Сүрөт Акак Сыргак кызына таандык

Мен Германияга Ош университетинин чет тилдер факультетинде окуп жүргөн учурда Аупэр программасы аркылуу келгем. Гуманитардык багытта окуган үчүн маалыматтык технология багытына түз өтүп кетүүгө мүмкүн болгон жок. Ортодо тиешелүү сертификаттарды алуу менен бир нече жыл алек болдум, бирок аягы Дортмунд университетинде бизнес-информатика факультетине окууга кирдим. Ал жерде төрт жыл окудум. Учурда Дортмунд шаарында Adesso SE компаниясында Java программалоо тили боюнча програмчы болуп эмгектенем.

Университеттеги окуу
Айтканда оңой угулганы менен бул мезгилдин аралыгында өтө көп кыйынчылыктар менен күрөшүп, абдан татаал жолдордон өттүм десем болот. Програмчылык кесип татаал эле, айтишниктерди арасында «күйүп кетүү» (ор. выгорание, анг. burn out) көп болот, демек стресс абалдар окуп баштаганда, окуп жүргөн учурда, окууну бүткөндө жана иштеп жүргөндө да, айтор бардык эле мезгилде келиши мүмкүн, андан чыкканды үйрөнүү керек. Айрыкча сырттан келген адамдар бир топ кыйынчылыктарга дуушар болот. Аларды мен өзүмдүн мисалымда айтып берсем дейм. Айылда өскөндүктөн менде мектепте компьютер болбогондуктан, аны колдонууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Кийин деле университетте гуманитардык багытта окугандыктан компьютер көп колдонгон жокмун. Ал эми Германиядагы окуучулар болсо мектеп маалында эле компьютер менен иштешип, бат жазууну өздөштүрүп, код жазуунун баштапкы кадамдарын үйрөнүп алышат. Ошондуктан бул жердеги жергиликтүү абитуриенттер бизден бир топ алдыда. Мен болсо окууга киргенде гана компьютер менен жаңыдан жакыныраак тааныша баштадым. Мисалы, жөнөкөй эле клавишалардын бирикмесин бат таап аларды колдонгонду. Бир жолу практикада профессор Ctrl+Sти бас десе, аны дароо таппай кыйналганым эсимде. Бирок ошондой кыйынчылыктарга карабай тынымсыз аракет менен университеттин окуу программасына жетишип кеттим. Немис университтердеги биз үчүн эң башкы кыйынчылыктарга төмөнкүлөр кирет: 1) Немис тилин илимий деңгээлде түшүнүү; 2) Башкалар менен аралашып, коомго интеграция болуу; 3) Окуу программасынан калбай, сабактарга жетишүү; 4) Компьютер менен иштеп кетүү; 5) Кошумча түйшүктөргө (мисалы, ата-эне же бир туугандарга каралашуу) туруштук берүү же өзүн-өзү каржылоо ж.б.

Азыркы жумушум
Окуп жүргөндө ар кандай компанияларда студент катары иштесе болот (нем. Werkstudent). Бул каражат табуу гана эмес, теориялык билимди практикага салуу үчүн абдан жакшы мүмкүнчүлүк. Мен студент кезимде дүйнөдөгү эң чоң төрт аудит компанияларынын бири PwC компаниясында иштедим. Кийин айти-стипендия (DOMO ITStipendium) утуп алып, азыркы иштеп жаткан компанияга туш келип калдым. Бул жерде мурда да студент катары эки ай иштеп кеткен элем. Окууну бүткөндөн кийин ал жерде иштеп калуу сунушун кабыл алдым.
Биздин компанияда кызматкерлерге аябай сонун шарттар түзүлгөн. Отурган орундугуң ыңгайлуубу, ичкен кофеңин даамы жагып жатабы деген сыяктуу майда нерселерге чейин көңүл бөлүшөт. Өзүңдү, билимиңди өнүктүрүп, ден-соолугуңду чыңдоо үчүн ар кандай курстарга жазылууга, психологиялык абалыңдын туруктуу болушуна да өбөлгө түзүшөт. Германияда адамдар маселелерди ачык айтып көнүшкөн, ошондуктан жумушта кандайдыр бир маселе болуп жатса анда дароо барып тиешелүү адамга айтып аны чечиш керек. Өзүң барып айтпасаң, анда баары жакшы экен деп жүрө беришет.
Иштин жүрүшү боюнча айтсам, мисалы, биз камсыздандыруу компанияларына (страховка) программаларды жазабыз. Германияда камсыздандыруу тармагы өтө жакшы системага салынган, абдан чоң жана кирешелүү тармактардын бири. Биз компаниядан аларга өз кызматтарыбызды сунуш кылабыз, алар өздөрүнүн суроо-талаптарын ортого салып, өздөрү каалап жаткан продуктту сүрөттөп беришет. Биз анын баарын кабыл алып, алардын оюндагы продуктту өндүргөнгө киришебиз жана долбоорду уюштуруп баштайбыз. Буга программисттер, проект менеджерлер, дизайнер, программалык камсыздоо архитектору (Software Architect), талаптарды концепция кылган адистер (Requirements Engineer) ж.б. специалисттер тартылат. Алгач Requirements Engineer продукттун концепциясын түзүп, аны ар бир функциясы кандай болуш керек экенине чейин документация кылып чыгат.  Программалык камсыздоо архитекторлор программанын архитектурасын жана кандай технологиялар, программалоо тилдери колдонулаарын иштеп чыгышат. Анан дизайнарлер программанын сырткы көрүнүшүнүн дизайнын даярдашып, аны программисттерге жөнөтүшөт. Алар анын Frontend, Backend жана маалымат базасын иштеп чыгышат да аны тестке өткөрүшөт. Анан тестирлөөчүлөр Requirements Engineer жазган документациядагы талаптарга ылайык бардык функциялар өз ордунда иштеп жатабы, текшерип чыгышат. Каталар чыкса, алар кайра иштеп чыгууга берилет. Ал эми проект менеджерлер проекттин башынан аягына чейинки уюштуруу иштерин алып барышат. Мисалы, качан кайсы функциялар иштелип чыгыш керек, кайсыл команда кантип иштейт, ошонун баарын уюштурат. Иш толук бүткөн соң DevOps адистери буюртма берген компанияга ошол программаны орнотуп беришет. Бизде ар кандай деңгээлдеги программисттер бар: Junior Software Developer, Middle Software Engineer, Senior Software Engineer жана программалык камсыздоо архитекторлору. Senior Software Architect эң жогорку деңгээлдеги программисттер деп эсептелет.

Германияда эмгек рыногу
Германияда эмгек рыногу кенен болгон үчүн жаңы бүткөндөргө да иш табуу мүмкүнчүлүгү көп. Мисалы, адиске код жазуу жакпаса ITдеги башка тармакка өтүп кеткенге дагы мүмкүнчүлүктөр көп. Германиядагы эмгек рыногу азыр жогорку окуу жайын бүткөн кыргызстандыктарга дагы ачык. Ал эми IT диплому жок бирок IT курстарды бүткөндөр дагы Германияда иштөөгө мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн немис же англис тилин жакшы билишиңиз керек жана ITде үч жылдык тажрыйбаңызды тастыктоочу кагаз керек. Тагыраагы, акыркы жети жыл ичиндеги үч жылдык тажрыйбаны тастыктоо керек болот.
Макаламдын аягында Кыргызстандагы мекендештериме кесип тандоого өтө аяр мамиле кылууну сунуштаймын. Анткени тандаган кесибиң канчалык актуалдуу болсо, окуп бүткөндө жумуш табуу ошончолук жеңил болот. Бизде мисалы машина куруу сыяктуу кесиптерде окушат. Бирок окуу аяктаган соң жумуш табыш кыйын анткени бизде бул тармак өнүккөн эмес. Ал эми өзүңдө тажрыйба болбогондон кийин өз алдынча иш баштап, аны өнүктүрүп кетиш татаал. Эгер Кыргызстанда жумуш таба албасаң, же чет өлкөгө кетиш керек же башка кесипке өтүш керек болот. Мен айтини окуп баштаардан мурун кесиптердин актуалдуулугу боюнча бир топ маалымат алып, иштеп кете аламбы деп көпкө изденгем. Анын үстүнө аял кишинин айтиде, так илимдерге аралашуусу да стереотиптер менен коштолот эмеспи. Айтиде окуйм десең, көзүнүн агы менен караган учурлар дагы болгон.

Жердештериме, айрыкча айымдарга
Кыргызстанда, айрыкча Бишкек шаарында кадам сайын сулуулук салондору жайгашкан. Бул биздин кыз-келиндердин сырткы сулуулукка өтө чоң маани берилип жатканынан кабар берет. Ошол сулуулук салонго короткон акчаны өзүн-өзү өнүктүрүү жана билим алуу үчүн жумшаса пайдалуураак болмок деп ойлойм… Андан дагы кыргыз коомчулугунда кыздарга ар кандай тыюулар салынып, көпчүлугүнүн потенциалы ачылбай калып жатат. Тескерисинче кыздарыбызды колдоп, аларды алга сүйрөсөк, коомдо чоң ийгиликтер жаралат. Анткени азыр билимдүүгө дүйнө ачык жана билимдүү коом жарык. Бара-бара айти жана онлайн жумуштар хайп болуп, эл арасында жайылып жатканын дагы байкай баштадым. Бул абдан жакшы көрүнүш. Алдыдагы жылдарда бул тенденция күч алат, кыргыз жаштары да илим-билимге көңүл бөлүшүп, жеке өнүгүүгө мүмкүнчүлүктөр ачылат деп ишенемин. Мен болсо мүмкүнчүлүккө жараша ар кандай жолдор менен жана өздүк Instagram баракчам аркылуу бул тармакта суроо-жоопко чыгып, башкаларга кеп-кеңештерим менен бөлүшүп турам.

Автор: Акак СЫРГАК
Дортмунд шаарындагы Adesso компаниясында IT-адиси
Көмөктөшкөн: Айбек ШЕРГАЗЫ
«Чөйрө» активисти

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…