Сүрөт Азамат Токтакуновго таандык

Форумдун максаты
Биз бул форумда биринчиден «Чөйрө» платформасындагы жаратмандар, демөөрчүлөр жана чөйрөчүлөр менен бетме-бет отуруп баарлашууну максат кылганбыз. Акыркы 2-3 жылда бири-бирибизди таанып билбей туруп, дүйнөнүн чар тарабындагы активисттер аралыктан кызматташуунун өзгөчө формасын таптык, биргеликте билим берүү программаларын, кайрымдуулук долбоорлорун ишке ашырдык жана жаш муундун арасында жаңы идеология жарата алдык. Географиялык жана башка шарттарга байланыштуу «Чөйрө» платформасынын бардык мүчөлөрүн форумга чогултуу максатыбыз жарым-жартылай ишке ашты десек болот. Бирок биз ошол эле учурда бул форум аркылуу Кыргызстандын саясий, экономикалык, экологиялык, маданий, илимий жана көркөм өнөр айдыңында көрүнүктүү орунду ээлеген, жүздөгөн жана миңдеген адамдардын аң-сезимине кеп-кеңеши, жасаган иштери жана долбоорлору аркылуу өзгөчө таасир бере алган жана артынан чоң аудиторияны ээрчиткен активисттерди, чет жердеги кыргыз диаспораларынын көрүнүктүү лидерлерин жана бейөкмөт уюмдардын жетекчилерин чакырдык. Алардын дагы долбоорлоруна жана идеяларына орун берүү менен бирге форумдун темасына арналган санариптик доордогу Кыргызстан үчүн өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн ачып берүүгө далалат кылдык. Натыйжада форумга Германия, Швейцария, Австрия, Чехия жана Түркия сыяктуу бир катар өлкөлөрдө жашап, иштеген кыргызстандыктар катышып, нетворкиң ийгиликтүү ишке ашты жана катышуучулардын көөдөнүндөгү ойлорго канааттандыраарлык деңгээлде орун бере алдык деп айта алабыз.

Форумдун мазмуну
Форумдун өзөгүн алты темага бөлүнгөн панелдик талкуулар түздү: 1) Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү үчүн маалыматтык технологиянын ролу; 2) Билим берүү долбоорлору жана маалыматтык технологияны окутуу; 3) Санарип контексттиндеги сөз эркиндиги, жарандык коом жана мыйзамдуулук; 4) Экономикалык, экологиялык, инвестициялык жана техникалык чакырыктар; 5) Чет жердеги кыргыз диаспораларынын потенциалы жана көйгөйлөрү; 6) Миграциянын жаңы максаттарын жана агымдарын түзүү үчүн ITнин ролу. Албетте 2 күндүк форум үчүн мындай чоң тематикалардын өзөгүн толугу менен чыгарып алуу оңойго турбаса да, берилген мүмкүнкүнчүлүккө жана убакытка жараша ар бир панелдин мазмунун максималдуу түрдө талкуулай алдык. Ар бир спикер өзүнүн басып өткөн жолу, тажрыйбасы жана жасаган иштери менен уникалдуу экенин аныктай алды. Баяндамалардын баары тең абдан маңыздуу даярдалып, көбүнесе кыргыз тилинде, айрым жерлерде орус жана англис тилдеринде өттү. Жигердүү журналисттер тарабынан колдоого алынган бул жолугушуу массалык медиа айдыңында чоң резонанс жаратты жана бул биз үчүн күтүлбөгөн чоң ийгилик болду.

Форумдун жыйынтыгы
«Чөйрө» платформасынын негиздөөчүлөрү жана форумдун уюштуруучулары ар-бир айтылган ой-пикирди жана идеяларды терең кызыгуу менен кабыл алды жана жигердүү тилектештер берген сунуштардын негизинде жаңы долбоорлорду жарата баштады. Анткени форумду жалаң гана ойлор жана талкуулар менен чектебөө биздин башкы максатыбыз. Келечекте уланып жана жаңы жасалып баштаган иштерди ар бир чейрек сайын онлайн форматта талкууга салып, чөйрөчүлөрдү иштин жүрүшү менен тааныштырып турганга аракет кылабыз. Келе жаткан жылдары форумду тематикалык жолугушууга (мисалы бизнес, маалымат технологиялык, медициналык, диаспора-миграциялык ж.б.) айлантуу дагы биздин оюбузда бар. Ал форумдардын кайсыл өлкөлөрдө өтүшү тууралуу дагы кеңешип баштадык. Тизмеге Түркийе, Германия, Италия жана Америка кирген. Бул албетте демөөрчүлөрдөн жана финансылык мүмкүнчүлүктөрдөн көз каранды болот. Анын үстүнө келе жаткан форумдун мазмунун биз долбоорлордун натыйжасынан кабар берген баяндамалар, ийгиликтүү окуялар (кейстер), статистикалык маалыматтар жана маселелерди чечүү үчүн конкреттүү кадамдар менен толтургубуз келет.

Форумдун айланасы
Форумдун катышуучуларынан келген ой-пикирлердин негизинде «Чөйрө 2022» жемиштүү жана шаңдуу болдук десек болот. Алардын айрымдарына өзүңүздөр күбө болуңуздар:

Салам замандаштар!
Гавайи аралдары Швейцариядан 12 саат аркада экен бирок биз форумдун видеолорун көрүп жатабыз. Өз жумушунун мыктылары бир жерге чогулса, сөзсүз мыкты долбоорлор жаралат экенине ишенебиз. Жаны идеяларды жана жаны  коллаборацияларды кутөбүз!
Бакыт Абдишев & Айдана Өмүрбаева
*****
Достор, Мекендештер! Чөйрө Форумунун уюштуруучулары жана катышуучулары! Бардыгыңыздарга Алкыш! Өлкөнү өнүктүрүүнүн жолун издеген санаалаштарды баш коштурган демилгеңиздерге Ыраазычылык билдирем! Мурдатан билген пикирлеш адамдарыма жолукканыма жана жаңыдан тапкан асыл адамдар менен таанышканыма абдан кубанычтамын!
Догдуркүл Кендирбаева
*****
Саламатсыздарбы, дагы бир жолу баарыңыздарга чоң рахмат. Мен абдан чоң күч кубат, дем жана жылуу сезимдер менен кеттим форумдан. Чогуу иштейбиз!
Зейне Кудайбергенова
*****
Сапарыбыз карып, үйгө аман-эсен жетип алдык. Бул сапар бизди идеяларга байытты, кийинки кыла турчу иштерибизге дем берди, жакшы адамдар жана элибиздин келечеги болгон перспективдүү жаштарыбыз менен тааныштырды, бай жана ошол эле убакта өтө кооз мамлекетти көргөздү, жүрөгүбүздү сонун эмоцияга толтурду. Чөйрө Форумуна катышкан ар бириңиздерге, ушул сиздер менен болгон үч күндү унутулгус окуяга айлантканыңыздар үчүн чын жүрөктөн ыраазыбыз.
Таалайкүл Рсалиева
*****
Саламатсыздарбы?! Биз да “Чөйрө” форумунда жаратман, демилгелүү, жигердүү мекендештерибизди көрүп, дем-күч алып кайттык. “Чөйрө” платформасынын сапары байсалдуу болсун! “Азаттык” радиосу чет жакта жүргөн мекендештердин кубанычы менен кайгысын бөлүшкөнгө дайым даяр. Кандайдыр бир суроолор болсо кайрылып туруңуздар. Ишиңиздерге ийгилик!
Кубат Касымбеков
*****
Саламатсыздарбы,
2-3 күн болгон форумда, мен үчүн бүткүл менин жашоом көзүмө тартылды. Бул жолугушуу жана дагы кыргызча талкуу, баарлашуу менин ички дүйнөмдү терең аңтарып чыкты. Мени аябай таасирлентти, биздин Кыргыздын идентитетин табууга чоң кадам таштай алды деп айткым келет. Кыргыз деп соккон жүрөктөр бириге алдык. Баарыбыз ынтымакта бирге иш жасасак болооруна терең ишенем. Баарыңыздарга аманчылык тилейм, бар болуңуздар, сиздердей Мекендештерим менен мен Кыргызстаныма, кичи мекеним Эркин Сайга жөө жетим барам!!!
Гүлайым Эбенхох
*****
Кыргызстан, гүлдө! Сенде бар Чөйрө!
Той башы Кайрат! Маңыздуу сабат!
Эң мыкты маек – жүрөккө белек.
Санарип заман, Ар жооптуу жаран,
Манжа башка билек бир,
Жүрөк башка Тилек бир!
Банур Абдиева
*****
“Уучубуз кур эмес” деген кыргыздын сонун сөзү бар. Позитивдүү, жаратман, өз киндигин өзү кескен кызыктуу мекендештерибиз бар. Алар менен Швейцарияда өткөн “Чөйрө” форумунда жүз көрүштүк, тааныштык. Жаңы технологиялар, IT аркылуу Кыргызстанга кандай салым кошобуз, билимди кантип даңазалайбыз деген темада сүйлөштүк.
Али Токтакунов

Сиздерге «Чөйрө» платформасынын баракчасы аркылуу форумдун орчундуу көз ирмемдерин чагылдырган сүрөттөр менен бөлүшөбүз.

Швейцария Өнүктүрүү Агенттиги тарабынан каржыланган жана МЭАУ (Миграция боюнча Эл Аралык Уюму) жана БУУӨП (Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы) менен биргеликте ишке ашырылган Туруктуу өнүгүү үчүн миграциянын потенциалын пайдалануу боюнча Глобалдык программасы. Чөйрө Форумун катышуучуларынын жатаканасы жана өткөн конференция залдарын каржылады.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…