Сүрөт envatoelements сайтынан алынды

– Саламатсызбы, Гүлмира! Сиздин билимиңиз, социалдык тармактагы жасап жаткан иштериңиз боюнча маек кургум келип жүргөм. Сиз кайсы багытта билим алып, кайсыл окуу жайды бүтүргөнсүз?

– Саламатсызбы. Маек курууга чакырууңузга ыраазычылык билдирем. Мен Борбордук Азиядагы Америка Университетинин “Маданий жана Коомдук Антропология” багытынын бүтүрүүчүсүмүн. 2008-жылы Германия мамлекетине келип ошол эле багытта магистердик диссертацияны Байройт университетинде жактагам.

– Антропология илиминде сөзсүз талаа изилдөө жүргүзүлөөрүн билебиз. Изилдөөңүздү кайсы жерде жана кайсы тема боюнча жүргүздүңүз эле?

– Байройт университетинин антропология факультетинин эң негизги изилдөө багыты Африка континентине арналган. Ошол мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, 2010-жылы Нигер мамлекетине сегиз жумага барып келгем. Нигердин түштүгүндө жайгашкан Зиндер шаарынан 40 км алыс жайгашкан айылдардын  бирине барып жашадым. Мен барган “Гарин Маалам” айылы кыргызчага которгондо, “Молдолордун Айылы” дегенди билдирет. Нигер боюнча белгилүү аймак. Mолдолордун тукумдары байырлаган, Чыгыш Африкадагы Ислам үчүн маанилүү жерлердин бири эле. Молдолорду тарбиялаган медресеси бар. Ошол медреседеги балдардын тарбиясы жана Ислам дининин абалы тууралуу иш алып баргам.

– Илгерки антрополог, этнографтардай алыскы жерлерди, элдерди кыдырып, изилдеп келген турбайсызбы. Учурда ал темадан алыстап, медицина тармагына өтүп кеткениңизден кабарым бар. Жаңы тармакка кантип өтүп кеттиңиз?

– Негизи медицина жаатына башынан эле кызыгуум бар болчу, бирок чет тилдерге жана саякаттоого кызыгып, англис тилине байланыштуу окууну окуп калгам. Магистратурадан кийин медициналык антропологиянын алкагында доктурлук ишти улантсамбы деген да ойлор бар эле. Изилдөө жасап, китеп окуп жүргөнүм менен медициналык кол жөндөмүм жана билимим жок экендигине өкүнгөн жагдайлар көп болгон. Мисалы, Нигер дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн катарына кирет. Мен барган айылда балдар ооруп же аялдар төрөгөн жагдайларда жардам бере албай, өзүмдү алсыз сезген учурлар башыман өткөн. Германияда медициналык билим алуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп, азыр Герфорд шаарынын клиникасында медайым кесибин үйрөнүп жатам.

– Сиздин ар тармактагы тажрыйбаңыз, көп кырдуу билимиңиз жана кыргыз маданиятын эске алганыңыз Инстаграмдагы жыныстык тарбияга арналган маңыздуу түшүндүрмөлөрдөн дагы байкалат. Биздин салттын өзгөчүлүктөрүнө да чоң маани бересиз.

– Мен 2001-жылы АУЦАга тапшырганда, анда азыркы Антропология бөлүмү “Кыргыз таануу” бөлүмү деп аталчу. Кийин аты да, багыты да өзгөрүп кеңири антропологиялык изилдөөлөргө өткөн. “Кыргыз таануу” багытынын алкагында кыргыздардын байыркы каада-салтын, маданиятын, дүйнө таанымын жакындан изилдегенге, таанууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Мисалы, жыныстык тарбия берүү системасы кыргыздарда болуп келген, бирок Совет бийлигинин цензурасынан улам элдик билим жоготулган. Ушул күндө жыныстык тарбиянын жоктугунун кесепетин бир эле Кыргызстан эмес, СССРдин курамында турган өлкөлөрдүн баардыгы тартып жүрүшөт.

– Aр кандай тармактын гана эмес, ар кайсы мезгилдин мааниси менен таасирин дагы эсепке алганыңыз жакшы.

– Азыркы кылып жаткан ишим ошол кыргыз таануудагы билимим менен Европадагы алган билимимдин айкалышы десем туура болот. Өзгөчө медицина алкагында алып жаткан кесибим Кыргызстандагы жыныстык тарбия берүүнү жайылтууга арналган аракетиме жакшы кошумча деп айта алам. Мурун өзүм да терең түшүнө бербеген медициналык көйгөйлөрдү кыргыз тилинде элге жеткизүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

– Баракчаңыздын аты –Улуу сөз. Сырдуу угулат. Кандай мааниде ушинтип атадыңыз эле?

– Блогдун аталышы “улуу сөздө уят жок” деген ата-бабалардан калган макалдын негизинде коюлган. “Улуу сөз” дегенди мен жыныстык жашоо боюнча темалар абдан маанилүү жана аны көз жаздымда калтырбаш керек дегендей түшүнөм.

– Жыныстык тарбия темасын коомго жайылтуу оюңузга качан, кантип келди эле?

– Бул ой жеке тажрыйбамдан улам келип чыккан. Биз Германияга окууга кичинекей сегиз айлык уулубуз менен келгенбиз. Биз турган шаарда башка өлкөдөн келген үй бүлөлөр менен таанышканыбызда, алар бизге “балдарга 4-класста жыныстык катнаш жөнүндө айтып берип, аларды буза турган маалымат берилет” деп айтышкан. Дүйнөдө өнүгүүсү боюнча алдыңкы катарда  турган мамлекетте андай болбош керек эле деп ишенбей, уулубуз окууга баргыча, ушул темада көп адабият окуп жүрдүм. Уулубуз чоңоюп, 4-класска келгенде, ата-энелерге жыныстык тарбия сабагынын мазмунуна арналган үч-төрт чогулуш өткөзүлдү. Суроолорубуз болсо берип, материалдары менен тааныштык. Үйдө кандай мамиле кылуубуз керектиги боюнча сунуштар берилди. Кыскача айтканда, мугалимдердин темага болгон мамилеси жана ишти алып баруулары, сабактын мазмуну абдан жакты.

– Ал сабакка кандай маалыматтар кирди? Эмнелерди кийин байкадыңыз, уулуңуз сабактан кандай тарбия алды деп ойлойсуз?

– Эң маанилүүсү, уулубуз ал сабакты көргөндөн кийин деле жүрүм-туруму өзгөрүп, бузулуп кеткен жок. Биз өзүбүз да, ата-эне катары, балабыз сексуалдык зомбулук жөнүндө маалымат алганына санаабыз тынчып калды. Анткени жыныстык тарбия сабагы биз мурда корккондой жыныстык жашоого үндөө же төшөктөгү ар кандай амалдарды үйрөтүү эмес экен. Мисалы, 4-класстагы балдар жыныстык жашоого кызыкпайт, бирок баелуугунан улам зөөкүргө алданып, ал коркутса унчукпай жүрүп калышы толук ыктымал. Жыныстык тарбия сабагынын алкагында балдар сексуалдак зомбулук деген эмне, коопсуз жүрүм-турум жана өзүнө жагымсыз сезилген жагдайларда жардам суроо сыяктуу бир топ пайдалуу билим алышат. Мындай натыйжалуу иштин күбөөсү болгондон соң, ушундай сабактар Кыргызстанга да жетсе деген тилек пайда болгон. Бирок Бирок өзүмдүн педагогикалык билимимдин жоктугуна байланыштуу, “бөдөнө сойсо да касапчы сойсун” дегендей ошол жааттагы адистер алып барсын деп күтүп жүрдүм. Тилекке каршы, тема көтөрүлгөн жок, ал эми сексуалдык зомбулук көргөн балдардын окуялары кабарларда өтө эле көп чыга берди. Ошол себептен колдон келген аракетти кылууга таштаган кадамым ушул Инстаграмдагы блог болду.

– Чындыгында, кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарды жазасыз. Эсиңизде болсо, Кыргызстанга бир нече жыл мурда “Секс тууралуу сабак” деген ат менен мектептерге жыныстык тарбия сабагын киргизүү аракети болгон. Ал китепте айрым терминдер одоно которулуп, мазмуну түшүнүксүз болгон үчүн, туура келбей ата-энелердин арасында нааразычылыктар жаралган. Ошол боюнча кандай ойдосуз?

– Кыргызстанда ушул сабак боюнча чуулгандуу окуялар эсимде. Бирок, тилекке каршы, ошол чыгарылган китептин мазмуну менен тааныша элекмин. Бирөө аракет кылып бүтүргөн ишти сындоо оңой экенин сиз да билесиз, ошондуктан сындоодон алысмын. Бирок мектептен сырткары, балдарга жыныстык тарбия берүүдө ата-энелер менен тыгыз иштеш керек! Ата-энелерди ал сабакты жакшыртууга катыштырса болот. Китептин ичиндеги маалыматтын максаты, мааниси боюнча түшүндүрмө иштери ата-энелердин арасында сөзсүз жүргүзүлүшү керек.
Биринчиден, маалымат балдардын жашына жараша улам акырындык менен берилгени туура. “Баягы улуу сөздү сүйлөшчү күн келди” деген ураан менен бир классты чогултуп, даярдыксыз айтса, балдар да чочуйт, коркот. Бирөө болбосо бирөө ата-энесине айтып барат жана биз көргөндөй нааразычылыктар келип чыгат.
Экинчиден, Европа өлкөсүнө даярдалган маалымат биздин маданиятка туура келе бербейт. Балдар ала турчу сабак биздин маданиятка, динибизге жана адеп-ахлагыбызга каршы келбеш керек. Бизде кыргыздардын бала тарбиялоо системасын, билим берүүнү изилдеп жүргөн изилдөөчүлөрүбүз бар, ошолорду кошуп иш алып барса, жакшы нукка буруп, пайдасын алабыз деп ойлойм.
Дагы бир кошо кетчү маселе, биз “келиним сага айтам, керегем сен ук” деген калкпыз. Көп сөздөрдү тергеп, каймана сүйлөйбүз. Көп жагдайларда бул адаттын пайдасы тийээр, бирок жыныстык тарбияда балдарга так маалымат берүү зарыл. Жыныстык органдардын медициналык аттарын колдонуп, кадимки адамдын органы катары мамиле кылганды үйрөнүшүбүз керек.

– Жыныстык тарбия деген сөздү укканда эле ошол окуяны эстеп же башка себептерден улам дароо эле чоочуп кетебиз. Анын кереги жок деп каршы тургандар дагы деле бар.

– Негизи жыныстык тарбия – бул жыныстык катнашты балдарга үйрөтүү деген кеңири таралган жаңылыш ой, миф бар. Чын чынына келгенде, жыныстык тарбия балдардын коопсуздугу жана ден соолугу жөнүндө. Жогоруда айтып кеткендей, азыр Кыргызстанда зордукталган өспүрүмдөр арбын. Өкүнүчтүүсү, бул кыз балдардын эле көйгөйү эмес. Жашы жете элек эркек балдардын да кордолуп калган учурлары көп катталат. Мисалы, жыныстык органдардын функциясын балдарга айтып берип, органдардын туура аттарын үйрөтүп койсо чоң жардамы тийет. Балдар сыртынан тың көрүнгөнү менен, алар тажрыйбасы болбосо кандайдыр бир сексуалдык аракеттер болуп жатканын биле бербейт көп учурда. Андай аракеттерди качан (мисалы, жашы жеткенде) жана ким менен (өзүңдүн түгөйүң менен), өзүнүн макулдугу менен гана болоорун айтып койсо, балага тайкеси же кошунасы тийишкен учурда, бала туура эмес иш болуп жатканын түшүнүп, айтып бере алат. Бул тема мурда сүйлөшүлгөн болсо, чоңдор урушат деп коркпой, жардам сурай алышат.

– Кошулам оюңузга, зомбулук көбөйүп, ал жөнүндө айта албаган канча жаш кыздар, балдар жүргөндүр, өспүрүмдөр төрөп же аборт жасагандары дагы арбын. Жыныстык тарбия ошол туура эмес сексуалдык аракеттерди алдын алууга жардам берет тура.

– Ооба, бул чоң тема жана процесс. Жогорку айтылгандардан башка, жыныстык тарбияда гигиена, жугуштуу ооруларды алдын алуу, үй-бүлөнү пландоо, жеке чегиңди коргой билүү сыяктуу темалар да камтылган. Жыныстык тарбия системалык түрдө берилген өлкөлөрдүн статистикасын карасак, убагында туура маалымат алган жаштар, мисалы, жыныстык катнашка эрте барбай, партнерлорун тандоого кылдат мамиле кылгандыгын, партнерлордун саны азайганын көрсөткөн. Өспүрүмдөрдүн боюнда бүтүүсү жана аборттор азыраак экендиги да изилденген.

– Сиз айткандай, бул темага кылдаттык мамиле керек. Маданиятты, адаттарды, ошондой эле коомдогу чечилбеген көйгөлөрдү эске алып, ыйманды, элдик билимди камтыган түшүндүрмөлөр, сабактар керек.

– Балдардын жаштарына жараша, керектүү маалыматтын баары камтылган, ошол эле учурда ата-энелер колуна алып балдарына тартынбай окуп бере ала турган китептер даярдалса чоң алдыга жылуу болмок. Жыныстык тарбия бир күндүк жумуш эмес.

Маектешкен Гүлзат Баялиева

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…