сүрөттүн автору Татьяна Зеленская
Тажикстан акыркы кол салууда эмнени жетекчиликке алып, кимдердин тилине кирген болсо да алыскы өңүттөн алганда алардын бүт аракеттери түшүнгөн кишиге таш капты. Кыргыз дагы бир сыйра бирикти. Жети дубан тең окко учкан балдарын жоктоп, Баткендин сыздап турган элине күргүштөтүп гумжардам жөнөтүп, тыштагы мигранттар акча салып, англис тилин билген чет элдеги жаштар маалымат согушунда чабышып, айтор калкыбыз канын тили менен жалап атып айыктырган ач бөрүдөй өз киндигин өзү кесүүдө. Улутчулу, исламисти, атеисти, батышчылы, орусчулу, эркек-ургаачысы, кары-жашы болуп баары бир багытта селдей агып, тамырындагы улуу сезим чукуранып ойгонуп жаткан чагы. Биз буга чейин баркын анча билбей келген эгемендик деген нерсе ошентип түптөлөт. Өзүнчө өлкө экенин, бул дүйнө атаандаш болорун түшүнүп, мамлекетинин тагдырына санаа тартып, жүрөгү менен кошо мээсин иштетип, ойлоно баштаган чыныгы жарандык коом ошентип пайда болот. Улуттук сезим ошентип калыптанат. Эми ушул энергияны текке кетирбей, башкалар өз кызыкчылыгына тартып кетишине жол бербей, туура багытка жумшап, керектүү натыйжаларга жетиш үчүн биз туура түшүнө турган айрым жагдайлар бар. Ошолорду тактай кетели.
Тажикстан – объективдүү түрдө каршылаш
Ушу тапта “Рахмон кетсин!” деген ураандар жаңырууда. Ал тургай тажик оппозициясынын атынан кыргыздарды ушундай чакырыктарга тарткан билдирүүлөр да чыгып жатат. Бирок чындап келсе Рахмон – тек гана тажик мамлекетинин ичиндеги кызыкчылыктардын түйүнүн туюндуруучу күч. Советтик партократия менен согушчул диний фундаменталисттердин аргасыз келишиминен чыккан мутант симбиоз. Эсиңерде болсо, колхоз башкарып эле жүргөн Рахмондун бийлигине диний радикалдар каршы аттанып, экөөнү биринчи иретте кыргыз дипломатиясы элдештирген. Тажикстандын мамлекет катары биримдигин кыргыздар сактап калган. Анын эң маанилүү майданында жүргөн адамдардын бир топтору тилекке каршы арабызда жок. Бүгүнкү күндө “Эмнеге элдештирген?” деген суроо коюлууда. Ошол кезде Тажикстандагы жарандык согуш Борбор Азия мамлекеттерине качкындардын агымын пайда кылып, экономикасына күч келтирген. Анын эскалациясы дегеле аймактагы тынчтыкка коркунуч жаратат деген кооптонуу болгон. Демек, объективдүү себептери бар болчу. Ал кездеги кыргыз жетекчилигинин кемчилиги буларды элдештиргенинде эмес. Элдеше электе, алсырап турганда чек ара маселесин чечип албаганында жана “Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз” аттуу ыксыз космополиттик, ашкере либерал саясатында. Торпок кезинде сүзүп туруп, чек араны өз пайдабызга кол койдуруп алганда азыркы көп маселе болмок эмес. Бул да чоң сабак.
Тажикстанга Кыргызстанчалык жакшылык кылган эч бир мамлекет болгон эмес. Качкындары келсе кабыл алган, ооган-тажик чек арасына барып чегин кайтарышкан, чабышып жатса элдештирген. Ошондой жакшылыкты билбеген бул мамлекеттен мындан ары жакшылык күтүп кереги жок. Азыркы тажик бийлиги ошол жарандык согушту башынан өткөргөн жетекчилер менен талаа командирлеринин коррупциялык жана кландык негизде өз ара келишип алган тобунан турат. Демек, Тажикстандын динчил оппозициясы өз үлүшүн алып бийлигине кошулуп кеткен, демократиячыл оппозициясынын болсо күчү жок.
Мындай шартта Рахмон бийликтен кетсе эле расмий Дүйшөмбү кыргыздарга дос боло калат деп эч ким кепилдик бере албайт. Өзү кетсе же өлсө, үй-бүлө мүчөлөрү бийликке келет, алар өзүнөн өткөн жемкорлор. Бийликке кошулуп кеткен талаа командирлери деле өзүңөр көргөндөй кыргызга ниети жакшы эмес. Алар өздөрү көзөмөлдөп турган баңгизаттардын агымы үчүн кимди болбосун садага чабууга даяр.
Конфликтологияда “терең чатак” жана “үстүртөн чатак” деген түшүнүктөр бар. Тараптардын жүрүш-турушу келишпей, бирок кызыкчылыгы бир болуп турса, бул үстүртөн жүргөн чатак болот. Аны жөнгө салыш кыйын деле эмес. Тескерисинче, тараптардын жүрүш-турушу келишип, бирок кызыкчылыгы карама-каршы болсо бул терең чатак болот. Аны жөнгө салыш алда канча кыйын. Ал эми кызыкчылыгы да, жүрүш-турушу да келишпесе, анда ал “курч чатак” деп мүнөздөлөт. Чек арадагы тажик тарап менен кыргыз тараптын кызыкчылыгы келишпейт. Анткени эки тарап үчүн тең жаратылыш ресурстары өтө маанилүү. Жүрүш-турушу да таптакыр эки башка – бири отурук, бири көчмөн цивилизациялардын өкүлдөрү (айтмакчы, экөөнүн тиреши да байыртан келатат). Демек, бул объективдүү түрдө оңой менен чечилбей турган, курч чатак. Кандайдыр сыйкыр менен демократиялуу, мыйзамды сыйлаган тажиктер бийлик башына келген күндө деле кааласа-каалабаса да жогоруда айтылган элинин муктаждыгын, кызыкчылыгын эске алууга мажбур болот. Демек, Тажикстан жакынкы жылдарга карата эң негизги ыктымал душмандардын болуп кала берет. Ал эми чек ара чатактарындагы тажик тараптын тактикасы, амалдары, ыкмалары тууралуу өткөн макалаларда кеңири жазганбыз. Каалагандар таап окуп алышар. Бүгүнкү турмуш чындыгы аны ашыгы менен далилдөөдө.
Эл аралык кырдаал жана уюмдар
Кыргызстан мүчө болгон ЖККУ, ШКУ сыяктуу уюмдар бул чатакты чечпесе да жок дегенде зомбулук потенциалын азайтканга салым кошо алган жок; кошо да алмак эмес. Анткени ЖККУнун ичиндеги мамлекеттердин чек ара маселелери чечилбеген бойдон кирген. Ушунун өзү ички чыр-чатактарга жем таштай турган жагдай. Салыштыра келсек, НАТО өз катарына чек ара маселеси чечилбеген мамлекетти кабыл албайт. ЖККУнун уставында айтылгандай кырдаалдарда деле, мисалы, армян-азербайжан чатагында уюм өз мүчөсү болгон Армениянын кызыкчылыгын коргой алган жок. Украин-орус чатагы чыккандан бери Орусия өз айласын таппай жатат. Демек, бул уюмдардын, айрыкча ЖККУнун актуалдуулугу бүттү.
Тектеш мамлекеттердин уюму деп эсептелген Түрк тилдүү Мамлекеттер Уюму деле эки тарапты тең тынчтыкка чакырган билдирүүлөрдү таратканы болбосо, кыргыз тарапка ачык жан тартканы байкалган жок. Анын негизги локомотиви болгон Түркия эки тарап менен тең курал сатуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Демек, мында да азырынча саясий тилектештикке караганда бизнестин кызыкчылыктары көбүрөөк үстөмдүк кылып турат. Бул уюмдун Кыргызстанга тийгизе турган пайдасын биз ойдогудай деңгээлде көрө элекпиз. Потенциалы сөзсүз бар. Бирок ушундайда тектеш элдерге жан тарткан саясаты болбосо бул уюмдун салмагына да зыян. Эртең эч ким ишенбей калса уюм декларативдүү гана күчкө айланат. Анын да сынала турган учуру келди.
Коопсуздук реформасы
Мындай шартта Кыргызстан чындап эгемен мамлекет катары аракеттенүүгө аргасыз болот. Башкача айтканда биринчи иретте өз күчүнө ишениши зарыл.

Эмне кылыш керек? Өзгөчө статустагы аймактар. Баткен облусун толугу менен салыктан бошотуп, ал жакка эч кандай салыгы жок эле ишкана ачууга кыргыз улутундагы жарандарга уруксат берип, чек араны кайтарыш үчүн элге курал таратып, айыл өкмөттөрдүн көзөмөлү менен бул ишти уюштуруу зарыл экенин жазганбыз. Бул өткөн кылымдардагы Орусиянын казачествосунун формасында болгону максатка ылайык. Мындай сунуш эки нерсени чечет. Биринчиден, ар кандай шылтоо менен баштала калган чыр-чатактардын жок дегенде баштапкы этабында наркы тарапка такаат бере турган реалдуу күч пайда болот. Экинчиден, жылаңач калган айылдарга бизнес кайтып келип, ал жактагы элдин абалы оңолуп, чек ара аймагы кыргыздарга толо баштайт. Дегеле жалаң эле Баткен эмес, алыскы аймактардын баарын эле салыктан бошотуп, анын ордуна жумуш ордун түзүүнүн эсебинен миграция маселесин да жеңилдетип, элде жүргөн акчаны да көбөйтсөк болмок.

Армияны реформалоо
Кыргыз армиясына даярдоо мектептерде кенже класстардан тартып жүргүзүлө башташы зарыл. Коргоо министрлиги менен Мамлекеттик чек ара кызматы бириктирилип, чек ара толук делимитация менен демаркациядан өтмөйүнчө аны кайтаруу жалпы армиянын иши болууга тийиш. Кыргыз армиясы толугу менен тоолуу согуш театрында кармашууга үйрөтүлүп, тиешелүү түрдө куралданышы максатка ылайык. Бул жагынан алганда дүйнөдөгү болуп жаткан кагылыштар төртүнчү муундагы (аралыктан жок кылуу технологияларын өнүктүрүү аркылуу майдан менен ооруктун ортосундагы чек жоюлган) согушка ыңгайлашууда. Согуш техникасы бир орунда турбайт. Демек, Кыргызстандын армиясы да ошого жараша өзгөрүшү зарыл. Мисалы, ушу тапта Кыргызстан “Байрактарларды” пайдаланган-пайдаланбаганын билбейбиз. “Байрактар” мыкты курал. Бирок кыйла кымбат, ошондуктан өтө маанилүү, стратегиялык даражадагы буталарды жок кылууга жакшы ылайыкталган. Ар бир танк менен БТРге эле каршы кымбат ракеталарды колдоно берүү акылсыздык. Ага салыштырмалуу бүгүнкү күндө дрон-камикадзелер алда канча арзан жана натыйжалуу болуп баратат. Акыркы жылдары аларды саудиттер хуситтерге каршы кыйла натыйжалуу колдонушкан. Салгылашуунун тоо театрына ылайык ушундай курал-жарактарды ар кайсы булактардан, бири-бирине техникалык жактан ылайыкташтырып, анан эң негизгиси – ЖАШЫРУУН алып, колдонууга өтүшүбүз зарыл. Мындай иш дардактаган пиарды жактырбайт. УНЧУКПАЙ жасаш керек.
Аскерлерибиз да ушуга жараша жаңы аскердик техниканы колдонууга жарактуу, технологиялык билими абдан өнүккөн жаштар менен толукталышы мезгил талабы.
Армиянын ичиндеги мамилелерди да баштан-аяк реформалап, “ат” деген буйрукту күтүп отура бербей турган, ар бир командир өнөктөштөрү менен кеңешип өз алдынча чечим кабыл ала турган алгоритм иштеп чыгып, ишке киргизүүгө мезгил жетти. Эбегейсиз зор орус армиясына жарым жыл бою ийгиликтүү туруштук берип жаткан украин аскерлеринин натыйжалуулугу жалаң эле батыштагы өнөктөштөрүнүн берген куралы эмес, ушундай өз ара мамиленин алгоритми менен да түшүндүрүлөт.
УКМКнын реформасы
УКМК чек ара кызматын көзөмөлдөөдөн, коррупцияга каршы иштерди тергөөдөн ажыратылып, жалаң чалгын, контрчалгын жана конституциялык коопсуздукка коркунуч келтирген иштерге каршы күрөш менен аракеттениши зарыл. Бул тууралуу мурунку макалаларда кеңири жазылган. Чалгын жана контрчалгын иштери, диний фундаментализм, башка мамлекеттердин маалыматтык таасири менен натыйжалуу күрөшүү – ушунун баары чыныгы стратегиялык ой жүгүртүүнү талап кылган, интеллектуалдык жумуш. “Кайсы жерден барып пара ала койсом” деген кечээки базаркомдордун деңгээлиндеги иш эмес. УКМКнын ЭҢ НЕГИЗГИ милдети болгон ушул иш багыттары канчалык аксап жатканын кечээки окуялар көрсөттү. Чалгын иштери пайда болгондо гана мамлекет пайда болот деген аныктама белгилүү. Эгерде бул критерийден карасак, анда бизде мамлекет жок, эл гана бар. Демек, чалгын иштерин жакшыртууга, аны өлкө жетекчилигинин чечимдери менен байланыштырууга көңүл буруу өтө маанилүү. Антпесек мамлекетибизди жоготуп алуу коркунучу турат.
Бийиң кылаң болсо, элиң ылаң болот
Кыргыздарда орустан үйрөнүп алган “Ашууда ат алмаштырбайт” түшүнүк бар. Көп бийлик өкүлдөрүнө ыңгайлуу сөз. Бирде экономикалык кризисти, бирде согушту, бирде пандемияны шылтоо кылып бийликте тура берүүнүн эң жакшы амалы. Бирок бул түшүнүк кыргызга зыян. Анткени таптакыр баспай аткан атты алмаштырбасаң, ач бел, куу жондо каласың. Андан көрө жөө кеткениң жакшы.
Муну кыргыз: “Алтын ээр атка чак, атыңа тынчы жок болсо алтынын алып отко жак. Күмүш ээр атка чак, күлүккө тынчы жок болсо күмүшүн алып отко жак” деп эчак эле айтып койгон.
Президент Садыр Жапаров – башкы командачы, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев – чалгын иштери үчүн түздөн-түз жооптуу адам. Ишинин жыйынтыктарын буга чейин көрдүк. Жогоруда айтылган нерселердин баарын ишке ашырыш үчүн жок дегенде пиар менен жашыруун иштин айырмасын түшүнгөн, ички-сырткы душмандын сырын беш колдой билген, эгемен мамлекеттүүлүктүн баркына жете алган адамдар керек. Андай адамдар барбы? Болсо жалпы элдин колдоосуна ээ боло алабы? Же “Ак саманды жаман деп, чөптү кайдан табасың” болуп кыйчалыш кырдаалда андан да кыйчалыш кырдаалдын коркунучун күтүп, жаныбызды, мамлекетибизди, келечегибизди Кудайга аманат тапшырып отура бергенибиз оңбу?
Бул суроолорго даяр жооптор жок. Баары үчүн ойлонуш да, баарынын жоопкерчилигин алыш да мүмкүн эмес. Андыктан жалпы эл ушуну кошо ойлонуп, түйшөлүп, өлкө жоопкерчилигин кошо тартканды үйрөнсүн. Ошентип барып эл эгемен мамлекетке татыктуу экенин далилдейт. Башка жолу жок.
Автор: Жыргалбек КАСАБОЛОТ, журналист, аналитик
Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…