Сүрөт Махабат Садырбек кызына таандык
Мен өткөн макаламда ушу тапта Билим берүү министрлиги баштаган айрым иштердин оош-кыйыштарын кеп кылган элек. Ишке чын эле теологдор тартылып жатканын кабарлаган министрликтин «Акипресске» чыккан түшүндүрмөсү тынчсызданууга негиз бар экенин көрсөттү. Мурунку жылдарга салыштырмалуу окурмандардан түшкөн колдоонун көптүгү эл бул маселеге чын эле түйшөлүп, көзү ачылып келатканын тастыктады. Ал эми ага тескери пикир жазган айрым мекендештерибиздин колдонгон лексикасы, демек көргөн тарбиясы, нарк-насилинин деңгээли бул маселе канчалык актуалдуу экендигин ого бетер далилдеп отурат. Эми ошондо убада бергендей эле маселени алда канча кенен алкактан кароого мезгил жетти. Буга бир эсе мамлекетибиздин 30 жылдан ашуун тажрыйбасы, бир эсе өлкө ушу тапта туш келген чакырыктар себеп болууда. Кеп гуманитардык билим берүүнүн жаңы парадигмасынын зарылдыгы тууралуу болмокчу.
Буга чейин айтылгандай, маданият менен билим берүү жарандык аң-сезимди калыптандыруучу стратегиялык тармактар болуп саналат. Булардын ичинен гуманитардык багыттагы сабактар, айрыкча тил, тарых, адабият, география жана тарбия узак мөөнөттүү масштабдан караганда өлкөнүн келечегин аныктай турган муундардын дүйнө таанымын калыптандырган предметтерге кирет. Эгемен Кыргызстандын шартында, улуттук кызыкчылыктын позициясынан алганда алардын ар бирин окутуунун негизги максаттары, принциптери кандай болушу керек? Бул предметтердин ар бирин карап көрөлү.
Билим берүүдөгү тил саясаты
Тил жаатындагы Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы орус тилинин расмий статусун алып таштоого түздөн-түз байланыштуу. Антпесе орус тили бардык деңгээлдерде кыргыз тилинин өнүгүшүнө тоскоолдук кылып келатканы далай жолу айтылган. Ушуга чейинки тажрыйбанын баары ошону көрсөтүп турат. Өлкөдө кыргыз тили мамлекеттик жана расмий статуска ээ болгон жалгыз тилге, мамлекеттеги жарандардын улут аралык тилине айланганда гана ал жалпы элди бириктирүүчү күчкө ээ болот. Бул мисалы, кыргыздар тургай кыргызстандык дунган менен корейлер да өз ара орусча эмес, кыргызча эркин сүйлөшүүсүнө жетишүү деген сөз. Өз тилин билбеген кыргыз Кыргызстанда калбашы керек деген сөз. Кыргыз тилинде сүйлөөдөн атайын расмий баш тарткан адам кыргыз тили мамлекеттик тил болгон Кыргызстандын жарандыгынан ажыратылышы зарыл деген сөз. Мунун баары жаңы нерсе эмес, биз илгери эле жарыялаган «Улутчул платформанын» талабынын уландысы. Өзүн цивилизациялуу деп эсептеген бир катар мамлекеттердин, анын ичинде бизге бул боюнча доомат койгон улуу державалардын өзүнүн колдонуп келаткан тажрыйбасы. Демек, Кыргызстанда мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында билим берүүнүн баары толугу менен кыргыз тилине өткөрүлүшү керек. Ал арада бийликте, бизнесте, окуу куралдарында, маданиятта байыркы кыргыз жазуусун жайылтуу иши баштала бергени оң. Ал ишти жүргүзүүнүн алгоритми тууралуу зарыл болсо кийинки макалалардын биринде кеңири кеп кылабыз. Окуучулар кыргызча эркин сүйлөшүнө жетиш үчүн кыргыз тилине башка улуттарды окутуунун азыркы методологиясы түп-тамырынан бери жарабайт. Окуучуларды эреже жаттатып, орус тургай кыргыз балдар өзү да түшүнө бербеген ырларга шыкап, курулай мээсине күч келтирүүнүн эч кандай кереги жок. Баштапкы максат – Кыргызстандагы мектепти бүткөн балдардын кимиси болбосун КҮНҮМДҮК жашоосунда кыргыз тилин эркин колдонууга жетиш керек. Айтматовдун чыгармаларынын үзүндүлөрүн окубаса койсун. Эрежени жатка билбесе койсун. Ыр жаттабаса койсун. Сүйлөсүн! Жөпжөнөкөй эле кыргызча учурашканды, коштошконду, жол сураганды, соода кылганды, документ толтурганды, күнүмдүк ишинде колдонгонду жакшы өздөштүрүп, дайыма колдонуп чыкса болду. Күнүмдүк турмушунда суудай сүйлөп, эркин колдонуп калганга жетишсе бизге эң керектүүсү ошол. Ал үчүн TOEFFL сыяктуу жөнөкөйлөштүрүлгөн стандарттарды киргизип, мектепти бүткүчө толугу менен өздөштүрүп чыкса бизге ашыгы менен жетиштүү. Айтматовдун кыргызчасын кызыкса кийин өзү окуп алат.
Азыркы учурда Бишкекте да, Чүй боорунда да орус тилдүү мектептер кыргыз тилдүү мектептерден көптүк кылат. Бул туура эмес. Билимди кыргыз тилинде берген мектептерди көбөйтүп, зарыл болсо мамлекет кыргыз тилдүү жеке мектептердин ачылышына бардык жагынан жеңилдик бергени туура. Албетте, ушу тапта сырткы дүйнө менен алака-катыш жагы да маанилүү. Муну эске алганда окуучулар кыргыз тилинде эркин сүйлөп, ал биринчи эне тили катары аң-сезиминде ОРНОП КАЛГАН СОҢ ГАНА ар кайсы мектептерде орус тили, англис тили, кытай тили жана араб тили ЧЕТ ТИЛИ катары окутулушу максатка ылайык.
Орус тили – КМШнын, англис тили – Батыштын жана дүйнөнүн, араб тили – 20га жакын мамлекеттин, кытай тили – жаныбыздагы эң чоң коңшубуздун тили. Бул тилдерди билүү бизге биринчи ирээтте чалгын, контрчалгын, дипломатия жана соода үчүн керек болот. Болбосо бая Баткен окуясында жоочулардын радио сүйлөшүүсүн угаарын угуп, фарсча түшүнө албай койгон учурлар болгон.
Ошондо өз эли менен өз тилинде эркин сүйлөшө билген, Кыргызстанга таасир эткен башка күчтөрдүн да тилин түшүнүп, альтернативалуу маалымат ала алган муун калыптанат. Бул сөздүн жакшы маанисиндеги жарандык коомдун калыптанышын шарттаган негизги жагдайлардын бирине айланат.
Тарых
Мындан бир нече жыл мурун кызым окуучу кезинде тарых сабагынан кыйналып жатканын айтып арызданып калды. Карасам чын эле китептин тексти балдарга эмес, илимпоздорго арналгандай татаал, сиңбеген тил менен жазылыптыр. Өзүм окуганда араң түшүнүп, анан кайра жөнөкөй сөз менен түшүңдүрүп берсем кызым: «Эмнеге ушундай жөнөкөй эле жазышпайт?» дегени эсимде. Андан бери тарых сабагынын окуу китептери өзгөргөн-өзгөрбөгөнү тууралуу кабарым жок. Бирок сабакты балдардын кабыл алуу жөндөмүнө ылайыкташтыруудан тышкары, андан да терең эки маселе бар: Биринчиден, Кыргызстандын тарыхын окутууда бул жерди жердеген элдердин тарыхына, тагыраак айтканда жердин тарыхына эмес, биринчи ирээтте кыргыз элинин тарыхына басым жасаш керек. Анткени байыркы доордо кыргыз элинин ээлиги жалаң эле азыркы Кыргызстандын аймагы менен чектелген эмес. Анын ичинде көчмөн цивилизациянын отурук цивилизациядан айырмасы, ар кайсы тарыхый кырдаалдарга карата артыкчылык-кемчиликтери түшүндүрүлүүгө тийиш. Экинчиден тарыхый инсандарга баа берүүдө алардын аракеттери, кабыл алган чечимдери кыргыздын улуттук кызыкчылыгына, тактап айтканда: 1) Кыргыз тилине; 2) Кыргыз жерине жана; 3) Кыргыз элинин экономикалык абалына канчалык туура келгенин талдап, окуучуларга так, даана маалымат берүү зарыл. Бул айрыкча орус империясы келген мезгилден тартып азыркы убакка чейинки аралыкка тиешелүү. Ошондо биз мисалы совет мезгилинде көп имарат салдырды деп мактаган далай жетекчилерибиздин тилибизге, республиканын аймагына болгон кайдыгерлиги, Компартия үчүн кызмат кылган бир катар адамдардын улутка кылдай пайдасы тийбегени, тескерисинче репрессияланып кеткен бир топ адамдардын башкага жаман көрүнсө да кыргыз үчүн кылган эрдиги ордуна келет. Ак-карасы аныкталат. Буга чейинки макалалардын биринде айтылгандай, бир эле адамдын эрдиги иттигин, иттиги эрдигин жокко чыгарбайт. Ушулардын баарын билгенден кийин гана окуучуларда толук баалуу жарандык позиция калыптанат. Албетте, бул үчүн илимий деңгээлде ушундай принциптин негизинде Кыргызстандын жаңы тарыхын толугу менен ревизиялап чыгышка туура келет. Жана бул айтылгандарга каршы чыга тургандар да четтен табылат. Айрыкча эл өзү макул болуп ууру-кескилер менен жегичтердин атын көчөлөргө коюп калган азыркы заманда жалпы көз карашты өзгөртүү оор. Бирок эгерде улут катары азыркы дүйнөгө туура көз караш менен киргибиз келсе, бул да эртедир-кечтир сөзсүз жасала турган нерсе. Кыргызстандын тарыхын эң мыкты билүүдөн тышкары, бизге чектешпеген Орусияга караганда биз менен коңшулаш Кытайдын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын, аларга байланышкан цивилизациялардын тарыхын билүү биздин жарандар үчүн алда канча пайдалуу. Калган дүйнөлүк державалардын тарыхын дүйнөлүк тарыхтын жалпы контекстинде окутуш керек. Тарыхый фактылар, адамдар улуттук кызыкчылыктын позициясынан гана бааланууга тийиш. Кыргызга тийгизген пайдасы менен зыянын аныктап алып, окуучуларга туура түшүндүрсөк эле бир топторунун аң-сезиминдеги баш аламандык ордуна келе түшөт.
Кыргыз адабияты жана дүйнөлүк адабият
Кыргыз адабияты ушу тапта улуттук кызыкчылыктын позициясынан талдана элек. Совет мезгилинде Компартиянын идеологиясына эле кызмат кылган адамдардын чыгармачылыгын биринчи орунга койгон, эстетикалык жактан анча берери жок болсо да көтөрмөлөгөн парадигма дагы эле күчүндө. Ал башкасын кой, өткөн кылымдын башындагы төкмө акындардын чыгармачылыгына да берилген баага таасир эткен жайы бар. Айталык, ушул күнгө чейин советтик идеологияга туура келгенинен улам гана улуттук философиянын туу чокусу болгон Өтө (Жеңижок) Көкө уулу кийинки Токтогул Сатылгановдун көлөкөсүндө көп жылдар бою анча айтылбай келген. Билим берүү системасына киргизүүнүн принциптери да ошол эски системанын эрежелерин сактап калган. Мисалы, кайсы бир акындын же жазуучунун чыгармаларын окуу китептерине киргизиш үчүн ал адамдын тиешелүү мамлекеттик наамы, Жазуучулар союзунан колдогон пикири ж. б. болушу керек экен. Мен барып бир маселе боюнча кайрылганда ошентип түшүндүрүшкөн.
Эгерде бул эрежелер, бул принциптер күчүндө турган болсо, бул таптакыр туура эмес. Жаңы окуу китептерине кире турган чыгармалардын тизмесин педагогдор менен акын-жазуучулар чогуу отуруп жаңыдан бирге түзүп чыгышы зарыл. Бирок анын критерийлерин түп-тамырынан бери өзгөртүүгө мезгил эчак жетти. Компартияга же кайсы бир режимге гана кызмат кылып, эстетикалык ырахат же тарбиялык маани тартуулай албаган чыгармалар ага дегеле кирбеши керек. Ар бир акындын, жазуучунун мезгил сынынан өткөн, улуттук тарбияга кызмат кылган, эстетикалык ырахат тартуулай ала турган чыгармаларын гана киргизүү – мезгил талабы. Алган сыйлыктары, наамдары, союзга мүчө болгон-болбогону эч кандай роль ойнобошу керек. Айрыкча азыркы заманда анын баары тышкы гана атрибуттар. Бул көз караштан алганда мисалы ошол эле Аалы Токомбаевдин: «Сүрөтүн тарт, кереметтүү Ильичтин, Кирпигимден кисти жасап берейин» деген саптары небак эскирди. Бирок ошол эле учурда «Мунарым», «Түшүмдө» ж. б. сүйүү лирикасы качан болбосун кала берет. Болбосо ошол кезде чоң эле наамдарды алып жүргөн башка бир акындын: «Сегизинчи март келди матырайып, Аялдар тосуп алды чатырайып» деген саптары биздин заманда эч кимдин жүрөгүн да козгобойт, үлгү да боло албайт. Ошондуктан бул жерде биз жетекчиликке ала турган нерселер – чыгарманын мезгил сынынан өтүшү, тарбиялык мааниси, эстетикалык бийиктиги. Көрүнүп тургандай, бул багытта да окуучуларга бере турган мурасыбыз баштан аяк ревизияга муктаж. Бул көбүнө жакпай турган оор иш. Далайынын таарынычын козгой турган, бирок зарыл иш. Ансыз биз өсүп келе жаткан муунга чийки руханий азык жедире беребиз. Туура эмес багыт бере беребиз. Кийин аларды күнөөлөгөнгө укугубуз да болбой калат. Дүйнөлүк адабиятты окутууда да мен илгери байкаган бир орчундуу маселе бар. Ушу тапта маданияттын ар кайсы салааларын таануу көбүнчө европоцентристтик көз караштарга негизделген. Биз окуп жүргөндө «Чет элдик адабияттын тарыхы» деген сабак чү дегенде эле байыркы Грециянын, Римдин убагындагы чыгармалар менен башталчу. Кийин Европанын гана акын-жазуучуларын окутушчу. Бирок дүйнө ошол кезде деле жалаң эле антик цивилизациясынан турган эмес. Азыр деле жалаң Европадан турбайт. Чыгыштын, анын ичинде бизге географиялык жактан алда канча жакын жайгашкан бир катар элдердин мындан кем эмес маданий мурасы, руханий көрөңгөсү бар. Эгер чет элдик адабият жалаң Европанын үлгүлөрүнөн турат десек, капталыбыздагы Индиянын миңдеген жылдарды камтыган Ведалары, мантралары, мифтери, түркүн багыттагы йогасы каякта калат? Мусулман дүйнөсүнүн чок ортосунда жашап жүргөнүнө карабай ошол кезде эле эркин ой жүгүртүп керемет философиялык ырларды жараткан Омар Хаям баштаган акындар кайда калат? Башкасын кой, биздин эле Ала-Тоонун нары жагындагы килейген Кытайдын Ли Бо, Ду Фу, Бо Цзю-И баш болгон акындары, Чоюн Өмүралиев агайыбыз кыргызча окуган Ши Цзин баш болгон адабий мурасы кайда калат? «Балык жеп кеткен кыргыз» деп биз кээде тамашалап атаган жапондордун хоккулары, танкалары, прозасычы? Эмнеге биздин окуучулар адабиятты окуганда жалаң батыш адабияты менен чектелиши керек? Мындан келди, биз окуучуларга ушунун баарынын программасын түзүп беришибиз абзел. Ошондо алардын дүйнөгө чындап көзү ачылат. Азыр көбүнүн мээсин апийимдей ээлеп алган, «баары бир динден чыккан, кайра ошого баш ийиши керек» деген түркөй түшүнүктүн тамырына ошондо балта чабылат. Жаңырган эски дүйнөнүн ар кандай амалына даяр, баарын салыштыра билген, сынчыл көз караш менен карай алган билимдүү муунду ошондо тарбиялайбыз.
Кыргызстандын экономикалык жана административдик географиясы
Ушу тапта элибизде, айрыкча улуу муундагылардын арасында аймак аралык ажырым күч. Мындан бир канча жыл мурун Ошто райондук гезиттердин маселелери боюнча республикалык жыйын уюшулду эле. Байкасам дегеле өз облусунан чыкпаган кесиптеш агай-эжейлер да бар экен. Бул алардын күнөөсү эмес, бирок журналисттин ой өрүшүнө таасир эте турган жагдай экени ошондо эле белгилүү болчу. Токтогул ГЭСин, пахта талааларын, чек арадагы маселелерди биринчи жолу көргөндөрү болду. Ажырым өз ара түшүнбөстүктөн келип чыгат. «Оору кадырын соо билбейт» деген кеп бар. Бир аймактагы адамдарды эмне кыйнап, эмне түйшөлдүрүп атканын түшүнбөгөн башка аймактагы адамдарга өз башындагы көйгөйү алда канча орчундуу көрүнүп тура берет. Мындай ажырымды азайтуунун стратегиялык жолдорунун бири – мектептерде милдеттүү түрдө Кыргызстандын экономикалык жана административдик географиясы сабагын киргизүү. Ар бир окуучу ар бир облуста, керек болсо райондо эмне багылып, эмне өстүрүлөрүн, кандай адамдар жашай тургандыгын, калктын жыштыгын, улуттук курамын, кайсы жери кайсы өлкө менен чектешерин, кандай ишканалар бар экенин, кандай белгилүү адамдар чыкканын ж. б. билип чыккыдай болушу керек. Колдон келсе окуучуларды бир аймактан экинчисине экскурсияларга алып барып, башка теңтуштары менен тааныштырып, алар ошол жактан жаңы досторду күткөнү жакшы. Ошондо жалпы улуттук көз карашы калыптанат. Өлкөнүн ичинде ачылбай жаткан мүмкүнчүлүктөр тууралуу жаңы идеялар пайда болот. Өз аймагынын кулуну гана эмес, жалпы кыргыздын жараны катары бышып жетилет.
Улуттук оюндар
Улуттук оюндар – жаш өзгөчөлүгүнө, жынысына жараша балдарды физикалык жактан жетилдирүүнүн, аларда тапкычтыкты, шамдагайлыкты ж. б. сапаттарды өнүктүрүүнүн эң жакшы жолу. Албетте, эр сайыш же тыктуу кылыч сыяктуу опурталдуу оюндар тарых барактарында гана калды. Бирок ордодон тартып күрөшкө чейин, таяк тартыштан баштап улак тартышка чейин көп оюндарды ойнотуп, жок эле дегенде түшүнүк берип турса балдар, айрыкча шаардагылар улуттук кыртышына жакындайт. Андагы өтө маанилүү нерсе – оюндардын маанисин, эрежелердин өзгөрүшүн кошо түшүндүрүү. Мисалы, өткөн кылымда көкбөрү азыркыдай ипподром шартында тартылган эмес. Кыргыздын улуттук күрөшү деп аталып жүргөн азыркы версия деле убагында Байман аттуу профессор киргизген гибриддик вариант. Болбосо «Манас» баш болгон эпосторду карасак курдан албай эле белден өйдө чечинип алып коюн-колтук алышып күрөшкөн. Кийин башка элдердин таасири менен кирип кеткен эрежелер эсеп эмес. Ар бир нерсе өзөгүнө кайтышы керек. Кайтпаса кайтара тургандардын алдын тоспой, өзөк ушундай болгонун түшүндүрүш керек. Мындан тышкары, мектепте баштапкы класстардан тартып эле балдар-кыздардын өзгөчөлүгүнө жараша өзүн коргоонун ыкмаларын үйрөтүшүбүз зарыл. Жашы өйдөлөгөн сайын ар бир бала атуучу жана атпас куралдын бардык түрүн колдонууну билип чыккыдай болууга тийиш. Тегерек-четибиз тынчыбай, улам жоо тийишип аткан шартта жарандарыбыздын ар бирин даяр жоокер кылып чыккандан башка айлабыз жок. Ошондо духу да бекем болот, мекенчилдиги да керектүү жөндөмдөргө, ыктарга таяна баштайт.
Улуттук тарбия
Улуттук тарбиянын негизги милдети – өз ара кыргызча мамилеге, салт-санаанын негиздерине, нарк-насилге, улуттук жүрүш-туруш маданиятына үйрөтүү. Кичүүсү улуусуна, улуусу кичүүсүнө, балдар кыздарга, кыздар балдарга, балдар ата-энесине, ата-энеси балдарына кандай кайрылып, кандай мамиле кылышы керек деген нерсенин баарын кайра баштан көрсөтүп чыгыш керек болуп турат. Болбосо мисалы азыркы заманда өзү чалып алып, учурашпастан: «Ало, ким бул?» деп сураган кем акылдар көбөйдү. Өзүнө керектүү ишке кайра суранган кишисин жумшагандар чыкты. Оозуна ак ит кирип, кара ит чыккан немелерди тыйып кое турган мамлекет да, коом да калыптана элек. Акыркы үлгүлөрүн бир катар дин фанаттарынан жана «дакансалардан» көрдүк. Алар өз тарбиясын ушул айтылгандарга каяша айтып жатып деле көрсөтөрүнөн шек жок. Көрсөтүп да жатышат. Анткени итке темирдин баркы жок. Бүкүрдүн бели түзөлбөйт, болору болду. Кеп алардын жүрүш-турушунда эмес, андай жүрүш-турушка мындан ары эч качан барбай турган адамдарды кантип тарбиялайбыз деген маселеде болуп жатат.
Улуттук тарбия сабактарында боз үй тигүү, анда жайгашып отуруу, мал союу, устукан тартуу, конокторду жаш даражасына жараша отургузуу, келген кишини тосуп алып, узатуунун маданияты, сүйлөө маданияты, кийинүү маданияты, аял-эркектин орду, кыскасы үйрөтө турган толгон-токой материал жатат. Ушунун баары улуттук маданияттын эң мыкты үлгүлөрүн алып чыгып, иргеп, талдап, байытууну талап кылат.
Корутунду
Бул айтылгандар – жасала турган иштердин толук тизмеси эмес. Гуманитардык билим берүүнү мезгилдин саман-топонунан, сырткы таасирден сууруп чыгып, улуттук кызыкчылыкка баш ийдирүү – чоң иш. Бир күндө бүтпөй турган, татаал иш. Бирок биринчи ирээтте педагогдор, улутчул активисттер, адистер ушул принципти негиз кылып талкууну баштаганга азыр деле негиз бар. Жолду баскан арбытат.
Автор: Жыргалбек КАСАБОЛОТ, журналист, аналитик
Leave a Reply

Your email address will not be published.

You May Also Like
Uncategorized

Канат Ишенбек, инженер-материаловед: Бишкектин ышы көп талкууланат, чечүүгө кадамдар жок

– Саламатсызбы, Канат! Сиздин сейрек кезиккен эл аралык кесиптик билимиңизден улам кеңештериңиз…
Uncategorized

Гүлмира Алдакеева, антрополог, медкызматкер: Жыныстык тарбия – бул балдардын коопсуздугу

– Саламатсызбы, Гүлмира! Сиздин билимиңиз, социалдык тармактагы жасап жаткан иштериңиз боюнча маек…

Махабат Садырбек, юрист-антрополог: Кыргызстан-Германия түз аба каттам маселеси

Эки өлкөнүн ортосундагы байланыш Мен өзүмдүн мурунку макаламда кененирээк сүрөттөп кеткендей, Европа…
Uncategorized

Рахат Жолдошалиева, ЮНЕСКО Институту: “Үйрөнүүнү үйрөнүү – бул мезгилдин талабы”

Саламатсызбы, Рахат! Сиз көп өлкөлөрдөн тажрыйба топтоп, билим тармагында иш алып жүргөнүңүздү…