Сүрөт Кыргыз Республикасынын элчилигине таандык

Кечээ Германия Федеративдүү Республикасынын Берлин борбор шаарындагы Тышкы иштер министрлигинин имаратында кыргыз-немис дипломатиялык карым-катнаштын 30 жылдык мааракеси болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчилиги тарабынан уюштурулган бул салтанатка аталган министрликтин Орто Азия жана Кыргызстан боюнча кызматкерлери, ардактуу консулдар, бир катар элчилер, Кыргыз-герман колдонмо информатика жана Кыргыз-герман техникалык институтунун делегаттары, айлана-чөйрөө коргоо бирикмесинин (нем. NABU) долбоор жетекчилери, Борбор Азиялык жерди колдонмо изилдөө институтунун жетекчиси, немис тектүү кыргызстандык жарандар, Прагадагы Азаттык радиосунун журналисттери, Германиядагы уюмдардын өкүлдөрү жана белгилүү активисттер келишти. 30 жылдык мааракеге карата эки элдин ортосундагы бардык келишимдерди, иш-чараларды жана кызматташтыктарды камтыган атайын иллюстративдик китеп жарык көрүп, келген конокторго белек катары берилди. Салтанат ыр-күү жана даамдуу тамак-аш менен коштолду. Төмөндө Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев мырзанын ачылыш сөзү берилет.

Урматтуу айымдар жана мырзалар,
урматтуу кыргызстандыктар,
кадырлуу кесиптештер жана достор,

баарыңыздарга чын жүрөктөн салам жолдойм жана кыргыз-герман дипломатиялык мамиленин 30 жылдык маарекеси менен куттуктайм. Кыргызстан өз эгемендүүлүгүн алгандан баштап демократиялык өнүгүүнүн жолунда абдан татаал жана катаал учурларды башынан өткөрдү. Учурда өлкөдө мамлекеттик башкарууну жана улуттук экономиканы жаңылоо үчүн ар тараптуу реформалар жүрүп жатат.

Германия биз үчүн абдан маанилүү өнөктөш өлкө жана бул жагдай Германиянын дүйнөдөгү жана Европанын алдыңкы орду жана ролу менен  шартталган. Өткөн 30 жылдын ичинде Кыргызстан менен Германиянын ортосунда достук жана шериктеш мамиле туруктуу калыптанып, ар кандай тармактардагы кызматташтык жигердүү өнүгүүдө. Биздин өлкөлөр ортосунда активдүү саясий диалог орнотулган жана жогорку деңгээлдеги визиттер үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет. Эки өлкөнүн Парламенттери арасында да кызматташтык туруктуу өнүгүүнүн ичинде. Эки өлкөнүн ортосундагы аталган кызматташыкты бекемдөөдө, Кыргызстандагы жарандык коомду өнүктүрүүдө, демократиялык жана укуктук институттарды түзүүдө Кыргызстанда көп жылдан бери жигердүү иштеп келе жаткан Германиянын Фридрих-Эберт, Ханс-Зайдел жана Конрад-Аденауер сыяктуу саясий фонддорунун салымы чоң.

Кыргыз-герман мамилесин бекемдөөдө Кыргызстандагы немис тектүү азчылыктар дагы маанилүү ролду ойнойт. Учурда өлкөдө жашап жаткан 10 миңге жакын немис тектүү жарандар жана Кыргызстандан Германияга көчүп келген 100 миңден ашык этникалык немистер эки элдин ортосундагы «жандуу көпүрө» катары өзгөчө мааниге ээ. Андан тышкары биздин эки тараптуу байланышты бекемдөөдө Кыргызстандын Германиядагы Ардактуу консулдары чоң салым кошуп келишет. Бул ишти баалап, кыргыз өкмөтү эки ардактуу консулга – Карл Элердинг мырза менен Доктор Эберхард Хаас мырзага – Ардак Грамотасын ыйгарды.
Ошону менен бирге жылдан жылга Кыргызстандан Германияга жогорку билим алуу, стажировкадан өтүү жана адистигин жогорулатуу үчүн келген жаштар көбөйүүдө. Учурда алардын саны 10 000 ден ашып, чет жердеги күчтүү диаспоралардын бири катары өлкөгө дагы, эки тараптуу карым-катнашка дагы өз салымын кошууда. Соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөр биз үчүн өзгөчө багыт экенин баса белгилегим келет. Кыргызстан улуттук экономиканы өнүктүрүү үчүн айыл чарба, туризм, санариптик өнүгүү, энергиянын кайра жаралуучу булактары менен инфраструктураны өнүктүрүүдө Германиядан түз инвестицияларды, алдыңкы технологияларды жана инновацияларды тартууга абдан кызыкдар. Олуттуу потенциалды ишке ашыруу максатында Кыргыз-Герман Ишкерлер кеңеши түзүлүп, үстүбүздөгү жылдын 13-июнунда Бишкекте анын биринчи отуруму болуп өттү. Биз Германиянын Экономика жана климатты коргоо федералдык министрлигинин «Чет элдик компаниялардын лидерлеринин менежерлердик билимин арттыруу программасын» эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыктын абдан ийгиликтүү багыты деп баалайбыз.

Евробиримдиктеги өлкөлөрдүн ичинен Германия Кыргызстандын эң ири донору болуп саналат. Кыргызстанда герман тарап менен биргеликте ишке ашырылып жаткан финансылык, техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык долбоорлору өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнө чоң салым кошуп келет. Маданий – гуманитардык кызматташтык да эки тараптуу мамилелердин маанилүү бөлүгү болуп келет. Алардын айрымдарына бүгүнкү бир катар баяндамалар аркылуу өзүңүздөр күбө боло аласыздар. Сөзүмдүн аягында биздин өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгынын маанилүүлүгүн дагы бир жолу белгилеп, кыргыз-герман кызматташтыгы мындан ары да жигердүү улана берээрине ишеним артам.

Урматтуу кесиптештер жана коноктор,
биздин салтанаттуу иш-чарабызга катышканыңыздар үчүн чоң рахмат! Баарыңыздарга кызыктуу жана жагымдуу кече каалайм!

Автор: Махабат САДЫРБЕК
Л
ингвист, эл аралык саясат таануучу, юридикалык антропология илимдеринин доктору, Халле шаарында Макс-Планк илимий изилдөө борборунда изилдөөчү

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…