Сүрөт «Келечек» долбоорунун катышуучуларына таандык

Мен жердештерибизди аралыктан санариптик кесипке үйрөтүп жаткан «Жылдыз Академиясына» кошулуп, «Келечек» аттуу кыргыз тилдүү акысыз окутуу долбооруна менторлук кылганыма даана бир жыл болду. Бул убакыттын ичинде дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүндө эмгектенип жүргөн Айдана Өмүрбаева, Азиза Сүйүналиева, Элнура Мусатегин, Сайкал Дилдемурат, Жазгүл Болотбекова, Дамира Ахмедова, Бакыт Абдишов, Тимур Моун, Бекназар Жамангараев, Замир Акимбеков, Ренат Самудинов, Олжобай Искендер жана Турат Алыбаев сыяктуу кыргыздын чыгаан улан-кыздары менен бирге иштештим. Алар менен чогуу жүздөгөн жана миңдеген адамдарга «IT (анг. Information Technology) – маалымат технологиясы» деген чоң дүйнөнүн эшигин ачып, анын ичиндеги алгачкы тепкичтерине көтөрүлүүгө көмөк көрсөттүк.
Бизди бул учурда эмоционалдык өйдө-ылдыйлар, кайгы-кубанычтар, ый-күлкүлөр, тамаша-чындыктар, коштошуу-жолугушуулар жана ынтымак-достуктар коштоду. Аралыкта болсо дагы биздин айтишниктер кызматташуунун жогорку формасы менен тааныштык, бири-бирибиздин потенциалды таанып, баалай билдик. «Күз демилге», «Кыргызча психология», «Жер Эне» сыяктуу ар түрдүү социалдык, маданий жана экологиялык долбоорлор аркылуу таланттарды таптык, жаңылыктарды ачтык, айтини классикалык музыка менен айкалыштырган концерт өткөрдүк… Анан дагы эң негизгиси адамдардын көз караштарын өзгөртүп, келечекке үмүт берген бир агым жараттык.

Оңой эмес онлайн окутуу
Онлайн окуу жана окутуу эки тарап тең үчүн оңой эмес. Мен жогоруда атаган кесиптештеримдин баары күнүнө кеминде 8-10 саат, жумасына болсо 40-50 саат иштешет. Андан тышкары үй-бүлө, бала-бакыра, үй-оокат жана эс алдырчу иш-аракеттер деген да бар. Онлайн окутуу долбоорунда океандын ары жак-бери жагындагы, ар кайсыл убакыт зонасындагы кесиптештер менен иштешүү жана курстарды окутуу кошумча убакытты жана энергияны талап кылат, айрым учурда кээ бир хоббилерден (спорт, сейилдөө ж.б.у.с.) жана шаан-чөкөттөрдөн баш тартууга туура келет. Андан тышкары ар кандай билим деңгээлиндеги адамдарга жеткиликтүү түрдө айти тууралуу сабак өтүү сабырдуулукту жана чыдамдуулукту талап кылат.
Ал эми долбоордун аркы тарабын карасак, анда ар кандай жаштагы улан-кыздарды, ага-эжелерди, көп балалуу кожойкелерди, улгайган апа-аталарды, дүйнөнүн булуң бурчунда эмгектенген мигранттарды көрөбүз. Ошого жараша алардын жашоо-шарттары да ар кандай: бири айылда, бири шаарда, бири чатырда, бири батирде дегендей, бири отун-суусу жок аймакта турса, бири электр жарыгы аз же интернет тартпаган жерде, биринин колунда бардык окууга керектүү аспабы бар болсо, башка биринин окуганга ылайыктуу же телефону, же планшети, же ноутбугу жок…. айтор, жашоо-шарттардын ар түрдүүлүгүн толук сүрөттөөгө сөз жетпечүдөй. Анын үстүнө көр оокаттан бошонуу, бала-бакырадан 1-2 саатка алыстоо, 10-16 сааттык оор жумуштан кийин окууга энергия табуу, өз учурунда курстарга катышып, тапшырма аткаруу, жаңы материалды өздөштүрүү, түшүнүксүз нерселерди кайталоо, оор кырдаалдарда сабырдуу болуу алар үчүн дагы чоң сыноо болду.

Сабырдын түбү сары алтын
Мындай сыноого же күнүмдүк түйшүккө кошумча болгон машакатка туруштук бере албай ара жолдо калгандар, ортодо 2-4 жума тыныгып алып, кайра окууну уланткандар же болбосо эч кандай кыйынчыктарга карабай курсту толугу менен бүтүргөндөр болду. Буга ноутбугунун жоктугуна карабастан баштапкы программалоо тилдердин HTML/CSS коддорун кол менен дептерге жазып үйрөнгөн бир долбоордун катышуучусу эң жакшы мисал боло алат. Анын «Жылдыз Академиясынын» социалдык баракчаларында жайылган кол жазмасы техниканын жетишкен доорунда, арышын кенен таштаган санариптештирүү заманында, 2022-жылы эгемендүү мамлекетте аракетчил жаш кыздын колунда окууга тиешелүү, учурдун элементардуу аспабынын жоктугу албетте ар бир адамды түйшөлтпөй койбойт. Ошол эле учурда окууга дилгир, санариптик билимге умтулган жаш кыздын аракети кимди гана тамшандырбайт, кимди гана шыктандырбайт. Ушундай окуялар долбоордун негиздөөчүлөрүн, менторлорун жана бүтүрүүчүлөрүн «Келечек» сыяктуу долбоорлорду улантууга түрткү берди. Көп өтпөй кыз-келиндерге жана айымдарга арналган «Чырак» долбоору иштелип чыгып, өз ишин баштады. Муну көптөгөн жаңы тилектештер, IT-адистери, ыктыярчылар жана активисттер колдоодо.

Биздин келечек (санариптик) билимде
Мен албетте IT тармагында эмгектенген жана өз кесибин ардактаган адам катары башкаларды бул дүйнөгө үгүттөймүн. Анткени мен бул тармактагы жашоону жакшырта турган, келечекти өзгөртө турган, адамдарды жыргалчылыкка алып бара ала турган мүмкүнчүлүктөр менен жакшы таанышмын. Санариптик билим ааламдагы агымдарга жараша жакынкы жылдарда сабаттуулуктун негизги бөлүгүнө айланаарына шегим жок. Ошондуктан билим берүү системасы реформалана турган болсо, айти-сабагы математика, физика жана биология менен бир катарда турушу керек деп эсептеймин. Санариптик билимди ар бир кыргыздын улан-кызына жеткирүү, буга өбөлгө түзүү же ар кандай түрдө көмөк көрсөтүү мекенин сүйгөн ар бир мекендештин максатына айланса деймин. Биз түзгөн агымды кеңейтүүдө, тереңдетүүдө жана аны ылдамдатууда тилектештерди издеймин. Анткени Кыргызстандын  жана биздин келечегибиз (санариптик) билимде.

Автор: Азамат ТОКТАКУНОВ

IT-адиси жана коомдук ишмер, Кажы-кужу подкасттын алып баруучусу, КАРААН жана ЧӨЙРӨ долбоорлорунун негиздөөчүсү, Jyldyz Academy онлайн программалоону окутуу борборунда ментор

 

1 comment
Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…