Сүрөт envatoelements сайтынан алынды

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды түйшөлткөн суроо жаралды: Орусияда эмгектенген бир миллионго жакын кыргыз мигранттары эми эмне кылышат же башка кайсыл жерге барып акча табышат? Азыр кыргыз өкмөтү дагы, эки анжы болгон эмгек мигранттары дагы жаңы багыттарды караштырып жаткан учуру. Ааламдашуу заманында кыргыстандыктар үчүн бүткүл дүйнө ачык болгон менен, реалдуу эмгек миграциясынын багыты биринчи орунда Орусияга, Түркийеге, коңшу Казакстанга жана Чыгыш Азия менен Араб өлкөлөрүнө түшөт. Көп адамдардын максаты Европа мамлекеттери менен Америка Кошмо Штаттары болгон менен, ал жактарга эмгек миграция менен түз кетүү мүмкүнчүлүгү аз же жеке жумушка орноштуруу агенттиктери аркылуу ишке ашышы мүмкүн. Өнүккөн өлкөлөрдүн ичинен мамлекеттик деңгээлдеги меморандум буга чейин Түштүк Кореяга бар болсо, жакында ага Улуу Британиянын айыл чарбасындагы мезгилдүү жумуштар боюнча келишими кошулду.

Германия
Өнүккөн өлкөлөрдүн ичинен Германия Федерациясы көп адамдарды кызыктырат. Тилекке каршы эки өлкөнүн ортосунда мамлекеттик эмгек миграция келишими жок. Бул өлкөгө келүү көбүнчө студентик программалар, сезондук жумуш жана саякат келишимдер жана ошондой эле жогорку квалификациянын негизинде жумуш орун табуу аркылуу гана ишке аша алат. Даярдыксыз (тил билбей) же суроо-талап бар кесиптин ээси болбой туруп, Орусияга же Туркийеге кеткендей эле бул өлкөгө жөнөп кетүү мүмкүн эмес. Ошого карабастан, жүздөгөн адамдар жумушка орноштуруу кызматын сунуштаган компаниялар жана агенстволор аркылуу коңшу өлкөлөргө ишке келишкенине же алар менен болгон келишимдин алкагында немис жергесинде да убактылуу иштеп жүргөндөрүнө күбө болуп жүрөбүз (мисалы, оор жүк ташуучу унаа айдоочулары). Элдин көңүлүн буруу максатында жарнамада Германияны багыт катары көрсөткөн ортомчулар да аз эмес. Анда сөз биринчи Германияга эмгек миграциясы менен келүүнүн мыйзамдуу жолдору жөнүндө болсун.

Эң башкысы – квалификация
Германиянын иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык агенттигинин маалыматы боюнча учурда 1,2 миллион жумушчу күчү жетишпей жаткандыгы айтылат. Өлкө жумушчу күчкө болгон муктаждыгын канааттандыруу үчүн жыл сайын болжол менен 400,000 квалификациялуу мигранттарды талап кылууда. Бул суроо-талаптын башкы себептери Германиянын күчтүү экономикасы, чоң өндүрүштүк (индустрия), экспорт, автоматташтыруу жана санариптештирүү аракеттери, социалдык камсыздоонун жогорулашы жана демографиялык тең салмаксыздык менен байланыштуу. Жумушчу күчтүн жетишпегендиги жылдан-жылга эмгек мыйзамдарынын өзгөрүшүнө (мисалы немис жана Европа жарандарынан арткан орундар, немис тилин билүү ж.б.у.с.) жана бюрократиялык бөгөттөрдүн ылдыйлашына түрткү берүүдө. Бирок жогорку билимдин же орто кесиптик билимдин ээси болуу башкы талап катары кала бермекчи. Германияда жумушка орношуу үчүн ар бир адам биринчи кезекте Германияда жумуш табышы жана жумуш берген жер менен келишим (Arbeitsvertrag) алышы керек. Жумуш табуу түздөн-түз компанияда, глобалдык рекрутиң компаниялары же белгилүү бир тармактар боюнча адистешкен жумушка орноштуруу агенттик аркылуу ишке ашат.

Суралган кадрлар
Германиядагы дефицит кадрлардын сап башында IT-специалисттери турат. Жергиликтүү санарип экономикалык ишкерлер коому Bitcomдун маалыматына таянсак, акыркы жылдарда JavaScript, HTML, R жана SAS, Java, Python, C++ программалоо тилдерин билген IT-архитекторлорго, системдик башкаруучулар менен администраторлорго, маалымат технологиясынын коопсуздугун камсыздоочуларга жана ири көлөмдөгү базалык даталарды изилдөөчүлөргө (Data Scientist) суроо-талап жогору.

Бир ай мурун күчүнө кирген жаңы эмгек кодекси боюнча 3 жылдык иш тажрыйбасы бар, англис тилин билген жана иш келишиминде 4140 евролук маяна көрсөтүлгөн айтишниктерге Германиянын эшиги ачык. Алар көк карта (ЕU Blue Card) деген электрондук күбөлүк менен Германияга жана башка Европа өлкөлөрүнө жөнөкөйлөтүлгөн шарттардын негизинде кире алышат. Инженерлер, экономисттер, архитекторлор, эсеп менеджерлер, компанияны башкаруу боюнча адистер айтишниктер менен эле катар жогорку артыкчылыктарга ээ. Квалификациялуу жумушчулардын жетишсиздиги илим, технология, инженерия жана математика (STEM), ошондой эле саламаттыкты сактоо, социалдык камсыздоо, билим берүү жана тарбиялоо сыяктуу көндүм кесиптеринде бар. Буларга электрик, мехатроник, монтер, тейлөөчү, логист сыяктуу орто билимдин ээлери да киришет.

Германияга келип, жумуш издөө
Германияда таанылган жогорку жана орто кесиптик билимге ээ болгон адамдар жумуш издөө үчүн алты айлык виза алып, Германияга жол тартса болот. Ал үчүн немис тилин жок дегенде B1 деңгээлинде билүү, Германияда убактылуу турак жай жана медициналык камсыздандыруу (страховка) менен өзүнө жетиштүү акча каражаты болушу зарыл. Бул талаптар квалификациясын жогорулатууну каалаган адистерге тиешелүү. Чет жердеги жогорку билимди Германиядагы билим менен салыштыра келгенде теоретикалык сабактар же практикалык тажрыйбалар жетишсиз, же болбосо бири-бири менен айкалышпаган пунктар келип чыгышы мүмкүн. Аларды 18-24 айлык квалификацияны жогорулатуу курстары аркылуу теңдесе болот.
Акыркы эмгек кодекстердин алкагында 25 жашка чейинки жаштар үчүн бир нече жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болду десе болот. Немис тилин B2 деңгээлинде билген жана орто кесиптик же 2 жылдык жогорку окуу жайдан билими барлар өздөрүнө ылайыктуу кесиптеги окутуу программасына тандоо жана катышуу үчүн жогоруда аталган эрежелердин негизинде Германияга жарым жылга виза ала алышат.

Эпилог
Өзүңөр байкагандай курулуш, тейлөө, айыл-чарба жана кам көрүү сыяктуу тармактарда жөнөкөй (кара) жумуш үчүн Германияга келүү негизинен мүмкүн эмес. Ага суроо-талап дагы аз, болсо дагы ал орундарды жергиликтүү адамдар же башка коңшу өлкөлөрдүн жарандары ээлейт. Анын үстүнө учурда ар кандай билим деңгээли менен миңдеген Украиналыктар Германияга келип, дароо ишке кирүүгө уруксат алып жатышат. Бул кырдаал жумуш ландшафтты бир топ өзгөрүүгө учуратышы мүмкүн. Улуу Британияга ачылган мүмкүнчүлүктөн кийин Кыргызстан менен Германиянын ортосунда тийиштүү мекемелер тарабынан мамлекеттик макулдашуулардын келип чыгышы күтүлүүдө.
Бирок ачык айтканда Германия жакынкы жылдарда Орусияга алтернативa боло албайт. Ошого карабастан барган сайын жетишсиздиги жогорулап жаткан квалификациялык жумуш орундары жана жумшарып келе жаткан жергиликтүү эмгек мыйзамдары Орусиядан кайткан жана мекендеги кыргызстандык жаштарга маалымат технологиясы менен чет тилдерди үйрөнүүгө түрткү бере алат. Аталган тармактардагы адистер үчүн Кыргызстанда эле туруп, немис компанияларында да иштөө мүмкүнчүлүгү бар экенин да эске алып койсок болот. Ошондуктан Германияга миграцияда эң башкысы – билим жана квалификация.

Автор: Махабат САДЫРБЕК
Макс-Планк илимий изилдөө борборунда изилдөөчү

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Махабат Садырбек, антрополог: «Акыркы сабак» көркөм тасмасына рецензия

Дүйнөнүн чар тарабынан көрөрмандарды өзүнө тартып, кыргыз коомчулугунда  кызыгуу жараткан «Акыркы сабак»…