Сиздин көчөңүздө же районуңузда айлана-чөйрөнү сүрөткө тартып, айыл-апанын тарыхы, жашоо-шарты, маданий өзгөчөлүктөрү тууралуу суроо берип жүргөн кишилерди көрсөңүз дароо журналист же турист деп ойлойсузбу? Же болбосо кандайдыр бир чоочулоону/кооптонууну жаратабы? Аларды жакшылап, жакындан таанысаңыз, адатта коомдук илимдерде эмгектенген илимпоздор болуп чыга келүү ыктымалы чоң. Андай илимпоздор/изилдөөчүлөр жогорудагы суроолорго жооп алып эмне кылышат? Ал жоопторду жалпы коомчулукка кандай пайдасы тийиши мүмкүн?
Бул эссе кыскача коомдук илимдерде колдонулган этнографиялык жана башка сапаттык деп мүнөздөлгөн илимий изилдөө усулдарынын негизинде топтолгон бай маалымат же болбосо билимдин тажрыйба жаатында кандай колдонсо болот экени тууралуу болмокчу.

Этнографиялык талаа изилдөөсү
Коомдук же маданият таануучу антропологдор изилдөөсүн өткөрүп жаткан жерде (адатта айылда, шаарчада, шаардын бир районунда) узак мөөнөт жашайт. Мындай ыкманы этнографиялык талаа изилдөөсү деп атап коюшат. Максаты, ошол жердин, калктын күнүмдүк турмушуна сүңгүп кирүү аркылуу эл менен жакындан таанышып, жергиликтүү маданиятты, түшүнүктөрдү, коомдук жашоону ичинен көрүп, талдап, түшүнүүгө болгон аракет болуп саналат. Этнографиялык изилдөөдө ар кандай ыкмалар аркылуу маалымат топтоп, илимий ишке айлантуу керек. Андай ыкмаларга сааттарга созулган маектер, үй-бүлөлүк альбом жана китепканаларды көрүп, окуп чыгуу жана алар жөнүндө окуяларды угуу, эгерде маектештер каршы болбосо маектин видео же аудиосун жаздыруу, сүрөткө тартуу, же болбосо чогу айыл-апаны кыдыруу, жер-суу аттарын чечмелөө жана башка ушул сыяктуу иш-аракеттерди камтыйт. Этнографиялык изилдөөлөрдүн баары шуруга тизгендей ырааттуу өтөт деген ой болбошу керек. Кайсыл жерде болбосун кыйынчылыктар пайда болот.
Мындай изилдөө ыкмаларына сапаттык (качественный) изилдөө ыкмалары деп атап коюшат. Этнографиялык талаа изилдөөсү болбосо дагы, коомчулук менен иш алып барган изилдөөчүлөр жогоруда аталган изилдөө ыкмалары аркылуу кайсы бир маселе боюнча маалымат чогултуп, ал маалыматты талдап, талдоо процессинин негизинде илимий эмгектерди жазышат. Андан сыркары, сапаттык изилдөө ыкмаларынын негизинде топтолгон маалыматтарды жашоодо же практикалык жаатта колдонууга дагы болот.

Tоптолгон маалыматтардын колдонулушу
Жеке тажрыйбамда изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянып, коомчулукка практикалык пайдаларды жаратуу жагына келгенде шаар таануу багытында жыйынтыктарды көрүүгө болот. Шаар таанууну урбанистика деп дагы атап коюшат. Мисалы, азыркы учурда Бишкектин чыгыш тарабында жайгашкан Бакай-Ата конушундагы долбоорубуз жөнүндө айтып кетсем болот. Мен Кыргызстандагы “Шаар Демилгелери” коомдук фонду алып барган тажрыйбага көңүл буруп кетсем. Биздин уюм 2020-жылдан бери Бакай-Ата конушунда биргелешип долбоорлоо боюнча БУУнун Хабитат программасынын колдоосу менен иш алып барып келет. Ошондон бери конуш тургундарынын катышуусу менен, биргеликте конуштун маселелерин талкуулоо, алардын ичинен чечүү жолдорун табууга мүмкүн болгонун тандоо, анан биргелешип долбоорду иштеп чыгуу сыяктуу иш-аракеттерди аткардык. Баардыгы чынында бул коомдук жана мейкиндик анализи/изилдөөсүнөн башталган.

Интерактивдүү семинарлар жана майнкрафт
Жаш изилдөөчүлөр менен 2019-2020-жылдары конуштун тарыхын, экономикалык, коомдук жана физикалык/аймактын структурасын изилдеп чыгып, тургундар менен алгачкы байланыштарды түзгөнбүз. Андан соң тургундардын арасында мектеп, аялдар жана ак сакалдар комитеттери, ошол конуштун жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитеттери, окуучулардын жигердүүлөрү сыяктуу өз конушун өзгөртүүгө  кызыкдар тараптар бар бекенин аныктап, жакындан таанышып долбоорубузду баштаганбыз. Биздин долбоор Бакай-Ата конушунда баардык калктын катмарына ыңгайлуу болгон коомдук жай (общественное пространство) куруу болуп саналат. Ал максатыбызды ишке ашыруу үчүн тургундардын катышуусу менен бир нече иш-чараларды уюштурдук, ал иш-чаралар жашоочулар менен бирге конуш аймагында экскурсияга чыгуу, жергиликтүү тургундар бул учурда бири бири жана изилдөөчү, долбоордун координаторлору үчүн кайсы бир деңгээлде гид болуп саналат. Ошентип, ар кайсы аймакты көрүү жана ал аймактардын тургундар үчүн функциясын аныктоого мүмкүн болду. Кийин  интерактивдүү семинарларды, майнкрафт оюнун өткөрүү сыяктуу ыкмалар менен болочокто ишке аша турган коомдук жайдын идеяларын топтодук. Долбоордун катышуучулары, мисалы мектеп окуучулары өз долбоорлорун элдин назарына сунуштап, добушка коюп, утуп чыккан идея долбоорлоого алынды. Чынында азыркы учурда ишке ашырылып жаткан идеяда баардык топтордун каалоосуна ылайык элементтерди камтыйт.

Апалар, эжелер, окуучулар Бакай-Ата конушунун майнкрафт оюнундагы версиясында өздөрү каалаган өзгөртүүлөрдү кылып көрүшүүдө

Тактикалык урбанизм
Кийинки этапта тактикалык урбанизм же интервенция деген иш-чараларды өткөрдүк. Ал иш-чарада тегеректе табылган материалдардан ошол коомдук жайда боло турган буюмдарды, мисалы отургучтар, оюн аймактарын жасап, анан ошол буюмдар, коомдук жайдын мейкиндигин колдонуучулар, башкача айтканда тургундар кандай колдонот экенин практикада көрүп, байкоо салдык. Бул этап да изилдөөнү камтыйт, мисалы тургундар менен чогу ошол иш-чара болуп жаткан аймакка байкоо жүргүзүү, талкуулоо, маектешүү дагы өтөт.
Андан кийинки этапта болсо, интервенция учурунда кайсы нерселер жакпай турганын, же кайсы тарапка жайгаштырса ыңгайлуу боло турганын көрө алгандыктан долбоорго өзгөртүүлөр киргизилди. Коомдук жайдын дизайнын кийин архитекторлор иштеп чыкканда, кайрадан тургундардын назарына тартуулап, алардын пикирин угуп, өзгөртүүлөр киргизилди. Мына ошентип азыр акырындан ишке ашырып жатабыз. Биздин долбоор изилдөө менен башталып, азыр коомдук жайды ошол конуштун тургундары менен биргеликте долбоорлоо боюнча алгачкы тажрыйба болууда. Бул тажрыйбабызды долбоор ишке ашкан соң Кыргызстандын башка шаар-аймактары менен бөлүшүү үчүн дагы иштерди алып барабыз.

Балдар өз колдору менен жасаган оюн аянтчасын сынап жатышат
Килемче-зебраны тесттен өткөрүү

Башка мисалдар
Мындан сырткары ошол эле конуштун аймагында изилдөөбүздүн негизинде жол коопсузудугуна байланыштуу маселе бар экени табылганда, Бишкек шаардык жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы, шаардык жигердүү тургундар же бизче шаармандар, эксперттер, жергиликтүү жашоочулар болуп маселени карап чыгып, ошол кооптуулук жаралган жерге жарыктандыруу жана атайын белгини орнотуу менен чечилди.

Ошондой эле 2020-жылкы пандемия учурунда Кыргызстандын Дата Мектеби менен бирге COVID-19дун кесепеттери тууралуу маалыматтарды чогултуу жана ошол маалыматтарга негизделген отчеттерду, медиа материалдарды жарыялоо боюнча иштеп келебиз (OpenDataCovid). Мисалы, орто мектептерде онлайн билим алуу боюнча отчетубузду Кыргыз Республикасынын Илим жана Билим Берүү министрлигине, Илимбокс долбоору жана башка эл аралык уюмдарга сунуштарыбыз менен биргеликте бөлүшүү менен кайсы бир деңгээлде көйгөлөрдү чечүүгө багытталган иш-чараларга салым кошо алдык.

Сапаттык изилдөө ыкмалары менен иштеген окумуштууларга сунуштар
Этнографиялык талаа изилдөөсүнүн негизинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр аркылуу бир гана эл аралык илимий журналдарда эмес жалпыга жеткиликтүү маалымат каражаттарында дагы жергиликтүү тилдерде даярдалган макалалар, видео жана фото материалдарды чыгаруу аркылуу дагы көптөгөн көйгөйлөрдү көрсөтүү мүмкүн. Ошондой эле радио, теле жана азыркы учурда онлайн платформаларда/коомдук желелерде видео форматтагы берүүлөр аркылуу дагы жакшы идеяларды, мисалы билим алуунун, чет тилдерди үйрөнүүнүн, маданий, тилдик, диний көп түрдүүлүк сыяктуу темаларды ачып берүү мүмкүнчүлүктөрү көп. Бир учурду айтып өтсөм: “Ысык Нан” подкастына берген маекте Түркиянын Ван аймагындагы кыргыздар тууралуу айтып бергенден кийин жеке дарегиме бир канча кишиден алар дагы чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздардын жашоосуна кызыгып калгандыктары жана ал эпизодду уккандан кийин башка жактагы кыргыздар тууралуу калыптанып калган стереотип же болбосо мифтердин кыйрашына жардам бергенин билдирген кат келген. Ошондой эле маанидеги каттарды гендер түшүнүгү, коомдогу аялдардын жана кыздардын абалы, феминизм жөнүндөгү берүүлөрдөн кийин көбүнчө жаш кыздардан алгам. Алар аялдардын жана кыздардын укук жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кыргыз тилинде түшүнүктүү жана мазмуунду түшүндүргөнүмө ыраазычылык билдиришкен. Себебин кийин дос кызым экөөбүз талдап көрсөк, көп учурда терминдер, түшүнүктөр жеткиликтүү деңгээлде кыргызчаланбай, көпчүлүккө түшүнүксүз болгондугунан экен.

Келечекте бир гана жарандык коом, жигердүү жаштар жана тургундар, жеке кызыккандар үчүн гана эмес, жергиликтүү жана мемлекеттик органдар дагы биздин изилдөөлөрдүн негизинде иштелип чыккан сунуштарга көңүл буруп, чечим чыгаруу учурунда эске алат деп үмүттөнөм. Бул багытта болсо, биздердин – изилдөөчү/окумуштуулардын – көлөмдүү отчеттерду эмес, атайын маалымат бюллетендерин (factsheet/policy brief) иштеп чыгуу сыяктуу жөндөмдөргө көңүл буруу зарылчылыгы бар. Ошондой эле изилдөөлөрдүн практикалык пайда алып келе турган бирден бир тармагы билим жана тажрыйба менен бөлүшүү деп ойлойм.

Зарина УРМАНБЕТОВА
Швейцариянын Фрибург университетинде антрополог-докторант

 

@Макаладагы сүрөттөр “Шаар Демилгелери” коомдук фондуна карайт

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…