Караанына зар кылган «кадр саясаты»
Акыркы эки айда көп жылдан бери Бириккен Улуттар Уюмунда (БУУ) эмгектенген Айдай Масылканованын ачык кадр саясаты үчүн айыгышкан күрөшүнө күбө болуп жатабыз. Ал мындан беш ай мурун Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү үчүн Тышкы иштер министирлигине өзүнүн кандидатурасын койгон жана ушул күнгө чейин жооп алган эмес. Арада бул кызматка Жогорку Кеңештин эл аралык мамилелер комитети жана президент тарабынан мурунку депутат Аида Касымалиева дайындалганы белгилүү болгон. Постфактум: Жарыяланбаган жаңы өкүлчүлүктүн кызмат орду, аты-жөнү ачык айтылбаган кандидаттар, жабык тандалуу процесстер, жең ичинен чыккан чечим – биздеги эбактан берки көнүмүш адат жана отуз жылдагы ооз учунан аты айтылып, жарлык болуп жарыяланып, бирок коомчулукту караанына зар кылган Кыргызстандагы кадр саясаты.

Кадр саясаты деген эмне?
Кадр саясатына бериле турган теоретикалык аныктаманын ордуна, Айдай Масылканованын өзүнүн Фейсбук баракчасына жазган төмөнкү ой-пикирин бергим келди: «Биздин спортсмендер чоң мелдештерге катышуу үчүн бир канча квалификациялык сыноодон өтүшөт, спорт федерациясы мыктынын мыктысын тандайт. Ошондуктан биздин желек башка желектерден өйдө көтөрүлөт, элибизде сыймыктанууну жана сүйүнүчтү жаратат. Эгерде Айсулуу, Мээрим же Айпери деген кыздарыбыздын ордуна бир атка минер жек-жааттык кылып, спортто машыгып-дасыкпаган өзүнүн жээнин, кызын же карындашын таймашка салды дейли, кандай жыйынтыкты көрөбүз деп ойлойсуңар? Биз эңсеген жеңишке ээ боло алабызбы же ‚катышты‘ деген галочка менен канааттанып кала беребизби? Эгерде 30 жылдык паракорлуктун доорунда ‚ачык кадр саясаты‘ дегенди дагы деле түшүнө албай жаткан болсок, эч болбосо ушул спорттон үлгү алсак кандай?» Мынакей бизге эң жөнөкөй аныктама жана «өз ордунда отурбагандар» тууралуу жакшы даяр мисал.

Мыктыны тандоо мүмкүнчүлүгү
Мыкты адамды тандап алуу мүмкүнчүлүгүнөн спортто гана эмес күнүмдүк жашообузда ар бирибиз пайдалангыбыз келет. Мисалы, балабызга мыкты репититор карайбыз, батирибизге кыйын сантехникти чакырабыз, ишенимдүү айдоочу менен алыс жолго чыгабыз, дүкөнүбүзгө тикесинен тик туруп иштей турган сатуучуну жумушка алабыз… Анан дагы «Бөдөнөнү болсо да касапчы сойсун» деген акылдуу сөзгө таянабыз. А бирок жалпы мамлекеттик кызыкчылык жана чоң жоопкерчилик бар жерде ачык таймаш-саясатын жүргүзүө албай келебиз. Муну жада калса сөзгө чебер, кепке жыгылбаган, алысты көрө билген кыраакы жана көрөгөч адамды элчи кылып бөтөн элге жөнөткөн биздин илгерки ата-бабаларыбыз да билген. А биз болсо «Oозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн» каныбызга сиңип калгандайбыз… Анткени кайра эле жең ичинен бирөөнү «шайланды», «бекитилди» анан «жөнөтүлдү» кылып коюп, кашаң атка чегилген арабада калдырап-шалдырап, бир кадам астыга, эки кадам артка тартылып келе беребиз. Айрыкча эл-аралык аренада жазып берген текстти «эжелеп» окуй албаган, чет тилдерде «эки сөздү эптей албаган», орчундуу жерде орундуу сөздүн ээси боло албаган, келген өлкөсүнүн салт-санаа, тарыхын аңдай албаган «Франкфурт жана Маянелер» көп эле кездешет (бул албетте жалпылоо эмес). Андан дагы отурган ордунан ары козголуп, өнүгүү-өсүү дегенди жат көрүнүш катары көргөндөр андан бешбетер. Мен албетте Аида Касымалиеваны алардын катарына койуудан алысмын, бирок ал ачык конкурстун ар кандай баскычында тандалып чыкса, анын компетенттүүлүгүнөн күмөн санаган сөздөр өзүнөн өзү ашык болмок.

Уучубуз кур эмес…
Кээде айрым өкүлдөрдүн профилине кызыгып же сураштырып калсаң, «бул тигинин кишиси», «аны менен жакшы», «мурун иштеген да», «бул тилди же тигил тилди бир аз билет да», «эптеп иштеп жүрөт» деген жоопторду аласың. Бул албетте баягы кадр саясатын тосуп калган чытырман токойдо болуп жаткан процесстерден кабар берет. Ошол эле учурда илимдүү, иштерман жана принципалдуу адамдарыбыз жок болсо бир жөн. Өз күчү менен чет-өлкөдө жетиштүү билим алган, эл-аралык ири организацияларда «кагылып-согулуп» такшалган, чет-тилдерде да, дипломатиянын тилинде да жогорку деңгээлде сүйлөгөндү билген, башка өлкөнүн өкүлдөрү менен теңата боло алган кыргыздын улан-кыздарын азыр бир жарыя менен тапса болот. Лукративдүү жумушунан, жогорку категориядагы айлык маянасынан жана башка привилегдерден баш тартып, ачык таймашуга даяр жана финансылык жактан көз карандысыз Айдай Масылканова сыяктуу кадрлар чыгууда. Эмне үчүн алар транспаренттүү тандоону талап кылып, билим-тажрыйбасын социалдык баракчаларда далилдеп, ар кайсыл мекемелерге үстөккө-босток жоопсуз калган каттарды жолдоп, айласы кеткенде ак-үйдүн айланасында митингге чыгыш керек? Эмне үчүн ачык кадр саясаты ар бир ишкана, мекеме, мамлекеттик орган жана коомдук жайлардын өзөгүн түзөөрү баарыбызга аттын кашкасындай белгилүү болуп турса да, компетенттүү адамдар аны бийликтен талап кылып, сурамчы-тилемчиге айланышы керек? Эмне үчүн президент Садыр Жапаровдун «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» жарлыгы эч нерсеге тиешеси жок, жазылган жерде жазылган бойдон калыш керек? Терең ойлонуп көрсөк, бул суроолордун берилиши абсурд.

Кадр саясаты өнүгүүнүн өзөгү
Өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү үчүн кадр саясатынын башталышы жана калыптанышы зарыл. Анткени бул прогресс үчүн эң баштапкы тепкич. Ачык таймашта ээлене турган кызматка билимин, тажрыйбасын, чыдамдуулугун жана башка тиешелүү сапаттарын көрсөтө алган адамдар гана өлкөнү өргө сүйрөйт. Билим-илимге, адистикке жана башка компетенттүлүккө негизделген система башка «ака-үкөлүк» чырмоокторду ашык кылат, суроо жаратпайт, нааразычылык туудурбайт. Башка өлкөнүн мыкты башчыларын көрүп алып «Аттиң, ушундай ажо бизге эмнеге буюрбады?» же «Ангела Меркелдей айым эмнеге арабызда жок?», «Мыкты башчыга татыктуу эл эмеспизби?» деп кудайга наалат айтабыз. Албетте татыктуубуз, бирок андай адамдын ачык атаандаштыкта иргелип келишине талап коюлуп, анын профессионалдык өсүшүнө шарт түзүлбөсө, алар кайдан пайда болот деп ойлойбуз?

Өнүккөн өлкөлөрдүн эң артыкчылыгы – алардын бардык жерде мыктынын мыктысын алдыга сала салган системаны куруп алгандыгында. Андай жерлерге агылып кетип жаткан адистерибиз өзүнчө бир чоң тема жана трагедия. Айтор, адамдык ресурсту жана потенциялды туура пайдалана билген гана ишкана, бизнес-компания, мекеме жана мамлекет астыга жылат, өзүнө өзөк түзөт, ийгиликке, эгемендүүлүккө жетет жана бакубат жашоону бере алат. Бул ишке ашпаса, анда сахнаны калтырып, актерлорду алмаштырган кызыл-тазыл революциялардын парадоксу дагы эле сактала бермекчи…

 

Автор: Махабат САДЫРБЕК
Л
ингвист, эл аралык саясат таануучу, юридикалык антропология илимдеринин доктору, Халле шаарында Макс-Планк илимий изилдөө борборунда изилдөөчү

Leave a Reply

Your email address will not be published.

You May Also Like
Uncategorized

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Германиядагы кыргыз диаспорасы жана уюмдар

Алгачкы миграциялык агым Мен бул макалада «диаспора» деген терминди «өз тарыхый мекенинен…

Махабат Садырбек, политолог: «Ангела Меркелдин доору»

«Ангела Меркелдин доору» тууралуу Мен бул макалада «Ангела Меркелдин доору» тууралуу өзүмдүн…

Махабат Садырбек, юрист-антрополог: Кыргызстан-Германия түз аба каттам маселеси

Эки өлкөнүн ортосундагы байланыш Мен өзүмдүн мурунку макаламда кененирээк сүрөттөп кеткендей, Европа…