Бүгүн, 24-январь, эл аралык билим берүү күнү. Бул күнү билим берүүнүн тынчтыкта жана өнүгүүдө болгон орду түшүндүрүлүп, ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт экен. Бул 2022-жылга Эл аралык билим күнү тема катары «Жолду өзгөртүү, Билимди өзгөртүү» деген ураанды тандап алды. «Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат» дегендей, билим менен көп кыйынчылыктарды жеңсе болот. Билим ар бир өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошо алган күчтүү курал. Мен бул макаламда Кыргызстанда акыркы күндөрү оозго алынган диплом чыры – чоң айсбергдин көрүнүп калган учу экенин белгилеп, билим берүү системасынын акыбалын, билим алуунун негиздерин чагылдырып берем.
Дипломдун чыры
14-январда Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАMУ) кызмат адамдарына Орозайым Нарматованы аталган окуу жайга мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болду. УКМКнын маалыматы боюнча, Нарматова 2013-жылы ЖАМУнун 3-курсуна дароо эле орто кесиптик билими тууралуу дипломдун негизинде мыйзамсыз кабыл алынганы жана окууга кабыл алуу үчүн жасалма диплом менен камсыз болушу ыктымалдыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ушул жылдын 20-январында борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан шайланган эл өкүлү Орозайым Нарматованын депутаттыгын жокко чыгарды. БШКнын мындай чечимине УКМК менен Билим берүү министрлигинен келген документтер негиз болгон. Тиешелүү чечим БШКнын жыйынында кабыл алынып, Нарматова депутаттык мандатынан ажыратылды. Тергөөчүлөрдүн айтымында, ЖАГУдагы Орозайм Нарматованын өздүк делосунда анын орто кесиптик билими бар экенин тастыктаган эч кандай документтер жок, ансыз жогорку окуу жайга тапшырып, жогорку билими тууралуу диплом ала албайт. Ошондой эле, иштин материалдарына ылайык, ал сессия жана экзамендерди тапшырып жаткан учурда өлкөдөн тышкары жүргөнүнө карабастан диплом алган деген айыптар да айтылган.
Дипломдорду текшерүү буйругу
Көп өтпөй Садыр Жапаров УКМКга бардык мамлекеттик кызматкерлердин арасында билими тууралуу жасалма диплом, күбөлүк жана сертификаттардын болушу жана колдонулушу боюнча масштабдуу текшерүү жүргүзүүгө тапшырма берди. Пландалып жаткан текшерүү райондордун жана облустардын айыл аймактарынын башчыларын, министрликтердин жана ведомстволордун, алардын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн деңгээлиндеги мамлекеттик органдардын кызматкерлерин жана жетекчилерин, Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн, Президенттин аппаратынын кызматкерлерин, жергиликтүү жана шаардык кеңештеринин депутаттарын, Жогорку Кеңештин депутаттарын, ошондой эле укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлерин камтыйт. Маалыматка ылайык, текшерүү 24-январда башталып, 3 айга созулат.
Социалдык тармактар эмне дейт?
Адатынча Кыргызстандын социалдык тармактары дагы диплом маселесине толугу менен назарын бурушуп, интернет колдонуучулар ар түркүн пикирлерди калтырып жатышты. Арасында Орозайым Нарматованы колдогондор дагы, сындагандар дагы болду; бийликти актагандар, мазактагандар дагы болду. Юристтер дагы адистик бааларын беришип, аталган диплом чыры канчалык мыйзамдуу, мыйзамсыз экенин жазып жатышты. Хайпка айланган теманын арты менен фейсбук колдонуучулар чын-тамашага айландырып, өздөрүнүн дипломдорун дагы коомчулукка чыгара баштады. Анда диплом гана текшерилбестен, айдоочулук күбөлүк, аттестат, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, орден, грамоталар дагы текшерилсин деп тамашалуу посттор чыкты. Диплом жөн гана оппоненттерди саясий майдандан кетирүүгө шылтоо деген ойлор жазылды. «Дипломдун кереги барбы? Кимиңерге бул эки барак жарап берди?» деген суроолор берилди. Ошондой эле, «онлайн курстарды же марафондорду өтүп алган пайдалуураак» деп дипломдун баркын кетирген комментарийлер да учурады. «Бизде билимдин сапаты таптакыр жок, жумушсуздук чечилбейт, кадр маселеси тартыш, баары акчага жасалат, тааныш-билиш керек» деген ойлор дагы жазылды. Бул суроолордун көбү жемкорлук, паракорлук маселесине гана такалбастан, билим берүүдөгү көйгөйлөрдөн, дипломдун наркы кетип, баркы жоголгонунан да кабар берет.
Жогорку билим берүү системасы
Диплом чырына тиешелүү мыйзам бузуулар жогорку билим алуу проблемаларын ачыктагандыктан, ЖОЖдорго жана жогорку билимдин түзүлүштүк жагына кыскача көз салалы. Кыргызстан боюнча азыр 73 университет бар, анын 33ү мамлекеттик, 40ы менчик. Өлкөнүн аймактарында 20 жогорку окуу жайы бар. Жогорку окуу жайларынын студенттеринин жалпы контингенти 219 миң адамды түзөт, анын ичинен 12% мамлекеттик бюджеттин эсебинен жогорку билим алса, калган 88% контракттык негизде окушат. Жалпы эсеп менен, 15 миңден ашык окутуучу эмгектенет, анын ичинен 1016 илимдин доктору, 4145 илимдин кандидаты. Бул техникалык маалыматка кошумча, Билим Берүү Министрликтин келечекке багытталган 2021-2040 өнүктүрүү программасы менен тааныштым. Ичинде реформаларды камтыган же болбосо өзгөрүү жолун аныктаган жоболор программада кандай белгиленгенин билуу максатында окуп чыктым.
Жалпысынан алып караганда, жаштарга кесиптик багыт берүү системасын өркүндөтүү, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана модернизациялоо, адистиктердин тизмесин жөнгө салуу, ЖОЖдордун рейтингинин, улуттук моделин түзүү, ЖОЖдордо илимий компонентти жогорулатуу, илимди прикладдык изилдөөлөргө багыттоо, илимий иштердин сапатын жана илимий иштердин натыйжаларынын экономикалык натыйжалуулугун жогорулатуу, ЖОЖдор тарабынан чыгармачылык лабораторияларды, стартаптарды, илимий-инновациялык борборлорду түзүү. Жакшы пландар түзүлгөндөй, бирок абстракттык жана реформалоо, паракорлуктун механизмдерин камтыган деп айтуу кыйын. Ошондой эле, билим берүү системасы билимдин сапатын рейтинг же улуттук модель аркылуу өлчөсө болот деген негиздери суроолорду туудурат.
Эл аралык майданды алып карасак, дүйнө өлкөлөрүнүн билим деңгээли боюнча CEOWORLD журналынын 2020-жылга карата рейтингинде Кыргызстан 55-орунду ээлеген. Басылма сөз рейтингинде билимдин сапаты жана мүмкүнчүлүктөр категорияларын изилдеп, 93 өлкөнүн билим берүү системасын салыштырган. Өлкө ичинде дагы ЖОЖдор арасында ар кандай рейтингдер баллдык же упайлык система аркылуу өлчөнүп келет. Упайлардын критерийлердин өзөгүнө бүтүрүүчүлөрдүн, мугалимдердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү, алардын таланттары, жетишкендиктери, академиялык мобилдүүлүк жатканын байкасак болот.
Бул билим берүү системасы боюнча кыскача сүрөттөмө болду. Менин байкоомдо, билим башкаруу системасы өзүнчө бир толкунда, андан билим алып чыккан бүтүрүүчүлөр, эмгек рыногу жана ата-энелердин маанайы башка бир толкунда жатат. Биринчилери санына басым жасаса, экинчилери сапатына кабатыр.
Диплом алгандардын саны өсүүдө
Канчалык деңгээлде кыргызстандыктар жогорку билим алууга умтулушат? Эгер соц. тармактарда жазгандардай, элдин билим сапатына жана ЖОЖдорго ишенимдери кетип, дипломдордун баркы түшсө, анда жогорку билимге умтулгандар азайдыбы? Акыркы 30 жылда жогорку билимдүүлөрдүн саны түштүбү же өстүбү? Бул суроолорго жоопту статистикалык анализ аркылуу издесек болот. Кыргызстандын улуттук статистика комитетинен акыркы 30 жылдык сурамжылоолорундагы сандарды чогултуп, саресеп жүргүздүм. Билим берүүнүн сапаты түшсө дагы, жумушсуздук болсо дагы, бул таблицада көрсөтүлгөндөй формалдык билим алгандардын же дипломго ээ болгондордун саны туруктуу өсүп келет.
Белгиленген статистикалык иликтөөмдө 1990-жылдан – 2019-жылга чейинки жогорку билим алгандардын санын колдондум. Бул көрсөткүчтүн өсүшү калктын өсүүсү менен байланыштуу деген суроо туулушу мүмкүн, бирок андай эмес. Сурамжылоого ар башка жылдарда катышкандардын санында чоң айырмачылык жок. Эгер 1990-жылы 2 661 901 жаран сурамжыланса, 1990–жылы 2 442 700 адамды түзгөн.
«…билим – бул чоң айсбергдин көрүнгөн эле учу»
Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтардын баары формалдык көрсөткүчтөр жана сырткы келбети. Өткөн саныбыздагы маңыздуу билим тууралуу маекти алсак, анда ЮНЕСКО Институтунун программа жетекчиси Рахат Жолдошалиева «өмүр бою үйрөнүү» түшүнүгүн кенен ачып, билим берүү боюнча төмөндөгүчө баа берди:
«Үйрөнүү» деген түшүнүк «билим берүү» дегенден айырмаланып турат. Бул адамдын өзүнүн жеке тажрыйбасы, аракети, жыйынтыгы жана ошол процесстин өзү. Ал эми «билим берүү» – бул сыртта түзүлгөн шарт, программа, окутуучу, күбөлүк жана диплом. Демек, мектептен, орто кесиптик, жогорку окуу жайдан алган билим – бул чоң айсбергдин көрүнгөн эле учу. Жогоруда айтылгандай, үйрөнүүгө көмүскөдөгү, шартка же контекстке байланыштуу, кээде өзүбүз байкабай үйрөнгөн маалымат, касиет, сапат, көндүм, жөндөмдөр кирет.»
«Жөндөм, бир гана диплом эмес»
Социология илимдеринин доктору Рахат Жолдошалиева жогоруда белгилегендей, дипломдон сырткары билимдин сапатын ар кандай көндүмдөр жана жөндөмдөр толуктайт. Ушуга уйкаш табылгалар «Жөндөм, бир гана диплом эмес. Натыйжалуу билим башкаруу Чыгыш Европада жана Борбордук Азияда» аттуу Дүйнөлүк банкттын китебинде кездешет. Анын ичинде Кыргызстандын жалпы билим берүү системасынын тарыхы жана учурдагы абалы көрсөтүлгөн. Ичинде коюлган суроолор, айрым жыйынтыктар биздин коом көтөргөн «саны бар, сапаты жок» диплом маселесин, системанын иштебешин айгинелейт. Корутундунун ордуна, ушул китептин негизги ойлорун алып жана мен жогоруда белгилеген мисалдарга таянып, жыйынтыктап кетейин.
Демек, билимдин сапатынын жана актуалдуулуктун төмөндөшүнө бир нече себеп бар, ал акыркы 30 жылды гана камтыбастан, ага чейинкин системага дагы байланыштуу, себеби эски кадамдар жана программалар адат катары дагы деле колдонулууда. Биринчиден, советтик мезгилден калган – борбордук пландаштыруунун мезгилге туура келбей калышы. Билим берүү системасы окууга болгон салымдарды өлчөөгө, рейтинг чыгарууга өтө көп көңүл бурат, мисалы, мектептердин жана мугалимдердин санына басым жасайт. Рейтинг маселесин жогоруда белгилеп кеткенимдей, бир моделге жана баллдык же упайлык системага байлашат. Бул чоң натыйжаларга алып келбейт. Билим берүү системасы студенттердин канчалык деңгээлде окуп жатканын жана алардын дипломдору реалдуу жумуш табууга алып келер-келбесин баалоого басым жасабайт.
Билим берүү системасы ачык-айкын иштебегени, көп жабык иш аракеттери калып калганы дагы жаман көрүнүш. Бул саясат жүргүзүүнү, билим башкаруу системасын дагы жаман абалга такайт. Саясий жана юридикалык антрополог Махабат Садырбек «караанына зар кылган кадр саясаты» деп сындагандай, Кыргызстанда билим берүү тармагындагы реформалар караанына зар кылып, көмүскөдө катылган ЖОЖго кабыл алуу, сессияда баалоо, окутуу маселелери чечилбей келет.
Чечкиндүү кадамдар, так реформалар бийликтин чоң жардамы менен аткарылыш керек. Андай болбосо Орозайым Нарматованын мисалындай, бийлик өзү кетирген катаны (билим берүүдөгү кемчиликтер, эреже, мыйзамдардын боштугу) кайра өздөрүнүн кызыкчылыгына колдонуп, мыйзамдуу-мыйзамсыз деп капканга өздөрүнө жакпагандарды сала берет.
Азыркы билим башкаруу системасы, СССРдин мурасы катары, өзгөчө аймактарда окуучулар үчүн окуу чөйрөсүн жакшыртуу мүмкүнчүлүгүн чектейт. Натыйжалуу реформалоо абдан жай жүрүүдө. Учурдагы жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган реформалоо дүйнө жүзү боюнча билим берүү системаларынын бир бөлүгү болуп саналат. Кыргызстандын билим берүү системасы билимдин сапатын ушундай багыттар аркылуу жакшырта алат деп ишенем. Эң башында белгилеп кеткенимдей эл аралык билим 2022-жыл бою «Жолду өзгөртүү, билимди өзгөртүү» деген теманын алдында белгиленет. Ошондуктан, Кыргызстандын билим саясаты жана башкаруусу билимдин сапатын рейтингдер аркылуу гана ченебестен, билимдин мазмунун окуучулардын жөндөмүнө жана мезгилдин талаптарына ылайык өзгөртүүгө кириши керек.
Автор: Гүлзат БАЯЛИЕВА
Тюбинген университетинде мугалим, илимий кызматкер, антропология илимдеринин докторанты (PhD, Германия), саясий таануучу (Mагистратура, Венгрия), филолог (Диплом, Кыргызстан)