болот.

Аталган маселеде эң алгач билине турчу жагдай теология факультеттеринин критерийлери коом же ошол коомдун жергиликтүү кабыл алууларына барып такалбайт. Теология факультеттеринин бир гана критериясы бар, ал болсо – билим. Баарыбызга белгилүү болгондой, билим дагы илимпоздордун эч бир убакта абсолюттук чындыкка жетпеген эс-тутум, тажрыйба, ой-жүгүртүү жана идеялык ишмердүүлүктөрүнө байланыштуу болуп жана ошол себептен ар дайым өнүгүү жана өзгөрүү мүнөзүндө болот. Теология жалпы коомдун билгендерин биле турган, кабыл алгандарын да өздөрүнө сиңире турган институттар эмес. Же болбосо бул же тигил мазхабтын, жамааттын же кайсы бир диний “лидердин” принциптерин жактап, аларды күчтөндүрө турган аскердик гарнизондуктар дагы эмес. Эгер андай болсо, бул мекемелер билимдин эмес, диний-саясий идеологиялардын өкүм сүрө турган очогуна айланмак. Теологиялар билимди, маалыматты кайсы бир коомго, улутка же бир өлкөгө жагынып, алардын көңүлүнө карап контент жасабайт. Бул жерде эң негизги критерий жана өкүм тек гана билим, акыл жана логика болуп эсептелет. Теология жана теологиянын ортого койгон билими жана ой-пикиринин контролдоочусу да мына ушулар. Ал эми алардын аткарылуу таризи, калыптанып, белгиленип калган тартип менен эмес, эркин ойлонуу менен ишке ашат. Кыргызстандагы кээ бир жамааттык окуу жайларда же диний лидерлердин окуу жайларында алардын айтканы гана өтүмдүү жана четке кага алгыс. Өзгөчө окуткан материалдары да элге чоочун, кайталанма окуулар. Өзүлөрү (диний аалымдар) жергиликтүү элдин диний идентификациясына, коомдук-маданий турмушуна ылайыктуу макала, китеп жазбайт же аларды изилдебейт. Себеби коомдун алдында мен гана билейин, калганы менин гана оозумду карасын, мени гана уксун деген таризде эгоисттик мүнөздө болушабы бейм. Бул жааттан алганда биздин аалымдарда кайсы бир диний-идеологиялык таасирдин алдында калган көрүнөт жана өз алдынча иш жүргүзө албайт. Мисалы мен деген “аалымдардын” (Кадыр Маликовдон башкасы) кимисинин илимий-академиялык макаласын, китебин окудуңар эле?

Ал эми теологияда болсо, ар ким өз ой-пикирин илимий баалуулуктар базарына чыгарат, критикага сунат, ал жерден да өз ордун табат. Тапканына жараша илимий журналдарга жарыяланат, илимий конференцияларда доклад жасайт же китеп бөлүмдөрүнө кирет. Ошого жараша илимий-теологиялык өсүш, ошого жараша академиялык жаңылануу болот.

Дин жана билимдин калк менен, турмуш менен байланышта болуусу коомдук, маданий, саясий, искусстволук жана адабий дараметти жана атуулдук жоопкерчликти көтөрүүдөгү маанисин түшүнүү, агартуучу потенциалын туура пайдалануу зарыл. Мындайча айтканда кыргыз коому катары «кыргыз-ислам маданиятын/моделин» ортого коюшубуз керек. Пакистан, Түркия, Малайзия же Сауд Арабиясынын моделин эмес өз нукуралыгы менен өз моделин жаратуу. Бул үчүн кыргыз мусулман коому кандай гана маселе болбосун ислам ахлакынын негизинде эркин түрдө ой бөлүшүп, пикир билдирип, талкууга алып, жыйынтык чыгарганды үйрөнүшү керек.

Сөз соңунда айтарым бардык “арзан, популисттик жана окшош ой-пикир талаштарынын” аягы тыйылып, академиялык, интеллектуалдык деңгээлдеги дискуссиялардын уланышын сүйлөшүп отурсак кана?! Бул көрүнүш, бул тенденция (баарыбыз окшош ойлонуу, окшош пикир билдирүү же ошого мажбурлоо) илимий өнүгүшүбүздүн эмес, тирүүлөй/маңкуртча өлгөнүбүздүн бир белгиси.

 

Арсланбек Кенжетегин

Ондокуз Майыс Университетинин Коомдук Илимдер Институнун Философия жана Дин Билимдери бөлүмүнүн докторанты (PhD). Самсун шаары, Түркия.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…