«Чөйрөнүн» баштапкы идеялары
Негизинен «Чөйрөнү» түптөө идеясы мен үчүн бир топ жыл мурун башталган. Мындай ойдун пайда болушуна баарлашуу жана тажрыйба алмашуу максатында IT-адистери кайсыл бир жылдары diesel.elcat.kg форумунда түзгөн кыргыз тилдүү «Ак-Досторкон», андан кийин «BarCamp» жана «Design.kg» деген аянтчалар таасир берген. Мен өзүм дагы бул чөйрөлөрдө башкалар менен жигердүү пикир алмашкан адамдардын катарында болчумун. Мындан туура үч жыл мурун таажы вирусу Кыргызстанды каптаган учурда, чет өлкөдө жашаган айтишник мекендештер менен биргеликте тез арада #jardamForKG долбоорун түптөй койдук. Анын алкагында дарыгерлер, кичи медицина кызматкерлери жана ыктыярчылар телефонго ылайыкталып жасалган тиркеме аркылуу Кыргызстандагы бейтаптарга онлайн консультация берип жатышты. Анткени мекенибизде кырдаал медициналык мекемелердин жана кызматкерлердин жетишсиздинен абдан курчуй түшкөн эле. Бул долбоор аркылуу аралыктан болсо дагы жүздөгөн адистер мекендештердин абалын жеңилдетүүгө бир топ салым кошо алганын көрдүк (аталган долбоор учурда трансформация болуп, суроо-талапка жараша дагы уланмакчы).
Бир жыл өтпөй Баткенде кырдаал күчөп, анда дагы кайрадан активисттер 2-3 күндүн ичинде #jardamForBatken долбоорун түздүк. Анын алкагында чет жердеги психологдор менен онлайн психологиялык консультация, академиктер менен медиа айдыңында журналистерди колдоо жана кабарларды башка тилдерге которуп-таратуу, чет өлкөдө жашаган кыргыздар менен ар кайсыл жерде кандуу конфликтти токтотуу чакырыктары (демо) менен катар видео флашмобдорду уюштуруу жана ошону менен бирге финансылык каражат топтоо сыяктуу бир топ иш-чараларды ийгиликтүү ишке ашырдык. Ошол эки учурда мен АйТинин эбегейсиз зор потенциялына өзүм күбө болдум жана чет жердеги айрым мекендештер менен уюмдардын өзгөчө кырдаалда биригүү жөндөмүн байкадым.

Иш-чаралар менен идеяларды бириктүү аракеттери
Пандемия менен Баткен окуясындагы тажрыйбага таянып, айтишник активисттердин башын бириктирген жана пайдалуу долбоорлорду жарата турган «Kyrgyz-German IT Community» уюмун түзгөнгө аракет кылдым… Бирок тилекке каршы менин идеяларым айрым адамдардын максаттары менен айкалыша албады, анын үстүнө мен бюрократиясы, талаш-тартышы менен «мен-мени» аз, натыйжасы көбүрөөк иштерге басым койгум келет. Ошол себептен мен тилектеш адамдарды башка жактарда издөөмдү уланттым. Көп өтпөй «Контентчи» долбоору менен кызматташууну баштап, ал жерде «Кажы-Кужу» деген кыргыз тилдүү эң алгачкы подкастын жаздыра баштадык. Ал аркылуу мен кыргыз тилдүү контент жаратуу боюнча чоң тажрыйба топтоп, дүйнөнүн чар тарабындагы жердештер менен тааныша алдым. Буга илимий, аналитикалык жана информативдүү маалымат-эсселерди камтыган «Караан» медиа-порталы дагы кошулду. Ошол эле учурда өз алдымча «Чөйрө» платформасын негиздөөнүн үстүндө иштей бердим. Менин идеяма Германиядагы көрүнүктүү активисттердин бири Махабат Садырбек чоң ишеним жана көмөк көрсөттү. Биргеликте хакатонго дагы катыштык, «Чөйрө» деген аталыш тууралуу көп ой-пикир алмаштык. Өзүңүздөр дагы карап көрсөңүздөр, бул сөздүн артыңда терең маани жатат: Адамдын өсүп-өнүгүшүнө, кулк-мүнөзүнүн калыптанышына ата-эне, бала-бакча жана мектептен тышкары чөйрө абдан таасир берет. Чоң-кичине болобу, адам социалдык процессти кандай чөйрөдө өтсө, ошого ылайыкташат, ошондогу көргөн-билгенин өзүнө кабыл алат жана аларды кайталашы мүмкүн. Аны белгилүү режиссёр Турсун Акун өзүнүн «Акыркы сабак» көркөм тасмасында таамай чагылдырган. Анын сыңарындай ар бирибизге жагымдуу, сени шыктандырган, астыга сүрөгөн жана чын дили менен ишиңе көмөк көрсөткөн чөйрө керек…

«Чөйрөнүн» жаралышы
Акыры жүрүп мен өз чөйрөмдү Жылдыз Академиясынын «Келечек», «Чырак» жана «Күз демилге» онлайн окутуу программаларына менторлук кылуу менен таптым десем болот. Ал жерде Айдана Өмүрбаева, Бакыт Абдишов, Тимур Моун, Олжобай Искендер, Бекназар Жамангараев жана Сайкал Дилдемурат сыяктуу ар тармактагы адистер, эксперттер, жаратман, идеалист, визионист, алтруист жана тилектеш-санаалаш инсандар менен мурунтан тааныш болбой туруп эле, максатыбыз бир болгон үчүн ар кандай кызыктуу долбоорлордун үстүндө жогорку деңгээлде кызматташа алдык, долбоорлор аркылуу IT тармагынын маанилүүлүгүн Кыргызстандын булуң-бурчуна жеткирдик, кыргыз тилинде маалымат көбөйтүүгө чоң салым коштук. Аталган жердештер менин «Чөйрөмдүн» түптөлүшүнө финансылык жана моралдык жактан опол тоодой колдоо көрсөтүп, ал эми «Келечек» жана «Чырак» программасынын окуучулары менен «Күз демилге» айти-марафонунун катышуучулары өздөрүнүн долбоорлорун «Чөйрөнүн» аянтчасында ишке ашыра башташты. Биздин «Чөйрөдөн» билим-тарбия алган жаш улан-кыздарыбыздын кандай өсүп-өнүгүп, кандай сонун иштерди алып барып жатканына 2022-жылдын 20-август күнүндө өткөн Демокүндө күбө боло алдыңыздар.

«Чөйрө» форуму
«Чөйрөнүн» аянтчасын түзүүдө мага Германиядагы BIZ e.V. уюмунун төрайымы Асел Сайраан-Дамир жана Швейцариядан Кайрат Биримкулов демөөрчүлүк кылышты. Анын «KyrgyzBridgeGlobal» кайрымдуулук фондун биз «Чөйрөгө» ашар жолу менен каражат топтоо максатында колдоно баштадык. 2022-жылы боло турган фонддун 10 жылдык мааракесине атайын кыргызстандык активисттерди чакырмак болдук. Албетте мен өзүм буга чейин бирге иштешкен жана «Чөйрөнүн» аянтчасында долбоорлорду ишке ашырып жаткан адамдар менен жүз көрүшүп, баарлашкым келди. Ошондуктан бул жолугушууну «Чөйрө 2022» деп атап алдык жана аны менен аянтчабызды мындан ары дагы кеңейтип, жандантууну максат катары койдук. Форумга Кыргызстандын саясий, экономикалык, экологиялык, маданий, илимий жана көркөм өнөр айдыңында көрүнүктүү орунду ээлеген активисттер, чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын лидерлери жана бейөкмөт уюмдардын жетекчилери катышты. Медиа аркылуу айрым темаларга чоң резонанс жаралды, аянтчага жаңы жаратмандар жана долбоорлор кошулду. Айрыкча Айбек Сарыгулов жана Азамат Исмаилов сыяктуу жигердүү жердештерибиздин кеңештери жана финансылык колдоолору бизге «Чөйрөнүн» аянтчасын кайра иштеп чыкканга түрткү берди.

«Чөйрөнүн» мааниси
«Чөйрөнүн» алкагында жалпы кыргыз коомчулугуна арналган экология, психология, көз карандысыз медиа, кыргызча подкаст, алгачкы кыргыз тилдүү веб-студия, IT боюнча биринчи кыргызча суроо-жооп порталы, дизайн, фриланс биржа, билим берүү, демилге көтөрүү жана кызматташуу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул иш-чаралар замандын талаптарына жооп берген керектүү, пайдалуу, Кыргызстандын өнүгүүсүнө салымын кошкон потенциалы чоң демилгелер деп ишенебиз. Анткени жасаган ар бир ишибиздин аркасында Мекенге болгон сүйүү, жоопкерчилик, биримдик, заманбап билим, жаңы бийиктиктерге умтулуу, талыкпас эмгек, креативдүүлүк жатат. Анын үстүнө технология өнүккөн кылымда жашообуз технологияга байланып калган. Ошондуктан маалымат технологиясы күндөн күнгө өсүп жатканына байланыштуу заман талабы менен бирге АйТи тармагын өздөштүрсөк жана бул тармакка канчалык көп көңүл бурсак – ошончолук тез өнүгөбүз деп айта алам.
Чөйрөнүн башкы принциптери: идеяларды жаратуу, аларды талкуулоо жана чогуу эффективдүү ишке ашыруу. Ал идея кимден, кайсыл уюмдан, кайсыл өлкөдөн, кандай кесиптин ээсинен же аны ким жетектейт, биз үчүн өтө маанилүү эмес, бизди кызыктырган суроолор бул идея адамдарга зарылбы, жардам береби, аң-сезимине оң таасир калтырабы, жашоосун жеңилдетеби же жакшыртабы? Эгерде ошондой болсо, анда бул идеяны кантип тезирээк ишке ашыра алабыз? Мен кантип буга салым кошо алам? Анткени биз идеяларды ишке ашырууда бири-бирин толуктаган жана колдогон билимдүү, тажрыйбалуу жана потенциялы күчтүү өнөктөштөр менен кызматташа турган жаңы «Чөйрөнү» түзгүбүз келет.

«Чөйрөнүн» пайдасы
«Чөйрө» платформасы ар бир катталган адамга нетворкиң үчүн бардык керектүү маалыматтарды камтыган өзүнүн жеке интернет баракчасын түзүп алууга мүмкүнчүлүк берет. Ар бир профилде адамдын жетектеген же мүчө болгон уюмдары, колдогон же жасап жаткан долбоорлору, башка адамдар менен байланыштары, аткарган тапшырмалары, билими менен кесиптик тажрыйбалары көрүнүп турат. Бул платформанын ичинде жаңылыктар менен жигердүүлүк тасмасы дагы орун алат. Ал долбоорлордун жана активисттердин иштерин транспаренттүү түрдө башкаларга көрсөтүп турат жана башкалар үчүн дагы кызыгуу жаратышы мүмкүн. Ал жерде күнбарак дагы орун алган. Чөйрөчүлөрдүн жана ар кайсыл жердеги уюмдардын иш-чаралары ошол жерге коюлса, анда көп адамдар үчүн алдын ала боло турган кечелер, жолугушуулар жана иш-чаралар тууралуу маалымат жаралат. Уюмдардын ортосунда дагы коммуникация тереңдейт, иш-чаралар жакшыраак координация болот деп ишенем.
Ошол эле учурда «Чөйрө» платформасынын мүчөлөрү өз ой-пикирлерин ортого салып, башкалардан кеп-кеңеш жана фидбек кабыл алып, сурамжылоо жүргүзүп же бир агенда үчүн добуш чогулта алат. Андан тышкары керектүү маалыматтар, курстар, жумуш орундары жана орундуу жарнамалар дагы жарыя кылынса болот. «Чөйрө» аянтчасы белгилүү социалдык баракчаларда орун алган жана онлайн жолугушуулар үчүн өзүнүн каналдары бар. Алар чөйрөчүлөр үчүн ачык жана колдонууга берилет. Андан тышкары Digital Nomad идеялогиясы менен дүйнөнүн ар кайсыл шаарларында коворкинг борборлорунан атайын «Чөйрө» үчүн орундар алынууда.

«Чөйрө фонду» жана «кеңеши»
Албетте мындай потенциалы зор кыргыз тилдүү платформаны түзүү бир топ иштерди, убакытты жана каражатты талап кылат. Бул демилгелерди ишке ашырууга, процесстерди үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн «Чөйрө фонду» жана «Чөйрө кеңеши» түзүлгөн. Учурдагы кеңештин мүчөлөрүнө мени менен чогуу чет жердеги жарандык активизмдин көч башы болгон тилектештер кирет. Кеңештин мүчөлөрү айына бир жолу жолугушуу өткөрүп, «Чөйрөнүн» өнүгүү стратегиясы, максаттары жана жүрүп жаткан иштери боюнча ой-пикирлерин ортого салып, талкуу жүргүзүшөт. Уюмдун жалпы жамааты менен бирге иштин жүрүшүнө байкоо жүргүзүп, жыйынтык чыгарып, багыт берүү менен жөнгө салып турушат. «Чөйрөгө» чоң суммадагы каражат менен колдоо көрсөткөн спонсор автоматтык түрдө «Чөйрө кеңешине» мүчө боло алат. Европада, анын ичинде Германияда кыргызстандык мекендештердин федерациясын жана конфедерациясын түзүү демилгесин алдыга сүрөп жаткан Нурлан Мукаш жана Азамат Исмаилов сыяктуу жердештер учурда «Чөйрөгө» финансылык жардам көрсөтүү менен бирге аны диаспоралар, уюмдар жана активисттер бириккен аянтчага айлантууга салым кошууда.

Автор: Азамат ТОКТАКУНОВ

IT-адиси жана коомдук ишмер, Кажы-кужу подкасттын алып баруучусу, КАРААН жана ЧӨЙРӨ долбоорлорунун негиздөөчүсү

1 comment
Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…